Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да, улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.


- Билбейм... Чындаса мен ага деле макул болчумун да. Жатканга... Бирок мен ошол күнү ошерде жатканга даяр эмес болчумун. Себеби ал башка үй болчу. Мени ак нике менен закондуу түрдө алганда...
- Болуптур анда, теманы өзгөртөлү...
- Менин арманым жатпаганымда болуп атпайбы! Жатпай туруп караланганымда болуп атпайбы!...
- Сенин арманың жатпаганыңда болуп атабы, же жатпай туруп караланганыңда болуп атабы? Экөөнүн айырмасы чоң.
- Жатпай туруп караланганымда болуп атат...
- Бирок өзүң жатпай койгонуңда ичиңде барбы арман?
- Ичим күйүп атат (экөөбүз тең күлүп жибердик).. Эмне, сөздүн ачыгы да, иэ байке?
- Туура да! Негизи ошентип туруп айтса болот эле да. Мунуңду мен колдойм. Эми жана сен айттың эле, шерине..
- ... иттей ичим күйүп атат да менинчи: кап! Рыспай агайдан... мындай улуу адамдардан...
- ... тукум алып калыш керек.
- Ооба, тукум алып калыш керек. Мисалы бир жинди балага турмушка чыккандан көрөчү - мен үчүн Рыспай артык болчу да. Мен жыйырма жаштагы жигитке Рыспайды эч убакта алмаштырбайт болчумун, чындыгындачы...
- Анан эмне сен анда жанагы "нике" деген сөздөн аттап кеталбадың? Азыркы айтып жаткан сөзүңө караганда..
- Мен ошон үчүн айтпадымбы жана апама таарынычымды: мен намысымдан өтө албай койдум да. Мен канчалык сыйлап канчалык сүйсөм дагы...
- Жана айтпадымбы кантсе да экөөң тең жан дүйнө адамысың да - эми экөөңөрдөн кандай (!). инсан жаралат эле ким билет... Бирок биерде жан дүйнө адамынын бирөөн тек көр дүйнө ташвиши жеңип кетип жатпайбы... Бирок албетте биерде "жатуу" дегенибиз сөзсүз эле "жаратуу" дегендик эмес дечи: бирок кокус бир Теңирден болуп түйүлүп калса мисалы...
- Эртеси Рыспай агай минтип айтпадыбы.. Үриниса эже кеткенден кийин... Ал өзү шеринеге барганы жатат да... Үриниса эже мени алып кетем деп келиптир, анткени Рыспай агай мени шеринеге алып кетем деп жатат да телевидение тарткан жаккачы. Үриниса эжей менин авторитетими ойлоп: "Эми жаш кыз болсо.. кимдер кандай ойлойт., барбай эле койсун", - дептир да. Бирок Рыспай агай ага болбой койду да ажерденчи: "Жок, мага ушужерден канча чоңдоруң турса да мага Болдуканчалык болалбайт" депчи. Үч күндөн кийин кетем деп атабы: "Жок дегенде Болдукан туруп турсунчу жаныма үч күн кеткенче - деди да. - Мен Болдуканга жетпесем дагы", - деп мени телевидениеге алып кетип калды. Анан телевидениеде болдук да. Жана биз отурганда: "Мен жайында келгенде мага турмушка чыгасың иэ?" деп сурады да. Мен ооба десем: "Кап, жетишпей калам го, - деп ошентти. - Мен жетишпей калам го, ушу сага бир белек таштап кетсем болот эле", - деп айтты да. Эми белеги жанагы баланы айтып атат да. "Сен менен бир жатсам болмок", дегендей айтты да. "Андай күн да болоорун кудай билээр", деп ушинтти.
Биз ошентип анан.., мени шеринеге алпарды. "Ак өргөөдөн" тартты да шеринени. Барсак Бөкөнбай байкелер бар экен - алар менен сүйлөштүк. Дагы Жолдошбек Мамажанов, Сагынбек Момбековдор барыптыр мен тааныгандардан. Алтынбек Сапаралиевдер бар болчу. Ажерге Рыспай агайдын экинчи аялы да кошо келиптир - Оңолкан, иэ? Ал да кошо келиптир. Мен болсо бержакта карап отурдум да. Ырдагандар аржакта стол даярдашып өздөрүнчө отурушту. Мени Рыспай агай "Жүр", деди да. Бирок мен "Барбайм", дедим: өзүмдү иттей ыңгайсыз сезип отурдум да ажерденчи. Мурда андай чөйрөгө барып көргөн эмесмин да. Рыспай агайга да айттым: "Мен кете берейинчи - мага мындай чөйрө аябай жат болуп атат. Мен үчүн ушунча.. башка дүйнөгө түшүп калгандай сезилип жатат - мен кете берейинчи", - десем ал болбой койду: "Сен туруп тур - сен мага керексиң, - деп. - Сен жок болсоң мен бужерге туралбайм", - деди да. "Мейли", дедим анан. Ал ырдап бүткүчө мен ошожерде турдум. Бир кезде Рыспай агай келип айтты да:.. мага Оңолкан деген аялын көрсөттү - аржакта турган да: "Бул менин аялым", - депчи. Ушинтип айтты да...
- "Аялым" дедиби же "аялым болчу" деп айттыбы?

(Уландысы кийинки санда)





Сезимай Алиева
Сен жана мен
Адыл менен кош айтышкан соң, Жеңиштин көңүлү оолугуп, эмнегедир машинасын үйүнө эмес, таптакыр башка районго айдап жөнөдү. Жүрөгү элеп-желеп, ою чаржайыт… Акыркы айда тынбай каттап, ар бир ташы көзгө тааныш болуп калган кууш көчөгө бурула бергенде бирөө башка чапкандай тормозду басып калды. Түнкү жымжырттыкты бузган машина сүрдүгүп барып токтоду. Башын рулга жөлөп, көкүрөгүн мыкчыган бойдон олтуруп калды. "Эсиңе кел, Жеңиш! Саатты карачы канча болду?! Деги сага эмне болгон? Сүйүп калгандан соосуңбу?! Кантип, кантип сен досуңдун кызын?!. Адыл укса эмне дейт?! Эмне демек эле, ага баары бир болсо керек… Кой, Жеңиш, эсиң барда этегиңди жап дегенди билесиңби? Ушунчаңда унут! Охо, унут дейт тура. Кантип?! Жаштыгына, чырайына азгырылып атсам керек, алаксыйын деп тээ бир канча километр алыс айылга да кеттим. Кайда-ан, кайра келгенче шаштым го. Жо-ок, жүрөгүм жөндөн жөн бүлүнчү эме-ес… Кыркка чыкканда кечиккен сүйүүңө кезиктиңби? Башка учур болсо да аракет кылып көрөт элең, жаралуу жан экен, кагып койсо кантесиң?! Кеп ошондо болуп жатпайбы…Күлүп турган көздөрүн бир көрсөм…" көз алдына Сүйгөндүн элесин тартып, тыбырчылаган жүрөгүн тынчыта албай, өзү менен өзү сүйлөшүп көпкө олтурду.
Көңүлүнүн каалоосун эптеп ооздуктап, "ал-абалын билип тур" деп Адыл өзү суранбадыбы. Убада боюнча эртең жарыкта эле келип, шашпай сүйлөшүп, көрүп кетесиң. Азыр сыйың менен үйүңө кет, барып эс ал"деп өзүн жооткотуп, машинасын от алдырды.
Радиодогу ырга кошулуп кыңылдап ырдап, көңүлү көтөрүлүп, соолуга да түшкөнсүдү. Кызын ойлоду. Адылдын жумушу деп жүгүрүп жүрүп, кызына бара элегине бир айдан ашып кетиптир. Сагынып турганын сезди. Жуманын аягында сөзсүз барып, шаарга алып келем деп ойлоду. "О, таптым, куурчагымды алып келип Сүйгөнгө ээрчитип барам. Ту-уй, Жеңиш, сен болбой калыптырсың! Жана эле "ойлобогонго аракет кылам, аяш кызым катары, Адыл үчүн келип-кетип турам"деп атпадың беле?! Эми болсо кызыңды ойлоп атып да Сүйгөн дейсиң!"деп баш чайкай, мыйыгынан жылмайып, күзгүгө карап көз кысып койду.
ХХХ
Сүйгөндүн келгенине кайненеси катуу кубанды.
- Өзү кайдан келе алсын, күзүндө эгин-тегин бышканда мени бир алып барып келе көргүлө. Өлүп калсам жаман күчүгүмдү көрбөй, арманда кетемби, деп үйдөгүлөрдүн кулак-мээсин жеп аткам. Балакетиңди алайыным, ырас келбедиңби,-деп небересин колуна алып, кайра-кайра жыттап,- Дуулатым болсо эбакта эле силерди алып келбейт беле! Бапырап айылга той бермекпиз. Абышкамдын көзү тирүү болсо да байкушум жерге-сууга батпай кубанмак. Бири кем дүйнө демекчи, экөө тең муздак жер алдында жатышат жанашып. Алар болгондо минтип карааныңарга зар болуп олтурат белем?! А-ай, курган балам, ай! Эч нерсе көрбөй кетти. Эстеген сайын ичек-боорум эзилип, көкүрөгүм күйүп турат,-деп ыйлап, Сүйгөндү кошо ыйлатты.
-Жайында чөп чабыктан кол бошобой эле бара албай атабыз. Бирок ойлоп эле аттык. Өткөндө өкүл апаңдар балдарын окууга алып баратышкандарын угуп, биртике эт-аш бергенбиз, алдың да?-дешти Гүлнар күйөөсү экөө актанышкандай.
-Жок, апамдар келебиз дешти эле деп ойлоп койгом, бирок келишкен жок. Балким мен үйдө жок учурда келишкендир. Баса, сүйүнчү! Эне, сүйүнчү, мен үйлүү болдум,-деди кубанычын жашыра албай.
-Болсун, болсун,-дешип баары келиндин оозун тиктеп калышты. "Кантип, кайдан?"деген кызыгуу окулуп турду көз караштарында. Чоо-жайын кыскача түшүндүрдү Сүйгөн.
-А-а, каралдым, балаңдын багы бар бала экен. Атасы жогун билгизбей, жанагинтип аяш аталары там алып берип киргизип атышса, жакшы эле да. Эми менин тилимди алсаңар, кымыз алдыртып, бир кой союп, чакырып, коноктоп койсоңор кантет? Ошенткиле, досторун сыйлап, рахматыңарды айтып койсоңор, баламдын арбагы деле ыраазы болуп калсын. Азыркы, бир тууганы бир тууганына каралашпай, эсептешип оокат кылып калган заманда, шаардан там алып бергендери оңойбу!-Кайненеси жетине албай, алдында алып олтурган Аманатты утур шуу-шуу жыттап,-Дуулатым жакшы адам болгон үчүн жакшылык кылып атышат да, болбосо…-деп сыймыктануу менен сүйлөп атты.
-Апа, аный демек белек, сиздики туура, макул чакыралы. Бирок, чөп бүтүп, картошка казылгандан кийин чакыралы. Жакшылыктын эрте-кечи жок эмеспи. Эртең болсо камынып, бүрсүгүнү айыл-апаны чакырып, балага тойчук өткөзүп коёлу, э?-деген уулуна кемпир ыраазы болгондой, колунан өөп койду.
Сүйгөн айылда он чакты күн жүрдү. Бир күнү Гүлнар менен Дуулаттын бейит башына баласын көтөрүп барып келди.
-Ух, жеңе, Дуулаттын жанына келгенче буулугуп, өзүмөн өзүм ыйлагым келип, жаман болом. Качан ага ичимдегимди төгүп, баарын айтып алганда анан жеңилдей түшөм. Айылга келмейинче анын өлүп калганына ишене албай, фурашкасын кыйшайта кийип, адатынча күлмүңдөп кирип келчүдөй болуп эле күтө берем. Үмүтүмдү эч үзө албай койдум. Кээде туруп, акыры ажыраатар болсоң, анда эмне табыштырдың, деп Жаратканга нааразы болуп да кетем. Күтүү менен эле күн кечирип жүргөндөймүн, кыскасы. Бул кыйноо качанга чейин созулат?!-деп буркурап ыйлады. -Мына, Дулдул, убадамды аткарып, уулуңду сага көргөзгөнү алып келдим. Мен эмне айтсам аткардым, а сен сөзүңө турбай, мени таштап, ыйлатып кеттиң!-деп шолоктосо Гүлнар кошо ыйлап, кеч күүгүмдө араң кайтышты.
- Күзүндө баарыңыздар барып, небереңиздердин үйүнөн тамак ичип кетиңиздер. Алдын ала каттагандардан кат жазып жиберсеңиздер, даярданып, күтүп алабыз,-деди кайтаарында.
(Уландысы кийинки санда)