п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Компьютер революциясы

Жаңы муундагы товарлар
Учурдун талабына ылайык, заманбап технологиялардын түрлөрү уламдан-улам жаңыланууда. "Apple" компаниясынын жетекчиси Стивен Джобс 2-март күнү Айпад 2(IPad) жаңы үлгүдөгү планшетин чыгарууга жетишти. Анда ошол жаңы технология туурасында маалымат төмөндө.


Компаниянын пайда болуу тарыхы
Стивен Пол Джобс 1955-жылы Калифорнияда төрөлгөн. Стив Джобс аты менен таанымал болгон Америкалык инженер жана ишкер, "Apple" корпорациясынын башкы директору. Ал Pixar студиясынын дагы жетекчиси эле. Дал ошол Стивен Джобс Стивен Возняк менен биргеликте "Apple" компаниясын 1-апрелде 1976-жылы ачкан. Ошол убакта Джобс маркетолог болуп иштечү. Ошол эле компаниядан чыккан компьютерлер 1980-жылдын башында бүткүл дүйнөгө тараган.1984-жылы "Macintosh" аттуу жаңы үлгүдөгү компьютерди ойлоп табышат. Ойлоп табылган жаңы компьютер ишкананын негизги товарына айланып, 20 жыл бою компаниянын акча табуу каражаты болуп калган. Макинтош - АКШда сатылган алманын бир сорту болуп эсептелинет. Ал компьютерди иштеп чыккан Жеф Раскиндин жакшы көрүп жеген алмасы болгондуктан, компьютер ушундай аталып калган. Ошол убактан тартып, бул компания көптөгөн айфон, айпод, айпад, ноутбук аттуу жаңы технологияларды чыгара баштаган. Учурда бул жаңы технологиялык каражаттар абдан популярдуу болуп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло баштаган.
Айпад-2 (iPad )- "Apple" компаниясынын алдында чыккан жаңы үлгүдөгү iPad -2 аппараты 11-марттан тартып сатыкка чыга баштайт. Анын баасы өзүнүн флеш-тутумуна жана 3G и Wi-Fi өзгөчөлүгүнө жараша болот. Бирок, бардык Айпад-2 бир гана "заманбап модель" гана эмес, чындыгында, оригиналдуу сырткы кебетесине ээ, көп функционалдуу аппарат болуп эсептелинет. Жаңы муундагы планшеттик (клавиатурасы жок, сенсордук) компьютер. Узундугу 25, туурасы 19 сантиметр келген айпаддын алдыңкы бетин толугу менен монитор ээлейт. Анын ичине нетбук, смартфон, e-Reader, интернет терминалдарынын баардыгы сакталган. Бир гана айпадды сатып алуу менен көп программалуу аппаратка ээ болсоңуз болот. Apple компаниясы Айпад-2 атындагы жаңы үлгүдөгү планшеттин биринчи ачылышы 2-март күнү болду, аны Стив Джобс өзү көргөздү. Анын баасы 499 доллар. Бүгүнкү күндө кандай гана проект болбосун, баардыгы Айпад аркылуу ишке аша баштаган. Сим-карта салып, уюлдук байланышта да колдоно аласыз. Жада калса, сыналгы катары да көрсө болот. Жеңил, ыңгайлуу айпаддан интернетке кирип саякаттап, уюлдук байланыш менен баарлашып, музыка угуп, сүрөткө, видеого тартса болот.

Айпод (ipod)
Айпод "Apple" компаниясынын алдында иштелип чыккан жаңы үлгүдөгү технологиясы болуп эсептелинет. Алгачкы айпод кирпич көлөмүндө болуп, 2001-жылы 21-октябрда иштелип чыккан. Аны алгач, маалыматтарды сактоочу "катуу диск" катары колдонушчу. Ал дисктин көлөмү 80, 120, 160 гигабайтты түзгөн. Ал видео, музыка ойнотуучу медиа-плеер катары колдонулган. Биринчи айпод, аз функциялуу гана болгон. Ал бир гана Макинтош компьютерине уланчу. Кийинчерээк моделдерине жаңылануу киргизүүгө аракет кылышкан. Ага USB кошулган.

Айподдун түрлөрү:
Биринчи айпод кирпич түрүндө болуп, 2004 -жылга чейин колдонулган. Андан кийин окумуштуу Джобс терең изилдөөгө өткөн. 2005-жылы айпод түстүү экран менен чыга баштаган. Мындай даяр болгон айподду Apple фирмасы видео функциясын кошуп, кинолорду көрүүгө мүмкүнчүлүк жаратышкан. Чоң көлөмдөгү төрт бурчтук түрүндөгү аппаратты чөнтөккө салып жүргөндөн тажагандарга Айпод кичинесин (ipod Mini)ойлоп табышкан. Ал чыккандан кийин башка компаниялар айподдун көчүрмөсүн жасап жатканда, Apple фирмасы айподдун жаңы "Nano" моделин чыгарып коюшкан. 2008-жылы айподдун функцияларынан алуу менен бирге iPod Touch келип чыккан. Ал дагы көп функциялуу болуп эсептелинет.

Бүгүнкү күндө:
Бүгүнкү күндө айподдун төрт модели кеңири тараган. Classic, Nano, Shuffle, Touch Булардын арасынан айподдун "Нано" модели эл ичинде кеңири тараган. Анткени, ал арзан болгону менен көп функцияны өзүнө камтыган, түстүү, ар кандай жарнамаларды, комедияларды көрүүгө болот. Учурда айподдун ар бир түрүн, эл ичинде өз алдынча бөлүп алышыптыр. Мисалы: Nano жеткиликтүү баадагы айпод болуп эсептелинет. Айпод Shuffle акчасы аз адамдарга болсо, Touch чоң суммада болгондуктан, кыйын адамдарга деп белгилөөдө. Ага карабай, Кытайлыктар айподго бат эле чехол жана башка аксессуарларды чыгарышууда. Наушниктерди, ар кандай чехолдордун миңдеген түрүн жасап жатышат. Айподду магнитофонго жана башка аппараттарга улаштырууга болот. Айподдун эң чоң көлөмү 160Гб байт болгон. Айподду алган адам компакт диск, кассеталарды унутуп койсо болот.
Анткени, баардык маалыматтарды, алардын фунциясын дагы айпод аткарат. Айподдун дагы бир өзгөчөлүгү-флешка катары да колдонсо болот. Көптөгөн маалыматтарды ичине камтый алат.

Заманбап технологиялар
"Apple" компаниясы айподдон тышкаркы дагы жаңы үлгүдөгү бир нече технологиялык аппараттарды чыгарышкан. Айподдон тышкаркы, айфон (Iphone) айпад (ipad) аттуу бир нече аппараттар чыга баштаган. Алгачкы Айфон 2007-жылы 29-июнда сатыкка чыккан. Ошол чыккан кезден тарта дүйнө жүзүндө 50 миллион даана сатылган. Биз колдонуп жүргөн уюлдук телефондон айырмаланып, көп функциялары бар. Интернетке туташуу ылдамдыгы жогору, фотоаппараты 5 мегапиксель,флеш-картасынын көлөмү 16 же 32 гигабайт. Бирок флеш-картасы алынып салынбайт. Баасы 600 доллардан 1100 долларга чейин. Азыркы кезде 4-муундагы айфон чыгып жатат.
Мындай жогорку деңгээлдеги айпад аппараттарын Кыргызстанда саналуу гана инсандар колдонууда, мисалы: Президенттин катчысы Султан Каназаров, Ширин Айтматова, Ассоль Молдокматова ж.б адамдар. Айпадды Бишкектин "Red" борборунан сатып алууга болот. Баасы 500-900 доллардан жогору.




  Эскерүү

Чубак Сатаев тирүү болгондо, 50 жашка чыкмак
Кыргыздын белгилүү обончу-аткаруучусу Чубак Сатаевдин көзү тирүү болгондо, быйыл 50 жашка чыкмак. Бүгүн минтип туугандары, достору, классташтары, жердештери, шакирттери биргеликте эскерүү концертин уюштурушууда.

Кушчубек Сатаев, иниси:
- Быйыл Чубак агабыздын көзү тирүү болгондо, 50 жашка чыкмак. Эскерүү иретинде туулган күнүнө арнап, алгач Талас жеринде куран окутканбыз. Эми Талас областынын губернатору, райондук акимдер, айыл өкмөтү, классташтары, туугандарынын колдоосу менен биргеликте борбордогу Цирк имаратында, 10-март күнү залкар обончу-аткаруучу Чубак Сатаевдин туулган күнүнө арнап эскерүү кечесин өткөрүп жатабыз. Концертке ошол муунда чогуу жүргөн адамдар, Күмөндөр Абылов, Абдылда Иманкулов, Жамбыл, Жаныбек Алыкулов, Рахман Раззыковдор - баары келип катышышат. Көбүнчө аккордеон менен ойногондор келишет. Улуу муундан Алтынбек Сапаралиев жана куудулдар да катышышат.
Биздин афиша илбегенибиздин себеби, бул шоу-концерт эмес, болгону залкар адамды эскерүү иретинде, куран окутуп коёлу деген максат. Элүүгө чыккан эскерүү концерти десек болот. Билеттерди элдер өздөрү эле талап кетишти.
Кубат Тойчиев, обончу:
- Биздин муун Чубак Сатаевдин обондору, ырлары менен тарбияланып, чоңойдук. Менин обончу болуп калганыма дагы Чубак Сатаевдин салымы өтө зор десем жаңылышпайм. Биринчи мен Келдибек Ниязов менен биргеликте филармониядан, концерттен Чубак байке менен таанышкан элем. Анда биздин курсташтар жалаң Чубак байкенин ырларын ырдап, аккордеон тартып жүрүп, өзү менен таанышканда абдан сүрдөгөн элем. Ошол күнү эле ырдап берсем, "Азамат, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы, сенин дээриңде бар экен", -деп айткан эле. Эми ошол адамдардан таасирленип калгандыктанбы, айтор, обон жаратуучу болуп калдым. Чубак байке ырларды, обонду чыныгы нукура кыргызча чыгарган адам эле, апасы жамакчы, кошокчу, сөз баккан адам болгондуктан, ал адамдын дагы таасири тийсе керек деп ойлойм.
Каныбек Мамбетов, кан досу:
- Эң биринчи концертибизди Таластан баштадык эле. Анда Чубак досум менен болгону төрт киши элек, мен шылдырак ойнойм, концерттерди алып барам. Ошол Таластан тартып, Токтогулга чейин концерт койчубуз. Анын чыныгы чыгармачылыкка аралашуусуна Токтогул жергеси стимул болду деп ойлойм. Анткени, көп ырлары Токтогулдан жаралган. Анан билет баасын да биринчилерден болуп Чубак көтөрдү. Анда бир сом элүү тыйын болсо, бир сом сексен тыйын кылып көтөргөн эле, анда артисттердин жашоосуна деле караса керек да, абдан ак көңүл киши эле да, көчөдө кетип баратып "бомж" адамды көрсө деле:" Ушуга беш сом берип коёюнчу",- деп боору ооручу. Оюнда кири жок, элден башкача адам эле. Достор менен көңүл ачып, үйгө бир-эки күн келбей калсак деле, бизди жаап-жашырганды билбей, бардыгын, болгонун болгондой айтып берип койчу. Арам ою жок, куудул адам эле.
Айтматов Дамирбек:
Биз жаңы студент болуп окуп жүргөн кезде, Чубак Сатаевдин чыгармачылыгынын башталыш учуру эле. "Арман", "Күндөр" деген ырлары жаштар ичинде популярдуу болгон. Ошол жылдары чыгармачылыгы андан-ары өөрчүп, биринен сала бири жакшы ырлары чыгып, элдин көңүлүнө, оюна туура келе баштады, Чубак Сатаев ырдаган ырларынын саптары ушул күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет. Азыр абдан баа бергим келет, ошол жылдары союз убагы, 87-жыл эле, азыр ушундай заман болот деп ойлогон эмеспиз да, ошондо эле обончу "Кем дүйнөнү" айтып , акыл-насаат ырларында кийинки замандын кандай болорун ырдап чыккан эле. Чубак акебиз залкар акын деп айтсам жаңылышпайм. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын айымдарын жалпы 8-март майрамы менен куттуктайм. Баарына ден соолук, ийгилик, ачык асман, элибизге токчулукту каалап кетет элем.

Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??