п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Айымдар бар-биздин жашоо салтанат

"Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер,
Жазды силер, силер алып келдиңер"
Жаз менен аялзаты көп жерден окшошуп кетет. Мисалы, жаз мезгилинде табигат өзүнүн сулуулугуна тамшандыра турган болсо, аялзаты да жазында бүрдөгөн бактын гүлүнө окшоп ачылып, эркектерди тамшандырып келишет. 8-март -бүткүл дүйнөлүк айымдардын Эл аралык майрамына карата ар кандай шаан-шөкөттөр өтүп, ар бир эркек өзүнүн жанынын жарымын бир жылда бир келчү майрамы менен куттуктайт эмеспи. Биз, аялзатына тиешелүү кээ бир макалдар менен төкмө акын Э.Иманалиевге, ырчы М. Осмоновго кайрылдык.

Элмирбек Иманалиев:
"Аялдын баркын билишпейт, Акылы тайкы жамандар!"
- "Аялсыз үй-суусуз тегирмен менен тең"
Эгерде аял болбосо,
Эркектин күнүн ойлосоң?
Жыртыгыбыз жамалбай,
Жыргатып жанды багалбай,
Чак түштө ичиң курулдайт,
Чай иче берип карандай.

Топчуну туздөп тагалбай,
Тойгузуп жанды багалбай,
Топозго окшоп эркектер,
Тоо-тоодо жүрмөк шамалдай.
Ааламдын көркү аялдар,
Аял бар жерде, адам бар!
Аялдын баркын билишпейт,
Акылы тайкы жамандар!
- "Аялдын жаманы атыңды булгайт"
Жакшы болсо аялың,
Жаныңдын жашыл көктөмү.
Жыргалды көрүп жашоодон,
Жылдызың болот көктөгү.

Жаман болсо аялың:
Жан дүйнөң ооруп чөккөнү.
Жакынга, жатка кошулбай,
Жарыгың жүздөн өчкөнү.
Өзүңдү өзүң жей берип,
Өмүрдүн текке өткөнү.

- "Эне өлсө -төркүн жок, ата өлсө - тууган жок"
Басса да, турса кагылып,
Баласы эстен чыкпаган.
Чакчыгай куштай сабылып,
Чайнаганын жутпаган.
Бир далай түндү күзөтүп,
Бир көзүн ачып уктаган.
Энедей ыйык таппайсың,
Ак сүтү сага аманат,
Актабай койсоң жаман ат.
- "Эне көөнү -бешикте, бала көөнү - эшикте"
Ооба,
Эненин көөнү бешикте,
Баланын көөнү эшикте.
Тууп өстүргөн балдары,
Туш-туш жакка кетишсе.
Ойлонуп көрсөк туугандар,
Ошонун өзү нак кайгы.
Канаты аял турмуштун,
Карасак бардык жактарды.
Ал тургай айрым өлкөнү,
Аялдар мыкты башкарды.
Андыктан, аял үмүтүн,
Ар убак биз да актайлы!
Эркекмин деп элирип,
Энтеңдеп бекер шашпайлы.
Эшикте эркек, үйдө аял,
Бизди,
Энелер багып жатпайбы!
- "Жакшы аял жаман эркекти эр кылат..."
Ар убак, ар-кыл заманда,
Ардактуу асыл аялга.
Жакшымын деген эркектер,
Жакшылап көңүл бөлүшсө…!
Аябай ичиң ачышат,
Аялдар көз жаш төгүшсө.
Эркектен эч ким чыга элек,
Энелер чыккан өрүшкө.
Билишет эле эркектер,
Бир эле төрөп көрүшсө…!
- "Энеси болушчаактын кызы ыйлаак"
Энеси турса болушуп,
Эрке кыз турмуш күтө албайт.
Эмшеңдеп биртке арманын,
Эрине айтып бүтө албайт.
- "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?"
Кыз кезде жакшы баарысы,
Жаман катын кайдан дейт.
Кыздын бир жаман болмогу,
Кыз барып түшкөн жайдан дейт.
Же,
Кымырып жаман кыялын,
Кыз кезде айткан көп сөздүн,
Кыйласы эле жалган дейт.





Майрамбек Осмонов, ырчы, обончу:
"Аябай окшош сегизге,
Аялдын дагы бели ичке"
- Аял эркектин кабыргасынан жаралганбы?
- Кыргызда, "Кабыргам менен кеңешейинчи"-деген, "аялың менен кеңеш", - деген сөз. Ушул жерден эле чындык чыгып атпайбы. Кудай таала эркектердин кабыргасынан аялды жаратыптыр. Кабырга кандай ийилип турган болсо, аял да ошондой ийилип турат. Эгер аны түздөйм десеңер сынып калат. Аялдар ошон үчүн назик, эркекке караганда мээримдүү болуп калган.
- Аял сойку, аял-ууру, аял- бийлик! - дегенге өз оюңуз?
- Шарияттын негизинде алып көрө турган болсок, аялдарда бийлик бар. Алар эркектен, бала-чакасынан болгон урмат-сыйды өзүнө сиңирип алуу гана бийлигине ээ. Жакшы сөздүн кулу болуштун бийлигинин ээси деп койсок да жарашат. Аял сойку деген, ар бир адам ойлонбой туруп, акмакчылык деп айта берген нерсе эмес. Мунун ошого чейинки сойкулуктан да жаман ойго алып келе турган ойлор бар. Мисалы, турмуштун кыйынчылыгынан болобу, же эне эркекке караганда мээримдүүрөөк. Балким, баласы ачкадан өлгөн атабы, ошондуктан сойкулукка бардыбы?-деген суроолор толтура жатат. Бул жерден бир нерсени унутпаш керек. Ал, мисалы, өзүнүн жанын кечип, жаман ишке барып, кыйын ахыбалды сезип аткан болсо, ошол эле учурда сойку менен болуп аткан эркек мен жыргадым деп назданып атпайбы, ошол аял сезген сезимди эч унутпаш керек. Ушундай ишке мен бардырып атам деген нерсени унутпаш керек. Уурулуктун - ойноштук кылып, калп сүйлөгөнгө караганда, күнөөсү жеңилирээк болуш керек деп ойлойм. Элдин башында туруп калп сүйлөп, калп жол менен, сыянын учу менен элдин мээнетин жеген-эң жаман нерсе.
- Анда бийлик башында турган айымдарга болгон көз карашыңыз тескери турбайбы?
- Бул жерде аялдар тарабынан, "Эркектер коррупцияга малынып эле, эч нерсе кыла албаса, бийликти аялдарга берип көрдүк да", - деген пикирлер болушу мүмкүн. Таңкы саат төрттө ыйлаган баласын караган эркекти көрө элекмин. А эне таттуу уйкусун бузуп, бала үчүн турат. Ушундай мисалдарды алган учурда, балким, аялдардын жоопкерчилиги эркектерден жогору турат деген тыянак чыгарсак болот.
- Азыр аял базарда, эркек казанда болуп калбадыбы?
- Эркектердин тамак бышырганы, казан жууп, үй шыпырганы шариятта күнөө эмес. Аялынын батинкесин жууп, кийип кете турган жакка каратып койсо да, сооп иш болот.
- Анда шариятта аялы күйөөсүн багыш керек болуп калабы?
- Жок, бул жерде аялдар айла жоктон базарга чыгып атам дегендер аз да. Кээ бирлери базарга чыкпай койсо, үйдө чыдабай калышы мүмкүн. Чынында эле, тамакты аялдан да мыкты жасаган эркектер бар. Базар экономикасы аялдын кыймыл-аракетин көп талап кылган мезгил да. Мисалы, эркек тура берет, өңдүү-түстүү аялдардан соода кылышат.
- Азыркы заманда эркек күчтүүбү, же аялбы?
- Эгер эркектер ырыс көтөрүмдүү, салабаттуу болсо, сөзүнө туруп, бирөөгө кыянаттык, ичи тардык кылбаса күчтүү болот. Эгер өзүнүн көзүн башкара албаса, балдарын ыймандуу тарбиялай албаса, эркекти сыйлап, өзүнүн көз карашын эне катарында өзгөртүп, ар бир нерсени эне катары карай турган болсо, аялдан күчтүү эч нерсе жок.
- Эмне үчүн көп акын-жазуучулар жазды айымдарга салыштырып келишет?
- Себеби, эркектер өзүбүз кышка окшогон калк болобуз да. Муздак, кышта бир жылуу, бир суук болгондой эле, эркектер ошол кыш сыяктуу оомал-төкмөл, тоңсок кайра эрибейбиз. А аялдар болсо, эркекке караганда мээримдүү болот. Аялдардын сулуу көрүнүшү жазга окшош. Жазында бактар бүчүр байлап, гүлдөр гүлдөгөн маалды аялзатына салыштырган.
- Аялзаты гүлгө жакын келет...
- Туура, биз, эркектер, тикенекпиз да. Бизди калың нерсе менен кармаш керек. Аялдарды эркектер жыттай турган нерсеге салыштырып, гүлгө теңеп келишет.
- Аял деген сөздү укканда, эмне оюңузга келет?
- Эң биринчи такыр сезимиме туура келбеген бир ааламды, бийиктикти элестетем. Ал бийиктиктин чокусунда дайыма апам турат.
- Кыргыз ханышаларына болгон майрамдык каалооңуз?
- Барчынбек Бугубаевдин төрт сап ыры менен куттуктагым келип турат:
Аябай окшош сегизге,
Аялдын дагы бели ичке.
Сопсонун болуп кыялда,
Албырат сулуу периште.
Жакшы да майрам, негизи,
Жаңырган марттын сегизи.
Жарашкан өмүр тилеймин,
Жароокер кыргыз периси!
Бардык "Обондун" окурмандарына, энелерибизге, эже-карындаштарыбызга чын жүрөктөн таазим кылам. Энелерибиз, эже-карындаштарыбыз бар дүйнөнүн сулуулугу сакталат. Сиздер бар, биз, эркектер, жакшы үмүт менен алдыга жакшы максаттарды коюу менен жашап келебиз. Жашасын, дүйнөнүн аялзаттары!





Аялзаты тууралуу афоризмдер:
Клеопатранын мурду бир аз жалпак болгондо эле ,жер шары башкача болмок.
(Аксель Оксеншерна)
Аялга ашкере урмат-сый жасаган эркек, өзү жасаган сыйды аялдан анда-санда көрсө көрөт, көрбөсө жок.
(Жозеф Аддисон)
Аялдар бири-бирин көрө алышпайт, бирок болушканга келгенде баары кыйын.
(Дени Дидро)
Аялды же сүйүш үчүн, же ичи-койнуна кириш үчүн танда.
(Нинон де Ланкло)
Үй эркек үчүн түрмө, аял үчүн түйшүгү
түгөнбөгөн ишкана.
Генри Уиллер(
Аялды элеттин жашоосунчалык эч герсе карытпайт.
(С.Г. Колетт)
Аял жоктон барды кылган үч нерсе бар: көйнөк, салат, чыр-чатак.
(Жон Барримор)
Эркек ойлонот, аял ойлонуп атам деп ойлойт.
(Оскар Уайльд)
Эркек кандай аялга туш келсе да бактылуу, а сүйгөнүнө туш келсе, шору катат.
(Оскар Уайльд)
Эч бир айбан ургаачысын урбайт, адамдар гана урат.
(Жорж Куртелин)
Тамакты мыкты жасаган аял, тамакты мыкты жеген күйөөгө жолугат.
(М.Шевалье)
Жаш кыздын жүрөгү окула элек китептей эле.
(М.Прево)
Бизге эң мыкты энелерди бергиле, биз мыкты эл болобуз!
(Ж.-П. Рихтер)

Төлөбүбү Касымалиеваа






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??