п»ї

Интим жок акча тапкан
Консуматоршалар…
Акыркы күндөрү жеңил ойлуулук менен оңой акча тапкан кыздар көбөйүүдө. Кыздардын мындай иштерине бир туруп жиниң келсе, бир чети жүрөгүң ооруйт. Ал да бирөөнүн кызы, болочоктогу энеси, бирөөнүн өмүрлүк жары да… Моралдык байлыгы кем кыздар төмөндөгү маалыматты окушса, оңой жол менен акча тапкылары келишет. Андыктан, мындай маселе менен ар бир жаран күрөшүп, мамлекет кийлигишпесе, коом ичинде түнкү сойкулар эмес, "күндүзгүсү" да пайда болот. Дегеним, акыркы күндөрү алардын термини менен айтканда, "консуматоршалар" пайда болуптур.


Консуматорша дегени ким?
Акыркы күндөрдө шаардагы элиталык эс алуучу жерлерде, борбордогу караоке клубунда кеңири тараган кесиптердин бири болуп эсептелинет. Консуматорша өзү консумация (лат. consumo, "колдоном") бул кыздардын жардамы менен, интим жок, клиенттерден көбүрөөк акча таап алуу дегенди билдирет. Мааниси, жөнөкөй компания түзүүдөн баштап, интим тейлөөгө чейинки түшүнүктү камтыйт. Консуматоршалар ишти көзөмөлдөөчүлөр болуп эсептелинет. Тактап айтканда, эркектер ар кандай эс алуучу жерлерге келгенде, алардын көңүлүн көтөрүү үчүн администратор кыздарды сунуштайт, клиенттер тандашат, андан соң кыздар аларга жагыш үчүн бүт каалоолорун аткарышат: бийле десе бийлешет, ич десе ичип, тамеки сунуштаса, баш тартышпайт, караокеде ырларды ырдашат, кармашса катуу сүйлөшпөйт. Клиенттерге кыз жакпай калса, башкага алмаштырып алышат, мындай учурда консуматоршалар эч нерсе табышпайт, ошондуктан, ар бири менен тил табышуу- бул алгачкы милдети.
Акча табуунун оңой жолун издеген кыздар…
Мындай түнкү клубдарда иштеген кыз бир клиенттен 1300 сом алат, анын 400 сому клубда калат экен. Эс алган эркектердин көпчүлүгү жапон, кытай, же корей улутундагылар(алар отурганда акчага берешен отурушат), кыргыздар болсо сейрек кездешет жана чет өлкөлүктөргө караганда, тырышыраак болушат. Мындай жерлерде 18-20 жаштагы кыздар иштейт. Алардын арасында да ар кандай адамдар болот, кээ бирлери жаман сүйлөшөт, ал эми кээ бирлери тартиптүү болушат, бирок кыздар баардыгына чыдашат. Кыздар көпкө чейин ал жерде иштешпейт экен, көбүнчөсү акча керек учурда гана келишет. Мындай жерде иштеген кыздар баарына: алкоголдук ичимдикке, жаман шарттарга да көнүп калышкан. Кээ бир ичимдиктерди кыздар алышса, анын баасынын бир бөлүгү аларга жумуш акысына кошулат, демек, канча көп ичишсе, ошончо көп табышат. Бирок, бул дагы эң зыяндуусу эмес: мындай жумушта иштеген кыздарга ойнош болууга сунуштар, проституткага айланышына же интернет боюнча камера менен чет өлкөлүк клиенттер менен чечинип "сүйлөшүүлөр" боюнча сунуштар түшөт. Көпчүлүк кыздар бир жолу ушул жолго түшүп алгандан кийин, эси-дарты менен бузулуп кетишет.
Атайын контракт менен чет өлкөгө кеткен кыздар..
Кыргызстандан кеткен кыздардын көбү эле ажырашып кеткендер. Кыргызстанда бага турчу баласы бар, апасынын колунда. Мисалы: кыргыз кыздары Түркиянын ар кандай шаарларына келишим аркылуу кетишет. Кыздар барганда тосуп алышат. Система укмуш иштейт. Келчү кыздын жол билети алынат, жаткан жери даяр, иши гарантия, виза проблемасы болбойт. Бирок, келген кыз менен "келишим" түзүлөт. 4000 же 5000 доллар иштеп бериш керек "консуматоршага". Ал акчаны бир-эки айда табышат (Түрктөр ычкырына көп акча коротот). Бир айда аз дегенде 2000 доллар табышат. Сулуураак болсо, мындан көп деле табат. Ал жактагы консуматоршалар деле кыргыздар. Контракт боюнча консуматоршага акчасын таап бергенден кийин, эркиндикке чыгышат. Андан кийин өзүнүн бизнесин кылышат. Ал бизнес ар кандай болушу мүмкүн. Же бир түрк таап тийип кетишет, кээ бир түрктөр сезимтал болгондуктан, кыздарды мындай жолдон куткарып кетишет. Бирок, мындай учурлар абдан аз кездешет. Кээ бир кыздар андан ары улантып, өз бандасын чогултат. Өзү келген жолдор менен башка кыздарды алып келе баштайт. Эгер Кыргызстанда "түнкү көпөлөк" болуп иштебеген кыз келсе, "опытныйлар" жардам беришет. Алар барга алып барат. Бир-эки жумадан кийин өздөрү көнүп калышат. Адам баласы эмнеге гана көнбөйт. Мурда Кыргызстанда иштеп жүргөн кыз болсо, анда Түркия алардын "профессиясы " үчүн өзүнчө эле бейиш. Түрктөр мас болуп алып сабабайт, акча көп төлөйт, жагып калса, "ар дайым клиент" болот.
Виза алыш үчүн башка мамлекетке барып келишет
Алардын максаты көп акча табыш керек. Эмнеге дегенде ай сайын виза үчүн башка өлкөгө барып келиш керек. Мисалы: Түркиядагы кыздар Кипрга, же Россияга келишет. Лалели, Россияга текстил экспорт кылган район. Товарларды "карго" менен жибергиче, "челнок" менен жиберсең арзан болот. Биздин кыздар да ошол текстил жиберген фирмаларга барат, билет таап бер деп. Фирмалар арзан билет таап беришет, барып келгенге. Бирок "товар" менен чыгышат. Бир күн аэропортто жатышат скамейкаларда, акчасы бар болсо мейманканаларда, тааныштары болсо бир үйдө. Россиядан да башка жерлерге баргандар бар.
Виза үчүн "Жасалма нике" кылышат
Виза учун "Жасалма нике" кылгандар бар. Бирок алар үчүн бул "нике" азыр оор болуп калган. 3 жыл чогуу жашашың керек, "күйөөң" менен. УВДдан келип текшерип турушат. Адрес алмашса, айтып турушу керек. Үйгө келгенде "менттер" ваннада эки "тиш щётка" барбы-жокпу, бул экөө чын эле чогуу жашайбы деп текшеришет. Үйлөнчү эркектин жашы аябай эле улуу болсо, виза деле бербей коюшат, же эркектин "байлыгын" текшеришет. Менттердин текшерүүсүнөн өтөм дегендер "сүйүп" үйлөнүү шарт. 3 жыл бою ажырашышпаса, "атуулдук" алганга укуктуу болушат.
Башка мамлекеттерде мыйзам күч алууда
Азыр Түркияда "Диндар" партия болгондуктан, өкмөттө андай барларды, дискотекаларды жаба башташты. Анткени, уруксат берилген эмес. Түркияда "жалпы үй" бар. Эшигин "менттер" кармаган, доктурлар "кызматкерлерди"(үйдө иштеген аялдарды) ай сайын текшерген. Ошондуктан, "үйлөрдөн" башка жерде "сойкулук" кылсаң, мыйзам ченеминде жазага тартылышат. Кыргыз кыздары үчүн бул жаза- "5 жылдык депорт".




"Жасалма нике" тууралуу кыскача:
- Фиктивный брак- бул никенин юридикалык күбөлөндүрүүсү, үй-бүлө куруу максатында эмес, болгону кайсыл бир мамлекеттин жараны болуш үчүн, же мамлекеттик муниципиалдык тармактан жеңилдик алыш максатында түзүлчү нике болуп эсептелинет. Учурда бардык мамлекеттерде "Жасалма нике" жакшы өнүккөн убагы. Мындай көрүнүштү бардык мамлекеттерде колдонуп келишет. Мисалы: Орусия мамлекетинин жарым калкы "жасалма никени" туура кабыл алшат. Анткени, күнүмдүк маселелерди чечиш үчүн бул никени абдан ыңгайлуу деп эсептешет. Ал эми Германияда, аймактык жана укук коргоочу органдар "жасалма никени" жок кылуу үчүн катуу күрөшүүдө. Бул никени алдамчылык жол менен мамлекеттик жарандыкка ээ болуу деп эсептешип, каттоо жайларында мындай нике кылгандарга салык салышат. АКШда болсо, мындай никени кылмыш деп эсептешет. Бүгүнкү күндө АКШда мындай көрүнүш көп болгондуктан, сот аркылуу акчаларын кайтарып алышат. Бул тууралуу дагы мыйзамдар катуу иштешет.




Боз үй кимдики? Кыргыздыкыбы, же казактыкыбы?
Кереметтүү боз үй көптөгөн чет элдиктерди таң калтырып келет. Жакында, "Кыял" бирикмесинин директорунун радиодо берген маегин угуп калдым. Анын айтымында, Японияда өткөн, көчмөн элинин цивилизациясына арналган көргөзмөдө казак туугандар 60 тан ашык боз үй тигип, көргөзмөгө келгендерди таң калтырыптыр. Алардын айтымында, бул боз үй казактарга таандык экен. Баса белгилеп кетчү нерсе, ал боз үйлөр Кыргызстанда жасалып, казактар сатып алышыптыр. Мындай көрүнүштөр чет мамлекетте көп эле кездешкени маалым. "Кыял" бирикмесинин директорунун айтымында, боз үй, калпак, комуз сыяктуу улуттук баалуулуктарыбызды мамлекеттик деңгээлде тийиштүү мыйзам аркылуу патенттеп албасак, бул баалуулуктарды тарттырып жиберүү коркунучунда турабыз. Эгер, бизден мурун казактар патенттеп алса, биз алардын уруксатысыз жасоо, эл аралык көргөзмөгө алып чыгуу укугунан айрылып калышыбыз мүмкүн.

"Манасты" кытайлар талашкандай, боз үйдү казактар талашабы?
Акыркы кездерде чет элдиктердин, европалык, америкалыктардын көчмөндөргө таандык, боз үйгө болгон кызыгуусу өсүүдө. Буга далил боз үйдү интернет- дүкөндөр аркылуу Америкада сатылып баштаганы. Эң арзаны 3 миң долларды түзсө, эң кымбаты 28 миңди чапчыйт. Кардар өзү каалагандай көлөмдө, каалагандай заманбап материалдар менен ыңгайлуу кылып жасап бере алышат.Жакында боз үй боюнча немец журналы "Focus" жазып чыкты. Көрсө, Германияда боз үйдү ижарага алуу, ал эми Швейцарияда убактылуу жашоо мүмкүнчүлүгү бар экен. Маттиас Михель алгачкылардан болуп, Германияга Кыргызстандан боз үйдү алып барган. Бул немец, альпинист катары Ленин чокусун багынтканы келип, кыргыздын кийизден жасалган үйүндө жашаган. "Боз үй табигый материалдардан гана жасалган. Боз үйдү ижарага берип, бизнес баштоону чечтим. Азыркы убакта, көбүнчө жаратылыш койнунда тренинг, семинарларды өткөргөнгө алышат",-дейт ал.

Щвейцарияда боз үйлөр лагери ачылды
Ал эми швейцарка Андрей Вайбель да биринчи жолу боз үйдү Франциядан 2000-жылы көргөн. Мурун мугалим болуп иштеп жүргөн айым, 2003- жылдан баштап 20 үйдөн турган боз үй лагерин ачат. Бүгүнкү күндө, жөн эле боз үйдү ижарага берип тим болбостон, аны жасоо үчүн заказ ала баштады. Жаратылышты сүйгөндөр, авантюристтер, жаңы нерсеге умтулгандар мына ушул айымдын лагерине келип эс алышат. Көпчүлүк эс алуучуларды бул үйдүн тоголок формадагы мейкиндиги таң калтырат. "Бул мейкиндик, аалам мейкиндигин эске салып, өз кучагына алгансыйт. Керемет үйдөн бардык эле эс алуучулар жакшы маанайда коштошушат, тоголок мейкиндикке көнө албай өзүн жаман сезген учур болгон",-деп айтып берген.
P.S Мына ушундай, колдо бар алтындын баркы жок демекчи, биз керемет боз үйдүн баркына жетпей келебиз. Бөтөн жерде боз үйдү барктап, аны дүйнөлүк аренага чыгарып жатышса, биз, кыргыздар, оозубузду ачып олтурабыз. Эртең казактар алып кетсе деле унчупайбызбы? Ата-бабаларыбыз жасагандай жасап, өз мекенибизде кенен-кесири колдонуп, башка элдерге кыргыздын жакшынакай боз үйүн көрсөтүү колубуздан келбейби?

Эркин Шаршенбаева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??