п»ї
 Таанышуу жарыясы


КТРКнын социалдык экономикалык жана
инновация редакциясынын башкы редактору Ильич Кулназаров:
"Эротикалык жери
болбосо, башкасын аткара беремин"
КТРКнын "Ильич иликтейт" долбоорунун алып баруучусу Ильич Кулназаровдун ар бир кыргыздын эшигин каккылап киришин жакшы билебиз. Күнүмдүк турмушубуздагы элдин көйгөйүн ачыкка чыгарган бирден-бир долбоор эмеспи. Ильич мырзанын дикторлуктан актёрлукка карай жолу көз алдыңыздарда.


- Ильич мырза, өз кесибиңизден бир саамга алыстасаңыз, эгер диктор болбосоңуз, кайсы кесиптин ээси болор элеңиз?
- Актёр болмокмун, себеби, менде жөндөм бар.
- Көбүнчө кандай ролдорду жараткыңыз келет?
- Чынын айтсам, элге "жугумдуу" бир эпизодду гана аткарат болчумун. Эротикалык жери эле болбосо, калганынын баарын ойнойт элем.
- Себеби?
- Эми мен профессионал актёр эмесмин да, бирок элдин эсинде калган актёрлор бар го эпизоддордо, ошондон баштамакмын.
- "Эпизоддун королу" болууну каалайсызбы?
- Эми чындап киришсем, эпизоддон баштамакмын.
- Сиз оперликке кызыккандай сезиле бересиз, детектив жанрына жакынсызбы? Агата Кристинин Эркюль Пуаросун элестетем, сиздин долбооруңузду көргөндө.
- Так өзүн таптыңыз да, детектив жанрындагы тасмалар мага да жагат.
- Кыргыз актёрлордон кимди баалайсыз?
- Азыркы учурда актриса Элина Абай кызынын аткарган ролдору жагат. Кыргыз тасмасынын корифейлери Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов жана сулуулуктун символу болгон, албетте, Таттыбүбү Турсунбаеваны баалайм.
- Кыргыз тасмасында детектив жанрындагы кайсы тасма эсиңизде?
- "Бөрү зындан" тасмасын баса белгилеп айткым келет.
- Убагында "Бөрү зындандагы" кайталангыс актёр Талгат Нигматуллиндин аткарганын жактырбагандар болгон экен, эмнеге деп ойлойсуз?
- СССР жактырбай, бул кино убагында бир нече жолу тартылган.
- Анын трагедиялуу өлүмүнө сектанын байланышы бар деп айтып жүрүшкөнү менен, режиссёр Болот Шамшиев да Саматтын ролуна ким ылайыктуу экенин билгенин карабайсызбы.
- Мен дагы андан башка Саматтын ролуна татыктуу актёрду элестете албайм.
- "Бөрү зындандын" деңгээлиндеги азыркы режиссёрлордун ичинен кимдин тасмасын атай аласыз?
- Акча табуу максатын көздөп, "Боевик" жанрындагы тасмалар тартылып жатканы менен кыргызды уят кылып жатышат.
- Апрель окуясынын жана Ош, Жалал-Абаддагы коогалаңды тасмага түшүрүшөт экен. Сизге роль сунуштаса, кандай образды ачып бермекчисиз?
- Муну Голливуддун тасмалары сыяктуу гана тарых кылып тартыш керек, бул каалайбызбы, же жокпу тарыхыбызда кара так бойдон калды да. "Троя" тасмасынын деңгээлинде тартылса каршылыгым жок. Ал эми мен, айрыкча, башын кесип салган кыргыз милицияны жана өрттөнгөн айдоочусун изилдемекмин.
- Өзүңүздү актёр элестетиңиз. Кайсы режиссёр менен иштешет элеңиз?
-Мага Рысбек Жабировдун тасмалары жагат. Эгер ал роль сунуштаса, агенттин образын жаратмакмын.
- Сиз адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн көрүп коркпойсузбу. Дегеним, моргдо иштегендер күндө адам соё берип өңдөрү бузулуп калат экен.
- Коркпойм, моргго көп кирип жүрөм, бирок моргдо иштегендер психикалык жактан жабыркашары анык.
- Айтылуу "Молчание ягнят" тасмасындагы ганнибал Лектор өңдүү каарманды изилдеген агент Старлингдин ролун кандайча аткармакчысыз?
- Тасма деле жашоонун күзгүсү да. Жашообузда ушундай ыплас нерселер кездешкен үчүн, тасмага түшүрүлүп жаман нерседен оолак болгула деген тарбиялык багытта чагылдырылып жатат деп ойлойм. Жогоруда айтылган тарыхый окуяларыбыз, Голливуддун бул тасмасындагы киши жегич Лектор өтө көйгөйлүү деле эмес болуп калат.




Режиссёр Рысбек Жабиров:
Манастай уулдарыбызды туура
жолго салчу Бакайлар жок
Актёрдун талантын мыкты кылып режиссёр ачат эмеспи. Кыргыз керемети аталган кыргыз киносунун кыраан режиссёрлору: Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Дооронбек Садырбаев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров. Бирок азыр да уучубуз куру эмес. "Кайып булак", "Достор", "Талак" аттуу тасмаларды элине тартуулаган режиссёр Рысбек Жабиров жогорудагы таланттардын катарын кууп баратат. Рысбек мырза кайсы кесипти кыялданганына назар салыңыздар.

- Өз кесибиңизден башка кайсы кесипти тандайт элеңиз?
- Мен режиссёр болбой башка кесипти тандасам, саясатчы болмокмун.
- Азыркы саясатчылардан айырмаланып, кандай маселелерди козгойт элеңиз?
- Менин бардык тармакка эле күчүм жетмек. 1998-жылдары саясатка аралашып баштаганда, кыргыздын белгилүү инсаны: "Рысбек, сен чыгармачыл адамсың, саясатка аралашпай эле кой, ылайланып каласың",- деген.
- Кандай демилгени көтөрүп чыктыңыз?
- Мен биринчи жаштардын көйгөйүн көтөрүп чыкканмын. Ошол маалда саясатчылардан идеал туткан инсаным бар болчу. Көрсө, баарыбыз пенде турбайбызбы, аны кийин түшүндүм.
- Азыр саясатчы болбой калганыңызга өкүнүч жокпу?
- Жок, мен ошондо токтотуп койгонума сүйүнөм. Азыр саясат ар бир адамдын ички дүйнөсүнө кирип алды. Саясат да билинбегени менен "оору"(вирус) турбайбы. Адамзаттын рак оорусу- саясат, алыша берчү оорусу- дин. Саясаттын бир жолу даамын татып алсаң, кумар сыяктуу ага тартыла берет экенсиң. Ар түрдүү дозада ооруйт экен. Кээ бири 100% менен ооруса, ашыгыраак ооругандар опузаланып сүйлөй башташат . Американын жазуучусу Амброс Бирс: "Саясат - коколой баштын кызыкчылыгы үчүн коомдук иш менен шугулдануу",- деп айткан экен. Анын сыңарындай саясат такыр жакпай калды.
- Бир позицияны көздөгөн саясатчылар аз. Сиздин көз карашыңыз?
- Саясатты биротоло жаман дештен алысмын. Себеби, саясатты сүйлөгөн адам таза болсо, ошо саясатты жүргүзгөн адам өзү таза болот. Кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаков айткандай: "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот",- дегендей кеп да.
- Дүйнөлүк саясатчылардан кимдерди баалайсыз?
- Түркиянын биринчи Президенти Мустафа Кемаль Ататүрктү атай алам. Ал түрктөрдүн мекенчилдигин ойготуп, эли- жерине эркиндикти алып берген. Азыр түрктүн тестиер балдары да журт башчысы Ататүрктү идеал тутушат.
- Кайсы бир саясатчыбыз өзүн "улутчулмун" деп айтканга сиздин көз- карашыңыз?
- Кандайдыр бир деңгээлде улутчул да керек, "улутчулмун" дегени да туура деп ойлойм. Биз, Кыргыз мамлекетинде жашагандан кийин кыргыз элинин тагдыры үчүн жоопкерчилигибизди сезебиз, улутчулдукту карманышыбыз керек. Ал эми мыйзамдан ашкан улутчулдук бул кылмышкерликти билдирет. Алыс барбай эле Россиядагы такырбаштар (свинхеддер) деп коёбуз го. Мына ошолор кандай иш алпарганы тууралуу мамлекети деле кабардар. Алардын даректерине чейин билишет, бирок аларды жок кылышпайт. Ошондой нерсе бизге да керек болуп калды.
- Саясат чөйрөсүндөгү атайын бир лидердин басып өткөн жолу тууралуу тасма тартсам деп ойлойсузбу?
- Атагы кылым карыткан жана ургаачыдан чыккан кыраан кыздардын бири - Жанна д Арк француз королу Карл VII менен жолугушкан. Жанна д Арк королдон жек көрүмчү англичандарга каршы согуштун башына өзүн коюусун өтүнгөн. Чыныгы эрдик мына ушундай болот. Француз режиссёру Люк Бессон өтө кылдаттык менен "Жанна д Арк" тасмасын тарткан да. Чыныгы чыгармачыл адам акылы гана эмес жүрөгү менен кошо ойлонот. Чындап эли үчүн күйгөн патриот инсан ар күтүлбөгөн кырдаалда эли-жери үчүн башын сайган саясаттагы лидер болсо, ошол туурасында тасма жаратышым мүмкүн, бирок андай инсанды мен көрө элекмин.
- Бизде андай лидер жок дегенге жатабы?
- Кыргыздын баары жаман эмес. Азыр Манастай айкөл жана акылы тунук жаштарыбыз көп. Бирок, ошол Манастарды туура жолго салган Бакайларыбыз жок. Кандай бийлик болбосун эл түптөйт, бирок, ал бийлик элге далысын салып кетет.
- Бир партияда кыйышпас достор болушу мүмкүнбү?
- Бир партиянын ичиндеги эки саясатчынын ортосунда достук мамиле болушу такыр мүмкүн эмес. Саясаттагы дос, дос болуп жүрүп, бир күн каска айланат, касың кас болуп жүрүп, бир күнү досуңа айланары толук ыктымал.
- Жалаң чындыкты бетке айткан саясатчы болот деп ойлойсузбу?
- Буга бир мисал айтайын. Камоэнс өз девизинде: "Чындыкты гана айтам",- дегени үчүн өмүр бою куугунтук көрүп, түрмөдөн-түрмөгө кесилип, анан калса, итке минген жакыр болуп жашаган экен. Азыр андай саясатчы жокко эсе. Чындыкты гана сүйлөйм дегени менен баары бир "былык иштери" оркоюп көрүнүп калат.
- Кыргызстандын Президенттери тууралуу оюңуз?
- Акыркы Кытай императору Пу-И өзү манжу болгон. Ал бийликтен баш тартып, Кытай Республикасы өнүгүү жолуна түшкөн. Бизде ошондой өз ыктыяры менен ордун бошоткон ажолорубуз болбоду. Журтубузду башкарган кыргыз ажолору туурасында жазуучулар да чыгармаларын жазышат деп ойлойм. Экс-президенттер элди кандай башкарышты, ал жөнүндө тарых бетинде жазылып калар.




  Моделдик жашоодон

Таанымалдардын таланттары
Мода жаатында атагы алыска тараган Коко Шанель, Кристиан Диор, Жоржио Армани - моданын артынан кууган инсандар. Алардын жашоосундагы белгисиз кесиптерине күбө болуңуздар.


Коко ысымы ырынан улам жаралган
Габриэль Шанель 5 жашында томолой жетим калат. Алгач балдар үйүндө, андан соң чиркөөдө тарбияланат. Анын музыкага шыгы болгону менен, атайын музыкалык билими жок болчу. Ай чырай жүзү, жалындаган жаштыгы менен ыр ыргактарында акча табыштын аракетинде жакырчылыктан кутулгусу келген. Тырышчаак кыз ыр дүйнөсүнө биротоло сүңгүп кирип, репертуарындагы "Коко Рико" ыры менен тааныла баштайт. Кийинчерээк, мода саякатына аралашып, "Коко" деген лакап аты менен ааламга атагы чыкты.


Баба дыйкан аталып
Кристиан Диор бактылуу балалыкка бөлөнүп чоңойгон. Боз улан кезинде үй-бүлөсү жашоодон кыйналып, жер иштете баштайт. Кристиан өз колу менен төө буурчак жана нокот отургузат. Мол түшүм алган баба дыйкан болуп жан бакканын көпчүлүк биле бербесе керек. "Тапканың катуу болсо, мээнетиң таттуу болот" дегендей, моданын туу чокусуна жеткен Кристиан Диордон дыйкан чыгат деп ким ойлоптур?


Айылдык доктур болууну самаган Жоржио Армани
Жаш кезде айылдык доктур болууну көздөгөн Жоржио Милан университетинин 2 курс терапевдик адистигин аяктаган. Окуусун толук бүтүрбөй, армияга чакырылат. Ошол бойдон ал максаты ишке ашпай, ири универмагда манекендерди топтоп, кароолчу болуп, соодага да аралашып иштеп калат. Бош убактысында кийим бычып, ошол ишке биротоло берилип кетет. Белгилүү жылдыздардын дээрлик көпчүлүгү Жоржио Арманинин коллекциясындагы көздү алган буюмдарды колдонушат.

Динара Асылбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??