п»ї

  Сахнага арналган өмүр жол

"Дүрбөлөң менен кермекаштын сүйүүсүнөн улам баш коштук"
55 жыл бою бардык күчүн, эмгегин, талантын кыргыз элине арнаган Бакирдин Алиев жана анын байбичеси Кеңеш Курманалиеваны кимдер тааныбайт? Сахнанын жана тасманын көркү кадырман карыларыбыз эмеспи. Касиеттүү сахна чеберлери Бакирдин аба жана Кеңеш апанын чыгармачылыгына баш бактык.


КРнын Эл артисти Бакирдин Алиев:
"Чыгармачылыктын чыйыр жолуна чырмалып"
Ташкенттеги Н.Островский атындагы театралдык институттун "Театр жана кино" бөлүмүндө окуганмын. Мен орус тилди такыр билчү эмесмин. Жаңыдан тапшырганда орус тилинен экзамен болуп, мен кулап калгам. Актёрдук чеберчиликтен "5", ораторлуктан "4" алдым, анан орус тилден "2" коюп коюшуптур, өзүм нөлмүн да, өтпөй калып ыйладым. Эшиктин алдында ыйлап турсам, Фаттахов деген режиссёр келип: "Эмне ыйлап жатасың?"- деп далыга чапса, андан бетер жашып ыйлап алган мен: "Орус тилден өтпөй калдым"-десем, боору ооруп абдан кейиди. Директордун орун басарына (атын унутуп калдым) мен актёр болушум керек деп айтып, кайрадан тапшырып өтүп кеттим.

"Бысмылда" дегенде чалдын образын жараттым
Алгачкы эмгек жолум Жалал-Абад облусунун Т.Сатылганов атындагы Кыргыз драма театрында башталган. 1955- 1963-жылга чейин эмгектендим. Эң биринчи Т.Абдумомуновдун "Борбаш" пьесасында Камгакбайдын ролун ойногом. А.Афанасьевдин "Жаңы кубаныч" пьесасында Кекиликтин, К.Эшмамбетовдун "Эгиз бала" деген жомогунда Айганыштын атасын, 23 жашымда 90 жашка чыккан Шодур чалды, М.Борбугуловдун "Барпы" пьесасында кадимки Барпы Алыкуловдун, Ж.Б.Мольердин "Аргасыздан болгон дарыгерде"-Знагарелдин ролун жараткам.

"Сүйүшкөн эки жаштын ролун аткарып баш коштук"
Эрнис Турсуновдун "Сулуулар" пьесасында Дүрбөлөңдүн ролу акжолтой болду. Инженердин ролун ойногон Абин Кашкаралиев Сурмакаш деген кыз менен аткарса, менин байбичем Кеңеш Кермекашты аткарган. Ошол спектаклден сүйүүбүз жанданып, ашыклыктын оту алоолонуп, баш кошуп алдык. Н.Байтемировдун "Айып кимдесинде" келинчегим жылкычы кыз Зулайканы аткарды. Мен Ормуштун образын жараттым. Р.Шүкүрбековдун "Комуздун тагдырында" Токтогулдун жолдошу куудул чал Эшкожону аткардым. Бир гана ушундай ролдорду жаратпастан, концерттерде да алып баруучулук милдетти аткарчумун. Ушул театрда Болуш Мадазимов, Тууганбай Абдиев жана обончу Рыспай Абдыкадыровдор менен бирге иштешип калдык.

"Нарын театрында көп жыл иштедик"
1963-1994-жылга чейин Нарын театрында үзүрлүү эмгектендик. Капар Медетбеков, Ноокаттык Калый Тагаев, байбичеси Базикан эже, анан биз болуп 7 киши Нарын театрына которулдук. Азыркы учурда Оштогу театрда иштеген Ташыбек Кудайбергенов -баарыбыз Нарын театрына которулуп иштеп калдык.
"Тейитбектин образы күлкүлүү болуп калат деп, мага ишенишпей..."
Ал жакка барары менен К.Жантөшевдин "Курманбек" пьесасында Тейитбектин ролун жараттым. Режиссёр Бообек Ибраев бул спектаклди койгон болчу. Мен ага дароо айттым, Тейитбекти аткарам дедим. Көбүнчө комедиялык жанрды аткарып жүрөсүң, Тейитбектин ролу сага болбойт, күлкүлүү болуп калат деп бербей койду. Мен да өжөрлөнө Тейитбектин образын бер, болбосо мен театрдан чыгам дедим. Алгач артисттер даярданып текстин окушат да, Тейитбектин сөздөрүн окуп жатсам, таң калып жактырышты. Тейитбек баласы Курманбекке тескери бата берген жери бар эмеспи, ошо жерден берилип кеткен көрүүчүлөр: "Куураган как баш чал"-деп, мени жаман көрүп алышыптыр.

"Олуттуу ролдорду аткара баштадым"
Ошондон кийин олуттуу ролдорду берип калышты. Б.Жакиевдин "Миң кыялында" Токтогулду аткаргам. Атайын Фрунзеден(Бишкек) спектаклди көргөнү А.Малдыбаев, К.Жантөшев, А.Куттубаев келип, ыраазычылыктарын билдиришти. Токтогулду аткарган образым үчүн Муратбек Рыскулов 75 сом, экинчи даражадагы сыйлыкты ыйгарды. У.Шекспирдин "Отеллосундагы" терс каарман Ягону аткаргам. "Король Лирде" маскарапозду, Н.Гоголдун "Текшерүүчүсүндө" Хлестаковдун ролун жараткам.

Сапырылган акчалар
Актёр Абин Кашкаралиев экөөбүз көшөгөнүн артында карта ойноп отурабыз. Ал убакта 1сом 50 тыйындык, 80, 50 тыйындык спектаклге билет сатылчу. Ошол акчаларды чогултуп, карта ойноп жатканбыз. Абиндин кезеги келсе, мага бир куту акчаны кармата коюп, өзү сахнага чыгып кетти. Кийин менин да кезегим келип, сахнада роль аткарып жатып, образга берилип кеттим. Баягы койнума каткан акчалар сапырылып чачылып кетсе болобу. Оштогу Өзбек театры болчу, сахнасы да абдан чоң. Эл көп, баарыбыз оюнду токтотуп коюп, көрүүчүлөр да бизге жардамдашып акча чогултуп жүрөбүз, баарын чогултуп берип, кайра оюнду баштадык. Ал кезде элдин пейили башка болчу, бир тыйынына чейин толук чогултканын кара.

Ариядан бир шиңгил
Хакас Килчичаковдун "Аюу колот" спектаклинде Оромой чалды аткардым. Ошондогу ариядан айтып берейин:
Тору айгыр сокур белендеп, байладым аркага жашыруун.
Эгерде сүйгөнүң чын болсо, качалык, качалык акырын.
Ат менен келгениң чын болсо, күтүп ал сарайдын артынан.
"Байбичем Кеңеш жана кызым болуп тартылдык"
"Отко таазим" тасмасында Үтүр устанын(С.Чокморов)жардамчысы Барпы устанын ролун аткардым. Анда байбичем Кеңеш, кызыбыз Салтанат да катышып калган. Азыр кызыбыз 40ка чыгып калды.

"Тасмада бийлеген чал элдин эсинен кетпейт"
- "Зардалыдагы баян" тасмасында Юнус акени аткаргам. "Ээн калган өрөөн" Мурза Гапаровдун чыгармасынан алынган. Баш каарманды Алтайдан келген бала ойногон. Мен бийлеген бий эски бий экен да. Балетмейстр Абдыжалилов башка тасмада ошол бий чагылдырган кичине фрагмент бар экен. Ошол бийди көрсөтүп, ушуну туурап бийле,-деп ошол бийчи үйрөткөн.

"Айсулуу, Икрам аке деп мени ээрчип жүрө берчү"
- Айсулууну аткарган өзбектин актрисасы Аида Юнусова тасмада кызымдай болуп калган. Экөөбүз уруша кетебиз, мен таарынып кетип калсам, кайра мени алдап иштетип калат.

"Караш- караш окуясында" терс каарманды катыра аткарган.
Анда Сары сакал чалды аткаргам. Бай-манап менен топурап Бактыгулдун(С.Чокморов) боз үйүнө кирип барат эмеспизби. Бах! Казан толо эт жыттанат да,-деп түлкүдөй шимшип, этти таап жыргап, баарыбыз бирден устуканды мүлжүп жегенбиз. Жөн эле чыгып кетпей, Бактыгулду аябай сабап кетпедикпи.

КРнын Эмгек сиңирген артисти
Кеңеш Курманалиева:
"Тубаса талант оргуштап"
Мен атайын окууну бүтпөй, Жалал-Абад театрында Н.Гоголдун "Үйлөнүү" пьесасында Дуняшканы аткаргам. Ж.Б.Мольердин "Аргасыздан болгон дарыгерде" Мартинанын образын ойнодум. Койгон режиссёр Амантай Ниязалиев болчу. М.Тойбаевдин "Жыпар атасын күтөт" пьсасында Жыпарды аткаргам. Б.Жакиевдин "Атанын тагдырында" Оңолканды, Н.Островскийдин "Күнөөлүү күнөөсүздөрдө" Гальчиханы аткаргам. Ч. Айтматовдун "Эрте жаздагы турналар" спектаклинде Аруукени аткарып, Тбилисиге барып 15 республиканын арасынан 24 театрдын ичинен 2-орунду алдык. 1-орунду декорациясы күчтүүлүк кылып, хакастар Ч.Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасы менен жеңип кетишти. Менин ролдорумдун баары баш каармандар болду.

Тасмада калган элестер
"Айдагы жез кемпир" тасмасында жез кемпирди Сабира Күмүшалиева аткарган деп адашып келишет. Негизи, жез кемпирди жеткире аткарган Койсун Карасартова деген актрисабыз болчу. Менин тасмадагы алгачкы ролум "Айдагы жез кемпирде" кичинекей эпизод болду. Ал эми "Ак илбирстин тукуму" тасмасында бир ай тартылдык. Ойроттор келип согушуп жатканда, ары-бери качкан жеринде биз тартылганбыз.

Азыркы тасмаларга талыкпай тартылып,
Ж.Өзүбекованын "Апамдын махабатына" Умар Жума "Чиркин өмүр", Марат Сары уулу "Үй-бүлө", А.Айтикеев "Той", Актан Арым Кубат "Свет аке" ж.б. ушундай тасмаларга тартылдым.

"Биздин замандын кишилери"
Илгери чабандарга, согум деп коёт, ошолорго спектакль, концерт коюп барчубуз. Бригадирибиз Каракеев болчу. Кадимки дептерге мөөр бастырып, арпа, буудай, кой, эчкилерге акчанын ордуна бартер кылып, оюн-зоок көрсөтчүбүз. Эми ошо кездеги элдин ыймандуулугун айтам да, азыркыларга салыштырып, эми ошону бригадирибиз байкатпай жеп койсо деле болмок, баарын ийне-жибине чейин мамлекетке өткөрүп берчү. Согуштан кийин эл аябай кыйналган, дароо оңолуп кеткен жок да. Азыркыдай машине жок, үстү ачык машинеге чыгып алып барат болчубуз, жакын айылдарга ат менен барат элек.

"Ырын токтото чуркап кетти"
Бир колхоздо ат берген экен. Ал убакта клуб деген жок, бир түшөйүн деп калган жаман тамда көшөгө артып концерт койчубуз. Баягы бригадир атты байлап коюп, мага мындай деди: "Кеңеш, сен элди концерт болот деп кулактандыр, анан мен атты байлап койдум, ошону карап тур, кашка ат, адашып кетпе". Мен ал жакка көз салып турам да, анан Бөкөш Каракеевге кезек келди. Ал сахнага чыгып: "Жайланам"- деп эми ырдай баштап, анан капысынан эле ырын токтотуп, комузун жерге коюп: "Ой, ат кетти, кармагыла!"- деп кыйкырып чуркай калды. Мен: Ий, аба, сиздин атыңыз турат, ал башка ат дедим. Анан кайра келип, баягы "Жайланам" аттуу ырын улантты. Ал убакта канча күн койбойлу, элдин агымы токтобойт болчу.

P.S. Мына окурман, кайталангыс сахна өнөрпоздорунун бүт өмүрүн, чыгармачылыгын, талантын бир сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Азыр Бакирдин аба кыргызымдын ардактуу аксакалы, Кеңеш апа умай энебиздей сыймыктуу байбичеси экени талашсыз. Кадырман карыларыбызды барктай билели.

Динара Асылбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??