"эски дос эстен кетпейт"
Кызыгамын сага, кызым сылык мүнөз, кызыл гүлүм сен менин… Жаз жамгыры жаайт тепкилеп …Сен кетпечи жаным, сен кетпечи… Ушул сыйкыр обондор, кандай гана жагымдуу. 11 жаштагы секелек кезде, ушул ырлардын ыргактарын угуп бой жеттим. Кыйышпас достор Бек, Асел жана Кубик -эл сүйгөн ырчылар. Жаштык кездин бир үзүм учурларын эскерип, бүгүнкү "Обондогу чайлашуунун" коноктору болду. Кубик мырза жаш кездеги түшкөн сүрөттөрдү көргөндө, ошондо эсибизге жакшы түшөт дегенби, айтор, ошол учурдагы сүрөттөргө чогуу көз жүгүртүп отурдук.


Алгачкы таанышуу
Б.Б: Кубик менен биринчи жолукканда таанышпай калганбыз, себеби, 1992-жылдын 1-майында мен стадионго концерт койгом. Рахман Разыковдун чакыруусу боюнча, Кубик концертиме келиптир. Анан качан тааныштык эле? Базар-Коргонго барганда беле?
К.К: Кочкор-Атага концертке барганда, официалдуу түрдө таанышканбыз.
Б.Б: Аа, мен анда унутуп калыпмын, сенин эсинде болсо айтчы?
К.К: Мен анда Ноокен районунда иштечүмүн. "Эпос" деген ансамблде жетекчи болчумун. Рахман Разыков "Кыргыз эстрадасынын жылдыздары" деген топту жетектеп, концерт уюштуруп, Базар-Коргонго алпарган. Асел анда жылдыз эмес эле, Бек дагы эми жылдыз болуп аткан, ал жерде "жарк" деген жылдыздар-Айчүрөк, Алина, Мерген, Расул, Гүлнаралар болчу. Концертте аппаратура койдум, булар союз маалдагы "Электроника" магнитофонуна кассета салып алып, фонограмма менен ырдашат экен. Ошондо атайын ырлары даярдалган кассеталарын чайнап, магнитофону иштебей, концерт токтоп калып, аябай уят болдук. Ырчылардын ичинен Бек гана аккордеон менен ырдап чыкты, Рахман байке менен Борончу куудулдар элди күлкүгө бөлөп, ыңгайсыз жагдайларды билгизишпеди. Силер өзүңөрдүн ырыңарды өзүңөр ырдасаңар, мен ямаха ойноп берейин,-дедим. Эртеси күнү жандуу үнгө даярдана баштадык, ырчылар катар кезекте турат, мен тональностторун жазып ырдатып коюп, боло турган концертке даярдап атам. Ошентип, 1992-жылдан бери жакын достордон болуп калдык.
А.Т: Мен 1992-1993-жылдары куурчак театрында иштечүмүн. Бек жаңыдан топ түзүп, солистка издеп жүргөн экен. Мен "Жаз жамгыры" деген ырын "Мыскыл жана тамашада" ырдап чыксам, анан топко кабыл алышты.
Б.Б: -Асел, сен жакшы ырдап коюпсуң ырды, келинчегим Фариданын классташы болот турбайсыңбы?- деп сурагам, эсиңдеби? Мен сага ылайык "Боз улан" деген ырды жазып бергенмин, ээ.
А.Т: - Ооба, ошондо жай мезгили болчу да, биз менен гастролго чыгасыңбы?- дегенсиң.
Б.Б. -Ии, ооба, анан канча айлык аласың? - деп сураганмын го.
А.Т: -Ал убакта валютанын курсу күчтүү эмес беле, 25 же 50 сом -дегем.
Бек борбиев 28 күн бою тынбай концерт берчү
Б.Б: -Алгачкы гастролду Ысык-Көлдөн баштаганбыз. 20 күнгө барып келесиңби, жакшы төлөп берем,-дегем. Ошол жылдары "Сүйүү, сүйүү" аттуу дуэт ырды ырдаганбыз. Ноябрь айында "Бек" тобунун ачылыш концертин 5 күн катар койгонбуз. Элдин суранычы боюнча 2 күнгө узартып, 1 жума концерт бериппиз.
А.Т: -Бек убагында 28 күн тынбай концерт берчү, ошондо да элдин агымы токтогон эмес. Алгачкылардан болуп, бийчи кыздарды артынан бийлетип койгонду Бек уюштурган болчу.
Б.Б: -Ал убакта бийчилер жок болчу. Опера жана балет театрынын, филармониянын бийчи кыздары бийлечү.
А.Т: -Алгачкы шоу-балетти Бек уюштурган десек да болот. Бул мактагандык эмес. Жыл алмашкан сайын концерттерди анализдеп көргөндө, эстрадага ушундай жаңылык киргизген деп коркпой, ишеничтүү айта алат экенсиң. Ар ким өз жашоосу менен кетти. Мен турмушка чыктым, Бек бизнеске өтүп кетти. Кубик дагы өзүнүн атын чыгарып, элге таанымал болду. Ынтымагыбыз ушул убакка чейин сакталып, кимибиз концерт койбойлу, бири-бирибизди колдон келишинче колдоп келебиз.
К.К: -Биздин дагы бир чыгармачыл чөйрөдөгү досубуз-Борончу. Жакында "Эски дос эстен кетпейт" деген концерт өткөрүүнүн алдында турам. Ошондо жалаң менин досторум: Бек, Борончу, Асель кубанычымды тең бөлүшүшөт, буйруса. Жаштык мезгилди эске салып, Борончу экөөбүз мурунку сатираларыбызды да аткарабыз.

Маанай чөктүргөн концерт
Б.Б: Маанай чөктүргөн концерт. Ммм…Кудай сактасын, ушул убакка чейин андай жагымсыз жагдайга кабыла элекпиз. Андай нерселер биздин чөйрөдө кезикпей эле койсун. Азыркы убакта концерт коюу деле оңой-олтоң иш эмес болуп калды.
К.К: Жыл сайын туулган күнүмө карата концерт койчумун. 2008-жылдын 2-ноябрында "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп, ошол күнү оппозиционерлер пикет уюштура коюп, концертим болбой калып, менин маанайым ошондо чөккөн. Бир топ суммадагы акчага банкрот болуп, карызымды төлөй албай, аппаратураларымды сатып, маанайым болуп көрбөгөндөй чөккөн.

Айланы кетирген автобус
К.К: -Кызыктуу окуялар көбүнчө гастролдоп жүргөндө болчу. Эң кыйналган күндөрүбүз эсибизде калган.
А.Т: -Ишибиз алдыга жылышып, эң керектүү болгон нерсе - автобус сатып алганбыз. Түштүк тарапты гастролдоп кыдырганда, баргычакты бузулуп калып, оңдотуп барганбыз.
К.К: -Эң проблемабыз автобусубуз болчу. Катуу сүйүнгөндөн коркчубуз: "Оо, жакшы, бузулбай зуулдап жүрүп калды ээ", -деген сүйүнүчүбүз көпкө узабайт болчу.
Б.Б: -Токмоктон жакшы оңдотуп чыккандай болгон элек. Көрсө, айдоочубуз начар айдайт экен.
А.Т: -Баткендин Самаркандек айлынан Лейлекке көздөй бараткан жерде бузулуп калды. Ошондо трактор менен сүйрөтүп…
Б.Б: -Окуяны башынан баштасаңар, мен айтып берейин. Автобус ага чейин эки-үч жолу бузулуп, кайра-кайра ар жерге токтотуп оңдотуп аттык. Самаркандектен Лейлеккке баратсак, ээн талаада автобустун мотору бузулуп калды. Он күндүк оңдой турган иши бар экен. Эптеп кайра Самаркандектеги Мурат группалашымдын үйүндө тапчанда жаттык. Өзүмдү алаксытып аны менен теннис ойноп атып, автобусту эстегенде кан басымым жогорулап, араң өзүмө келгем. Эртеси күнү Мурат менен чогуу мен Ошко кетип калгам.
А.Т: -Биз болсо кетели десек акчабыз жок, концерт өткөрөлү десек, афишанын башында Бек Борбиев ырдайт деп турат. Бек жаныбызда жок болчу.
К.К: -Бек менен кошо Шайыр деген бала бар болчу. Бек жөнөгөндө ал дагы кошо жөнөйт, Бектин жансакчысы болчу, себеби, концертте чогулткан акчанын баары ошондо да.
Б.Б: -Эстей албай атат бул кыз, менин жанымда узун бойлуу бала гитара чертип ырдап калат го, ошо Шайырбек Стамкулов деген.
К.К: -Булар кетип калып, мен, Асел анан Дөөлөт Мадымаев деген куудул болуп айласыздан калып калдык.
Б.Б: -Силер анан концертти уладыңарбы?
А.Т: -Трактор менен автобусту сүйрөтүп алып, Самаркандектен Лейлекке жетейин деген жерде аскердик бөлүк бар экен. 3000 сомдук бензинге деп мурун эле келишим түзгөнбүз да, эптеп Ошко жетип алалы деп жоокерлерге концерт койдук.
К.К: -Мен ачык эле курсагыбыз ачты дедим. Анан бизге жоокерлердин палоосун жасап беришти. Ошентип, жоокерлердин жардамы менен Баткенге жеттик. Автобусту оңдотуш бир топ акча экен, мен, Асел жана куудул Дөөлөт үчөөбүз Баткенде концерт койдук. Ош шаары көзүбүздөн учуп, араң шаарга келдик.
Б.Б: -Тогуз-Торо районунун Казарман шаарына автобус менен гастролдоп бардык да, кайтканда "крутой" болуп учак менен Бишкекке келгенбиз. Себеби, жол жабык болуп калган, болбосо автобус менен кайтат болчубуз. Ысык-Көлдүн Түп районуна барганда да, автобус бузулуп калып, ичинде катуу үшүгөндүктөн, сахнага тосчу пардаларды оронуп жатканбыз.
Б.Б: -Менин клиптерим саналуу гана, эл жакшы билген "Ыр десте" аттуу ырыма клип тарткам. Ошол клиптин маанисин келинчеги Россияга кетип калган деп ойлоп алышыптыр. Клиптин идеясы аялы төркүнүнө эле кеткен болчу. Бирок ошол убакта жолдошу балдарын карап үйдө калса, келинчеги Россияга иштегени кетмей актуалдуу тема болчу да. Азыр деле мындай көрүнүш актуалдуулугун жогото элек.

Өз алдынча иштешүү
К.К: -Эки жылдан соң, Асел турмушка чыкты, Сабыр деген бийчи балага. Бизден бөлүнүп, "Азия стиль" деген топ түзүштү.
А.Т: - "Бек" тобунан бөлүнүп кеткенден кийин, Сакиш, Бопуш менен ооз эки түрдө бир жылга келишим түзүп, "Келиндер козголоңу" аттуу концерт койдук.
К.К: -"Бек" тобунан чыккандан кийин мен "Жүзүңдү ач, Гүлчөтай" деген концерт бергем. Асел экөөбүз "Жеңе-кайни" деген концерт уюштурганбыз. Ортодо Асел Кыдыкова менен дуэт ырдай коюп, Асел досумду таарынтып алгам. Чындыгында, Асел Кыдыкованын чыкканына мен түрткү болдум. Ага чейин Асел Кыдыкова "Сирен гүлү" деп ырдап жүргөн кыз болчу. Кайра Аселдин таарынычын жазып, "Жеңе-кайни" деген концертибизди уланттык.
Негизи, азыркы чыгып аткан жаш ырчылардай болуп, клип тарттыра коюп, анан радиолорго ырларды берип, бир-эки жылда эле жылдыз болбодук. Чыгармачылыктагы биздин баскан жол, ысыкка күйүп, суукка тоңуп, чындап маңдай тер менен тапкан мээнет болду. Биз баспаган кууш көчө, даңгыр жол калбады.
Б.Б: -Бир жолу эринбей отуруп алып санасам, топто 17 адам бар экен. Гастролдоп жүргөндө бир ай же үч айлап жүрөбүз да. Бийчи кыздарга эмне азап дейм да. Алар да бизди ээрчип алышкан. Аппарат ташыган балдар, жарык берүүчү, кассир, администратор Толик жана атайы эшик тоскучубуз да бар. Эки ажаан аялдарды шайлап коёбуз. Нарын театрында иштеген Токтор Бекбоев жана келинчеги Жаңыл да биз менен иштешип жүрүштү.
К.К: -Чынын айтышым керек, мен Бек досума абдан ыраазымын. Себеби, Кубик Калыков болушума досумдун салымы чоң. Бектин жанында гитара чертип, экөөбүз интермедия ойнойт элек, хохма айтышат элек, кээде Бек экөөбүз гана концерт койгон учурларыбыз болгон.
Б.Б: (күлүп) -Бир жерге барсак канчооңор артистсиңер?-дешсе, Кубик жана мен, анан аппарат ташыган балабыз бар,-дегем.
А.Т: - Ал убакта тойго ырчыларды чакыруу өөн учурачу, Бек биринчилерден болуп тойго чакырылса керек. Тойлорго ырдамай бир чети жапайычылык көрүнүш болсо, бир чети авторитет болчу. Азыр ырчыларсыз той өтпөй калбадыбы.
К.К: - Мен ошол пикеттен кийин концерт койбой калсам, концерттен көңүлү калыптыр деп түшүнүшпөсүн. Арасында көп тыныгуу жасаганымдын себеби, үч жыл мурун бутумду кокустатып алгам. Доктурлар эки жыл диагнозун билбей, белимди дарылай беришти. Акыры бутум баспай калганда операция жасашты. Азыр жакшы болуп калдым.

Ырчылыктан актёрлукка
Б.Б: -Мен режиссёр Нурбек Эген тарткан "Жоолукчан" деген тасмада башкы ролду аткаргам. Андан соң, "Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза" спектаклинде роль жараткам.
А.Т: -Мен режиссёр Рысбек Жабировдун "Достор", "Талак" тасмаларына тартылып калдым. Жакында режиссёр, актёр Назым Мендибаировдун "Жаш жубайлар" тасмасында аткардым.
К.К: - "Талак" тасмасында Асел экөөбүз жубайлардын образын жаратык. Ошондо таяк менен аксап басканым тартылып калган.

Динара Асылбекова