п»ї

Тата Уландан жаңы клип
Кыргыздын этно-акыны Тата Улан башка ырчылардан айырмаланып, "Сүйүү -күйүү" темасында эмес, кыргыздын көйгөйүн чагылдырган бир нече ырларды жаратып келгени жалпыбызга белгилүү. Алардын арасында, "Карындашым", "Баары бир", "Алча" ж.б ырлары бар экенин билебиз. Эми ошол "Карындашым" аттуу ырына жараштырып, жаңы клип тарттырып коюптур. Кыргыздын кыздарына күйүп-бышкан жигиттин жаңы клибине эми массалык -маалымат каражаттарынан күбө боло аласыңар.


"Ала-Тоо" периси май айында өткөрүлөт
КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева март айында "Ала -Тоо периси" аттуу конкурс уюштурмак. Январь айында болгон жеке концертине катуу даярданып жүрүп, аябай чарчагандыктан, бул долбоорду май айына жылдырган. Эми май айында болчу "Ала -Тоо" периси аттуу конкурста биринчи орунга 100 миң сом, экинчи орунга 50 миң сом, үчүнчү орунга 1000 сом байге коюлган экен. Андыктан, сулуулар, бул конкурска катышууга чамданыңыздар.


Лутфилла эми "диний" ырларды ырдайт
Жаш ырчы Лутфилла атасынын өтүнүчү менен эми жалаң диний ырларды ырдап чыкмакчы. "Быйыл атам ажыга барып келгенине байланыштуу, мени Алланы мактаган диний ырларды гана ырдап чык деген сунушун киргизди, мен элдин баласы болгондуктан, "дин" темасына арналган ырларды ырдап чыгууну туура көрүп, атамдын сунушун четке кага алган жокмун", -деген ырчы Өктөмбай уулу Дүйшөнбек ажыга кайрылып, "Адам бол" деген ыр жаздырганга жетишкен. Буюрса, бул ырды жакында элге тартуулайм деп турган чагы.


Сема бизнес менен алектенип…
Бир аз эс алуудан кийин Сема мырза кайрадан чыгармачылыгына билек түрө киришүүдө. Бир нече ырларды жаздырып бүттүм, алдыда дагы чоң-чоң пландарым бар, аларды ишке ашырууга аракет кылам. Буга чейин жеке бизнес менен алектенип жүрүп, чыгармачылыктан кичине артта калдым, - деген ырчы учурда "Бири куудул, бири ырчы" ж.б дагы бир нече проектилерге катышып жатканын билдирди.


Эрлан жубайы менен танго бийлейт
Ырчы Эрлан Андашев "Мистер-шоу-бизнес" долбоорунун финалына чыкканы жалпыбызга белгилүү. Конкурска катышкан 9 мырзадан айырмаланып, Эрлан мырза бий конкурсуна жубайы Перизат менен танго бийлеп чыгары белгилүү болду. Учурда, тынымсыз бийге даярданып жаткан жуптардын үй-бүлөсүндө жакында эле жакшы жаңылык болду. Ырчынын жубайы Перизат, комузда кол ойноткондугу үчүн Президенттик стипендияга арзыган. Чыгармачылыкты жана үй- бүлөнү бирдей алып кетүүгө аракет кылган бул үй-бүлөгө ийгиликтерди гана каалайлы.


Нурзат ким менен дуэт ырдайт?
Ырчы айым Нурзат Садыкова Жыргал Шакиров уюштурган "Мен сени сүйөм, аялзат!" -аттуу айымдардын эл аралык күнүнө арналган концертке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул концертке өлкөнүн ар кайсы министрлери, бизнес тармагындагы инсандар менен биргеликте журналист, ырчы, актриса айымдарыбыз чогуу вальс бийлеп чыгышмакчы. Ырчы айым кайсыл мырза менен ырдап чыгарын азырынча сыр бойдон калтырды. Буюрса, 8-мартта концерттен көрө аласыңар деп билдирди. Андан тышкары, сөзү Кыялбек Урмамбетовго, обону Нурдин Төрөбековго таандык "Кыргызстаным" аттуу атуулдук ырын жазып бүткөнүн билдирди.


"Гагарин" тобу Кыргызстанда
Мырзалардын майрамына карата Орусиянын "Гагарин" аттуу патриот тобу Кыргызстандын жаштарына 24 -февралда борбордогу көңүл ачуучу "Good Zone" клубунда концерт тартуулашмакчы. Концертке кыргыз ырчыларынан тышкары, Казакстандын таланттуу ырчылары конокко келип коштоп турушмакчы. "Гагарин" тобунун концерттик программасында эски жана жаңы композициялар аткарылып жана ар түрдүү тамашалар менен коштолмокчу.


Келсин Мурадил кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??