п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ден соолук

Сураптырсыз, жооп беребиз
Окурмандардан келген ар тараптуу суроолорго, биз адистерден жооп алып берүүгө аракет кылдык. Эгерде сиздердин дагы кайсыл бир тармактын адистерине болгон суроолоруңуздар болсо, же алардын кеп-кеңешине муктаж болсоңуз, редакциянын 0312449821 номерине байланышып, сурооңузду берсеңиз болот. Биз сиздерге мыкты адистерден жооп алып берүүгө аракет кылабыз.

Окулист Гүлзина Эркинбаева жооп берет. "Көздү өз убагында эс алдырыш керек"
Көзүмдүн ичинде эт өсөт, дайыма башым ооруп турат. Бул эмнеден болушу мүмкүн, кантип дарылоо керек? Малика, 26 жашта. Сокулук.
- Көзгө эт үч бурчтук болуп өсөт. Көчөдө чаңдарда жүрсө, тамеки чексе, анткени никотин көзгө таасирин тийгизет. Баары чогулуп, топтолот да, көздүн ичинде эт өсө баштайт. Аны дарылоонун үч стадиясы бар. Биринчи жана экинчи стадиясында операция кылынбайт, анткени, кайра күчөп өсүп кетиши мүмкүн. Ал эми үчүнчү стадиясында операция жолу менен алып салабыз. Операция болгондон кийин да, көздү чаңдан сакташ керек, өз убагында уктап, китепти, телевизорду көп тиктебей, өз убагында эс алдырыш керек.
Астигматизм деген кандай оору, аны дарылоого болобу? Элмира, 33 жашта.
- Астигматизм бул көздүн көрүүсүнүн начарлашы. Алысты начар көрүүсү "миопиа" деп аталса, жакынды начар көрүүсү "гиперметрапия" болот. Ал эми астигматизм жалпы көздүн көрүүсүнүн начарлашы. Мындай оору менен жабыр тартканда биз көпчүлүк учурда, текшерип анан көз айнек жазып беребиз.
Көзүмөн жаш чыкса эле, шишип калат? Көп ыйласам көзүм шишигенинен көрүнбөй калат, эмне себептен ушундай болууда? Наргиза, 27 жашта.
- Көздүн каналдарына жана көздүн чел кабыктарына суук тийгенде жашылданып баштайт. Ал күчөгөн сайын, жаш токтобой калат. Мындай учурда биз көздүн ичин атайын дарылар менен жууп турабыз. Көздүн ичиндеги тамырга дары куюп, толугу менен жууйбуз. Көзгө суук тийгенде кайдыгер карабастан дарыгердин көзөмөлүнөн өтүш керек.
Менин жолдошум сваркада иштеп жатып, бир нуру көзүнө тийип кеткен, ошондон улам бир кареги экинчисинен чоң болуп калган, дарыгерлерге алып барсак, торчосу күйүп кеткен деген диагноз коюшту, эми аны дарылоого болобу? Жийде, 32 жашта.
- Сварканын көзгө тийгизген таасири абдан чоң. Сварка кылып жатканда, чоң, кара, сактоочу көз айнектерди тагынышат. Бирок, ошондо дагы көз талып, ачышат. Аны дарыласа болот. Бирок, бул адамдын көзүнүн сыртындагы тунук торчосу эмес, ичиндеги клеткалары күйүп калган. Мындай учурда көрбөй калуу коркунучу бар, эгер жеңил күйсө анда көздү сактап калууга болот.
Күнгө чыкканда чүчкүрүп, көзүмөн жаш куюла баштайт. Ошондуктан, дайыма күндөн сактоочу көз айнек менен жүрөм, кантип дарылоого болот? Жибек, 23 жашта.
- Эгер эшикке чыкканда, чүчкүрүп, көздөн жаш агып баштаса, анда ал аллергиялык ооруларга кирет. Анткени, күн тийгенде чөптөрдөн, чаңдардан аллергиясы болушу мүмкүн. Мындай оору аллергиялык коньюнктивит деп аталат.
Мен эртеден кечке компьютердин алдында олтурам, көзгө кандай таасир тийгизет, кандай көз айнек тагынуу керек?
- Компьютер көздү талытат, чарчатат, бара-бара начар көрүүсүнө алып келет. Бир гана көзгө эмес, мээни кургатып, адамдын энергиясын алып, алсыз кылат. Мындай тынчсыздануу менен кайрылгандар көбөйүүдө. Ошондуктан биринчи учурда компьютерден сактоочу көз айнек тагынуу керек. Азырынча медицинада бул ооруга аныктама берише элек. Бирок, "компьтердик коньюнктивит" деген диагноз чыгат. Анткени, компьютерден көздүн чел кабыгы жабыр тартып, көрүү начарлай баштайт.
Линза көзгө таасирин тийгизбейби? Аны ар бир адам салып алууга болобу? Айжан, 21 жашта.
- "Контактуу линзаны" учурда көпчүлүгү тагынат. Анткени, кээ бир адамдар көз айнек кийгилери келишпейт. Кээ бириники чындыгында минус, көзү жакшы көрбөйт. Анын көзгө эч кандай таасири жок, болгону линза салганда атайын маздар менен нымдандырып туруш керек. Бирок, кээ бир адамдардын кирпиктери кайчылаш, же жыш, кыйшык, ача өскөн болсо, өнөкөт коньюнктивит деген оору менен жабыр тартса, линза салынууга болбойт.
Глаукома тууралуу айтып берсениз? Эгер кыздар глаукома болушса, төрөгөндөн кийин да баласына өтүп кетиши мүмкүнбү? Асель, 28 жашта.
- Глаукома деген көздүн кан басымынын көтөрүлүшү. Ал эң кыйын, коркунучтуу оорулардын бири. Тукум куучу оору болуп эсептелинет. Глаукомада көздүн тамыры соолуп баштайт. Көрбөй калышы да мүмкүн. Эгер эне глаукома менен жабыр тартса, анда балага да өтүп кетүү коркунучу бар. Бизге келген адамдардын кан басымын текшерип анан тимолол, фотило, пилокарпин ж.б дарыларды жазып беребиз. Бирок, буларды ичүү алдында сөзсүз түрдө доктурдун көзөмөлүнөн өтүү керек.
Кичинекей балдардын көрүүсү жакшы болушу үчүн кандай тамактарды ичиш керек, же кандай витаминдер пайдалуу? Майрамкүл, 26 жашта.
- Азыр балдар үчүн пайдалуу көп витаминдер чыга баштаган. Мисалы: дуавит, пиковит, алфавит, асевит ж.б. Ал эми үчүн үй шартында буурчакты, буудайды, жер-жемиштерди көп колдонуу керек. Өзгөчө сабиздин курамында каротин көп.
Менин баламдын көзү ириңдеп баратат. Окулистке кайрылсам, конъюнктивит-аллергия деген диагноз коюшту, бул аллергиядан болушу мүмкүнбү же нерв ооруларынанбы? Толук маалымат берип коюңузчу. Асель, 25 жашта.
- Чаң аралашкандыктан ириңдеп кетиши мүмкүн. Анын нерв ооруларына эч кандай таасири жок. Убагында дарылоого өтүңүз.

Гинеколог Бурулкан Самидиновна
жооп берет:
"Айымдар кичине болсо да, өздөрүнө кам көрүшсө"
Мен 2010-жылы январь айында төрөгөм, октябрдан тартып этек кирим келе элек, тест кылсам, карама-каршы болуп чыкты, эмне кылышым керек? Бирок, мурда регивидон ичип, 10 кг семирип кеткем. Асыл, 34 жашта.
- Регивидон этек кирин нормалдуу кылып туруучу дары болуп эсептелинет. Ооба, толушу мүмкүн. Эми төрөттөн кийин кайра регивидонду ичиштин кажети жок.
Уреаплазмоз оорусу боюнча жалпы түшүнүк берип коюңузчу. Негизи эле уреаплазмоз бойго бүтүрүүгө таасирин тийгизеби? Элвира, 25 жашта.
- Уреаплазмоз бул жыныстык катнаш аркылуу, аялдан-эркекке, эркектен-аялга жуга турган инфекциялыкк оорулар болуп эсептелинет. Бул оору менен жабыр тартканда, боюнда бар аялдардын баласы өспөй калышы мүмкүн. Бойго бүтүүдө таасирин тийгизбейт, бирок, кийин бул оору балага өтүп кетиши мүмкүн. Аны сөзсүз түрдө дарылаш керек.
Күйөөмдүн жашы 22де, арык, бою узун, сөөгүн чоңойтуш үчүн кандай дарыларды ичиш керек. Мээрим, 20 жашта.
- Эми жашы жыйырма экиде болсо, анын сөөгү чоңойбойт да, болгону салмак топтош керек.
Мен турмушка чыгайын деп жатам, эмчегимдин учтары жок, кантип чыгарсам болот? Айпери, 22 жашта.
- Эмчектин учтарынын чыкпай калышы анын гормондорунун өзгөрүлүшүнөн болот. Баардыгы гормондор менен байланыштуу. Ошондуктан, анализ тапшырып, гормондорду текшерип, анан дарыларды ичиш керек.
Мен заара кылганда ак суюктук келет. Ал эмнеден болушу мүмкүн? Айзада, 22 жашта.
- Кандайдыр бир оору баштаганда, суук тийгенде ак суюктук келе баштайт. Ошондуктан, кыш мезгилинде, дегеле суукка чыкканда, кыздар, айымдар өздөрүн жылуу кармап, ден соолугуна караш керек.
Мен катуу стресс болгондон улам, айызым жоголуп кетет, анан кайра үч ай кармалып кайра келет, өз калыбына келтириш үчүн кандай дарыларды ичишим керек? Наргиза, 27 жашта.
- Ооба, кыздар, айымдар стресске, нерв оорулары менен жабыр тартканда этек кири жоголуп кетет. Биринчиден, стресс болуудан качыш керек. Ошондуктан, кичине болсо дагы өздөрүнө кам көрүшсө. Дарыларды өз алдынча ичүүдөн баш тартыңыз. Доктурдун көзөмөлүнөн өткөн соң, дарыларды ичүү керек.
Дегеле, төрөттөн кийин этек кирдин кеч болушу, кармалышы эмнеден улам болот? Сайкал, 24 жашта.
- Бул баланы эмизгенден. Бир жарым жашка чейин этек кири келбейт, анын эч кандай зыяны жок.
Азыркы сатылып жаткан гигиеналык пакеттер ден соолукка зыян деп айтышат, анын канчалык чындыгы бар? Айсулуу, 20 жашта.
- Ал ар бир аялдын терисинин сезгенүүсүнөн, кээ бирин дүүлүктүрөт, кычыштырат. Медицинада болсо бул боюнча изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Статистикада да жок. Бирок, синтетикалык болгондон кийин анын таасири болсо керек.
Спираль жөнүндө маалымат берип койсоңуз, анын зыяны жокпу? Спиралдан кийин кыз төрөлөт деген чынбы, деги эле сактануу жөнүндө айтып берсеңиз. Мээрим, 27 жашта.
- Сактануунун бир нече түрлөрү бар, ар кандай дарылар менен, укол, презерватив, спираль ж.б жолдор менен сактанууга болот. Спираль салдырганда беш жылдан көп жүрбөш керек. Ал убактан өтүп кетсе, көп кыйынчылыктарды жаратат. Андыктан, дайыма гинекологдун көзөмөлүнөн өтүп туруусу абзел. Спиралдан кийин кыз төрөлөт деген түшүнүк жок.

Косметолог Айдай Тынчерова
жооп берет:
"Жаз айында бетке өзгөчө кам көрүү керек. "
Менин чачым абдан түшүп баштады, калың болушу үчүн кандай кам көрүш керек. Кандай маскаларды колдонуу керек? Салтанат, 22 жашта.
- Чачтын түбүн, тамырларын чеснок менен сүртүш керек. Абдан сасык болсо да, ушул масканы колдонсо жакшы болот. Чеснок менен сүрткөндөн кийин 20 мүнөт кармап, андан кийин абдан жууп салуу керек. Андан кийин чачтар капкара, анан жыш болуп чыгат.
Мен аябай үшүп, же ысыганда беттерим кызарып кетет, мындай учурда кандай крем колдонушум керек? Айсулуу, 24 жашта.
- Аябай үшүгөндө, же ысыганда тамырлар чыңалып, кызарып кетет. Алардын баары бетке туура кам көрбөгөндөн келип чыгат. Эмне үчүн айыл жергесиндеги кыздардын беттери кызыл болуп калган. Алар беттерин күндөн, сууктан сактаган эмес. Ошондуктан, алардын тамырлары чыгып кызарып калган. Аларга "парга" олтуруу дагы болбойт. Бетиңиздин терисин кандай экенин аныктаган соң, ага ылайык кремдерди колдоно бериңиз
Менин тырмактарым кичине өссө эле сына берет. Эмне кылышым керек? Марипа, 23 жашта.
- Кальцийдин жетишсиздигинен улам, тырмактар сынат. Үй шартында лимонду экиге бөлүп, тырмактарды салып, 20 мүнөттөй кармап туруш керек. Андан тышкары, эртең менен кечинде кальций ичиш керек. Бир ай ичсеңиз жетиштүү болот. Мен кайрылгандарга дайыма Д-3 кальцийин сунуштайм.
Бетти "молочко, тоник" менен күндө сүртө берсе зыяны жокпу? Нурия, 20 жашта.
- Бетти биринчи тазалоочу гель менен жуугандан кийин, тоник менен сүртүү керек. Ал эми молочко макияжды алганда гана колдонулат. Аларды күндө колдонуу зыянсыз.
Жаз айларында бетке кандай кам көрүү керек? Кандай кремдерди колдонуу зарыл? Алиман, 20 жашта.
- Жазында катуу тийген күндөн, чаңдардан, түтүндөрдөн сактануу керек. Аба ырайы өзгөргөндө бетке өзгөчө кам көрбөсө, ар кандай жаралардын, безеткилердин чыгып кетишине түрткү болот. Үй шартында ар кандай маскаларды колдонуш керек жана SPF сактоочусу бар кремдерди колдонуу керек.
Төрөттөн кийин беттеги кара тактарды, сепкилдерди кантип кетирсе болот. Ага чара көрүш керекпи, же өзү эле кетеби? Сурай, 26 жашта.
- Төрөттөн кийин айымдар бизге келип пилинг кылдырышат. Үстүртөн чыккан майда сепкилдер өздөрү кетип калышы мүмкүн, ал эми кара тактарды косметологиянын жардамы менен пилинг аркылуу жок кылабыз.
Менин бетиме жана денеме жаралар чыгып кеткен. Азыр жакшы болуп, бирок, бетимде кичине кара тактар калды, аларды кетирүүгө болобу, же ошол бойдон калабы? Жазгүл, 25 жашта.
- Тактар эмнеден улам чыкканын билүү керек. Эгерде беттерде тактар, же жаралар болсо, биз сөзсүз түрдө бөйрөктөрдү жана боорду анализ кылууга жиберебиз. Эгер баардыгы жакшы болсо, анда бетке пилинг кылып беребиз. Пилингден кийин дагы бетке кам көрүш керек.
Мен бетимди тазалаткам, бирок чекемдеги безеткилер кеткен жок, жыйынтыгын көрө алган жокмун, кайра күчөгөндөй болуп жатат? Зарина, 27 жашта.
- Сиз бетиңизди тазалаткандан кийин, косметологдун айткандарын аткарышыңыз керек, туура кам көрүүнү улантыңыз. Кечкисин "Солициловая кислота" менен сүртүп туруңуз, кичине бөтөлкөнүн ичине жылуу суу куюп, жарым лимондун согун аралаштырып чекеңизге чачып турсаңыз жакшы болот. Безеткилер чыкканда таттуу жегенге да болбойт.


Нургүл Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??