Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 2
Назира Бердигулова:
"Бетим, бутум
жана тилимен корком"
Учурда ырчылар жамгырдан кийинки козу карындай болуп быжырап чыккан сыяктуу эле, кинолор да ошондой бат-бат чыгып калбадыбы. Бирок, алардын ичинде жаштардын арасында жакшы ой-пикирлерди жаратып жаткан мистикалык кино "Кандуу сүйүү-2ни" көрбөгөндөр калган жок болуш керек. Аталган тасмадагы зордуктайм деп далалат кылган жигиттин сүйлөшкөн кызынын ролун жараткан Назира Бердигулова жөнүндө сөз болмокчу.


Блиц-анкета:

Аты-жөнү: Бердигулова Назира;
Туулган жылы: 7-январь, 1989-жыл;
Жылдыз белгиси: Текечер;
ЖОЖ: Кыргыз Мамлекеттик Курулуш жана архитектура университетинде 4-курста окуйт;
Аткарган кинолору: "Кандуу сүйүү -2", "Алыкулдун сүйүүсү", "Жашоонун философиясы";
Учурда: "Комуз Твнын" алып баруучусу.

Кара көйнөк кийип чыксам, кырктагы аял деп ойлошчу
"Куликов тортунун" жарнамасына тартылганга сунуш түшүп калып, жарым жыл бою өзүмдү жарнактардан көрүп жүрдүм. Андан кийин "Бозо-шоро" фирмасынан рекламалык жарнакка тартылууга сунуштар түштү. Алып баруучулук кичинемден эле бар. Мектепте жүргөндө эле Таластагы жаштардын лидери болуп жүрдүм. Андан соң, НБТдан Нурдин Нурманбетовичтин "Музбелек" деген долбооруна кароо-сынак жарыяланып, кароодон өтүп кеттим. Ошентип, "Музбелек" долбоорунда 7-8 ай эмгектендим. "Музбелекти" кара көйнөк, ак костюм кийип, чачымды түйүп алып алпаргандыктан, көбү аялдарга окшоштура беришчү. Бир жолу апам менен Көлгө эс алганы барсам, бир бала:"Мен сизди телевизордон көргөм. Жапжаш эле кыз турбайсызбы, телевизордон 30-40тагы аялдардай көрүнөсүз", - деп ыңгайсыз абалга калтырган.

Б.Бекешов менин эки жакта иштегенимди жактыра берген жок
Апрель окуясынан кийин ишибиз алдыга жылган жок. Өзүм студент болгондуктан, акча маселесинен кыйналдым. ЭлТРдин директору Шайырбек мырзага жолугуп калып, чакырып калды. Ал жактан "Кутман таңды" алып барып жүрдүм. "Комуз ТВдан" "Таңкы тамаша" деген көрсөтүүнү да алып бара баштадым. Анан Бейшенбек Бекешов деген байке ал жакта иштегенимди өтө жактыра берген жок. "Назира, эки жакта иштеген болбойт", - дегенинен ал жерден кетүүгө аргасыз болуп калдым.

Бирөөнүн кол алдында иштегенден тажадым
Чынын айтсам, бирөөнүн кол алдында иштегенден тажадым. Эми,тескерисинче, адамдардын мага иштегенин каалап жатам. Буюрса, өзүмдүн долбоорумду ачканы жатам. Жашым 20да болсо да, ал долбоордун үстүндө изденип чуркап жүрөм. Долбоор "Алтынчы күнү кечинде" деген аталышта болот. Буюрса, бир жумадан кийин эфирге чыгат. Эмгек сиңирген артисттерди конокко чакырам. Талыкпай эмгектенген адам, ийгиликке жетет. Аталган долбоор бир жумада бир жолу болот. Башка эфирге чыкпай, өзүмдүн долбоорум менен гана иш алып барып, өз кесибим менен эмгектенейин деп жатам.

Киного тартылам деп, алты килограммга семиргем
Жаныш Кулманбетовдун ал киносуна М.Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайында сынак өтүп жатыптыр. Көчөдөгү менин сүрөтүм илинип турган жарнактар мага жардам берип кетти. Ар бир адам эле актёр боло бербейт деген үмүттө жарнакты жамынып алып баргам. Мен өзүм арык болчумун. Жаныш байке: "Сен спортсмен кыздын ролун аткарасың, семиришиң керек" - дегенинен, күнүгө пицца жей берип, алты килограммга толгом.

Жаа менен Уландын көкүрөгүнө атам деп мойнуна атып алып, ал кулап калып…
Өмүрүмдө кармап көрбөгөн жааны биринчи жолу атканда Уланга тийип, ал кулап калды. Ошондо, коркконумдан жааны таштаган боюнча качып кетип калдым. Бир киного тартылам деп адамды өлтүрүп алсам эмне болмок? Негизи, мен Уландын сол көкүрөгүнө атышым керек эле. Сол көкүрөгүндө сактоочу бир нерсе бар болчу. А мен ал жакка атпай, моюнга атып салгам. Баары эле ал балага чуркап барды. Вагондун аркасынан карап турсам, жини менен мени карап туруптур. Ал бала менен сьемка башталганда эле тил табыша албай калгам.

Мени зордуктайын деген Уланды эки санынын ортосуна тээп салдым
Мени зордуктай турган жери бар эмеспи, мени диванга ыргытып, денемди катуу кармап кирди. Акырында ыйладым, анан эки санынын ортосуна тээп салдым. Он бир жолу операция болгом деп ыйлактап кирди. Ошол киного тартылам деп, ден соолугумдан ажырап кала жаздадым. Күн суукта, кинодо кайыкчы зордуктайын деп көлдүн жээгине алып барган жери бар, ошондо да кайыктан сууга түшүп кеткем. Биринчи кар жааган болчу. Кийимимдин баары суу, эшик болсо суук, биз тартылып жаткан мейманканага барыш үчүн 35 минута басыш керек. Жеткичекти муз болуп калгам.

Ыйлагандан рахат ала баштадым
Биринчи образга кире алчу эмесмин. Айрыкча, ыйлаганга келгенде көп кыйналдым. Аягында көзүмө глицерин куюп ыйлатышты. Көз ачышып, жаш чыгып кетет экен. Андан кийин ыйлагандан рахат ала баштадым. Азыр мурдумду тырыштырбай жакшынакай ыйлаганга үйрөндүм. Өзүм тырышчаак болгондуктан, бир бет алган ишимди аягына чыкмайын тытынып иштейм. Бул жашоодо эч кимден коркпойм, болгону бетим, бутум жана тилимен корком.

Нурдөөлөт Копоев абдан темпераменттүү экен, ал кучактаганда…
"Жашоонун философиясында" Нурдөөлөт Копоев менен аткардым. Экөөбүздүн "Сүйүү паркында" кучакташкан жерибиз бар болчу. Өзү да абдан темпераменттүү экен, назик колдору менен кучактаганда, денемен кумурска чуркап кетти…
Даараткана жок экен, бактардын арасында отурсам, адамдын бышылдаган үнү чыгып…
"Алыкулдун сүйүүсү" киносунда болсо, күз мезгили болуп калгандыктан, бактагы алмалар сонун болуп туруптур, арабанын үстүнө чыгып бирөөнү үзүп тиштээрим менен торпоктой болгон итти көрүп калдым. Алманы тиштеген боюнча, көзүм чекчейип туруп калдым. Түшө калсам эле ит мени жеп койчудай болуп жүрөгүм дүкүлдөп чыкты. Андан эптеп чуркап кетип, дааратканага баргым келип, талаада даараткана жок болгондуктан, бактардын арасына отурдум. Караңгы болчу. Бир маалда адамдын бышылдаганы угулат, селдейип туруп калдым. Көрсө, уй экен да.

Жолдошум биринчи аялына кетип калды
Жолдошум бар болчу, бирок азыр өзүнүн биринчи аялына кетип калды. Төрт жыл жашадык, бир кызым бар. Азыр сүйлөшүп турабыз. Ата-энем жөлөк-таяк болуп, бардык жактан мени колдоп келишет. Сьемкадан жаңы келсем, баарын телефондон чечип койду. Баары мени бактылуу деп ойлошот. Экөөбүз эч качан урушкан эмеспиз. Азыр эркектерден көңүлүм калып калды. Шахерезада деген кызым бар, 8000 сомдук бала бакчага барат. Эч нерседен кем эмес.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/11/0308_9.htm on line 61