п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-155-01 Аксыда жашаган атам Бөрүбаев Кабылга, апам Турсункага, Бакыт байкеме, жеңем Уулканга, Катя, Арууке, Жанеттага чоң салам! Бишкектен Ася
ОП-155-02 Акем Мирлан, жеңем Гүлжамал, бактылуу болгула. Жумонк менен Нурбелектин сыйын көргүлө. Жеңе, сиз суперсиз. Кайын сиңдиңиз Роза (Снегурочка)
ОП-155-03 Мен Тоңдун Кызыл-Туусуна салам айтам жана апам Розага, аялым Аймерек, балдарым Нуртилек, Нуралиге салам. Дастан
ОП-155-04 Кыргыз элим, супер. 0779065296 Бермет
ОП-155-05 Салам! Мирбек жана Султан жөнүндө жазгылачы, сураныч. Гүкүш
ОП-155-06 Кыргыз жигиттери супер, эр жүрөк. Бермет 0779065296
ОП-155-07 Сенсация: Жээнбек ичкенди токтотот. 0555 555 ХХХ
ОП-155-08 Саламатсызбы, Ирсалат эжеке. Сизди жаркыраган жаз майрамдарыңыз менен куттуктайм. Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болуп, жүзүңүздөн күлкү кетпей, уулдун урматын, кыздын кызматын көрүп, бактылуу байбиче болуңуз. Рахат Москвадан
ОП-155-09 Бегим, сизди эч кимге ыраа көрбөйм. Сиз мендик, мен сиздик. Ортобузда мамиле экөөбүзгө гана таандык болушун каалайм. Урмат менен Махиңиз
ОП-155-10 23-февраль майрамыңар менен, жигиттер. 0778026ххх
ОП-155-11 "Кыргызстан Обондору", жаңы ырчы Актан Адырбековдун аткаруусундагы "Азыр кеч" деген Мерген Тургандын ырын эмнеге бербейсиңер? Кандай жазылган ыр?
ОП-155-12 "Обон", сиздердин ишиңиздерге ийгилик! Бизге жакшы кабарларды бере бериңиздер! Кани 92 KG
ОП-155-13 75 баш боз үй сатам. Бүт жасалгасы менен же автого алмашам.
ОП-155-14 Азиз уйкучу досум, тез эле уктап кала бергениңди токтотчу, сураныч. Эрке досуң Элизка
ОП-155-15 Кожоахмед Исмаиловго чоң салам. Дайыма бар бол. Ноокаттан Динара
ОП-155-16 Табышмак: Аялзаты эмнеден коркот? Тапканга 200 бирдик салам. 0771595968 номерине чалып, же СМС жазсаңыздар болот.
ОП-155-17 Салам "Обон". 0778026ххх
ОП-155-18 Нурлан Насип, сиз суперсиз. Сизди сыйлап, урматтаган күйөрманыңыз Сабина.
ОП-155-19 Салам. Түбөлүктүү сүйүүнү буйрук, чечим менен токтотуу мүмкүн эмес. Алга! 0779595ххх
ОП-155-20 Нурлан Насип, чыгармачылыгың өркүндөп өсө берсин. 0779463ххх
ОП-155-21 Калдыбек уулу Самат, жаным, өмүрүң узун, келечегиң кең болсун. Айдагы кыз
ОП-155-22 Салам, "Обон". 96-жылкы Ажарага салам. Клара 96
ОП-155-23 "Обондун" жалпы жамаатына эмгек салам жолдойм. Абдан жакшы гезит -бир гана силерсиңер. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Жаңы окурманыңар Раушан 88
ОП-155-24 Табышмак: Тоок эмне үчүн бир бутун көтөрүп алып уктайт? Мага чалып жообун айткыла, СМС жазсаңар жарабайт. Күтөм. Айжамал 79991704
ОП-155-25 Энелер куттуу болсун майрамыңар, жадырап жаз гүлүндөй жайнаңыздар, балдардын жыргалына балкып-эрип, бактылуу бул өмүрдө жашаңыздар. Сиздерди терең урматтап мен, Раушан 88.
ОП-155-26 Тай-тай бөбөгүм, чуркап ойноп турган кезиң, бир жашка толдуң жаңыдан, туулган күнүң кут болсун Данияр-Данчо менин бөбөгүм. Ден соолугуң чың, келечегиң кең, өмүрүң узун болсун. Ата-энең сыймыктанар кыргызымдын мыкты, чыгаан инсандарынын бири бол,- деп эжең Раушан 88.
ОП-155-27 Ак кайыңды кыз кучактап ыйлады. Ыйлады да көз жашын эч тыйбады.17ге жаңы толгон сулуу кыз, өз бактысын сүйгөнүнөн сурады. Айжамал 94
ОП-155-28 Өзгөндүн балдарына чоң салам! Айжамал 94
ОП-155-29 Сагынамын мен сени сагынамын, сагынганда айлыңа жүз барамын. Ойлойсуңбу сен мени ойлойсуңбу? Ойлогондо кусадар болбойсуңбу? Махмуд, жүрөгүм сага байланды, сезсең боло ушуну. Раушан 88
ОП-155-30 Сага да махабатка таарынамын,бактылуу күндөрүмдү сагынамын, күлүмсүрөп. Ыйлай бердим өткөндү эстеп, бир тамчы көз жашыма арзыбадың. Раушан 88
ОП-155-31 Алыскы Кытай шаарында окуп жаткан Азылова Бактыгүл, Кадырбекова Айпериге чоң сагынычтуу салам. Жакшы билим алып, окуп батыраак келгиле,- деп жаңы группалашыңар Раушан 88
ОП-155-32 Баштайын сөздү салам менен. Айтайын ойду эми терең. БЛ-1-09 группасында окуп жаткан дос группалаштарыма ысык салам. Өзгөчө Махмуд, Ильяз, Борисова Айжан, Насыйкат, Гүлбара, Регина Жакыпбекова Гүлзат, Каракулова Алтынай, Карлыгаш салам. Келе жаткан сүйүү майрамыңар менен! Раушан 88
ОП-155-33 Эрнис досум, мени жаман ойлобо, жөн гана сен жөнүндө билгим келет. Качан үйлөндүң, эмне жумуш кылып жатасың, балалуу болдуңбу? А биз кудайга миң мертебе шүгүр, аяшың экөөбүз эки балабызды тарбиялап, эң бактылуу үй-бүлөнүн катарын толуктап келебиз. Эски досуң +7775977ххх
ОП-155-34 Жашоо сырдуу табышмак. Айта албайсың, таба албайсың жандырмагын ар убак. Раушан 88
ОП-155-35 "Обонду" окуймун кызыгуу менен. СМС ыр жазамын чарчабастан. А эгер ошол ырларым бардык жазган СМСим "Обонго" чыкпаса, сиздерге катуу таарынып каламын. СМС ырларымды чыгарыңыздар, суранамын. Раушан 88
ОП-155-36 Аман эй, аман, жерибиз аман, болсунчу кыргыз элибиз Аман. Иншаллах, бардыгы кыргыз элимде жакшы болор, алга кыргыз элим, өркүндөй бер, Кыргызстаным. Силер үчүн мен жашаймын, кыргыз деген атымды жүрөктөн өчүрбөймүн, мактанбаймын туура түшүн сен, замандаш. Раушан 88
ОП-155-37 Чынтемир тагамдын цехинде иштеген тикмечилерге тунук сүйүү каалайм. Айжамал 94
ОП-155-38 Менин муз болуп тоңуп калган жүрөгүмө, күн болуп тийип эритүүчүлөр табылар бекен? Жигиттер, сураныч, кыздардын көңүлү менен ойнобогулачы. Кыздар, жигиттер менен каалагандай ойной бергиле, силерге жарашат. Аська
ОП-155-39 "Обондун" жалпы жааматына ден соолук, бакыт, тунук сүйүү, өрүктөй мөмөлөп, жөжөдөй көбөйүп жүрө бергиле. Айжамал 94
ОП-155-40 Табышмактуу сырдуу Айпери, кандайсың? Кайда жүрөсүң дайыныңды таптырбай, сагындык го. Кабарлашып турсаң. Бизден сага чоң ысык салам. Буйруса 26сында көрүшөбүз да. Аська, Роза, Алина
ОП-155-41 Сүйүү күчтүү адам үчүн ыйык нерсе, сүйүшпөй бир-бирине жагыш эмне? Сүйүүнүн буркураган атыр жытын тапкан кезде. Аська
ОП-155-42 Карай берип каректерим карыгып, күтүп жүрөм мен өзүңдү зарыгып. Күн алыста чалып койчу телефон, куса болдум мен үнүңдү сагынып. Аська
ОП-155-43 Сүйүү бул азап, ар бир жанды кайгыга салат. Сүйбөсөң, жашоо кызыксыз. Сүйүүнү билбеген туруксуз. Аська
ОП-155-44 Жаш ырчы кыздар, балдардын астында өзүңөрдүн баркыңарды түшүрбөгүлөчү? Уялсаңар боло пиво ичип, тамеки чеккенден. Силерди болочоктогу сүйүктүү жар, эне дейт. А кейпиңер болсо бул. Кантип болсун! Аська
ОП-155-45 "Обонтайым" менин алтыным го. Мен жакында биротоло Таласка кетем. Ошого чейин сүйүктүү кикбоксёрум Кумар Жалиевди бир көрсөтүп койчу? Көптөн-көп суранамын. Сүрөтүнө гана жалынамын, менин Кумарым. Аська
ОП-155-46 Менин сүйүктүү досторума ысык салам. Жанусь Роза, Алина, Аси, Зуля, Макуся, Гуля 88, Фея, Ырысбек 91, Кербен Куба, Бакай. Кайда болсоңор дагы аман болуп, жамандыктан алыс болгула, анткени, жаман экен. Аська
ОП-155-47 Ай каран күн ай, не деген күнгө туш болдук, бизге ушунун баары керек беле? Биз 3 төңкөрүштү кантип көтөрөбүз? Байкуш кыргызымдын көрөр күнү ушул беле? 85 жигит жөн эле өлүп бериштиби? Аларды эмне ойлошпойт? Аська
ОП-155-48 Нурлан Насип, атагың кетсин Алайга, бар болгун дайыма элдин маанайында. Сага арнап ыр жаздым да, талантыңа таң бердим да, ийгилик сага. Шоколад
ОП-155-49 Анекдот: Бир киши доктурга келсе, доктур: Ээ, оору адамдай болуп келчи,- дейт. Ошентип 3 жолу кирет. Үчүнчүсүндө: Доктур байке, сиз чипси заказ кылдыңыз беле? - дептир. Шоколад
ОП-155-50 Куба 87, дайыма бар бол! Сендей жигиттер бар болсун. Сүйүү майрамыңар менен кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн. Айжамал 94
ОП-155-51 Нурзаман, мен сени сүйөм. Айжамал 94
ОП-155-52 Сүйүүдөн дүйнө жаралган. Сүйүүдөн Адам Ата, Обо Эне тукуму тараган демекчи, окурмандар, ар дайым жүрөгүңөрдө тунук сүйүү жашасын! Урматым менен Аlina_Asi
ОП-155-53 Армандуу күндөр кимде болбойт? Байлар деген кулдарын өтө кордойт. Байларга Аллахым ыйман берсин. Байлар да, Ислам жолун баары билсин. Ырысбек 91
ОП-155-54 Ар дайым жүзүңөр нурга толсун, жүрөктөгү ыйманыңар таза болсун. Эч качан оорубагын кыргыз элим, тынч болсун бийик чоку кыргыз жерим. Ырысбек 91
ОП-155-55 Айткылачы достор, адамды акча бир өмүр бактылуу кыла алабы? Аlina_Asi
ОП-155-56 Табигат сырдуу Алтынай, сен менин кумирим элең, эмне "Обонго" чыкпай калдың? Мага жаккан ырларыңды да жазбай калдың да, СМС жазчы күтөм. Эльдос
ОП-155-57 Транзит АЗСте башкы оператор болуп иштешкен жездем Мамыт, эжем Назираны келе жаткан майрамдары менен куттуктайбыз! Эмгек жамааты Аlina_Asi
ОП-155-58 Жигиттерди 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Силер бар, Кыргызстан бар. 0779065296 Бермет
ОП-155-59 Кыргызстандыктар, алга жана алга. Бермет
ОП-155-60 Сен болбосоң тозок оту жанчудай, сезимдерим жакшы ойлорду танчудай. Кан айланбай каректерим карарып, кайран жүрөк сенсиз токтоп калчудай. Жаралыпсың сүйүүдө сараң болуп, дарылачы жүрөктү дабам болуп. Сени сүйүп катуу ооруп калган кезим, карап турчу жанымда караан болуп. Бермет
ОП-155-61 Алыскы Ош областынын Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына салам. Бар жана бай болгула. Урматым менен Гүлмарина 88
ОП-155-62 Салам "Обон", сиздерге бекем ден соолук. 0771210ххх
ОП-155-63 23-февраль атам Жолдошбекти, инилерим Эламан, Ыйманбекти майрамы менен куттуктайм! Нурайым
ОП-155-64 Салам "Обон" гезити. Келинчегим Гүлшандын туулган күнү менен куттуктайм. Жолдошу Мурат
ОП-155-65 Мен Тоңдун Кызыл -Туусуна салам айтам жана апам Розага, аялым Аймерек балдарым Нуртилек, Нуралиге салам. Дастан
ОП-155-66 Салам "Обон"! Ата-энеме салам! Бар болгула! 0779757ххх
ОП-155-67 Жаным Эмир, эмне мени алдадың? Сага болгон сүйүүмдү сезбедиң. Бакуля 91
ОП-155-68 Обдунова Бегимай, супер! 0779757ххх
ОП-155-69 Бактыбек кызы Мээрим, супер! 0779757ххх
ОП-155-70 Үмүт кызы Асел, супер! 0779757ххх
ОП-155-71 Сүйгүн деймин, сүйбө дебейм бирөөнү. Кыз жигитти сүйсө эмне күнөөбү? Сүйөмүн деп айтып койсо не болот, же кыздардын болбойт бекен жүрөгү? Нурайым
ОП-155-72 Атам Арзиев Алтымыш, эжем Гүлбарчын, жеңем Салкынай, сиңдим Заринага салам. Мен силерди жакшы көрөм. Ата, ар дайым бар болуңуз. 23-февраль майрамыңыз менен деп сизди урматтап, жалкоо кызыңыз Роза
ОП-155-73 Асель, Мээрим, Асель, Бегимайга дүйнөдөгү бүт жакшылыктарды каалайм! Айдана
ОП-155-74 Жаңыбай кызы Асель, супер! 0779757ххх
ОП-155-75 Нурлан, өркүнүң өссүн. Досуң 0779284ххх
ОП-155-76 Салам, достор. Эгер силер бай адам болгонуңарда эмне кылмаксыңар? 0779065266 Бермет (СМС жазгыла)
ОП-155-77 Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Зарбалик айылынын тургуну Мамиев Эрниске салам жолдойм. Эрнис, мени таанысаң, сенин адресиңди "Обон" гезитинен күтөм. Сенин эсиңе Сары-Челек, группалашың Каныбектин шеринесиндеги бактылуу күндөрүңдү эске салмакмын. Калганы белгилүү деп ойлойм. Эски дос кызың!
ОП-155-78 Бул бир келген жашоодо адам болуп жаралганың жана таң атканда таттуу уйкудан ойгонуп көзүңдү бир ачканың өзгөчө чоң бакыт, туурабы, достор? Раушан 88
ОП-155-79 Караба, караба, келбетим азгырса, караба, караба жылмайып мен күлсөм. Жүрөктү жаралаган акыл сөздөрү бар айткан, эх, ушул кыргызымдын жигиттери аман болсун. Эй, жараткан, ыйман бер баарына, келечегиң кең, эч нерседен кем кылба. Ийгилик Раушан 88
ОП-155-80 Сени дейин, сенден башка дебейин. Сезимдердин жылуусунан берейин. Эгер ооруп турса жүрөгүң, айыктыруучу дуба болуп берейин. Мида
ОП-155-81 Сүйүү бул кандай ыйык сезим. Сүйгөнүңдүн жанында жетелешип, бак аралап сейилдесең кандай сонун. Айлуу түндө ай карап, жаныңдын жарымы жаныңда болсо, ал сени сүйөм сени жаным деп көзүңө карап айтса. Мида
ОП-155-82 Аракет кылсаң берекет дегендей Шоколад, көп шоколад жей бербей, бизге деле берсең боло жалдыратпай (тамаша). СМСчи Шоколад, ыр жазгандан тажаба, сенин талантың бар, бирок жакшы аракет кыл. Маанилүү жаз, балким, мыкты акын болуп чыгарсың келечекте. Урматым менен Раушан 88
ОП-155-83 Алтын башың аман турганда, окуп билим алып алгын. Өмүр өтсө бул жалганда, өкүнүчтө кийин сен калбагын, урматтуу замандашым. Билимдүү болуп көп эмгектен, ошо сага чоң пайда. Эске ал бул ырды унутпай. Раушан 88
ОП-155-84 Кыялбай бир өзүңдү, досум дедимби? А бирок акырында коштоштумбу? Жүрөккө жалын, туз сепкениңди түбөлүк унута албайм, түбөлүк унута албайм бул кылганыңды. Кайыр кош эми, сени эстебеймин, сагынбаймын, кайрылбаймын, издебеймин, түбөлүк кол үздүм сенден, эми алыс жүр. Раушан 88
ОП-155-85 Залкарбек 92, дайым бар бол, аман бол, бай бол. Айжамал 94
ОП-155-86 Сүйүү десе сен сулууну издебе, кийин ойлоп бармагыңды тиштебе. 0779065296 Бермет
ОП-155-87 Маданияттык айылдаштарыма салам, дайым сүйүп жүрө бергиле. Силерге тунук махабат каалайм, дайым бар болгула, мен силерди дайым жакшы көрөм.
Айжамал 94
ОП-155-88 Салам, Аалы Туткучевге! 0779029ххх
ОП-155-89 Сүйгөнүм сени сүйбөдүм беле, сен үчүн отко күйбөдүм беле, сүйдүрүп коюп башкага кеттиң, сүйүүбүз биздин 1 жылдык беле? Айжамал 94
ОП-155-90 Маданият айылындагы ата-энеме жана бир туугандарыма өзгөчө салам. Айжамал 94
ОП-155-91 Мен сүйөм, сүйүп жүрөм, бир адамды билбеймин, ал адамга мен жолугамбы? Көздөрү асмандагы жылдыздардай, ал адам бир мен үчүн жаралгандай! Нурлан Насип, мен сизди чексиз сүйөм! 0700248ххх
ОП-155-92 Сүйүү деген эң бир шекер махабат. Сүйүү өзү жаш жүрөктү жаратат. Эгер адам өз сөзүнө бек болсо, ошол адам сүйгөнүңө жете алат. Зорро 0779747ххх
ОП-155-93 Сүйүү деген торго түшкөн көгүчкөн, далайлардын көз жаштарын төгүлткөн. Бул сүйүүнүн азабына чыдабай, нечен жаштар арман менен өтүшкөн. Зорро
ОП-155-94 Нарын районуна караштуу Орто-Саз айылынын тургундары атам Асанбекке, апам Дүйшөбүбүгө, байкем Азатка, эжем Жазгүлгө, курбум Жаркынга чоң салам! Ар дайым бар болгула! Аijan_96
ОП-155-95 Ниет кылыңыздар, жаман болбосун. Арзуу кылыңыздар, арман болбосун. Ар бир күнү Аллах дайым сиздерди колдосун. Тоня. "Обонду" чыдамсыздык менен күтөм. 0778648ххх
ОП-155-96 Инилерим Азиз, Мамырды майрамы менен куттуктайм! Алымкан
ОП-155-97 Салам, супер СМСчилер. Силерге чоң салам. Мени да кошуп алгылачы, ээ суранам. "Бийкеч"
ОП-155-98 Айга, күнгө теңештирем силерди, балдарым деп мээрим төккөн жүрөгү. Биз алыста жүргөн кезде бизди ойлоп , аман-эсен жүрсө экен дейт тилеги. Жашоодогу ардагым-ата-энем. Нурайка
ОП-155-99 Саламатсыздарбы, "Обон" газетасы. Мен ыр жазам. Ырларымды силерге берсем болобу? Журналист болгум келет. Кантип иштешсем болот? 0779811ххх
ОП-155-100 Кыргызстан менин жана сенин мекениң.Таза сактайлы. Бермет
ОП-155-101 Кара-Суу районунун Маданият айылындагы алтындай болгон ата-энеме, инилериме сагынычтуу салам. Мен силерди сагындым. Бизди жарык дүйнөгө алып келген апам Сонун, атам Акылбек, силерге сүттөй ак сүйүү каалайм. Инилерим Атабек, Азизбек, силерге бактылуу балалык каалайм. Айжамал 94
ОП-155-102 Жибек эже, 4-февраль туулган күнүңүз менен куттуктайм. Айжамал 94
ОП-155-103 Байкап көрсөк жарыктыкка жаралган ар бир адамдын баласы бактылуу экен. Мына ушул бакыт нурун жүрөгүнө каткан жараткандын ар бир пендеси бактылуу мүнөттөрүн жакшылык менен кубаттап, сүйүктүүсү менен болсо, анда өмүрдө өкүнүч болбос. Ыймандуу кыз
ОП-155-104 Тунгучтагы тигүү цехине заказчы талап кылынат. 0312890776, 0777444444
ОП-155-105 Эгерде, сүйүктүүбүз күт деп шарт койсо, күтүүгө кантип чыдайбыз, өмүрдө күтүүдөн өткөн азап жок. Күткөн күндөр айга айланып, жылдарды жылга жылдырса, анда кусалыктан, сагынычтан кантип кутулабыз?
Ыймандуу кыз
ОП-155-106 Бул жашоодо эки түрдүү сүйүү бар. Биринчиси -түбөлүктүү сүйгөн жар. Экинчиси эмне?- деп сураса, күнүмдүк деп күлүп коюп жүргөн бар. Алтынай 94
ОП-155-107 Махабаттын суусун ичип мүрөктөн , магдыратып жан дүйнөмө гүл өскөн. Бактым таптым сени дегиче, басып кеттиң орун алып жүрөктөн. Жооп күтүп үзүлбөгөн үмүттөн, жолуң карап жолоочудай күн өткөн. Аруу сезим арбап жүрөк кылдарын, ашыктыктан, алсыздыктан жүдөткөн. Ыймандуу кыз
ОП-155-108 Байкабай бал тилиңе багындым, санааркап нур жүзүңдү сагындым. Күчөтүп кусалыкка батканда, жалжалым жаш баладай таарындым. Кайра жаз гүлүндөй жалындым, күчөтүп махабаттын жалынына, күлкүмдү күйүтүмө айлантып, гүлсүздөн алыстады карааның. Көзүмө себеп болду жамалың, ар убак жолугууну самадым. Аралык кезиктирбей кас болдуң, айла жок сүрөтүңдү карадым. Ыймандуу кыз
ОП-155-109 Салам, 23-февраль майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Силерге каалоом: узун өмүр, чын ден соолук, тоодой бийиктикти, суудай тунуктукту, дайым сүйүүгө малынып, махабаттын балын татып, өрүктөй мөмөлөп, тооктой жөжөлөп, биздин маңдайыбызда дайыма аман болгула. Дагы бир жолу майрамыңар менен, кыргызымдын эр жүрөк мырзалары. Кара-Суудан Айжамал 94
ОП-155-110 Жакшы адамдар дүйнөдө көп болсун.
Бермет
ОП-155-111 Азиз инсаныбыз, аллах сиздерге ыйман берсин. Таза көңүл, ак ниет намаз берсин. Бул дүйнөдө аллахым сиздерге ыйман берсин. Таза көңүл, ак ниет намаз берсин. Бул дүйнөдө Аллахым сиздерге бейиштей болгон бакыт берсин,- деп жазган Дыйканова Токтокан. Кара-Бакай
ОП-155-112 Нурлан Насип, нурундай жаркыраңыз, жайнаңыз. Жер бетинде нурлуу болуп басыңыз. Жаратканым жубай берип түбөлүккө, бул дүйнөдө бактылуу болуп жашаңыз, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайбыз! Шоколад
ОП-155-113 Саламым Алматы шаарындагы мусулман бир туугандарга. Аллахым сиздерге күч-кубат берсин. Ар дайым ден соолукта болгула! Ырысбек 91
ОП-155-114 Сүйгөнүм Каныкейге жүрөктөй чоң салам жана 9-февраль өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Эку_97
ОП-155-115 Өзүмдүн группалашым Айпериге салам жолдойм. Бар бол,- деп группалашың Раушан
ОП-155-116 Саламатсызбы, Кенже Дүйшеева. Кандайча Казакстанга келин болуп калдыңыз? Мен сизди Алматыда көп көрөм. Сиз бактылуу болсоңуз, биз Өзгөндүн кыздары бактылуубуз, ар дайым бар болуңуз. Алматыдан Нурзида 84
ОП-155-117 "Биз" тобу, Кызыл-Кыя, Ноокат тараптарга качан концерт коюп келесиздер? 0778737ххх
ОП-155-118 Болуш аке,Талант аке, 23-февраль майрамыңыздар менен. Алтынай 94
ОП-155-119 Жалал-Абад, Ош, Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл областтарына салам. Мусулман бир туугандар, ар дайым бар болуңуздар! Ырысбек 91
ОП-155-120 Урматтуу Премьер министр жана Москва райондук кеңеши! Сиздер ушул Москва районунда жайгашкан чокуга Путиндин ысымын беребиз деп эмнеге мынча ашыктыңыздар же кыргыздын чыгаандары бул чокуга татыксызбы? Биз качанкыга чейин ушинтип колубуздагыны бирөөгө ыйгара койгонду токтотобуз. Мындай иш- аракеттер Бакиев Каркыраны, Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга саткан сыяктуу көрүнүш катары сезилип жатат. Бул географиялык аймакка кыргыздын эле атын ыйгарсак болот. Ата Мекенчи депутаттар, азаматсыздар. Бул тууралуу чокуга Путиндин ысымы берилишине каршы экендиктерин билдиришти.
Сары -Тологой KG
ОП-155-121 Салам, "Обон"! Атым Калича. Бишкектен болом. Силердин кат куржундан бир нерсени тактайын дегем.
ОП-155-122 Ата Мекенди коргоп келген бардык байке, чоң аталарыбызга таазим этемин. Анткени, алар бар үчүн биз ушундай татыктуу жашоодо жашап жатабыз. Алар биз үчүн баарына даяр болуп, жанын аябай курмандыкка чалып, ысык-суукта жүрүп, жакшы жашоону алып келгени үчүн бардыгына ыраазымын. Катя
ОП-155-123 Мусулмандар бар болгула. Шек келтирбегиле, күнөө кылбагыла, мусулмандарга боор тартып, бири-бириңерге жакын болгула. Биз бир туугандай болушубуз керек. Жаман иштерди жасабагыла, арак ичпегиле, зина кылбагыла, бирөөнүн акысын жебегиле. Силердин жасаган ар бир ишиңер, бир гана Алланын ыраазычылыгы болсун. Абдулла
ОП-155-124 "Обонканын" жалпы жамааты, окурмандары, СМСчилери жана жалпы кыргыз элим, сиздерге чоң салам! Ар дайым жүзүңөрдөн күлкү, жүрөгүңүздөрдөн сүйүү кетпесин! Бар болуңуздар! Накуля
ОП-155-125 Мен бактылуумун, анткени, бул жашоодо бармын. Мен бактылуумун, анткени, ата-энем бар. Мен бактылуумун, анткени, жүрөгүмдүн жарымы бар. Мен бактылуумун, анткени, ал мени сүйөт. 0779004ххх
ОП-155-126 Сиңдим Сыдыкова Нестанды 22-февралда 15 жашка чыгышы менен куттуктайм! Ага кең келечек, бактылуу узак өмүр каалайм. Нестанды жарык дүйнөгө алып келген Шайырбүбү эжем ар дайым бар болсун. Чынара
ОП-155-127 Жусупова Азиза Ниязбековнаны 25-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз! Эже ар дайым бар болуңуз, үй-бүлөлүк бакыт- таалай каалайбыз. Окуучуларыңыз
ОП-155-128 Махабат пирогун даярдаш үчүн 700 гр. туруктуулук, 500 гр. махабат,1 чай кашык кызганыч сөз жана 2 таза жүрөктү жакшылап аралаштыруу керек. Урматтуу кыргызымдын кыз -жигиттери, сиздерге кардай аппак таза сүйүү каалайм. Сүйүшкөндөр, эч качан ажырабагыла. Накуля
ОП-155-129 Тентимишова Назираны 24-февраль туулган күнү мүчөл жашы менен куттуктайм! Бизди эртерээк аяштуу кыл. Бакуля
ОП-155-130 Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин ЖД -101 группасынын 1-курстарына ысык салам! Окууларыңарга ийгилик жана тунук сүйүү каалайм. Айнура
ОП-155-131 Дүйнө сулуу ислам менен, жүрөк жумшак ыйман менен, Аллах берген өмүр таттуу, ушул ыйык күндөр менен! Накуля
ОП-155-132 Мага кубат берет элесиң, уктаганда дайым түшкө киресиң. Сен үчүн бардыгына даярмын айтчы жаным аны качан сезесиң? Накуля
ОП-155-133 Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатынын 5-"г" классынын балдары, Алмамбет, Төрөбек, Сыймык, Бекназар, Бексултан, Кадырбек, Марклен, Темирмамат -силерди 23-февраль-Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайбыз. Жакшы окуп, жакшы жүргүлө, эже-агайларыңардын сөзүн угуп, акылдуу балдардан болгула,-деп 5"г"- класстын кыздары.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??