Обон почта

ОП-157-01. Колго алып комузумду, кошоюн добушумду, берилип суранамын, бир карап коюшуңду. Самсунг 88
ОП-157-02. Алтындай көргөн, Талас областынын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жашаган чоң апам Алыбаева Шайымбүбүнү келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм! Сиз бар үчүн, биз барбыз. Сиз бар үчүн, биз бактылуубуз. Сиздин мээримиңизге чөмүлүп, жашоонун ырахатын сезип жүрөбүз. Ар дайым биздин кашыбызда бар болуп, ден соолугуңуз чың болсун. Эч качан кейибеңиз жана оорубаңыз, бардыгы жакшы болот. Көп жашап неберелериңиз, чөбөрөлөрүңүздүн ийгиликтерине күбө болуп, аман-эсен болуңуз. Небереңиз Ыскак
ОП-157-03. Баш-Кайыңдынын 94-жылкыларына, айрыкча, 10-б классына салам!
Жанара
ОП-157-04. Сүйүү,сүйүү эмне жомокпу? Жалганы бар, чындыгы жок турмушпу? Акыйкаттын чебердигин биле албаган, өзүнчө бир катылган сандыкпы? Самсунг 88
ОП-157-05. Жүрөгүм нечен муздаган, кабылып ак сүйүүгө. Самсунг 88
ОП-157-06. Турмуш-тутанган куурай, кыял-кармалбаган куш, айтылган сөз-атылган ок. Самсунг 88
ОП-157-07. БЛ-2-09 группасында окуп жаткан группалаштарыма салам! Өзгөчө Чолпонкулова Айпери, Эгембердиева Жыпара, Бекенова Эркеайымга... 0779891ххх
ОП-157-08. Бир убакта биз дос элек, жан кыйышпас ынак элек. Эми калдык алыстап, достуктун гүлү соолугандай. Самсунг 88
ОП-157-09. Сымбаттанган сырты кооз кыздардын, ичтеринде кыргыз болсо мактагын. Билесиңби, сен мактаган бийкечте, Ак Мөөрдөгү адеп жетпей жатканын? Раушан
ОП-157-10. Ушунчалык таш боор белең? Сүйүү деген сезимди эч билбеген. А балким, сенин да мага окшогон сүйүүң бар, эч бир жанга билгизбеген. Ашыгып сүйдүм сени, сүйбөдүң бирок мени. Көңүлүм калбайт сенден, баары бир сүйөм сени. Өзүңсүз күнүм өтпөй, өзгөрдүм соолуган гүлдөй. Күтөмүн кылым бою, өзүңдөн үмүт үзбөй. Айыкпадым сүйүүдөн айлам кетти, армандуу, ачуу сүйүү жанга жетти. Жаным, мени түшүнчү?! Жанка
ОП-157-11. Ай, ушул ырчылар, урушсаңар да, ич ара урушсаңар боло, ашмалтайыңарды чыгарып...
ОП-157-12. Аганын анча-мынча сөзүн уккун, унутпай өмүр бою эске туткун. Акмак берген мүрөктүн суусун ичпей, акылдуунун карматкан уусун жуткун. Самсунг 88
ОП-157-13. Мен сени сүйөм, жаным. Сен үчүн баарына даярмын. Сөз менен айтып жеткизе албайм, канчалык сүйөрүмдү. Мен ойлойм,сен мени түшүнүп жатасың. Анткени, сен дагы мени, мен кандай сүйсөм ошондой сүйөсүң. Биз бактылуубуз. Наргиза
ОП-157-14. Байсариев Нурик, ооруп калса аялыңды таштап, Көлдүк кызга үйлөнүп алгандан корккон жоксуңбу? Эки балаңдын убалы кимге? 0557263ххх
ОП-157-15. Салам, менин досторум, мен силерди аябай жакшы көрөм. Бермет 0779065296
ОП-157-16. Жалган-жашык сүйлөбөй, жараткандан коркуп жүр. Жаныңды алдап кыйнабай, жакшылык ишке жортуп жүр. Билер-билбес беш убак намазыңды үзбөй жүр. Бермет 0779065296
ОП-157-17. Салам "Обон". Кыргыздар, ар дайым алга. Мен силер менен. Мен силерди сүйөм! Бермет 0779065296
ОП-157-18. Байбураев мектебинде окуган классташтарым: Айжан, Алтынай, Бурулсун, Болдукан, Жамал, Наргиза, Нурзат, Мунара, Айбек, Дастан, Бакыт, Самат, Эрбол, Гүлжигит,Тынчтык, Нурлан. Экзаменди "5" деген баага тапшырып, кыргыз элине жараган инсандардан болгула! Классташыңар Нуржан 93
ОП-157-19. Кеша, Жони, Эмилге менден супер салам! Фея
ОП-157-20. "Обонумдун" СМСчилерине геометриялык табышмак. Ким тапса, анда сөзсүң айтып кал. "Ичи кучак, тышы бычак" бул эмне? СМС жазыңыздар, достор, күтөм. Урматым менен Нурия 93 0778932699
ОП-157-21. Жалал-Абадымдын Сузак районунун Жийде айылындагы №7 орто мектебинин 11-а классына чоң салам! Силер-суперсиңер! Анда эмгектенип жатышкан мугалимдерге ийгилик, кудайым өзү силерге күч-кубат берсин. Дайым бар болуңуздар жана жалпы бүтүрүүчүлөрүнө ак жол! Кыргызстаныбызды өркүндөтөлү, жаштар! Нурия 93
ОП-157-22. Салам, ширин "Обонум!" Бардык СМСчилерге супер салам. Нурия 93
ОП-157-23. Алтындан ардактуу, күмүштөн салмактуу, жандай көргөн өзүмдүн группама салам айтам. Өзгөчө Гүлнара, Эльзада, Азиза, Айпери, Эркеайым, Эмиль, Кундуз, Жыпара жана мен, Раушан, келе жаткан 8-март майрамыбыз менен чын жүрөктөн өзүбүздү куттуктайм! Аман бололу, бар бололу,-деп Раушан
ОП-157-24. БЛ-1-09 группасында окуп жаткан, атын атасаң куту сүйүнөт демекчи, Борисова Айжан , Гүлзат, Алтынай, Касиет, Карлыгаш, Гүлбара, Регина, Зарина, Махмуд, Ильяз, Махрибан,Тима, Шарип-баарына ысык салам. Жакшы окугула, билимдүү болгула! БЛ-2-09 Раушан
ОП-157-25. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин Кыргыз-Кытай институтунун жана бакалавр-лингвистика бөлүмүнүн БЛ-1-09,БЛ-2-09 группасында окуп жаткан бардык дос группалаштарыма салам. Алтындарым, келе жаткан 8-март майрамыңар менен! Аман болгула , достор! Раушан
ОП-157-26. Каалаймын узун өмүр, чексиз бакыт, адашсын кайгы, кырсык жерде калып, ден соолук бир өзүңө жолдош болуп, жашагын күлкү менен кучакташып. Толкун, 3-март туулган күнүң менен! Окууларыңа ийгиликтерди каалап,- Миргүл ,Айзирек, Байэл, Сүлүктүдөн.
ОП-157-27. Эң жакшы көргөн сиңдим Аманда 93 жана бир кездеги досум Алтынай 94, ошондой эле Зарина досумду келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм. Бар болгула алтындарым, силерди абдан сагындым. Раушан 88
ОП-157-28. Апаларды, энелерди, эжелерди, сиңдилерди, "Обондогу" СМСчи кыздарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм! Аман болуңуздар. Терең урматым менен Раушан 88
ОП-157-29. Түшүнгөн, дайым мени колдогон, эже деп дайым сыйлап турган, "Обондон" тапкан эң жакшы көргөн сиңдим Аманда 93кө салам. Аман бол, жүзүңдөн жылмаюу эч кетпесин, жамандык артыңан кууп жетпесин, окууларыңа ийгилик. Батыраак Бишкекке кел, сени сагындым,- деп эжең Раушан 88
ОП-157-30. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Биз сени эч унутпайбыз, Жандосум! Эжеси Раушан, Элес, Элдос, Бекдос жана Кыял, Сайкал, Тазагүл
ОП-157-31. Кайрылбайт, арман ай, Жандосум ай. Калдым сенсиз дүйнөдө, жаман экен жакын адамыңды жоготуу. Айла жок сени эскеремин, сенин элесиң түбөлүк биздин жүрөктө. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. 0779891ххх
ОП-157-32. Эх, Жандосум, ыйлатып бизди кете бердиң, бул дүйнөдөн мынча эрте. Эстеймин шаркыратмага барганда, сүрөткө биз түшкөнбүз Ушунча биз сырдаш элек, эми калдым сенсиз, дүйнөм тар болгондой эскеремин. Мен раматылык Жандос инимди унутпайм. Өмүр бою сени, Жандосум. Раушан 88
ОП-157-33. Алдаба кыз жүрөгү назик келет, сүйөм деп айтып коюу оңой келет. А, бирок бир убакта сүйбөйм сени деп таштап кеткен болбойт. Ойлон, жигит, кыздардын жүрөгүндө намыс күчтүү, ойлогун кыз тагдырын, жигит. Келечегине балта чаап албагын, сүйгөн кызыңды эч убакта сен таштаба! Раушан 88
ОП-157-34. Нурлан Насип, менин жакшы көргөн ырчымсыз. Мен ыр жазам "Ардагым" деген. Мен жаш акынмын, көптөн бери ыр жазам. 0772398ххх
ОП-157-35. Менин алтынга тең келгис апам Чынараны жана Новониколаевка мектебинин 8-д классында окуган сиңдим Гулираны 8-март майрамдары менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм! Накуля
ОП-157-36. Алай районунун Гүлчө айылындагы М. Адышев мектебинин окуучуларына салам. Алмарс
ОП-157-37. Мен апам менен эжем Нурайымды 8-март майрамы менен куттуктайм! Дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм! Алтынай
ОП-157-38. Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылындагы чоң энем Пазилатка, Замир акеме салам. Байыш, Марс, Алмарс
ОП-157-39. Салам "Обон". Актам айылына чоң салам айтам жана 95-жылкыларга салам. Мыскал
ОП-157-40. Канча жолу сүйөм дедим тажабай, сен билбедиң мени такыр карабай. Сени көрүп жүрөк ыйлап жатканын, түшүнбөдүң баарын менден сурабай. Сенсиз күндөр өтө берет кызыксыз, асман дагы жок тургансыйт жылдызсыз. Асман менен күн да бир күн биригип, жүрөгүмө жарык нурун чачкансыйт. Бирок күн да коркуп такыр барган жок, өз сүйүүсүн эч такыр айталган жок. Себеби, бул болгон чын махабат. Ал махабат өз сезимин алдаган жок. Айлар өттү, ичке дартты калтырып. Жылдар өттү, күндө ыйлатып сыздатып. Тагдыр деген ушул болот турбайбы, кетип калдың арманга мени калтырып. Чынын айтсам, дагы деле түшүнбөдүм. 0779014ххх
ОП-157-41. Тельман айылындагы эже-сиңди Жайна, Сайра - силер ааламда жок сулуу, ыймандуу кыздарсыңар! Эрлан
ОП-157-42. ОП-152-132 - абоненттин номерин бергилечи? Сураныч, мен да кыйналдым. 0779311ххх
ОП-157-43. Кыргыз тили - илим-билим башаты. Кыргыз тили - улукман элдин булагы. Кыргыз тили - ойчул элдин максаты. Кыргыз тили- акылдуу элдин насааты. Өз тилибизди башка тилге алмаштырбайлы, орусчалап сүйлөп тилин бузбайлы. Раушан 88
ОП-157-44. Орусчалап сүйлөп, кыргыз тилин бузбайлычы. Раушан 88
ОП-157-45. Музыкалык билимим жок, кудай берген талантым бар. Ырларым бар, а бирок сахнага ырдап чыкканга ырчы болушума жардам берер устатым жок. Ырчы болуу - бала кезимден бери тилегим. Ошол тилегим орундалбай келет, арман. Мага жардам бере турган устат барбы? Оо, жараткан. Асель 92
ОП-157-46. Эгер чын жүрөгүнөн жардам берер устат болсо, анда 0779-89-14-58 номерине байланышып, же СМС жазып коюуңуздарды суранам. Урматым менен
Асель 92
ОП-157-47. Сураныч, маяк берип тынчымды албагыла. Менин номерим, мага жардам берүүчү устатка гана. Башкаңар тынчымды албагыла. Асель 92
ОП-157-48. Эмгегиң бийик зор тоодой, мээримиң төгүп койгондой. Учурган канаттарыңбыз, көкөлөп учуп барабыз. Сарсанаага батпачы, кайгыга башың салбачы. Ак сүтүңдү актачу, балдарыңдын максаты, ай, балдарыңдын максаты. Бой жетип биз да чоңойдук, бала чак өттү ойгондук, ыраазыбыз сага, энеке. Раушан 88
ОП-157-49. Турмушта чоң, жүз каталык кеткен күндө, ойлон дос, жаңылыштык кылып жүрбө. Өзүңдөй таш боорлукту балдарыңдан көргөндө өкүнбөгүн. Эч качан таш боор болбойлу, ата-эненин ак сүтүн актаганга аракет кылалы, достор. Раушан 88
ОП-157-50. Сен менин жалжал көзүм, жалжалымсың. Сен менин жандай көргөн адамымсың. Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң, өзүңө бүт өмүрүм арнаарым чын. Раушан 88
ОП-157-51. Менин саламым досторум Заринага жана Алтынай 94кө, ошондой эле Мээримге. Бар болгула, аман болгула. Жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин, жараткан силерди колдосун. Раушан 88
ОП-157-52. Жүрөк эңсеп, көңүл сени сагынды. Ак сүйүүм да, бир өзүңө багынды. Өмүр чиркин өтө берет турбайбы, болбосо дейм бул дүйнөдө муң-кайгы. Раушан 88
ОП-157-53. Бир келгең жашоодо татыктуу өмүр сүрүп жашайлы, достор. Раушан 88
ОП-157-54. Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында жашап жаткан, менимче, азыр Бишкекте болсо керек. Бир кездеги досум Алтынай 94кө салам. Сени абдан сагындым. Өзгөчө дос болгон күндөрдү эстесем жүрөк ооруйт. Кечир, сендей досту бир да жерден таба албадым. Бир кездеги досуң - Самсунг 88
ОП-157-55. Биз Балыкчыдагы таенебиз Анаранын 8-март майрамы менен куттуктайбыз! Нуртилек, Нурали, Аймерек, Дастан
ОП-157-56. Толик "брат", жүзүңдөн эч качан жылмаюу кетпесин, ырыскы ыроолоп, жакшылык жандап жүрсүн! Мирка
ОП-157-57. Биз, Роза, Аймерек, Жазгүл, Алтынай, Жаркынай - силердин кирип келген 8-март майрамыңар менен куттуктайбыз. Силерге узун өмүр, чексиз бакыт каалайбыз,- деп Дастан, Нуртилек, Нурали.
ОП-157-58. Толик, 3-март туулган күнүң менен! Аман бол. Лейлектен карындашың Мирка.
ОП-157-59. Асман менен жердин ортосунда эмне бар? Чалгыла, достор. Тапканыңарга 20 бирдик. 0779065296 Бермет
ОП-157-60. Асыл адам айныбас, бир бетинен кайрылбас. Көрбөсөм да, көрсөм да, көңүлүм сенден айрылбас. Арман
ОП-157-61. Кара-Бак айылында жашап жаткан атам Жума, энем Айниса, үкөм Өмүрзак, сиңдим Бегимай, Жылдыз - силерге супер салам. Келе жаткан жаз майрамыңар менен энелер, эжелер! Токтокан
ОП-157-62. Мен Тоңдун Кызыл -Туусуна салам айтам. Дастан
ОП-157-63. Тоңдун Ала-Башындагы карындашым Алтынай, күйөө балам Адилет, эртерээк бизди жээндүү кылгыла,- деп Анвар, Дастан, жеңеңер Аймерек.
ОП-157-64. Карындаштарым Айжаркын, Жазгүлгө салам айтам жана ийгилик, ден соолук, ыйман, бакыт, байлык каалайм,- деп Анвар, Дастан.
ОП-157-65. Тоңдун Кызыл-Туусундагы келинчегим Аймерек, балдарым Нуртилек, Нурали, мен силерди жакшы көрөм,- деп атаңар Дастан.
ОП-157-66. Мен апамдын ден соолугу жакшы болушун кудайдан тилейм. Мен сизди жакшы көрөм,- деп балаңыз Дастан.
ОП-157-67. Сен күнсүң эритүүчү алоо чачып, сен айсың топ жылдыздан жарыгы ашык. Сен нурсуң күнү-түнү тийип турган, сенден мен барамын кайда качып? Мирка 94
ОП-157-68. Сүйүүгө канат байлап учуп барам. Санаамда сени издеп, таап алсам. Түбөлүк биргебиз деп кыялданам. Бир гана сени менен жашап калам. Мирка 94
ОП-157-69. Жылмайчы, жагымдуу жылуу үнүң, жаркырасын күн тийип күүгүм түнүм. Качанкы бир күндөрдү эске албай, карачы кандай сонун жашоо бүгүн. Мирка 94
ОП-157-70. Тагдырга баш ийбеске арга барбы? Талашып колдон бактым тартып алды. Жараткан бешенеге неге жазды? Мирка 94
ОП-157-71. Жаштыгым унутулгус эсте калат, андыктан, досторумду эске салат. Шыңкылдап достор менен жүргөн күндөр, түбөлүк жүрөгүмдө жашап калат. Ылдам жылып айлар жылга айланат. Гүлдөй болгон жаштыгыбыз артта калат! Мирка 94
ОП-157-72. 75 баш боз үй сатам. Бүт жасалгасы менен же автого алмашам жана боз үйлөргө заказ алам. 0777405683,0778918336 Дастан
ОП-157-73. Урматтуу Нургазы байке, өзүңүз жөнүндө мааламат берип коюңузчу? Мирка 94
ОП-157-74. Салам "Обон". Супер СМСчилер, достошпойлубу? Мирка 94
ОП-157-75. Ченеп ич, жаман ойго тумчукпайсың. Чын окшойт бул айтканым, унчукпайсың. Жүрөгү жок жигиттерди жүз өпкөнчө, 100 грамм ичип алсаң тынч уктайсың 0778946ххх
ОП-157-76. Өзгөрүш айылындагы С.Раимбеков атындагы мектептин 11-классына жана мугалимдерине салам! 0779565ххх
ОП-157-77. Жалындаган жаштыгым, сен кайда шашып барасың? Токтой турчу бир азга, мен жашарып алайын. Самсунг 88
ОП-157-78. Нурлан, мен ыймандуу кызмын. Мен сага колукту болом десем алат белең? 0773245ххх
ОП-157-79. Ээленип өз билгеним жасайм дебе, табият түзүп койгон жашайт ченем. Ыраатын бузам дебе бул жарыктын, бириктиргин ааламдагы тартип менен. Самсунг 88
ОП-157-80. Жакшынын ачуусу бар, кеги жок. Кеменгердин теңтушу бар, теңи жок. 0779891ххх
ОП-157-81. Жылмайып сенин бир күлгөнүң жагымдуу, асыл сөздөрүң жүрөктүн бир төрүндө калды го сакталып. Кандай шайыр жигит элең, колуңдан баары келген. Эх, таш боор ажал, неге жаш жигитти алып кеттиң. Ушунча өчүң бар беле инимде. Эх, Жандосум, ыйлатып кете бердиң неге? Раушан 88
ОП-157-82. Аганын анча-мынча сөзүн уккун, унутпай өмүр бою эске туткун. Акмак берген мүрөктүн суусун ичпей, акылдуунун карматкан уусун жуткун. Самсунг 88
ОП-157-83. "Обон" бар, жашоо керемет! Раушан 88
ОП-157-84. Биз Балыкчыдагы таенебиз Анаранын 8-март майрамы менен куттуктайбыз! 0778918ххх
ОП-157-85. Тарбия бардыгына бирдей берет, он бала болсун багат ата-эне. А бирок, ошол ону биригишип, багышпайт ата-энесин эмнеге? Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө, ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө. Өзүңдөй таш боорлукту балдарыңдан, көргөндө өкүнбөгүн ушул ойдон. Раушан 88
ОП-157-86. Жашоо бул татаал, ачуусу бар, таттуусу бар. Баарына чыдасак, ошондо бакыт таба алабыз. Жанка
ОП-157-87. Урматтуу ОП-156-03 Тариэл, сиздин табышмагыңыздын жообу менимче гезит болуш керек. Дал ушул биз кызыгып сүйүп окуган "Обонушка" гезити. "Обон"- эң кызыктуу гезит! Кара-Балтадан Накуля
ОП-157-88. Куба, Нургазы, куш келипсиздер! Сиздердин мага тим эле моминтип турган көздөрүңөр жагат да. Силер менен жолуккум келет! 0553424ххх
ОП-157-89. СМСчи Алина-Асиге салам! Сиздин "Обонушкадагы" табышмагыңыздын жообу: 1 жыл,12 ай, 4 жума,7 күн. Туура таптымбы? Накуля
ОП-157-90. Урматтуу ОП-156-77, сиздин "Обонушкага" жазган табышмагыңыздын жообу: ашпозчу лагманды кулагына чейин чоюп жасайт! Накуля
ОП-157-91. Мен сүйүктүү апам Фатиманы 8-март майрамы менен куттуктайм! Чын ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм! Жибек
ОП-157-92. Табышмак: Өткөн кылымдарда бир хан бир адамды өлүмгө буйруйт да, колуна бир тоок берет.Тоокту кантип өлтүрсөң, биз сени ошентип өлтүрөбүз дейт. Күнөөгө баткан адам тоокту өлтүрөт. Хан тоокту өлтүргөндөй кылып өлтүрө албайт. Аны коё берет. Урматтуу окурмандар, жообун: 0771595968 чалып, же СМС жазгыла, же "Обон" газетасына СМС жазгыла. 0771595ххх
ОП-157-93. Ыймандуу, адептүү, шайыр балдар эмнеге бул жашоодо аз кездешет? 21-кылымдын балдары эмне мынча өзгөрүп, таш боор болуп калышкан. 0778539ххх
ОП-157-94. Замира Молдошева эже, сиздин стилистиңизге окуса болобу? Мен кийимди жана чачты жасалгалаганды өздөштүрө алам. Ошого аласызбы? 0772239ххх
ОП-157-95. Накуля, сага дагы чоң салам! Жагымдуу СМСтерди жаза бер. Ийгилик сага. Секелек
ОП-157-96. Ардактуу досторум: Алина-Аси, Аська, Ринат, Ырысбек 91, Эламан, Самара, Зирегүл -силерге чоң салам! Силерге ийгилик! Секелек
ОП-157-97. Салам, кыргыз боордошторум. Мен силерди сүйөм жана сыйлаймын. 0779065296 Бермет
ОП-157-98. Алтындай болгон кыргызымдын бардык аялзатын 8-март майрамдары менен куттуктайм! Каалаймын сүйүүлөрдүн тазасын, кудай колдоп элим берсин батасын, бакыт шамы дайым кызыл гүлдөй жайнасын! Бар болгула, кызгалдактар! Накуля
ОП-157-99. Кымбаттуу "Юристтер" командасы. Өзгөчө сүрөткө көз айнек тагынып түшкөн бала (кечиресиз, атыңызды билбейт экенмин).Сиз менен жолукканды көптөн бери күтүп жүрдүм эле, бирок, тилекке каршы, бара албайт окшойм. Бул мен үчүн абдан өкүнүчтүү, ошондуктан, сизден суранат элем, мага телефон чалып коёсузбу? Күтөм! Кара-Балтадан Накуля
ОП-157-100. Таланттуу "Юристтер" командасындагы узун бойлуу, жылдыздуу жигит сизге арналат: Кара экен кашыңыз, ким экен сиздин атыңыз? Таанышып алсак болобу, канчада экен жашыңыз? Узун экен боюңуз, суроолорума жооп берип коюңуз. Сизди терең урматтоо менен Накуля
ОП-157-101. Алтынга алмашкыс сиңдим Гулираны жана анын дос кыздары Наргиза, Жаңылай, Бурулайды 8-март майрамдары менен куттуктайм! Ар дайым жүзүңөрдөн күлкү, жылмаюу, жүрөгүңөрдөн сүйүү кетпей, күлүп -жайнап, сагыз чайнап жүрө бергиле. Албетте, сабакты да окугула. Накуля
ОП-157-102. Сүйүктүү досторум: Дамира 92, Бермет 96, Жанна, Нурзат, Райхан, Заринаны 8-март майрамдары менен куттуктап, бакыт-таалай, ачык маанай, таза күлкү каалайм! Ар дайым бар болгула,бактылуу болгула! Силерди жакшы көрөм. Досуңар Нурпери (Накуля)
ОП-157-103. Апам Урманова Айнура жана кыз-келиндерди 8-март майрамы менен куттуктайм! Апа, эч качан кайгы көрбөңүз, биздин бактыбызга оорубаңыз, небере-чеберелерди көрүңүз, уулдарыңыздын урмат сыйын көрүңүз,- деп уулуңуз Мажит.
ОП-157-104. Менин саламым "Юристтер" командасындагы мен жактырган жигитке (узун бойлуу балага) арналат: Караңгыда гүл үздүм, тикен бардыр, билип-билбей сизди сүйдүм, балким, кызыңыз бардыр? Ошондуктан, өзүңүз жөнүндө билгим келет. Кайсы жердин кулуну болосуз? Накуля
ОП-157-105. Апам Катя, сиңдилерим Перизат, Айпери, жеңем Айзада, келиндерим Наргиза, Шахиста-силерди 8-март майрамыңар менен куттуктайм! Бактылуу болгула! Мухабат
ОП-157-106. Тогуз-Торо районуна караштуу Арал айылында жашап жаткан Азиз, мен сизди аябай жакшы көрөм. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Тунук сүйүү каалайм! 0779419ххх
ОП-157-107. Нарын областына караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жашап жаткан атам Кадыракунов Куланбек, апам Коргонбекова Майрамкүл-сиздерге чын ден соолук, ачык асман каалайм! Аманбү, Иманбү
ОП-157-108. Апам Зымырат, кайын сиңдилерим Анарфида, Алмагүл, Гүлзарида, Айзада, силерди 8-март майрамыңар менен куттуктайм! Бактылуу болгула! Мухабат
ОП-157-109. Жүрөгүмө азап толду, кайгы толду. Сагынып күндө эстейм, карайм жолду. Кусадан бул өмүрүм карып болуп, арман менен курчалган азап болду. Баарыңарга каалаарым, мендей болуп азапка батпагыла. Ар дайым сүйгөн жарыңар менен бактылуу болгула. Рита
ОП-157-110. Ушул убакка чейин табышмак бойдон кала берет. Билбейм , мүмкүн, тагдырымдын берген белгисиби? Бирок ачыгын айтканда, бул жашоодон чыдамым кетти. Эмнеге адамдардын ыйманы кетип баратат? Кызды бул жашоого эмнеге жараткан? Бала жүрөгү жалганбы, же таш боорбу? Муну эч убакта эч бир жан биле албайт. Сүйүү бул жашоонун кол жеткис ырахаты болот эмеспи. Ошол сүйүүнүн кадырына жете билүү зарыл экен. Эмнеге бул сүйүүнү адам баласы барктай албайт? Сүйүү жалганбы? Кыз баланы шорго жазган турбайбы? Себеби, кыз бала таза жүрөгү, тунук сүйүүсү менен сүйүп алат. Көрсө, сүйүүнүн көзү сокур экен да. Мен да бул жашоодон өз сүйүүмө жете албай, ар убакта ар качан көзүмөн жаш тамызып кыйналып келем. 0777543ххх
ОП-157-111. Салам "Обон". Мен сүйүктүүм Дайыр Исмадияровго салам жолдойм! Кыял 94
ОП-157-112. Кымбаттуу "Обонканын" кабарчылары, Д.Асылбекова, Н.Ибраева, К.Мурадил кызы, А.Келдибаева жана Төлөбүбү Касымалиева эже -сиздерди 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге сүттөй актыкты,таразадай тактыкты, суудай шаттыкты, арчадай жаштыкты, деги эле дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Бар болуңуздар! Сиздерди терең урматтоо менен такай окурманыңар Накуля
ОП-157-113. Салам, кыргыз элим. Кыямат күнү жүзүңөр ак, минген атыңар бурак, тозок силерден узак, бейиш силерге булак болсун. Жүзүңөр нурга, жүрөгүңөр ыйманга толсун! Ала -Тоодо аман болгула! Накуля
ОП-157-114. "Беш-Сары" базарында иштеген Асанова Сайрагүл, Асанова Райкүл, Нургүл жана Нурай эже-силерге ысык салам! Бүгүнкү 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн кутуктайм! Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Иштериңерде албан-албан ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт болсун. Аскарбекова Перизат
ОП-157-115. Кечиргин ката кылдым мен өзүңө, себепсиз күнөө койдум ак сүйүүгө. Сүйдүң мени сүйүктүүм боло албадың, мен өзүңдү кызыңдан талашпаймын.Сүйүктүүңөрдөн ажырабагыла! Нуркызай
ОП-157-116. Сулуулардын жигити болбойт. Неге дебейсиңерби, себеби, алар көп балдар менен сүйлөшкөнгө көнүп калышкан.Туруктуу болуп бир гана жигит менен жүрөйүн дейт, башкасын кыя албайт. Бир эле жигит менен чектелгилери келишпейт. Анткени, ар баланын ар сөзү, мүнөзү башка. Кыз башыңар менен мындай болбогула, силерди кыз дейт, же эмне балдарга теңелип жатасыңарбы? Жаңыл Мырза
ОП-157-117. Бардык адамдар, эртеңкиңерди ойлонуп жашагыла. Анткени, ар бир күнү ойлонуп иш кылбасаңар өкүнүп каласыңар. Күнөө кылбагыла. 0778904ххх
ОП-157-118. Мен сени гана сүйөм, жаным! 0778652ххх
ОП-157-119. Ош базарында иштеген Кара-Кулжалык Султан 89, Эрлан 87ге сагынычтуу салам, иштерине ийгилик. Эрлан 87, мага жезде болоюн деген оюң барбы? Айжамал 94
ОП-157-120. Бактыгүл Бадыева, сулуу! "Юристтер", алга, чалгыла. 778540016
ОП-157-121. Т. Мусаев мектебинде окуган 93-94-жылкы классташтарыма салам. Мен жакында барам. Диля, Гуля, Мину- силерди аябай сагындым го. Айжамал 94 79991704
ОП-157-122. Чынтемир агамдын цехинде иштеген тикмечилерге супер салам. Майрамыңар куттуу болсун, силерге жаздын гүлүндөй назиктикти жана балдай таттуу жашоо каалайм! Айжамал 94
ОП-157-123. Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылында жашаган ата-энеме жана инилериме сагынычтуу салам жана алтындай болгон апамдын 8-март Эл аралык майрамы менен куттуктайм! Апа, сизге ден соолук, бакыт, дайым кашыбызда гүлдөй ачылып, жадырап-жайнап жүрө бериңиз. Кызыңыз Айжамал 94
ОП-157-124. Айлуу түн, сен жок жанымда. Билесиңби жаным мен бир гана сени сүйөм, келериңди билем жана күтөм. Сени өмүрүмдүн акырына чейин сүйөм. Айжамал 94
ОП-157-125. Ала-Букалык Ариет 92, кандайсың? Ден соолугуң жакшыбы, соода болуп жатабы? Бир күлүп койчу! Айжамал 94
ОП-157-126. Венера,Гүлсүн эже, майрамыңар менен.
Майрам
ОП-157-127. Анекдот: Апенди машина алат дейт. Машинасы ээ, Алла, десе токтоп, чуть-чуть десе жүрөт экен. Бир күнү машинасын айдап бара жатып, тоонун учуна барып токтоп калат. Ошондо: Ээ, Алла, чуть-чуть болгондо түшүп кетет элем - десе, түшүп кетиптир. Эку 97
ОП-157-128. Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылында жашаган менин эң кымбатым, асылым апамды, сиңдилерим Базаркүл, Тазагүлдү майрамы менен куттуктайм! Бар болгула! Алымкан
ОП-157-129. Каар заман жүдөтүп кары жашты, аргасыз болдук асыраш үчүн башты. Араңдан кыбырап кара күч жумшап, көйгөй болгон кризис келди, эмне кылсак? Канжар
ОП-157-130. Санааркап сагынычтан чыга албай, самаймын элесиңе өзүм жандай. Сагынып жан дүйнөм эзилгенден, санаанын сормо сазы болду терең. Жабыркатып жүрөгүмдү жаралап, жебе тарттың сенден чыккыс кылчудай. Жашайсың жалындаган жүрөгүмдө, жанып-күйгөн жымыңдаган жылдыздай. Канжар
ОП-157-131. Алтындай болгон апамды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм! Бар болуңуз, аман болуңуз. Раушан 88
ОП-157-132. Эля 95, сага чоң рахмат. Бар бол, аман бол, 8- март майрамың менен! Раушан 88
ОП-157-133. Ак тилек кыл, үмүтүң күйүп-жансын. Алдыга кадам шилтеп өсүп баргын. Эмгектен эл ичинде сөздөр калсын. Ак ниеттен артыңда басып өткөн изиң калсын. Канжар
ОП-157-134. Салам, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Суперсиңер! Эдо
ОП-157-135. Пазырова Назгүл, мен сени сүйөм. Мени таштап Россияга кетип жатасыңбы, ээ? Кетип жатканыңда мага жолугасыңбы? Эдик
ОП-157-136. Кыргызстан - менин жана сенин мекениң. Аны ар дайым мактайлы, даңктайлы. Бермет 0779065293
ОП-157-137. Кан - автор, жүрөк - редактор, сүйүү - трагедия, жашоо- комедия. Бермет
ОП-157-138. Капарова Сауле эжени 10-март туулган күнү менен куттуктайбыз! Ишиңизге ийгилик, сизди урматтап жамаатыңыз, Бурайма, Анипа, Манап, Кутман, Нурбек, Гүлжамал, Ильяз, Мээрим жана Роза (Cнегурочка). Кеңеш айыл округу супер, айрыкча, биздин жамаат.
ОП-157-139. Жусуп Турусбеков орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө чоң салам! Окууңарга ийгилик! Дайыма бар болгула, 93-жылкылар. Айчүрөк 93
ОП-157-140. Эхо 91, кандайсың, батыраак Бишкекке кел. Сени сагындым, СМС жазып турчу жоголбой,- деп жаның Бегимай 95
ОП-157-141. Ассалому алейкум, "Обон" гезитинин окурмандары! Бул жашоо жалган дүнүйө экенин баарыбыз тең билебиз. Аллах Таалам мээримдүү, баарынан да адам баласын жаратканда, жогубузду бар кылганда, Аллах баарыңардын жүрөгүңөргө ыйман берсин! Намаз окуган ыймандуу кыздар жана балдар менен достошом. 0550221291
ОП-157-142. Cалам! Тогуз-Торо районунун Бирдик айылындагы Мамыткановдордун үй -бүлөсүнө салам. 0779121ххх
ОП-157-143. Самат, мен сени сүйөм! Жанымдан карыш чыксаң эле кызганам. Мени таштабачы мышыгым, сени карап эле олтурсам ыраазы элем. Мышыгың Айнура
ОП-157-144. Кара-Кулжалык айымдарды 8-март майрамы менен куттуктаймын! 0779723452
ОП-157-145. Кыргыз-Түрк Манас университетинде талыкпай эмгектенген алтын апам Рахат Таштемировага, сиңдилерим Венера, Эля, Чынара, кичинекей кызгалдактар: Назбийке, Нурай, Медина, Асияларды 8-март айымдардын майрамы менен куттуктайм. Баскан кадамыңар гүлгө оронуп, бар болгула,- деп Динара
ОП-157-146. Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында жашаган апам Фанаранын 8-март майрамы менен куттуктайм. Апа, сизге чың ден соолук, узун өмүр, ачык маанай каалайм. Биздин бактыбызга аман болуңуз. Балдарыңыз
ОП-157-147. Жеңелерим: Зина, Сажира, Асел, Нурзада, Жайнагүл, Бермет, Салтанат, Элиза, майрамыңыздар менен! Эч нерседен кем болбой аман жүрүңүздөр. Жыпарбек
ОП-157-148. Сонун, Асыл, Ширин эжелеримди 8-март майрамдары менен куттуктайм. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Жыпарбек
ОП-157-149. Карындаштарым: Жаркынай, Кенже, Шайыргүл, Күмүшай, Алтынай, Бегимай, Жаңылай, Каныкей, Уулжан, Каухар, Айназик, Акбермет, Диана, Арууке, Айчүрөк, 8-мартыңар менен! Бактылуу болгула.
ОП-157-150. Сауле, майрамың менен! Белгилүү ырчы бол!
ОП-157-151. Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын 1985-жылкы аяштарыбызды майрамдары менен куттуктайбыз. Жээнбек экөөбүз
ОП-157-152. Гули, Оля, Эля, Айсулуу, Зиягүл майрамыңар менен! Эркектер