п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Бакиев качкан жалгыз
Президент эмес
Ливияда кырдаал улам курчуп жатканы кабарланууда. 42 жылдай бийлик тизгинин бербеген полковник Муаммар Каддафинин режимине каршы күчтөр менен өкмөттүк коопсуздук күчтөрү чыгыштагы Бенгази жана башка шаарларда гана эмес, борбор шаар Триполинин өзүндө да кагылышууга барганы, жалпы өлкө боюнча кеминде 235тей киши кагылышуулардын айынан набыт болгону кабарланууда. Ливия лидери Муаммар Каддафинин уулу Сайфу-л-Ислам Муаммар Каддафи "мамлекет жиктелүү коркунучуна кабылды" деп өкмөттүк сыналгы аркылуу билдирүү жасады жана Ливия аскерлери катаал аргаларга баруу менен да, коопсуздукту калыбына келтирет",-деп эскерткен эле. Ливияда имараттар өрттөлүп, коргоочулар күчтөрү борборду таштап кетип жатышат. Күүлөнгөн эл борбордогу элдик сарайларды, милициянын имараттарын, бийлик башындагылардын үйлөрүн жана өлкө Президенти Муаммар Каддафинин үйүн өрттөгөнгө өтүштү. Шаар тургундары мародёрлорго каршы отряддарды жүргүзүп жатышат. Ал эми Ливиянын Президенти Муаммар Каддафи Ливияны таштап, Венесуэллага качып кеткендиги тууралуу Al Jazeera телеканалы маалымдады.


Р.Отунбаева Президенттик шайлоого катышпайт
Президент Роза Отунбаева Нарын облусуна болгон иш сапарында Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын мектеп мугалимдери жана айылдык агартуучу кызматкерлери менен жолугушуу учурунда Президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди.
Президент Ача-Кайыңды айылында болуп, 7-апрелде окко учкан Канатбек Чынгышевдин эстелигине гүл коюп кайтты. Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Отунбаева мугалимдердин суроолоруна жооп берип жатып, Президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. "Мен мыйзамды сыйлап, берген убадама туруу менен Президенттик шайлоого катышпайм", - деп баса белгилеп кетти.

ЖК комитети мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кеңешин түздү
Жогорку Кеңештин адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүк жана коомдук бирикмелер боюнча комитети бүгүнкү жыйынында аталган комитеттин алдында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иши боюнча кеңеш түзүү тууралуу чечим кабыл алды. Комитет төрагасы Дастан Бекешовдун билдиришинче, мындай кеңеш майып адамдардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга өбөлгө болот. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 120 миңден ашат.


Колунда жок үй-бүлөлөргө бир каптан ун берилет
Ибрагим Жунусов 21-февралда "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында март айында колунда жок 123 миң 658 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилерин билдирди. Анын айтымында, мындай жардам Мамлекеттик материалдык резерв фондунун эсебинен берилет.


Аба ырайы: шашылыш билдирүү
22-24-февраль күндөрү жааган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо боюндагы унаа жолдордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот. Айдоочулар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.
22-февралда Кыргызстанда маал -маалы менен кар, айрым жерлерде жаан жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы: Чүй облусунда, түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4 градус жылуу. Талас облусунда, түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градус жылуу. Баткен облусунда, түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында, түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -7…-12 градус суук болот.

22-февралда Бишкекте маал -маалы менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1... -3, күндүз +1... +3 градус жылуу болот.


К.Сагынбаев күмүш медалга ээ болду
Кыргызстандын бильярдчысы Каныбек Сагынбаев 21-февралда Алматы шаарында болгон бильярд боюнча дүйнөлүк мелдеште күмүш медалга ээ болду. Мелдештин финалында бильярдчы К.Сагынбаев Казакстандык Ернар Чимбаевден 2:6 эсебинде жеңилип калды. Ал эми дүйнөнүн мыкты сегиз оюнчусуна Кыргызстандан дагы бир оюнчу Комолиддин Есидинов кирди. Белгилей кетсек, бильярд боюнча аталган дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандан 9 бильярдчы катышты.


Бир бүркүм маалыматтар
Ош облусунун Өзгөн райондук акимчилиги чыгымдуу той-аштарга тыюу салды. Акимчиликтин чечимине ылайык, мындан ары той ээлери 200гө чейин гана кишини чакыра алат жана жаңы баш кошкон жубайларды тойдо үчтөн ашпаган гана унаа коштоп жүрүшү керек. Аны аткарбагандар айып пулга жыгылат. Бул кадам көпчүлүктүн колдоосуна ээ болсо, бир даары муну адам укуктарын чектөө катары баалап жатат.
Президенттин айлыгы азайтылды. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коёналиев маалымат жыйынында Президенттин айлыгы 30 миң сом экенин, ар кандай кошумчалар менен колуна 60 миң сом аларын билдирди. Анын айтымында, Отунбаева бюджет таңсыктыгына байланыштуу айлыгын 30 миң сом кылып кыскартуу тууралуу 10-февралда жарлыкка кол койгон. Ушул убакытка чейин Президент 50 миң сом алчу, ар кандай кошумчалар менен айлыгы 100 миң сомго чейин жетчү.
Кыргызстандын Сауд Арабстандагы элчилиги Ливия, Бахрейн жана Йемендеги Ала-Тоолук жарандарды тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Ливиянын Трипполи шаарында 5-7 студент билим алат жана азыр алардын дайын-дареги такталууда. Бахрейнде бир Кыргызстандык аял кызы менен жашайт. Йеменде Кыргызстандыктарды аныктоо иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды.




  Жаңы ысым

Рустам Сагыналиев:
"Үйдөгү малдарды сатып, ырчы болгом"
Унутта калып бара жаткан кыргыздын аспаптары, аккордеон жана комуздун коштоосу менен чыгармаларды жаратып,15 жыл мурда чоң сахнага аралашып, бирок шартка байланыштуу 10 жылдай ырчылык кесиптен алыстап , кайра 2010-жылдан баштап чоң дем, күч менен чыгармачылык жолуна кайрылып келген ырчы Рустам Сагыналиев.


- Ырга болгон кызыгууңуз качан пайда болду, чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз?
- Ырга болгон кызыгуума эң чоң түрткү жана ар дайым колдоп турган бул атам болду. Анткени, кичинемде менин тубаса талантымды атам гана байкап калып, үйдө болгон малдарды сатып, ямаха алып бергени мен үчүн чоң колдоо эле. Ошол ямаханын арты менен ырчылык сезимим күчөп, атам кайсыл жерге барса дагы мени жетелеп алып барып ырдатчу. Кичинемден баштап тойлордо көп ырдадым. Анан 2003- жылдары Жаныш- Байыш байкелер менен таанышып, чоң сахнага аралашып калдым. Андан тышкары, Гүлнара Кахарова эже менен иштештим. Бирок кийинчерээк шартка байланыштуу чыгармачылыктан алыстап кеткем. Кайра 2010-жылдан баштап жаңы көз караш, дем күч менен чыгармачылыкка кириштим десем болот.
- Репертуарыңызда кандай ырларыңыз бар?
- Азыркы убакта эң биринчи "Өтүнүч" деген чыгармам менен чыгармачылыкты баштадым. Ошол ырыма жакында клип тарттырып дагы бүттүм. Бирок биринчи клипим болгондуктан , көп кемчиликтер болуп купулума толбой калды. Эми буйруса, кийинки клиптеримде катачылык кетирбегенге аракет кылам . Мындан тышкары, көп чыгармалардын үстүндө иштеп , репертуарымды толуктап, күз мезгилинде ,буйруса, жеке концерт берейин деп даяданып жатам.
- Кайсыл аспаптарда ойной аласыз?
- Фортопиано, комуз, аккордеон жана ямахада ойной алам. Азыркы убакта көбүнчө аккордеон менен жандуу ырдап жүрөм.Бардык аспапта 100% ойной алам деп айта албайм, бирок 60- 70% үйрөнүп калдым.
- Ушул убакка чейин чоң-чоң конкурстарга катышып көрдүңүзбү?
- 15 жылдан бери сахнага аралашып, чоң- чоң конкурстарга катышып, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келгем. Мисалы: мындан 6- 7 жыл мурун Майрам Акаева жетектеген "Мээрим" фонду уюштурган "Жаш таланттар" конкурсуна катышып биринчи орунду алгам. Андан тышкары, башка коңшулаш өлкөлөрдүн конкурстарына дагы катышып, талантымды тарттуулап келгем. Мындан бир топ жыл мурда Казакстан мамлекети уюштурган бир конкурста Чубак Сатаевдин "Арман" деген ырын ырдап, машина утуп алгам.
- Азыркы убакта продюсер деген сөз кеңири тарап кетпедиби. Сиздин продюсериңиз барбы?
- Буга чейин продюсер менен иштешип көргөм. Бирок көңүлүм эмнегедир калып калды. Азыркы убакта продюсерим жок эле өз эмгегим менен аракет кылып чуркап жүрөм. Менин оюмча, продюсери жок деле аракет кылсаң, жалкоолонбой бардыгына өзүң жетсең болот.
- Кичинеңизде телевизордон кайсыл ырчыны көрүп, кумир тутуп, кыялданчуңуз эле?
- Кичинемден Рыспай Абдыкадыров,Чубак Сатаевдин ырларын ырдап чоңойгом. Бир кылымда бир жаралуучу, бул атактуу ырчылардын ырлары өмүр бою сакталып келе жатпайбы.Мен дагы ушулардай болуп чыгармаларымдын өмүрү узун болушун каалайт элем. Бир жылдыз болуп жанып, кайра өчүп калбай кудай берген талантты элге тартуулап, ушул ырчылардай элдин эсинде калгым келет.
- Азыркы убакта кайсыл ырчылар менен доссуз жана кимдин талантын баалайсыз?
- Чыңгыз Мырзаев-менин эң жакын досум. Экөөбүз аябай сырдаш достордонбуз. Мунун талантын баалайм деп, эч кимди баса белгилеп айта албайм.Анткени, акчасы барлардын баардыгы эле ырчы болуп калбадыбы. Алардын арасында таланттуусу аз деп ойлойм. Бизде бирок билинбеген таланттуу ырчылар көп. Бирок акчасы жок болуп элге таанылбай, таланты сыр бойдон калгандар.
- Таластыктарды мактанчаак деп коюшат. Сиз мактанасызбы?
- Мен Таластыкмын десем эч ким ишенбейт. Анткени, мектепти жаңы бүткөндө Астанада иштеп, өзбек балдар менен жүрүп, андан кийин Жалал- Абадда 2 жарым жыл жашап калдым. Ошондуктан болсо керек, жаңы таанышкан адам мени Оштук деп ойлойт. Бирок мен Кыргызстандын Талас деген жеринен болом.Бирок көп мактанбайм.
- Кандай кыздарды баалайсыз жана кандай кыздарды көргөндө жиниңиз келет?
- Мага бардык кыздар жагат. Бирок улутуна дагы көп көңүл бурам. Анткени, аябай патриотмун. Өзүбүздүн эле кыргыздын кыздарын өзгөчө баалайм жана жактырам. Келечектеги жубайымдын жөнөкөй, эки жакты бирдей сыйлаган, акылдуу болушун кыялданып, тилеп келем.
- Талантыңыз ташкындай берсин.

Келсин Мурадил кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??