п»ї

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да, улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.

Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)

(Башы өткөн санда)

Кыскасы, чыдоо моменти кайсы деңгээлге жетти? Мисалы, Олжобай менен Кишимжандын сезим ташкынында чыдоо чеги дегениң барчаланып кетиптир. Жыйынтыгы алигиндей болуп жатпайбы... Ал эми өткөн кылым. Силер экөөңөр азыркынын чыгармачыл эсептелген адамысыңар: бирөөңөр сезимталдык ширесине малынып, бирөөңөр салттын чегинде жүрсөңөр да, чымыны бар адамсыңар. Эми ушул экөөң сезим азоосун кантип тизгиндедиңер? Каерден токтодуңар дегеним.
- Өбүшкөн менен кучакташкандан башкага өткөн жокпуз иши кылса...
- Жоо: кантип кучакташтыңар - жөн элеби, же чымырканыппы? Оюн-чындан айтылса да кыйылбай...
- Ушундайбыз да. Ошон үчүн адамбыз да...
- ... Мен деле кызыкмакмын да өзүм: аябай карап атышат да. Мен болсо ошончолук сүрдөп атам, ошолордун тиктегениненчи. Анан Рыспай агай ошентип айтты да: "Чачымды тарап койчу", - деп. Аялынын алдында мени көтөрүлүп калсын деди да. Менин да сүйө турган адамым бар экенин билсин деди да. Анан мен момундай үстөлдө отурсам, Рыспай агай менин алдымда момундай тизелеп отурду да...
- Залда тизелеп отурдуңбу?
- Мен үстөлдө отурбайымбы, ал болсо менин алдымда тизелеп отурбайбы!.. Аер зал эмес да, "Ак өргөөдө" болуп жатпайбы бул окуя...
- Жанагы сыналгыдан көрсөтүп жүргөн жер да?...
- Мен бу жерде Рыспай агайдын чачын тарап атам, Оңолкан эже тетиги шкафчалык жерде...
- Болжолу үч метрдей экен. Рыспай аке алдыңда тизелеп отурса, элдин көзүнчө.. Кинодогудай эле болуптур...
- Ооба. Мен чачын тарап бердим - причёскаладым да.. Анан бүткөндө Рыспай агай: "Мен сага ыраазымын", - деп ордунан туруп тияктагыларга карай кетти.
- Аерден сени өөп.. неметкен жокпу?
- Жок, анткен жок. Анан тиякта да тынч отурбай улам эле мага келет... Тартып бүткөнчө тынч отуруш керек да. Улам бирдемени көтөрүп келет: "Курсагың ачты го, жеп алчы", - деп. Аялына деле алпарып жатты...
- Ошондо камера силер жакты караган жокпу?
- Жок. Бирок ошо жерде бирөө видеого тартып жүрүптүр да. Ошону чакырып: "Сен, биз экөөбүздү жакшылап чоң кылып тартып койчу", - деди да..
- Кийин сен ошол кадрлардын тагдырын биле алдыңбы?
- Жок. Анан ошо шериненин аягында, мен эс алганы чыгып кеттим да, Рыспай агай аржакта алаксып ырдап жаткан кезинде. Ошо жердеги элдин көзүнөн далдаараак турайынчы деп эшикке чыгып кеткем да. Аңгыча Рыспай агай издеп калыптыр, мени чымын-куюн болуп: "Каякка кетти?!" - депчи. Бир кезде бир киши чыгып айтты: "Сени Рыспай байке издеп жатпайбы", - деп. Мен унчуккан жокмун: "Чыгат да", - деп. Мен деле Рыспай агайдын бүтүшүн күтүп жатам да, кире албай уялып. Анан бир убакта Бөкөнбай агайдын аялы чыгып: "Сени деген Рыспай агай издеп жатпайбы, бас кирбейсиңби?!" - дебедиби. Мен дагы эле унчуккан жокмун да: "Чыгат да", - деп. Анан бир кезде Рыспай агай чыкты: "Мине болду сага? Мине эшикте турасың? Кирбейсиңби? Бас кир, - деди да. - Сен мине - кызганып атасыңбы?" - деп коёт меничи.. Тиги аялынан кызганып атат деп ойлоду окшойт: "Жок, мага ыңгайсыз болуп атат, мен кетейинчи", - десем болбой кайра алып кирди. Анан спонсор болуп келген эркектердин бири басып келди да: "Бас, жүрү", - деди... Эртеден бери отура берип чынында ушунчалык ачка болдум да. Бирок мен аябай уялдым, аерден тамак жештенчи. Тиги жигит болбой жатып алпарды да, "тамак же" деп. Камера тартып жаткан жакка бардык да. Анан отурсам Рыспай агай жаныма келип отурду. Экөөбүз отурдук да. Ал: "Тамак ич", - деп атат..
- Оңолкан да бар беле аерде?
- Ал эже тиякта отурат да. Биз баарыбыз ошожакты карап отурганбыз. Ырдоочуларга бияктан стол жасашып, камерага тартып атышпайбы. Анан мени да биякка чакырышып алды да: "Бас, жүр, биз менен отуруп тамак же", - депчи. Рыспай агай айткан болуш керек: "Болдукан ачка болду", - десе керек...

(Уландысы кийинки санда)




Сезимай Алиева
Сен жана мен
(Башы өткөн санда)
Күндө бир маал сырттан акмалап карап кетип жүрүп, Сүйгөндүн айылдан келгенин билери менен Жеңиш кызын салып алып келип калды. Алгач сыр бербей келиндин ал-акыбалын сурамыш этип, келип-кетип, акырындап өзүнө үйүр алдырып алам деп ойлоду. Эркектин андай оюнан эч шек албаган Сүйгөн деле анын келгенине кубана, кайын-журтуна барып келгенин божурап айтып, алып келген эт-ашынан жайнатып тосуп алды. Кийин да Жеңиш кызын алып эки-үч курдай келип, тамак ичип, сүйлөшүп олтуруп кетти. Гүлзар да Аманатты кызык көрүп, оюнчуктарын шылдыратып ойнотуп, "и-ий, болтоскам, күлүп калганын. Ата, Аманчик мени таанып алыптыр, мага күлүп атпайбы? Кара жаным, жүрөгүм, өпкө-боорум…", - деп Сүйгөндүн эркелеткендерин туурап, ичи эзиле жанынан карыш чыккысы жок. "Жакшы эжеке экен, мени ойнотот экен",-деп Аман сени таанып алган турбайбы. Ошон үчүн сени көргөндө колдорун сербеңдетип, сүйүнүп, күлүп атпайбы",-деп Сүйгөн да Гүлзарды коштоп, бал тил кызды кучактай бооруна кысып, өөп калат. Мындай бурулуш Жеңишке да жага бербей калды. Эртең менен келип кызын таштап кетет, кечинде жумушунан кайтканда кайра кайрылып, жат-жатка чейин олтуруп, анан үйүнө жөнөшөт. Дагы бир жолу кеч күүгүмдө келип, чай үстүндө Сүйгөнгө ойлуу карап кеп баштады. Аз-маз кызымтал экенин байкады келин.
- Канча адам болсо, ошончо тагдыр болот экен, Сүйгөн. Ушунча жашап, телегейи тегиз, ой-санаасы жок киши кезиктиргеним жок. Минтип айтканымдын себеби, мен да турмушумда жаңылып жаза басып, азыр аксап жүргөн учурум. Баарын эле туура кылгансып жашап жүргөм, кай жерден ката кетирип алдым билбей калдым. Жашырганда эмне, келинчегим чанып кеткендей болуп калды. Ушунча болуп ажырашканыбыздын жөн-жайын жан кишиге айткан эмесмин. Мына, азыр гана оозумдан чыгып олтурат. Негизи, силерди,аялдарды түшүнүп болбойт деп туура эле айтышат экен. Үстүндө үйү, астында машинасы даяр. Акча өзүнүн колунда, каалаганын сатып алат деген ой менен жашачумун. Эртең менен кетем, кечинде чарчап келем. Чоң акча аралашкан жумуштун опурталы да көп болот экен. Ал болсо: "Гүл алып келбейсиң, баш кошкон күнүбүздү белгилеп, мени куттуктабайсың. Оюңдун баары эле акча-акча. Элдин эркектериндей романтик эмессиң. Эс алганы чогуу барбайсың. Сүйүүм өчтү, бөлөк жашайм",-деди. Деңдароо болуп эле, ою менен болуп көрөйүн, андан ары эмне болорун көрө жатарбыз деп макул болдум. Көлдө жашайм деди, там алып бердим. Ошондо деле көңүлүм калбай, боло жүрчү , көрсөтө калчу кылыктары, бултуңдап, тултуңдаганы жазылганда кайра келет деп ойлогом.
Жанында кызым бар, үзбөй каттайм. Жылдар-жылдарга алмашып атты. Жок, мен ойлогондой болгон жок. "Ажырашып, өз энчимди бөлүп бер",- деп чыкты. Башкалар кандай айта албайм, мен жабышып-жармашып сүйүктүү болгум келген жок. Балким, аныкы деле туурадыр, жетиштүү көңүл боло албагандырмын. Жашоого карата көз карашыбыз эки бөлөк окшойт да. Азыр бизди байланыштырган Гүлү гана. Мына, күздө Гүлү экинчи класска барат. Кызым эч нерседен кем болбосун деп, бүт шартын түзүп бердим. Кызымдан санаам тынч.
А бирок… Менин деле тели-теңтуштарымдыкындай үй-бүлөм болсо, жумуштан кайтканда үйүм балдарымдын күлкүсүнө толуп, ашканада мага деп бирөө тамак даярдап аткан болсо деп кыялданам. Башта да билинчү эмес, иштен чыккандан кийин ойноп-күлүп, ичип келип жатып алып, эртең менен туруп кетип жашап калгам. Азыр болсо жаныңда күндө эле жоро-жолдош боло бербейт экен. Балдары чоңойгон сайын досторумдун да түйшүктөрү көбөйдү, убактылары аз. Кечинде келсем, аңгырап ээн үйүм тосуп алат. Телевизор көрөм, уктайм. Ушундай турмуш…Эми окуусу башталса кызым апасынын жанына кетет, кайра жалгыз калам. Бирок сага рахмат, Гүлзарымды кайсы тууганымдыкына таштайм деп ойлондурбай, карашып бердиң. Эгер туура көрсөң, эртең менин үйүмө алып кетейин. Эртең менин туулган күнүм. Жакшынакай дасторкон даярдап алып, олтуралы. Көп деле киши болбойт, балким, бирин-экин куттуктап келгендер болушу мүмкүн. Кандай дейсиң, каршылык жокпу? Мага кылган белегиң ошол болсун, эртең жанымда болчу?-деп жалооруй, Сүйгөндүн колдорунан кармалап жиберди.
"Мен Дуулатымдын караанына зар болуп жашап атсам, жакшынакай күйөөдөн баш тарткан кандай эссиз аял?! Ушундай да болот экен э?.." - деп ичинен кейип-кепчип, эки колун жаагына таянып, мелтиреп Жеңишти угуп олтурган келин мындайды күтпөгөнбү, чочуп кетти. Бүткөн боюн жылан аралап кеткендей жыйрыла, ордунан тура калды. Сүйгөндүн кабак-кашы бузула түшкөнүн көрүп, Жеңиш да оңтойсуз абалда, эмне кыларын, эмне дээрин билбей эле:
- Кечирип койчу, оюңа жаман албачы?-деп кайпактап калды.
"Ушунча болду, артка кетенчиктебей эле, "жактырып, жакшы көрүп жүрөм. Экөөбүз эки үйдө жалгыз жаздык жазданбай, баш кошуп алалы? Уулуңду өгөйсүнтпөй, жакшы ата катары чоңойтуп берүүгө кудуретим жетет"-деп, көңүлүмдө багып жүргөн ой-тилегимди айтып, жеңилденип алсамбы? Же, баарын бузуп аламбы, азырынча эртерээк кылбайбы?"-деп ойлору самандай сапырылып, тил-ооздон калган немедей эле нес болуп, келинден көзүн тартып ала албай туруп берди.
Жеңиштин оттой күйүп-жанган көздөрүнөн сестенип, карегин ала кача, жардам күткөндөй, уктап жаткан уулун колуна ала койгон Сүйгөндүн үнү дирилдей:
- Гүлзар да уктап калды, барып эс алыңыздар,-дегенге араң жарады. Эмнегедир ызаланып, ыйлагысы келип, араң эле карманып турду.
- Ооба, кетели, ырас эле аябай кеч болуп кетти. Мени кечирип кой, жаман ойлобо?-деген Жеңиш диванда уктап калган кызын жамынчысы менен кошо көтөрүп, калдаңдай сыртка жөнөдү.
"Ух", дегендей жеңилдене түштү Сүйгөн. Баласын жаткыра коюп, акырын эшикке чыкты. Машина ордунан козголбоптур. Лакылдаган жүрөгүнүн демин баса, дарбазаны илди да, үйгө жүгүрүп кирип кетти. Бирок терезе түбүндө тыңшап көпкө турду.

(Уландысы кийинки санда)





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??