п»ї

Гүлназ Бакир кызы:
"БИР СӨЗ ҮЧҮН КЭЭ БИРӨӨ ӨМҮР БОЮ АЗАПКА МАЛЫНАТ"
Белгилүү адамдарга суроо узатсак, "ушул суроону бербей эле коюңузчу"- деген сөздөрдү уккандан кийин, "Өзү менен өзү" деген рубриканы тартуулоону туура көрдүк. Алгачкы коногубуз "Миң кыял фм" радиосунун ай-чырайлуу ди-джейи Гүлназ Бакир кызына диктофонду карматып, бир бөлмөгө камап койдук. Өзү менен өзү кантип сүйлөшөт экен, чогуу байкап көрөлү.


Мен өзүмдү ким деп билем?
Мен азырынча өзүмдү толук кандуу жашоодон таптым деп ойлобойм. Анткени, жашоо деген ушунча татаал нерсе. Күндөн-күнгө, уламдан-улам, ар бир секунд сайын өргө жылып кете берет. Демек өйдөлөйт, анын чеги жок. Кимдир-бирөө "бүт баарын жашоодон көрдүм" деп, балким, ойлошу мүмкүн. Жок, андай эмес. Менин оюмча, жашоо бул- түркүн-түркүн нерселерден турат. Улам бир башка багытта өзүн көрсөтө берет. Бул биздин азыркы жашап жаткан дүйнө. Көз менен көргөн дүйнөдөн башка, дагы бир көзгө көрүнбөгөн чөйрө бар. Ошол чөйрө кээ бир учурда бизге таасир этет. Атмосфера, аура дейбиз, ошол сөздөр жөндөн-жөн келип чыккан жок. Бизди курчап турган аба деп коёлу, баары адамга таасирин тийгизет. Эртең менен үйдөн жумушка чыккан кезде аба-ырайы жакшы эмес болсо, маанайың бир аз башкача болушу мүмкүн, ошол сыяктуу. Ошондуктан, мен өзүмдү азыр улам жаңы нерселерге умтулган, жашоодон өзүн тапканга аракет жасаган, көп адамдарга жардам бергиси келген, өмүрдүн текке кетишин каалабаган, изденүү үстүндө жүргөн, бир жөнөкөй эле кыргыздын кызы катары сезем.

Учурдагы жан дүйнөмдүн абалы кандай?
Учурда мен мурункуга караганда бир аз көбүрөөк ойлонуп калдым. Убакытты туура пайдаланганга көндүм. Ошон үчүн жан дүйнөм көп учурда тыбырчылап турат. Бир эмес, эки курска барам, жакында үчүнчүсү башталат. Курстар, жумуштагы жоопкерчилик, жеке адамзаттык тиричиликтин ойлору болот. Ар кандай маселелер... Кээ бир учурда ойлоп кетем, 24 саат жетишсиз деп, бирок табигат бизге 24 саатты түзүп берген болсо, демек, биз ошол убакыттын ичинде баарына үлгүрүшүбүз керек. Ошондуктан, менин жан дүйнөм бир кылка эмес. Анын ичинде абдан көп ойлор бар. Кайсы бир учурда, балким бирдей жашоо болор менин өмүрүмдө, бирок мен жашоомдун бир кылка болушун каалабайм. Анткени, күндөрүң канчалык бири-бирине окшош болбосо, демек сен кызыктуу жашап жатасың. Аракеттенген адам- демек, жашайт.

Жыл мезгилдери мага кандай таасир этет?
Дүйнөдө жыл бою жай болгон өлкөлөр бар эмеспи. Мен дүйнө кыдырып, саякаттагым келет. Бирок, мен андай өлкөлөрдө бир аз эле болгум келет. Себеби, андай жакта көпкө жашай албайм. Анткени, Кыргызстан- бейиштин төрү. Бизде төрт мезгил бар. Баары орду менен. Төрт мезгил үчтөн айга бөлүнгөн. Анын ичинде төрт жума бар. Бүт баары биз ойлогондой. Бирок мен бөтөнчө жазды аябай жакшы көрөм. Анткени, жазда күн көп ысык болбойт. Философиялык жактан алып караганда, жазында жер көбөт, кышы бою тынчып жаткан жер мурункусуна караганда бир нече сантиметрге көтөрүлөт. Демек, жер дем алып жатат. Бул учурда бак-дарактар бүчүр байлайт. Бул деген жаңылануу. Жаңы жалбырак чыгат, былтыркы жалбырак жок, жерге жаңы чөптөр чыгат. Мына ушунун баары адамзаттын айланасында болуп жатпайбы, демек, ошол жазды көргөн биз кандай бактылуубуз. Андан кийинки жай табигаттын эс алган мезгили болсо керек деп ойлойм. Кимдин бирөө айтат го: "Мага төрт мезгил бирдей эле",- деп. А мен болсо жаздай эч бир мезгилди көрө албайм. Ошондуктан, азыр мен чыдамсыздык менен жазды күтүүдөмүн.

Мен кандай учурда өзүмдү бактылуу сезем?
Ишемби күндү абдан жакшы көрөм. Анткени, мурунтан ушинтип калыптанып калгам. Ноокатта жүргөндө, мектепте окуган учурда, ишембиде окучубуз. Эртең жекшемби деген кубаныч менен жашачумун. Азыркы күндө деле менин бактыма ишемби күн эс алуу болуп калат. Тынымсыз ар кайсы иштер менен алаксып жүрсөм да, ишембиде убакыт таап, үйдө кир жууп же болбосо үйдү тазалап, өзүмчө ырахат алам. Анткени, үйдө эч ким жокто үйдү жыйнап, тамак жасаган мен үчүн бактылуулук. Ал эми кээ бир учурда, маселелер жаралып калганда, баары бир деле жумушка барышың керек болот. Ошондо студияга кирип, микрофонду ачканда, мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем. Себеби, сөз менен жеткирип бере алгыс сезимдер болот, түз эфирдин ырахатын ар бир ди-джей сезет чыгар, бирок мен башкача туям.

Менин чыныгы жүзүм кандай?
Оо-ой, мен өзүмө бул суроону берип алып... Менин чыныгы жүзүм бир чети ушундай эле. Кээде мен абдан кырс мүнөзмүн. Кайсы бир нерсе мага жакпаса, мейли үйдө болсун, мейли жумушта болсун, дароо бетке айтам. Тазалыкты аябай жакшы көрөм. Каякта болбосун урушуп эле басып жүрөм: "Эмнеге бул кагаз жерде жатат, эмнеге мындай кылбайсыңар",-деп. Ызылдакмын десем болот. А кээ бир учурда ушунчалык тынч болгонду каалап калам. Азыр мен чыныгы жүзүмдү толук кандуу калыптай элекмин. Эгер кайсы бир жашка келгенде мен артты карай турган болсом, кимдир-бирөөнүн көңүлүн оорутууну эстеп эмес, көп адамдын көңүлүн алып жана таза, абийирдүү жол менен тапкан мейли атактуулук болсун, мейли акча болсун, ошонун баарына мен ырахаттанып карагым келет. Канчалык кырс мүнөз болсом да, кичине чыртылдап кетсем да, мүнөзүм жагынан бала кыялмын, а бирок бала кыял болгон мага азыр жарашпай калды. Токтолуш керек болду. Ошентсе дагы жүрөгүмдөгү балалыкты эч убакта өчүргүм келбейт. Эгерде боорукерлик, балалык баёо сезимдер бизден жок болгон күнү адам баласы мыкаачылык же болбосо жүзү каралыкка малынып калат.

Мени таң калтырган эмне?
Мени таң калтырган-адам. Дүйнөдө адамдай күчтүү, бир эле учурда адамдай алсыз эч нерсе жок. Адам баарын кылат. Мейли азыр дүйнөдө кандай өзгөрүүлөр же кыйынчылыктар болуп жаткан болсо, ошонун баары адамдын колунан келген. Экологиялык жактан бузулуп жатабыз, ошонун баарына өзүбүз күнөөлүүбүз. Адам баласы техниканы жаратты. Бирок ошол техниканын айынан бир күндө канча адамдын өмүрү кыйылып жатат. Бул демек, биздин ошол бир учурда эле жетишкендигибиздин туура эмес жагы. Бул дагы бүтүндөй ааламдын өзүнө тиешелүү чындыгы да. Алсыздыгыбыз болсо, кээде ушундай жөнөкөй турмуштук абалдан чыга албай кыйналабыз. Демек, биз алсызбыз. Адамдын колунан баары келет. Эгерде биз өзүбүздөгү мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, улуу максаттарыбыздын өтөөсүнө чыгып, аны жакшы жакта жыйынтыктай алсак, ошол биздин эң чоң жетишкендигибиз болот деп ойлойм. Адам баласына таң калып келатам, таң калуудан тажабайм. Анткени, дүйнө өнүгүп жатат, ааламда ар кандай көрүнүштөр болуп жатат. Эми эң негизги оюм, биз адам баласы жерди коркунучтуу нерселерден сактап калышыбыз керек. Ал -биздин эртеңки муунга болгон чоң белегибиз.

Эмне жөнүндө кыялданам?
Кыял деген сөздү мурда көп баалоочу эмесмин. Кыял деген сөздүн ичинде эмне жатарын "Миң кыял фм" радиосунда иштегенден бери билип калдым. Адамдын кыялы ушунчалык күлүк. Кыялыбызда дүйнөнү бир көз ирмемде алты айланып, бир нече жумушту тез эле аткарып жиберишибиз мүмкүн. А бирок кыялдын реалдуусу болот. Биздин эң бийик кыялыбыз менен чыныгы реалдуу жашоодогу алтын ортолукту биз кармай алсак, ошондо биз аны максатка айлантабыз дагы, ошону иш жүзүнө ашырабыз. Менин азыркы күндөгү кыялым, мүмкүн болушунча көбүрөөк тил үйрөнүү, анан чет өлкөдөн билим алып келүү жөнүндө кыялдануудамын. Кыргыз жаштарынан чет өлкөдө билим алгандары аз эмес. Ошол эле учурда өзүбүздүн казаныбызда кайнаган жаштар толтура. Өзүбүздүн эле казаныбызда кайнай бербей, чет өлкөдөн билим алып, ошону салыштырмалуу эле Кыргызстанда колдонсок, биз эл менен элбиз да. Ошондо бизде өнүгүү болот деп ишенем. Азыр кайрадан жаралуу доору пайда болуп жатат. Менин түшүнүгүмдө ушундай.

Сөз мен үчүн?
Сөз- мен үчүн жан дүйнөмдүн куралы. Бир сөз үчүн адамдын жаны кыйылат, бир сөз үчүн адамдын жашоосу жакшы жакка бурулат. Бир сөз үчүн кээ бирөө өмүр бою азапка малынат. Сөз- ок. Атылган окту кайрадан кайрый албайсың, ошол сыяктуу айтылган сөздү биз кайтара албайбыз. Ошонусу менен сөз касиеттүү. Бизде тантык деген сөз бар го. Биз сөздүн баркын билип, аны түшүнүп, туура пайдалана билүүбүз абзел. Эч убакта "тантык" деген сөзгө ээ болбошубуз керек. Сөздү баалаган адам үчүн "тантык" деген ат эң уят нерсе. Сөздү так, туура колдоно билген адамды сөз өзү да алкайт. Ошол сөзү менен ал элге алымдуу болуп, сөзү менен кимдир-бирөө үчүн түз жолго барууга багыт көрсөтө алышы толук ыктымал.

Энелер жөнүндө...
Ар ким өзүнүн апасын жакшы көрөт. Мен апамды эч бир сөз менен теңеп, мактап бере албайм. Себеби, канчалык мактоо айтсам дагы ал жетишсиз. Анткени, ал адам бүтүндөй жашоосун мага арнап келе жатат. Мен үй-бүлөдө жалгыз кызмын. Энени мактоо үчүн, энеге тиешелүү, жетик сөз айтуу үчүн мен эне болуп көрүшүм керек. Мен азыр дүйнөдөгү эң кымбат сөздөрдүн берметтерин терип айта берем каалоо иретинде. Эң маңыздуу мактоону, рахматты эне болгондон кийин айта алам. Мейли он баласы болсун, мейли бир баласы болсун, кандай болгон күндө дагы ал- эне. Андай адам дүйнөдөгү эң бактылуу адам. Эненин көңүлү жаздай, аппак кардай. Эч ким аны эч убакта кирдетүүгө, басынтууга укугу жок. Эне деген атка татыктуу инсандар дайыма рахматка, сый-урматка татыктуу. Алтын апакелерибизди келе жаткан 8-март майрамдары менен, жаз менен, жаңылануу менен куттуктагым келет.




  Айко:

"Кыргыздын салтын бийик тутам"
"Асан-Үсөн"- жаңы рубрикалардын бири. Мейманыбыз берилген суроонун бирин тандап, эмне үчүн тандаганынын себебин айтып бермекчи. Жаш ырчы кыз Айко бул тапшырманы эң жакшы аткарды десек жаңылышпайбыз.

- Айылбы, шаарбы?
- Шаар. Анткени, мен шаарда төрөлүп-өстүм. Бул жерге абдан көнүп калгам. Көп кабаттуу үйдө жашагандыктан, жер тамда жашоо дагы мен үчүн ыңгайсыздыкты жаратат.
- Кокусунан айылга ала качып кетсе эмне кыласың?
- Негизи, мен кыргыздын салтын бийик тутам. Бирок ала качууну эмес. Бул жерде кыйноо болуп калат. Өмүр бою бактысыз жашагандын кимге пайдасы бар? Ала качуу аркылуу жашап кеткендердин саны аз эле.
- Сулуу жигитпи, акылдуу жигитпи?
- Албетте, акылдуу жигит. Жагымдуу келбет болсо, сөзсүз түрдө жакшы. Бирок акылы жок, сулуу болгондун кереги эмне? Сулуулук көбүнчө айымдарга жарашат. Мырзалар өздөрүн таза, тыкан алып жүрсө, ошондо сулуу болот. Сулуулук эң негизгиси, жүрөктө болуш керек.
- Алтынбы, күмүшпү?
- Экөө тең жагат. Бирок азыр жашмын, ошондуктан, күмүштү көбүрөөк жактырам. Балким, жашым өйдөлөгөн сайын оюм өзгөрүп, алтынга жакын болуп калаттырмын.
- Телеби, радиобу
- Теле. Анткени, радиого караганда теледе жаңылыктарды толук, түшүнүктүү берет. Радиону анда-санда гана угуп койбосом, дээрлик убактымдын көбүн теле көрүп өткөрөм.
- Жазбы, күзбү?
- Жаз. Көпчүлүгү айтып коюшат го:"Жаз келди, жашоону жаңы барактан баштоого эң ыңгайлуу учур",-деп. Башкаларды билбейм, бирок мен жазды өзгөчө сезимдер, толкундануу менен тосуп алам.
- Күчүкпү, бөжөкпү?
- Бардык эле жаныбарлардын балдарын жакшы көрөм. Бирок "ит- адамдын досу"- деп коёт го, ошондуктан, күчүктү баса белгилегим келет.
- Акпы, карабы?
- Ак. Бардык жактан алып караганда ак- бул тазалыктын, аруулуктун символу. Анын үстүнө мен кара тору болгондуктан, ак кийимдерди кийсем жакшы жарашат.
- Таңбы, кечпи?
- Мен уйкучумун. Ошондуктан, таң атып келатканын көп учурда көрбөй калам. Кечинде болсо сонун аба-ырайы болуп калат го, ошондо курбуларым менен сейилдегенди жактырам.
- Шымбы, юбкабы?
- Шым. Анткени, шымга өтө көнүп калгам. Көйнөк кийишим мүмкүн, бирок юбка такыр кийбейм.
- Намазбы, орозобу?
- Экөө тең беш парздын ичинде бар. Бирок намазды тандайм. Анткени, орозону бир жылда бир кармасаң, намазды күн сайын окуйсуң. Окуган сайын Алла Тааланы эстейсиң, ал баарынан бийик, улуу экенин дайым билип турасың.
- Апабы, атабы?
- Апа. Апа тогуз ай бою баланы курсагында көтөрүп, толготуп, жаны кыйналып төрөйт. Анан аны чоңойтот. Тарбияны көбүнчө эне берет. Кыз бала апасына жакын болот эмеспи. Балким, мен жигит болсо ата деп айтмакмын. Бирок мен атамды да абдан жакшы көрөм.
- Комузбу, гитарабы?
- Комуз. Кыргыздын кыргыз экенин көрсөтүп турган- бул биздин үч кылдуу комузубуз. Муну мен башка аспаптар менен теңей албайм.
- Бүбүсара Бейшеналиевабы, Таттыбүбү Турсунбаевабы?
- Эки айым тең өтө таланттуу. Кыргыздан чыккан Ак Мөөрлөр. Ар биринин өз орду, өз күйөрмандары бар. Бирок мага Таттыбүбү Турсунбаева өтө жагат. Андай сулуулар бир кылымда бир жаралса керек.


Айзирек Келдибаева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??