п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ийгилик формуласы

Искендербек Айдаралиев:
"Чиновниктин баары Бакиевчи болушкан"

7-апрелде кызмат ордунда тургандардын көбү жоопко тартылууда. Алардын арасында эч кандай доомат коюлбаган адам бар. Катардагы кызматчыдан Өкмөт башчысына чейин ак эмгеги менен жеткен Искендербек Айдаралиев ийгилигинин сырын бөлүштү.

Блиц анкета
Толук аты - жөнү: Айдаралиев Искендербек Рысбекович
Туулган жери: Жалал-Абад областы, Чаткал району
Туулган жылы, күнү: 13-ноябрь, 1955-жыл
Бою: 186, салмагы: 80
Адамдагы жактырган сапаты: Чынчылдык, туруктуулук
Адамдагы жакпаган сапаты: Кошоматчылык
Акыркы окуган китеби: "Түрктөр империясы"
Жактырган мезгили: Жаз
Көп колдонгон сөзү: Ачык айтыш керек
Баалаган саясатчысы: Владимир Путин
Хоббиси: Балык кармоо, тарыхый китептерди окуу
Айдаган машинасы: "Мерседес"
Ээлеген кызматтары: 1999-2002-ж. Талас районунун акими, 2002-2006-ж. Талас областынын губернатору, 2006-2007-ж. Жалал-Абад областынын губернатору, 2007-жылдын ноябрь-декабрында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, 2007-2009-ж. Биринчи вице-премьер-министр, 2009-2010-ж. Айыл чарба министри
Учурда: Чүй университетинин Президентинин кеңешчиси

- Талас өрөөнүндө атаңыз абдан белгилүү адам болгон экен. Бардар үй-бүлөдө чоңойгонуңуз, балалыгыңызга терс таасирин тийгизген жокпу?
- Балалыгым айылдагы балдардыкы кандай өтсө, меники да ошондой өткөн. Башкарманын баласы деген бизде түшүнүк жок болчу. Балалык айыл жергесинде аябай жакшы өтөт. Шаардыктардай болуп режим менен жүрбөйсүң, эртең менен турасың, ойнойсуң, короодогу жумуштарды жасайсың. Айылда элдин турмушу кандай болсо, биздин турмуш дагы ошондой болчу.
- Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби?
- Жашоо турмушум Кудайга шүгүр. Баймын деп эч кандай ойлобойм. Тамак-аш бар. Кийимибиз жыртык эмес, бала-бакыранын баары окуп, иштеп жатышат. Эл катары жашап жатабыз. Таласта керектөөгө жетерлик мал, 2 гектар жер, анча-мынча оокат-тиричилик бар. Ашып-ташкан байлык жок. Атабыздан калган үйүбүз бар. Борбордо, "Царское селодо", кабаттап салган жер үйүм жок. Көп кабаттуу, үч бөлмөлүү үйдө турабыз. Көпчүлүгү таң калышат: "Сиздин жер үйүңүз жокпу?"-деп. Менде үй салганга мүмкүнчүлүк болгон жок. "Бийлик, байлык колдун кири дегенди сиз кандай ойлойсуз?"- деп журналисттер сурап калды. Мен: "Бийлик колдун кири эмес, бийликте иштеген адам ошол ишин көздүн карегиндей сактап, жоопкерчилиги жогору болуш керек",- деп айттым.
- Ийгиликке жетиш үчүн кайсы формуланы колдонуп, кандай эрежени аткаргансыз?
- Ар бир адамдын өзүнүн генетикасы болуш керек. Формуланы колдонсоң деле ал жасалма болуп калат. Эң негизгиси, ата-энеңен, мектептин тарбиясынан болуш керек. Иштеген өндүрүштө, анан коомдун тарбиясы дагы аябай чоң роль ойнойт. Сен иштеген мекемеде жетекчиң күчтүү, акыйкат болсо, ошону сыйлайсың, өрнөк аласың. Атамдын берген тарбиясынан мен көп ийгиликке жетиштим десем болот. Ал кишини мен кумир тутам. Дагы бир нерсе, сени үй-бүлөң туура түшүнүп, колдоп турса, анда көп ийгиликтерди багындыра аласың.
- Сизди дайым колдоп келген жубайыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Кантип таанышып калдыңыздар эле?
- Экөөбүз Политехте беш жыл чогуу окуганбыз. Көп эле үй-бүлөлөрдү карасаң, же өзү менен чогуу окуганга, же айылдашына баш кошот. Жакын жүргөн адамына үйлөнөт. Беш жыл чогуу окуп, бири-бирибизди жактырып калып, 5-курста түтүн булаттык. Кудайга шүгүр, балалуу-чакалуу болуп, небере күтүп, азыр жакшы жашоо кечирип жатабыз.
- Кызматтагы адамдар үйдө көп болбойт. Балдарыңызга кандай тарбия бердиңиз?
- Келинчегим дайым балдардын кашында. Мен болсо эртең менен кетип, түн жарымда келчүмүн. Кээде 5-6 күн, бир айлап командировкада болосуң, а балдар апасынын жанында болушат. Бардык эле үй-бүлөдө балдар апасын өтө жакшы көрүшөт. Эркек болобу, кыз болобу, балдар апасына жакын келет. Бирок, атанын тарбиясы да өтө керек. Эртеден-кечке чейин лекция окубай, жасап жаткан жумушуң, жүрүм-турумуң менен тарбиялаш зарыл. Алар эл менен аралашканда сурайт: "Кимдин баласысың?" -деп. Ата-тегин уккандан кийин: "Сенин атаң мындай болчу",- деп айтат. Элден уккан жакшы сөз балдарды тарбиялайт. Балдарга көп учурда энеси тарбия берди. Балага туура тарбия бериш үчүн, эч убакта аны алдабаш керек, айттыңбы, аткарыш керек. Ошондо бала да жоопкерчиликтүү болуп өсөт.
- Пара алып көрдүңүз беле?
- Көп эле жооптуу кызматтарда иштедим. Бул жумушуңдү бүтүрөм, же бул кызматка коём деп бир нерсе албадым.
- Жооптуу кызматтарда иштепсиз, ал үчүн өзүңүз пара бергенсизби?
- Элде кимдир-бирөөнүн кайсы кызматка канча акча бергени айтылып жүрөт. Сен айткандай пара бербедим. "Ушул жумушта иште" деп сунуштаганда да, жоопкерчилигин ойлоп, өзүмө ишенгенде гана макул болчумун. "Кантип эле акча бербедиң?" -деп ишенбей сурагандар да болду.
- Акаевчи, Бакиевчи деп бөлүп жатышат, ошондо сиз Отунбаевачы болбой каласызбы?
- 7-апрелде бийликтен баарыбыз кетпедикпи, ошондон кийин ушинтип бөлмөй аябай күчөп кетти. Партиялар шайлоого келди. Көп партиялар мени чакырышты :"Биздин партияга иштеп бериңиз, депутат болосуз",- деп. Мен принцип үчүн бул кадамга барган жокмун. Акаев менен да, Бакиев менен да иштедим. Эми азыр барып алсам, эл дагы башкача түшүнүп калышы мүмкүн. "Айдаралиевге "портфель" эле керек экен" деши ыктымал. Бир-эки жыл биз эл арасында жүрүп көрөлү. "Бул жетекчи иштей турган жетекчи экен, бул жөн эле партиянын күчү менен келип алды",- деп эл өзү баа берет. Элдин аң-сезими, ыйманы тазаланып туруп, көзү ачылганда, айтат: "Бул иштейт, тигил иштейт",-деп. Ошондо деле иштеп берсек кеч болбойт деп ойлойм. Анан Акаевчи, Бакиевчи деген туура эмес. Ким гана Акаевчи, Бакиевчи болгон эмес. Ошол эле Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, Бабанов Акаевдин да, Бакиевдин да мезгилинде жогорку кызматтарда иштешкен. Кудай Таалам билет, Акаев, Бакиев менен иштегенде, камчыны ким кандай чапты. Түз чаптыңбы, кыйшык чаптыңбы. Аларга кошомат кылып чаптыңбы. Анын баарын эл таразалап алат.
- Бүт Бакиевчилер соттолуп жатат, сиз жөнүндө сөз жок го?
- Бакиев менен иштеген ар бир жетекчинин артынан аябай эле катуу изилдешти. "Мамлекеттик мүлктү бөлүшүп алыштыбы, мыйзам бузуулар болдубу?"- деген сыяктуу суроолор менен. Менин бир эле максатым бар болчу, пенсияга чыкканча элиме ак кызмат кылып, ал убакта экономика көтөрүлүп, жакшы пенсия берилип калса керек, жакшы жашай берем дегем. Кызматтан кеткенден кийин, тааныштар чалып алышып, көңүл айтып жатышты. "Эмне мага көңүл айтып жатасыңар, бул кырдаалга жараша болду, мен бирөөнүн байлыгын тартып алган жокмун, акчасын жеп алган жокмун, же мени иштей алган жоксуң деп Президенттин указы менен жумуштан алып салган жок. Кырдаалга жараша, революция болду, жетекчи качып кетти, Бакиев менен иштегендердин баары кетти. Бул жерде эч кандай көңүл айта турган эч нерсе жок. Тескерисинче, бүгүнкү күндө мен аябай эркин жүрүп жатам.
- Бирөөдөн карызга акча алып көрдүңүз беле?
- Карызга акча алгам. Жаш кезде келинчегим экөөбүз заводдо иштечүбүз. Ал балдар менен отуруп калганда, жалгыз иштеп калдым. Ошондой убакта алган учурлар болгон. Бирок, албетте, алган акчаны кайтарасың да.
- Чоңдордун балдары жалаң чет өлкөдөн билим алышат, а сиздикичи?
- Менин үч балам тең Бишкектен бүттү. Экөө Кыргыз-Орус-Славян университетин аяктады. Бирөө болсо БГУнун бүтүрүүчүсү. Көптөр: "Чет мамлекеттен бүтүп келсе эле Кыргызстанды көтөрө турган ишмер же саясатчы болот",- деп ойлошот экен. Кайсы жерден окуу жайын бүтүрсөң дагы, Жараткан бешенеңе жазып койгон болсо, өзүңдүн жөндөмдүүлүгүң болсо, элге кызмат кыла бересиң. Эң башкысы, элиңди, мекениңди сүйгөн патриот болушуң керек. Жашоонун максаты эле элиңе ак кызмат кылуу эмеспи. Миң билимдүү болуп, "Кыргызстанда пайда жок" деп, башка жактарда акчанын артында жүрсө, анын пайдасы канча? Эл-жер кыйналып турганда, ар бирибиз салымыбызды кошушубуз керек.
- Ажолор алмашып эле жатат, эл кыйналгандан кыйналууда, деги Кыргызстан канткенде оңолот?
- Кыргызстанда эки гана жол бар. Биринчиси, бардык чиновниктер жеген-ичкенин токтотуш керек, башкача аң-сезим менен ойлонсок, ошондо мамлекет өзүнөн-өзү көтөрүлөт. Мамлекеттин бюджети -бул биздин акча, бул кыргыздын акчасы. Мен өзүмдөн-өзүм уурдап жатам деген ой болуш керек. Андан сырткары, жанталашып элге ак кызмат кылыш зарыл. Мисалы, Түштүк Кореяны алып карасак, Япониядан колониядан бошогонуна 60 жыл болду. Бул жылдар аралыгында, бүгүнкү күндө, дүйнөлүк масштабда 6-7-орунда экономикасы турат. Ушуга чейин көтөрүлдү. Колониядан бошонуп, өздөрүнчө мамлекет болуп баштаганда, мамлекетке ак кызмат кылышкан. Бирөө алтын сөйкөсүн, бирөө шакегин берип, мамлекеттик казынага, ошентип ар бири салымдарын кошушкан. А биз мына, өз алдыбызча мамлекет болуп жыйырма жылдан бери жашап келе жатабыз. Ошончо жылдан бери бири-бирибизди сындап: "Тиги бийлик мындай, бул бийлик тигиндей",- деп жамандап эле келе жатабыз. Андан көрө баарыбыз биригип, мекенге таза кызмат кылсак, өлкөбүз сөзсүз өнүгөт.
- "Саясатта дос, же душман деп бөлбөйт" деп коюшат. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Баштан көп нерселер өттү. Ар кандай болот экен. Бирде төө минесиң, бирде жөө жүрөсүң. Адамдын психологиясы ушундай болсо керек. Түрдүү мамилелер болот, бирок, мен бирөөсүнө дагы көңүл бурган жокмун. Жакын туугандарыңдын да мамилеси башка болуп калат. Эң негизгиси, досторуң аябай азаят экен (күлүп), телефонум да тынчып калды. Бийликте жүрүп, түшүп калсаң, кадимкидей адамдардын сага болгон мамилесинин өзгөргөнүн байкайсың. Саясатта мурда сени менен иштешип жүргөндөрдүн ичинен адамгерчиликтүүсү бар болсо, жогорку кызматка көтөрүлүп кетсе да, "Ал-акыбалын сурап коёюнчу" ,-деп сөзсүз ойлонот. Бийлик адамда дайым эле боло бербейт. Ошондуктан, кандай гана учур болбосун адам болуп калуу керек.
- Генерал болгусу келбеген солдат жок. Сиз Премьер-министрликке чейин жеттиңиз, балким, Президент болгуңуз келет?
- Президенттин жоопкерчилиги опол тоодой. Мына бүгүнкү күндө мамлекеттин деңгээли кандай болуп жатат? Мамлекет, эл кыйналып жатат. Мына ушунун баарына сен гарант болосуң. Ошондой, тоодой жүктү көтөрүш бүгүнкү күндө оңой-олтоң эмес. Президент болом деп бир жак жагын эле ойлой бербей, жоопкерчилигин сезе билиш керек. Президент болсом эле жыргайм деген туура эмес. Президент болушум керек деп жулунбайм деле. Эгер Кудай Таалам буюруп койгон болсо, элим үчүн дагы деле кызмат кылууга даярмын.
- Маектешүүбүз айымдардын майрамына туш келди. Аялзатына эмне каалайсыз?
- Биринчиден, айымдарды 8-март майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Айымдар - турмушка бакты-таалай алып келген жан. Баарыбыз апага жакынбыз. Ар бирибиздин жарыбыз бар. Аялзатысыз бүгүнкү күндө жашоо жок. Үйгө келсең жадырап-жайнап жылуулукту берген да аял. Айта берсек, баа жеткис сөздөр да жетишсиз болуп калат. Бекеринен жерге жан кирип келе жатканда, 8-март белгиленбейт болуш керек. Аялзаты ар бир адамга өмүр берет. Ар дайым жылуу мээримиңиздерди төгүп, бар болуңуздар. Жерибизде тынчтык, элибизде аманчылык болсун!

Айзирек Келдибаева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??