п»ї

  кыргыз амазонкасы

Жүзүңдү ач,
Гүлчөтай
"Басканы сонун маралдай, биздин Ала-Тоонун кыздары ай" - деп биздин өткөн кылымдагы мырза жигиттерибиз ырдап келишкендей, кыргыз кыздарга кимдер гана суктанбаган. Бирок ошол нукура кыргыз кызынын чырайлуу жүзү, баскан -турганы кылым тогошкондон баштап өзгөрүүгө учурап, батыш тарапты көздөй ооп бараткандай.


Аида Кулуева
Букага түспөлдөш айым
"Сырдуу жигит", "Жаз" аттуу жагымдуу ырларды элге тартуулап жүргөн ырчы кызыбыз Аида Кулуева. Негедир чыгармачыл чөйрөдө тыныгууга басым жасагандай. "Алыбай алына жараша " дейт кыргызда. Аргасыздан сөөк-саактуу кызыбыз өзүнө жарашыктуу кийинбейби дегиң келет экен. Үлбүрөгөн кездеме назик жандууларга жарашат бейм, букага түспөлдөш айым отургандай сезилип калыптыр. Жоон санын анчейин билинбесин дегениби, же ыйманы ойгонуп кеттиби, айтор,жука кездеме менен жаап-жашырганын карачы. Аида айым өзүн болушунча сексуалдуу көрсөткүсү келгенин мындан билсек болот, оозуна таттуу нерсе тиштеп алганы анчейин окшошпой калыптыр.


Айжан Газиева
Үрөй учурткан жорук
Айжан айымдын "дырдай жылаңач" бул сүрөтүнө таң калуунун деле кажети жок. Айжан дайыма элдин көңүл борборунда болуусун жашырбай келет. Эстрада мындай турсун, джаз стилинде ырдаган кыздардан жападан-жалгызы болгон соң, эмнелерди гана күтпөй койбойсуң. Бодиартты болду-болбоду атактуу сүрөтчү Шыгаевдин стилине жакын деп билдик. Мындай ыкма өтө чеберчилик менен тартылганы байкалып турат. Бул да искусствонун бир түрү болгону менен, биздин менталитетке туура келбеген үрөй учурткан жорук болуп жүрбөсүн. Чыныгы искусствону түшүнгөндөр го сүрөтүн карап эле тургусу келет. "90-60-90" деген лакап атка конгон Кундуз көрүп алып, суктанганынан ыйлап жибербесе болду. Балким, Голливуд режиссёру Квентин Тарантинонун "Түндөн таңга карай" киносуна катуу таасирленип, жыланды жанына коюп алгандыр. Ал эми чоктой болгон кызыл алма кармап түшкөнү Обо энеден тараганбыз дегени го деп түшүнүп коёлу.


Кундуз Канатбек кызы
Бирдей окшош тажатма ыкма
"90-60-90 менин фигурам",- деп бой-мүчөсүн жар салган Кундуз айымды ким тааныбасын? Бул сүрөттөргө жакшылап көз жүгүртсөк, жогорудагы ырчы кыздарыбыз бардыгы бир фотосессиядан өтүшкөндөй. Баары бирдей окшош, тажатма ыкма жана бир эле айырмачылыгы, шейшепке түспөлдөш кездемелер ар башка түстө. "Өтө кызыл бат оңот" деген жакшы сөз бар, мындай көрүнүш менен Кундуз гитара сыяктанган мүчөсүнө ишенип күйөрмандардын санын көбөйтөм дегениби, айтор, тескерисинче , жасалмалуулукка үндөшүп калыптыр


Нурзада Жолдошева
Жизель Бундхенге теңелип
Нурзада Жолдошева алгач ди-джейликтен баштап, ырчылыкка да аралашып, азыр эки кесипти тең аркалап үзүрүн көргөн учуру. Көгүлтүр көл жээгинде эс алууну чагылдырган бул сүрөт ийгиликтүү болгон. Нурзаданын сүрөтүнө тигилип карап, биз сүйүп көрчү мультфильмдеги "Дюймовочканы" элестетип кеттим . Бразилиянын кымбат баалуу топ -модели Жизель Бундхенге теңелип сүрөткө түшкөнүдүр, кыязы. Жайкы саратанда бикиничен түшкөнү Нурзаданын ачылыш жасап изденүүсүдүр деп кабыл алып коёлу. Бирок мындай сүрөткө да төп келишкен бой мүчө талап кылынабы бейм. Кантсе да, ырчы айымдын ажайып бой-мүчөсү суктанарлык экени талашсыз, бирок ушундай сүрөткө түшкөн кыргыз кыздарга аргасыздан зарылдыгы барбы ?-дегиң келет.


Роза Шакирова
Махатма Гандинин стилинде
"Үйлөнүү той кандай сонун" деген ырды созолонто ырдаган ырчы кызыбыз азыр түтүн булатып, бала жытына мас болуп турган учуру. Роза айымдын бул сүрөтүн карап туруп, Индия элинин тарыхта аты калган саясатчысы Махатма Гандинин стилинде отуруп түшкөнүн байкадык. Сүрөт адамды өзүнө тартып турушу зарыл, ал эми бул сүрөт кайра, тескерисинче, көргөн адамды иренжитпей койбойт. Роза нын денеси аруу аялзатындай жумуру эмес экени байкалып турат. Кең далылуу келбетин билдиртпей сүрөткө түшсө болмок .


"Карганы туурайм деп, каздын буту сыныптыр"
Жогорудагы таанымал кыздарыбыздын көздү алган сүрөттөрүнө экинчи ирет күбө болдуңуздар. Биздин милдет суйкайган сулуу ырчыларыбыздын кемчилигин таап, элге тескери пиар жүргүзүш эмес. Кыргыздын кызы тээ ата-бабалардан бери келе жаткан ыймандуулугун, ийкемдүүлүгүн сактаса. Батыштын жосунсуз жоруктары өздөрүнө эле буйрусун, алардан үлгү албай биздин менталитетке туура келбеген жат көрүнүштөрдөн оолак бололу…


Икая
Сарымсак болуп жаралды
Илгери өткөн заманда "Өсүмдүктөр дүйнөсүндө" роза менен сарымсак кошуна турчу экен. Гүлдөрдүн паашасы болгон розанын ажайып кооз сулуулугуна суктанып, ак таңдай акын, ырайы суук сарымсак ашык болуп калат. Розанын жүрөгүн багындырып алыштын жолун издейт. Ага ушундай учкул сөздүн гүлүн терип, ой-берметтерин кошуп, атайын сүйгөнүнө арнап ыр чыгарат. Роза сарымсактын кооз сөздөрүнө азгырылып сүйүп калат. Көп узабай турмуштун даңгыр жолуна бирге кадам таштайт. Сарымсакты түйшөлткөн ой: "Кызым ырайы суук мага окшобой, чырайлуу апасына окшош болсо экен",-дейт. Экөө кыздуу болушат, бирок кыз апасына окшоп роза гүл болбой, атасын жазбай тарткан сарымсак болуп жаралат. Мына көрдүңүзбү, өзүбүздү канчалык батыштагы актрисаларга, топ моделдерге теңебейли, баары бир кыргыз кызы бойдон калышыбыз кашкайган чындык.


Айтол Кушпакова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??