"Кырк чоро"

Токтобек Асаналиев:
1. Кыргызда "Эрдик кылып кой сойду, иттик кылып төш тартты",-деген сөз бар. Туура жиликтөө да чеберчиликти талап кылат. Койдун жиликтениши? (Туура жооп:Койдун арткы буттарынан алгач жото жилик бөлүнүп алынат. Бул жиликке кашка жиликти бойлой кеткен эттин жарымы калтырылат. Андан соң, кашка жилик жамбаштан бөлүнүп алынат. Демек, койдун бул саны үчкө: жото жилик, кашка жилик жана жамбашка ажыратылат. Экинчи саны да ушундай жол менен үч жиликке бөлүнөт. Алдыңкы бутту бөлүштүрүүгө келсек, мында алгач кар жиликке этти көбүрөөк калтырып, күң жиликтен ажыратып алып, андан кийин күң жиликти далыдан ажыратып алыш керек. Демек, койдун алдыңкы буту да үчкө: кар жилик, күң жилик, далыга бөлүнөт . Жалпысынан бардыгы болуп эки алдыңкы буттан жана эки арткы санынан 12 жилик чыгат. Андан кийин узунунан кеткен омуртканы моюнга, аркага, куймулчакка бөлөт ).
1. Өзүм Нарындын кулуну болуп билбей калсам уят го. Жото жилик, кашка жилик, жамбаш, кар жилик, күң жилик, далы, баш, моюн, арка, куймулчак.
2. "Көчө" тасмасынын режиссёру жана Авазды аткарган актёр? (Туура жооп: Геннадий Базаров тарткан, Аваз - Чоро Думанаев ).
2. Биз көргөн кинону кантип унутайын. Режиссёру -Геннадий Базаров, Аваз-Чоро Думанаев.
3. "Архат" романы кимге таандык? (Туура жооп: Казат Акматов ).
3. "Архат" романын аябай кызыгып окугам, албетте, Казат Акматовдуку да.
4. Чыңгызхандын ата-энеси кимдер? (Туура жооп: атасы- Есугей, энеси-Оолун ).
4. Чыңгызхандын атасы-Есугей хан, энеси-Оолун, аялы-Борте болгон.
5. "Балама" аттуу ырдын обону кимге таандык? (Туура жооп: Композитор Эсенбек Мааданбековго ).
5. Өмүрүм ыр менен байланыштуу болсо кантип билбейин, Эсенбек Мааданбековго таандык.

"Үр кызы"
Назира Токонова:
1. Баш таң кандай салт? (Туура жооп: Ата-энелери жок кездерде айыл ичиндеги кыз-келиндердин биригип, тамак-аш жасап жеши).
1. Мындай салтты уккан эмесмин.
2. "Бөрү зындан" тасмасында Ажар менен Рахимди кимдер аткарган? (Туура жооп: Ажар - Айтурган Темирова, Рахим -Бекин Сейдакматов).
2. Мындай кинону такыр көрбөптүрмүн.
3. "Чоочун киши" аттуу чыгарманын автору? (Туура жооп: Зуура Сооронбаева ).
3. Бул чыгарманы окуган эмесмин.
4. "Түшүмдө" аттуу ырдын обону кимге таандык? (Туура жооп: Композитор Жумамүдүн Шералиевге ).
4. Бул ырды Максат Бегалиев ырдап жүрөт. Автору Жумамүдүн Шералиев.
5. Кыргызстандын түндүк тарабында жайгашкан мунара кандайча аталат? (Туура жооп: Бурана деп аталат ).
5. Ал мунаранын аты-Бурана.

Таанымал инсандардан кышкы экзаменди алган

Динара Асылбекова