Мистер сүйлөйт

Алекс:
"Курманжан Датка тууралуу ырдайм"
Эки айдан бери элдин көңүл борборунда болуп келген "Мистер-шоу-бизнес" долбоору да аяктады. Жеңүүчү табылды, ал - Алекс. Улуту орус болсо дагы, жүрөгү кыргыз деп соккон мистер жигит менен чакан маек курдук.

- Алекс, шоу-бизнестин-мистери болушуңуз менен куттуктайбыз! Даярдактыктар кандай болду, жеңем деп ойлодуңуз беле? Сахна артында кандай кыйынчылыктар болду?
- Чоң рахмат куттуктооңузга. Мен үчүн бул күтүлбөгөн нерсе болду. 10 ырчынын арасына киргениме эле сүйүнүп жүргөм. 47 жигиттин ичинен онго илешиш дагы оңой эмес. Кыргыз элим колдоп келди, Кудайдын буйругу экен, күтүлбөгөн жерден бул наамга жетип отурам. Бул бир эле менин жеңишим эмес, баарыбыздын жеңишибиз деп эсептейм. Бирок катышуучулардын баары таланттуу. Бирин да таарынтпай, баарына ар кандай наамдарды беришти. Бийлерди бөлүштүргөндө, мага кыргыз бийи туура келди. Анан Алайлык Исмаилов Марат деген досум: "Сен утасың, бий бөлүштүргөндө дагы кыргыз бийи туура келди, элдер дагы сени аябай колдойт",- деп калды. Бирок мен жеңишке жетишем деп ойлогон эмесмин. Жыйынтыкты укканда абдан кубандым. Көпчүлүк айтты: "Мен кыргыз элимдин алдында таазим этемин",- дегенди уккандан кийин, залда отурган чоң инсандар: "Ушундай да чындык болобу ?"-деп айтышыптыр. Баары эле азыркыга чейин:"Сен татыктуусуң" -деп айтып, куттуктап жатышат.
- "Калыстар тобун түзөбүз" деп, ким сунуш киргизди?
- 23-февралда катышуучулар бир жерде топтолуп отурушкан экен. "Тез келе кал" деп мени чакырышты. Барсам ырчылар келип-кетип жатышыптыр. "Калыстар тобун түзөлү" деп айтып калышты. Себеби, кимдин акчасы көп болсо, ошол жеңишке жетишип калат экен. Атын айтпай эле коёюн, бирок элдин баары эле билсе керек, бир катышуучу билеттердин көпчүлүгүн сатып алып коюптур. Анан калыстар тобун түзгөнгө көпчүлүгүбүз макулдугубузду бердик. Мисалы, менин өкүлүм мага "5" койсо, калганы талантыңа, аткаруучулук чеберчилигиңе жараша коёт. Баарыбыз тең калыстар тобун түзүп бериңиздер деп кол коюп, НБТ каналынын жетекчилигине кайрылганбыз, алар биздин суранычыбызды аткарды. Негизи, конкурстарды уюштурганда, кимдин билети көп болсо ошол жеңет кылбай, калыстар тобун түзсө, ошондо калыс, таза өтөт деп эсептейм. Эч кимисинин көңүлү калбасын деп байгени таратып бердим, өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Мен акчасына кызыккан эмесмин, эң негизгиси, мага наам маанилүү эле.
- Конкурска катышканга канча каражат жумшалды?
- Көп эле акча кетти. Бирок мен эсептеген жокмун. 10-15 күндөй катуу даярдандык. Кыргыз бийин үйрөткөн агай-эжейлерге төлөдүм. Майда-чүйдөлөрдөн бери эсептегенде, бир топ эле сарпталыптыр. Мага наамым эле калды.
- "Акыйнекти" көрүш үчүн атайын барышкандар бар эле, аны "алып салсын" деп ким айтты?
- Эркек болуп туруп, бири-бирибиз менен айтышсак, бир кызыктай болот экен, ошондуктан, баарыбыз эле макул болгонбуз. Бирок, баарыбыз эле даярданганбыз, кийин алып салдык. Акыйнек айтышкан аял кишинин иши го.
- Башында НБТ каналы "катышасыңбы?" деп сурады беле?
- Сурашкан. Мен дароо эле макулдугумду бердим.
- Добуш берүүдөн канчанчы болуп өттүңүз?
- 3000ден ашык добуш менен төртүнчү болуп өттүм окшойт.
- Ильяз эмне үчүн катышпай койгонун билбейсизби?
- Былтыр кайсы бир гезит тарабынан "Жылдын ырчы мырзасын" албады беле, утпай калсам уят болуп калам деп катышпай койсо керек. Негизи, гезиттер ар нерсе деп жазып жатышат. Чыныгы себебин билбейт экенмин.
- Шоу-бизнестин-мистери деген өтө жоопкерчиликтүү наам, мындан ары кандай кадамдарды коёюн деп жатасыз?
- Быйылкы жыл Курманжан Датканын жылы эмеспи, ошого карата жакшы-жакшы салтанаттар, конкурстар өтөт экен. Ошого карата даярданайын деген ниетим бар. Курманжан Датка жөнүндө ыр жазсамбы деп турам. Ата-энеси жок чоңойдум, өзүмдүн эмгегим менен, элимдин колдоосу менен ийгиликтерге жетишип келе жатам. Дагы бир ирет айткым келет, кыргыз элимден айланып кетсе болот. Талантты баалаган, калыс эл. Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретсем деген максатым бар. Демөөрчүлөр чыкса, мен даярмын. "Жаңы толкун" эл аралык конкурсуна барсам, жок дегенде экинчи, же үчүнчү орунду алам деп ойлойм. Көп жылдан бери кафеде ырдайм. Вокал жагынан калыптанып калдым десем жаңылышпайм.
- Курманжан Датканын жердеши болгон үчүн, ал тууралуу ырдайын деп чечтиңизби?
- Курманжан Датканын урпактарынан болуп кетем. Айтылуу Алай жергесинде төрөлүп-өстүм. Экинчиден, кыргыз эли сыймыктанган кайталангыс адам болгон. Бөлүнүү деле оюмда жок. Ар бир кыргыздан: "Курманжан Датка ким болгон?" -деп сурасаң айтып берет. Биз андай адамдарды даңкташыбыз керек.
- Айымдарга болгон майрамдык куттуктооңуз.
- Бардык асылзат айымдар, 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм! "Эненин таманында бейиштин төрү" деп коёт, ошондуктан, энелер көп жашасын. Дайым биздин жашообузду жазга айлантып, айымдар мырзалардын бактысына бар болсун!





  Куудул арызданганда

ТАЛАНТ АНАРБАЕВ:
"Концертимде эки киши өлдү"
Бул инсан белгилүү адамдарды туураган жактан кишини алдына салдырбайт. Атына заты жарашып, таланты менен кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө айланган. "Бешиликтен" чыккан белдүү куудул өзүнүн акыркы жаңылыктары менен бөлүшкөнгө редакциябызга келиптир.

- Бишкекке кош келиңиз, качан келдиңиз?
- Бишкекке кош келдим, 23-февралдан тартып бул жерде жүрөм. 24-25-февралда ар бир айдын жыйырма бешинде болчу концертке атайын келдим. Рахман Раззыков менен бирге жаңы долбоор баштадык. Кийинки айлардан баштап эң жакшы өткөргөнгө аракет жасайбыз. Өзүм дагы март, же апрелде болчу жеке концертиме катуу даярданып жүрөм. Элдерге жеке концерт деген ушундай болуш керек деп көрсөтөйүн деп жатам. Бир ырчы, же куудул болобу жеке концерт деп чакырат, барсаң 20 артистти топтоп алат. Ошондуктан, 3 саат өзүм жалгыз, бир башкача концерт берейин деген оюм бар.
- Кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Мен акыркы күндөрү "Супер-Инфо" гезитине өлө нааразы болуп жүрөм. Албетте, жамандагандан алысмын. Үч-төрт ырчыны кайра-кайра эле чыгара беришет. Өткөндө жыл жыйынтыгын чыгарганда, "Супер куудул" наамын кечээ эле чыккан КВНчи Азамат Исмаиловго берип коюшту. Тынар катышуудан баш тартса, мен бул наамдын ээси болом деп жүз пайыз ишенген элем. Азамат таланттуу эле бала экен, бирок ал мендей болуп эки-үч саат тынбай элди күлдүрө элек да. Беш-алты бала менен чыгып, он мүнөттөй бир нерселерди аткарып коёт. Мен сахнада жүргөнүмө он жылдан ашты. Ал гезит мамлекеттик гезит эмес, ал ким эле деп өзүмчө ойлонуп коём. Же бир "Даңк" орденин бербесе, КРнын Эмгек сиңирген артисти деген наам эмес го деп өзүмдү-өзүм сооротуп койдум. Атайын самолёт менен Оштон учуп келгем, жок дегенде ошол концертти КТРден бергенде, менин аткарганымды кыскартпай эле коюшпайбы? Мен жаш бала эмесмин да, туурабы? Ачык айтайын, ушуга нааразы болдум. Куудул менен КВНчинин айырмасы бар да. Андай боло турган болсо, жалаң "ТамаШОУдагы" командалардан "Супер КВНчини" тандашпайбы? Ошондо чындыкка, калыстыкка жакыныраак болот эле. Мен кыйын куудулмун деп айтпайм, бирок эл таразалап алат. Мисалы, мен көп саясатчы, ырчы, актёрлорду, Президентти туурап жүрөм. 15-20 адамды өзүндөй кылып туурай алам. 6-классымдан бери сахнада жүрөм. КТРден да такыр эле чыгарышпайт. Үч-төрт продюсер ээлеп алышкан. Өзүнүн балдарын кечке чыгара беришет. Концерт коёюн дегенде, акчасын төлөп чыгарам. А мындай программаларына дегеле чакырышпайт. Толтура таланттуу балдар бар. Аларды биз көп тааныбайбыз, себеби, алардын КТРде иштеген продюсери жок. Жакында мен беш күн Ошто концерт койдум, эки адам өлдү. Күлө берип ичегиси үзүлүп кетиптир. Тамаша. Зал толду, эл баалап, жакшы сөздөрүн айтышты. Теледен чыкпасаң деле, баары бир эл сенин талантыңды баалайт экен. Концерттерибизди "пираттык" дисктерге чыгарып, элге таратып жатышат. Ошондуктан, мени Москвадагы мекендештер да жакшы тааныйт экен.
- Алдыга кандай пландарды койдуңуз?
- Борборго көчүп келейин деген жакшы пландарым бар. Бишкекте жашасам чыгармачылыгыма да жакшы болот экен. Өзүмдүн дагы чакан бизнесим бар, ошону караганча Ошто жашадым эле. Күн жылыса, буюрса, бул жакка келем.
- "ТамаШОУга" келген элди көрүп, кайсы бир куудул: "Ичим күйүп кетти, биздин концертке эл мынча келбейт го",- деген эле…
- "ТамаШОУ" КТРден тынбай берилип жатат, жарнама жакшы. Ошондуктан, эл толот. Канча команда ойносо, ошончо окуу жайдан колдогону келишет. Бизден кийинки чыккан куудулдар кыска-кыска күлдүрбөй, айтайын деген оюн узакка жеткирсе, ойноп жаткан сатирасынын кандайдыр бир мааниси болсо жакшы болот эле. 2011-жылы, Кудай буюрса, чоң-чоң долбоорлорду уюштурайын деп турам.
- Ар бир айдын алтысы, жыйырма беши, куудулдар экиге бөлүнүп алып, концерт коюп жатышат.
- Эми ар ким өзү билет, кантип концерт коюшту. Ар бир айдын жыйырма бешинде болчу концертке мени Рахман Раззыков чакырды, катышып жатам. Концертке эл келип жаткан болсо, демек, элге жагып жатат. Ар биринин өзүнүн күйөрмандары бар. Мен башында "Ар бир айдын алтысына" катышпагандан кийин, катышпай эле коёюн дедим. Балким, келечекте иштешип калышым мүмкүн. Бир да ырчыны, куудулду бөлбөйм. Бардыгы менен жакшы мамиледемин. Жыйырма бешинде болчу концертке Санжар Бердибеков, Дөөлөт Мадымаев, "Жоролор" жана башкалар катышат. Биздин өзгөчөлүгүбүз, бизде ырчыларга караганда көбүрөөк куудулдар болот. Биз көбүрөөк саясат тууралуу сатираларды ойнойбуз. Ага элдин көйгөйүн кошо кеткенге аракет жасайбыз. Ар бир айдын бешинде, он бешинде, жыйырма бешинде концерт бере беришсин, ошондо атаандашуу болуп жакшыраак иштешип, өсүү болот деп ойлойм.
- Чоңдорду көп туурайсыз. "Президент сиз менен байланышып жатат",- деп да чыктыңыз. Коркутуулар болгон жокпу?
- Жок, коркутуулар болгон жок. Мындан он жыл мурда Акаевди, андан кийин Бакиевди туурап келдим. Отунбаеваны туураганда, студияга барып сүйлөп берип кетип калгам, кийин балдар монтаждап коюшуптур. Өзүнүкүнө коюп алышса, баарына жагып, блютустан өткөрүп алышып жатып, Кыргызстан боюнча тарап кетиптир. Элге жаккан үчүн тарап кетти болуш керек. Путинди, Медведевди Максим Галкин туурап жүрөт. Алар аябай жакшы кабыл алышат. Биздин Президентибиз абдан гумандуу аял экен. Тамашаны туура эле кабыл алыптыр.
- Азыркы жаш ырчыларды дайым сындап эле жүрөсүз.
- Азыр компьютерден үндү жасатып алышып эле, баары жылдыз болуп жүрүшөт. Көрүүчүгө караганда ырчы көп. Тойлордо, концерттерде, тааныган, тааныбаган ырчылар жүрүшөт. Арасында таланттуусу беш-алтоо эле. Жандуу үн менен ырдатсаң ырдай алышат. Калгандары аман эле болушсун. "Кытайдын лампочкалары". Жандуу үн менен концерт коюшпай, техникага шылтап коюшат. Филармонияда тирүү үн менен сопсонун эле коюп жатышпайбы. Бул жөн эле шылтоо. Эгер жалаң тирүү ырдаганга өтүшсө, козу карындай болгон ырчылар азаят деп толук ишенем.
- Кайсы саясатчынын үнүн туураган кыйын?
- Мен азыр Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековду туурай албай жүрөм. Үнү кадимки элдин үнүнө окшошуп кетет. Өзгөчө үндөрдү туураш оңой. Мисалы, Отунбаеванын үнү өзгөчөлөнүп турат. Бирок, Ахматбек аканы туураганга аракет кылып жүрөм. Буюрса, концертимде туурап калам деген оюм бар.
- Кыргыз тили жөнүндө сатираңыздын идеясы качан жаралган?
- Азыркы учурда Оштогулар өзбекче, Бишкектегилер сөзсүз орусча кошуп сүйлөшөт. Бешиктен бели чыга элек баладан баштап, айылдагы чал-кемпирге чейин баары тең таза кыргызча сүйлөй алышпайт. Кыргызча сүйлөп койсоң, Бишкектегилер "Колхоз" дешет экен. "Улут болсоң тилиң менен улутсуң",- деп коюшат эмеспи, биз эне тилибизди сүйүп, өз тилибизди өнүктүрбөсөк, жоголуп кетүү коркунучунда турат. Ошол сатирам аркылуу болсо дагы, кыргыз тилин сүйүүгө чакырганга аракет кылдым.
- Эркин микрофон.
- Айымдарды майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Биз, эркектер, сиздер бар үчүн барбыз. Баарыбыз энеден жаралганбыз. Андыктан, айымдарды сыйлап, аларды таарынпаганга аракет кылалы.


Айзирек Келдибаева