п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кызык экен

Адамдын дене мүчөлөрүн
чагылдырган азыктар
Жашылча, мөмө-жемиштер адамдын ден соолугуна пайдалуу экенин ар бирибиз эле билсек керек. Бирок, кээ бир азыктар адамдын дене мүчөсүн чагылдыра турганына көп деле көңүл бурбайбыз. Адамдын дене мүчөсүн чагылдырган жана ошол эле учурда ал органга пайдасын тийгизген азыктар тууралуу сөз болмокчу.


Сабиз жана көз
Күнүмдүк тамактарга, салатка кошуп жүргөн сабизди ортосунан бөлсөк адамдын көзүн элестетет. Баса белгилей кетчү нерсе, сабиздин курамында бета-каротин сыяктуу антиоксиданттар жана витаминдер бар. Бета-каротин жашы улгайып калгандардын көзүнүн ичиндеги сары челдин пайда болбошуна шарт түзүп, көздүн көрүүсүн жакшыртат.


Авокадо менен жатын
Биздин үйдү жарык кылып турган лампанын формасындагыдай авокадо аялдардын жатынына окшош экенинен кабар берет. Авокадо аялдардын жыныс органдарына, жыныс ооруларындагы рактын алдын алууга жардам берет.


Грейпфрут жана көкүрөк
Грейпфрут менен аялзатынын көкүрөгү да окшошуп кетет. Грейпфрут эмчектеги сүт бездеринин рак оорусунун өнүгүшүнө бөгөт коёт. Анткени, анын курамында ал ооруга каршы турган лимоноиддер бар.


Кызыл вино жана кан
Антиоксидант жана полифенолдорго бай кызыл вино адамдын канына абдан окшош. Кызыл винодо ЛПНП холестерининен сактай турган зат бар. Ал зат жүрөк ооруларына жакшы пайдасын тийгизет. Кызыл винонун курамында канды көбөйтө турган да зат бар. Ошондуктан, доктурлар канды көбөйтүүдө кызылча менен кызыл винону сунуштаганы бекеринен эмес.


Моллюска жана эркектин жумурткасы
Ал эми кадимки эле моллюскалар эркектин жумурткасына окшош. Чындыгында эле эркектин жыныстык органдарына пайдалуу. Иликтөөлөр боюнча, моллюскалардагы эң көп сандагы фолиев кычкылдыгы жана цинктин эң көп сандагысы эркектердин эрендигинин сапатын жакшыртат.


Сельдерей жана сөөк
Сельдерейдин узун сабы адамдын сөөгүнө окшошуп кетип, сөөккө да пайдалуу келет. Сельдерей - кремнийдин булагы, сөөктүн молекулалык структурасынын бир бөлүгү. Дагы бир кызыктуу дал келүү: сөөктүн да, сельдерейдин да курамында 23% натрий бар. Ушундан эле сөөк менен сельдерейдин кандайдыр бир окшоштугу бар экенин байкасак болот.


Имбирь жана ашказан
Имбирдин тамыры тамак сиңирүү органына окшош. Даниянын окумуштуулары имбирдин тамыры көңүл айнып жатканда, боюнда бар айымдардын талгак убагында бир топ пайдасын тийгизет. Ашказандагы жаралардын жоголушуна да шарт түзүп, тамактын сиңишин жөнгө салат.


Грек жаңгагы жана мээ
Курамында йоду көп, көп ооруларга пайдалуу грек жаңгагы адамдын баш мээсине окшош. Жада калса грек жаңгагынын ортосунан экиге бөлүнүшү баш мээнин оң жана сол жарым шарларына окшош. Окумуштуулардын айтканына таяна турган болсок, грек жаңгагы баш мээнин иштөө жөндөмдүүлүгүн жөнгө салып, мээдеги маалыматтарды унутуп калбоого жардам берет. Ошондуктан, окумуштуулар жаңгакты "мээнин тамагы" дешет. Грек жаңгагынын курамында омега-3 май кислотасы бар.


Помидор жана жүрөк
Биз шакарап кылып жеп жүргөн помидорду дал ортосунан бөлгөндө, помидордун кызыл эти бир нече камераларга бөлүнгөнүн байкайбыз. Ал эми ал камералар жүрөктүн камераларына окшош. Окумуштуулардын иликтөөлөрүндө, помидордун курамындагы ликопин аялдардагы жана эркектердеги жүрөк жана кан тамыр ооруларын жөнгө салат. А эгерде помидорго оливка майын же авокадону кошуп жей турган болсок, жүрөк жана кан тамыр ооруларын он эсе жоготууга болот.


Таттуу картошка жана уйку бези
Колдонуу мөөнөтүнөн өтүп кеткен картошка уйку безине абдан окшош. Анан ал картошка уйку безинин жакшы иштешин камсыз кылат. Мунун курамында да бета-каротин көп болгондуктан, организмдеги бардык ткандарды коргоп, рак ооруларынын алдын алат.





Кыргыздар кантип, эмнеге фамилия колдонуп калган?
Кыргыздар илгертен бери ата-тегин изилдөөгө, алар жөнүндө маалымат издөөгө чоң маани берген калк. Жети атасын билбеген кыргыз, кыргыз эмес деп эсептелет.
Эмне үчүн кыргызда фамилия болбостон, өз атасынын аты фамилия катары колдонулуп калган? Анын себеби "Кыргыздар" деген китепте төмөндөгүдөй айтылат: бейтааныш эки киши жолугуп калган болсо, эң алды менен кайсы уруудансың, ата-тегиң ким, кимден таркагансың, ал уруктун кайсы айылынан болосуң?- деп адамдын түпкү тегин сурап-билүү аркылуу таанышуу илгертен келген эрежелердин бири болуп эсептелет. Баягы уруу, тиги уруктагы, баягы кишинин баласымын дешип дайынын айтышып таанышышчу. Же болбосо "кимдин баласысың"? - деп сурашат. Бул таанышуу ыкмасы айылдарда дагы эле кеңири колдонулуп келе жатат. Жооп берип, өз атасын, ал киши кайсы уруктан, кайсы айылдан тараганын, чоң кишилери ким экенин айтып, андан кийин бири- бирин билишүүчү.

Илгери каттоо жүргүзүлгөн эмес
Илгери кыргызда эл кагазга жазылып, тизмеге кирип, каттоо жүргүзүлгөн эмес. Элди каттоо, кагазга тизмелөө орус калкы Кыргызстанга келгенден башталат. Каттоо, тизме зарылдыгы болбогондон кийин, фамилиянын зарылдыгы да болгон эмес. Орустар келе баштагандан кийин, үч жылда бир жолу эл каттоо жүргүзүлө баштады, аны элдер "кара кат" деп коюшчу экен. Ошол кара кат жүргүзүлгөн убакта, атаңдын аты, өз атың ким, кайсы старчындан, кайсы элүү башыдансың?- деп сурашкан. Каттоодо ар ким атасынын атын айтуу менен чектелүүчү. Фамилиянын илгери зарылдыгы болбогондугунун дагы бир себеби, биз мурда айткандай, ар бир урук бирге көчүп, бирге конуп,чогуу жүрүп бирин-бири өңүнөн эле таанышчу. Адатта, айылчылап алыска да баруучу эмес, барса бир күнгө, эки күнгө коңшулаш турган айылдарга гана айылчылап баруучу.

Кайсынысы фамилиясы, кайсынысы аты экени түшүнүксүз
Бүгүнкү күндө фамилия эң керек. Союз мезгилинде фамилиясы чоң атасынын атынан коюлса, азыркы убакта өз атасынын атынан коюу адат болуп жатат. Бирок, фамилияны азыр эмнегедир кыскартып коюп жатышат, ошонун айынан кайсынысы фамилиясы, кайсынысы аты экени түшүнүксүз, кээ бир адамдарда. Мисалга алсак: Мерген Турган, Мыктыбек Арстанбек, Болот Шер, Турсунбек Акун, Азат Болотбек, дагы башка ушул сыяктуу. Биз билебиз, кайсынысы аты, кайсынысы атасынын аты, бирок билбеген да адамдар бар да, анан келечектеги урпактарга да жетет да, мындай көрүнүктүү адамдардын аты. Аларга да түшүнүксүз болсо керек "Кайсы ат, кайсы фамилия?" Негизи, фамилия -аттан айырмаланып турушу керек. Акыркы кездери "уулу","кызы" деп коё башташты эле, аны да паспорт алганда болбойт экен деп, кайра колдонулбай калды. Мурдагыдай эле -ов,-ев деп эле коюу туура болсо керек. Адам өткөндөн кийин, ал адамдын жашап өткөндүгүн, ошондой эле кылган эмгектерин ал адамдын аты жана фамилиясы аркылуу эле урпактарыбыз таанып биле алат.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??