Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да, улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.


(Башы өткөн санда)
Анан Рыспай агай жаныма келип отурбадыбы. А тиякта аялы карап отурат, Оңолканчы...
- Ал берки көрүүчүлөр жагында калды да, сыналгыга түшпөй турган жагында?
- Ооба.
- Мурда силер... сен да ошоякта отургансың да? Кара сөөк жагында деп коёлучу. Ошентип бөлүп коёт экен да? Баса, "Ак өргөөсү" каерде экен, биле алдыңбы?
- Панфилов паркындагычы. Жаңы курулду го...
- Аа-а, эми билдим: илгери аерде пивнушка бар болчу атагы чыккан - далай ичпедикпи. Кийин өрттөнүп кеткен.
- Билбейм иши кылса... Оңолкан тиякта отурду. Кеткен жок бирок. Рыспай агай менин жанымда, биякта отурат. Мен: "Байке, кетейинчи. Мен кызыктай болуп атам", - дедим. "Анда качан жолугабыз?" - деди. "Мен сизге эртең барам, - дедим. Анткени, Үриниса эженин туулган күнү болмок, эртеси күнүчү: - Мен ошол жакка барам - ош жерден жолугабыз", - десем "Макул" деди. Анан колунда акчасы бар экен - жана спонсор балдар берип жаткан да. Ошону мага сунуп жатпайбы "Таксиге түшүп кет" деп. Мен албайм десем: "Тытам!" - дейт. "Сен арыксың, сен жука кийинесиң... ушуга жылуу кийим ал...", -дей берди да. Анан тытам дегенде айттым: "Сиз мага кийим алып берем дебедиңиз беле - эртең көчөгө чыкканда көйнөк алып бериңиз", -деп жоошутсам ишенип калды. Кийимдер ооз жакта болчу - барып пальтомду кийгизип жатып маңдайымдан өптү да узатып чыкмак болду эле, тияктан Бөкөнбай байке кыйкырып калды: "Ай, Рыспай байке! Каякка кетесиң?! Кетпе!" - деп. Анан мен айттым да: "Байке, сиз кала бериңиз, мен өзүм эле кетем, эртең жолугушабыз",- деп. Анан эртеси Үриниса эженикинен жолуктук...
- Биерде бир суроо бар: эсеби Оңолкан менен күндөш катары болуп калдыңар да...
- Тийбесе деле күндөш боло береби?
- Кеп тийгенден эмес - сезим маселеси жагынан жана айтылган сөздөрдөн улам дегеним.. Сен Оңолканды карап туруп кандайдыр ыңгайсыздыкты сезген жоксуңбу? Көзүңөргө көзүңөр кадалгандыр, кантсе да...
- Көзүбүзгө көзүбүз кадалган жок. Бирибизди-бирибиз караган жокпуз. Бирок мен жөн эле мындай карап койдум да. Ал мени караган-карабаганын билбейм...
- Кандай сезим менен карап койдуң?
- Рыспай агайдын экинчи аялы ушул экен да деп карап койдум. Эми мени кызыктырат да: кандай аял алды экен ушу киши? Ушундай адамдын арзуусуна кандай аял тең келээр болду экен деп карадым да. Карасам мага окшош эле жөнөкөй аял экен. Карап коюп анан: "Ийи, кудай, ушул аялдын ордунда мен болсом башка кызды ээрчитип келгенде кантээр элем?!" - деп да бушайман болдум өзүмчө...
- Кийин же мурда сүйлөшө алган жоксуңбу Оңолкан менен?
- Жок, сүйлөшө албадым...
- Ал өзү сени менен сүйлөшөйүн деген жокпу?
- Билбейм анысын - Рыспай агай эч нерсе айткан жок.
- А болуптур анда... Эртеси болду - анан?...
- Эртеси Үриниса эженикине бардым. Анан ал жерге Рыспай агай келди, Үриниса эженин туулган күнүн белгиледик.
- Дагы кимдер келди? Же экөөң эле келдиңерби?
- Жо-ок: эженин бир сиңдилери күйөөсү менен келген..
- Анан?
- Анан ошол... Биз ал күнү ал жакта калдык да...
- Ал күнү да калдыңарбы? Дагы тийишмей жок дечи...
- Жо-ок - Үриниса эже да чогуу жатат да...
- Ортоңорго жаттыбы? (каткырып алдык). .
- Ортобузга жаткан жок - үйдө эки диван бар болчу да: биринде биз жатсак, беркисинде жатышты эжелер...
- Эми бир диванда жатып - мурдагы күнү да ошентипсиңер - анан кантип эле тийише албай калдыңар: экөөң тең эле чоңоюп калсаңар, баары-жокту билип...
- Сиз кызык экенсиз - мен айтпадымбы: Рыспай агай мага деген эркектигин.. сөзгө турарын далилдебедиби..
- Макул дейли: бир диванга кантип баттыңар, анда бири-бириңерди кармалашпай дейм да?
- Апей, жөн эле: минтип эле жаттык да, капталдашып..
- Кийимчен жаттыңарбы?
- Ооба...
- Кандай кийимчен: костюм-юбкачанбы? Же кандай?
- Сиз айткандай эле жаттык. А мен кандай жатмак элем, анан мурун-кийин чечинип жатып көрбөсөм?.. Кызыктай сурайт экенсиз...
- А болуптур - ишенип койдук дейли...
- Ишенсеңиз ишениңиз, ишенбесеңиз өзүңүз билиңизчи: "Каттама" жазып жүрүп эле, "жаткандан кийин ошентиш керек", - деп ойлойт окшойсуз, "чечиниш керек", - деп..

(Уландысы кийинки санда)




Сен жана мен
Сезимай Алиева
"Мени кечирип койчу? Мен сени башка адамга алмаштырбай калайын… Бар үмүтүм, жашоомдун маани-маңызы сага деген сүйүүмдө болуп, сенин жүргөн-турганыңды эстеп, сүрөтүң менен сүйлөшүүдөн кубат алып жашап жүрсөм. Сени унутуу мүмкүн эмес, унуткум да келбейт! Анан кантип… Мен сени жок болсоң да сүйөм! Болгону, барбалаңдап биз үчүн күйүп-бышып жүгүрүп жүрсө, ага катары кабыл алып, сыйымды көргөзүүгө аракет кылгам. Менин мамилемди туура эмес түшүнүп алат деген оюмда да жок эле. Мен билдим, сен эмнеге менин түшүмө кирбей калганыңды. Бөлөк эркекти үйгө киргизип, аны менен сүйлөшөт, тамактанат деп таарынып жүрсөң керек, э? Ишен, менин оюм таза болчу" .Күзгүдөгү Дуулаттын сүрөтүн тиктеп, ушинтип актанып олтурду Сүйгөн. Ыйлап алган. Уулу чукуранып калса саамга катый түшүп, таптап калат, же эмизет. Анан кайра ар кайсыны ойлоп, Жеңиштин айткандарын талдап, аны актаарын, же каралаарын билбей башы катып, таң атырды.
Эртең менен шишип-көөп төшөктөн турду. Бүткөн бою салмактанып ооруп калыптыр. Уулуна буламык бышырганы ашканага кирсе, Таня чай ичип олтуруптур. Саамга Сүйгөндү бүшүркөй тиктеп алып:
- Эмне, дагы ыйладыңбы? Көзүң ачылбай калган го? Эмнеге ыйлайсың, андан көрө жаштыгыңды бекер өткөрбөй, ойноп-күлбөйсүңбү. Бала эмне, эртең эле чоңоёт. Балага жаштыгыңды байлап койгонуң туура эмес. Мына, жалгыз уулумдун көзүн карап өстүрдүм эле, карыганда ал мени карадыбы?! Шиш… Сага да меникиндей тагдыр каалабайм, уулуң акыл-эстүү жигит болуп өссүн дечи. Ошентсе да, айтып коюшум керек, өткөн өмүр менен жашабай, алдыга умтул. Жашсың, татынакайсың, турмушка чык. Күйөө деген ысык-суугуңа күйөт. Уулуңа жолдош төрөп бер. Ошондо ал өзүмчүл болбой чоңоёт. Жанагы кызын ээрчитип келип калган таанышыңдын аялы бар бекен, же? Ойлоп койдум, аялы бар болсо кызын алып келбейт эле деп. Ал таанышың мага башында эле жаккан. Көздөрү таза, куулук-шумдугу жок. Байкаштырып, аялы жок болсо тийип ал, эмнеси бар экен. Ал сени алаканына салып багарына эч шегим жок. Чөнтөгү бапырап акчага толуп турса да жөнөкөй, эстүү жигит экени кылган-эткенинен эле көрүнүп турбайбы,-деп токтолбой сүйлөп атып, Сүйгөндүн өңү бузула түшкөнүн көрүп унчукпай калды.
Сүйгөн "сиздики туура" да деген жок, каршы да сөз сүйлөбөдү. Баласынын тамагын унчукпай бышырып алып, чыгып кетти. Кемпир аң-таң болуп олтуруп калды.
Басса-турса да Дуулатын ойлоп, эми ансыз жашоо улаарын мойнуна алгысы келбей, тээ көңүлүнүн түпкүрүндө алдамчы бир сезимге азгырылып, күйөөсүн тымызын күтүп, көргөн түштөрүнүн жакшысын да, жаманын да ага жоруп, күн кечирип аткан келин үчүн "унут, ал жок!" деген сөз октой тийерин кемпир кайдан билсин?! Жүрөгү сыйрылып, Таняга да, ишенимине кирип, акырын эркектик эңсөөсүн баскысы келгенсиген Жеңишке да, айтор, бүт ааламга таарынып турду.
Түштө уулун уктатып жатып өзүнүн да көзү илинип кеткен эле. Бирөө ийинден тарткансыйт. Ойгонуп кетсе кемпир экен.
- Сага жанагы таанышың келиптир. Кирбей койду -деди, күнөөлүүдөй көзүн ала качып.
- Мени үйдө жок деп койсоңуз болмок экен,-деп уйкусуроо менен айтып алып, уялып кетти. "Сырттагы эркек менен бирдемеси бар, ошон үчүн ушинтип атат да. Болбосо, таза болсо эмнеге өзүн жок дедирип маалкатсын!" деп ойлоп калды го кемпир" деген ой кетти. Жайылып кеткен чачын толгой түйүп, көйнөгүн оңдоп калганы менен, чыгар-чыкпасын билбей, өзүнөн-өзү корунуп, ою будуң-чаң түшүп атты. Көргүсү, көрүнгүсү келбей турду. Анын "эртең туулган күнүм" деп айтып атканын эстеди. Кемпир да басып кетпей, "эмне кыласың?"деп сынагансып жанына туруп алганына жини келип атты. Ойлонуп, толгонуп атып, чыкса чыгып, куттуктап, "экинчи келбей эле койгонуңуз жакшы болот" деп айтайын деп чечти.
- Сүйгөн эже-е, бүгүн атамдын туулган күнү! Биз Аманчик экөөңүздөрдү конокко чакырып келдик,-деп кубанычтуу жар салган Гүлзар жүгүрүп келип кучактап калды. Жадырап күлүп, жакынсынтып, боор тартып кучактап турган наристени көрүп Сүйгөн жылмайып жиберди. Эңкейип кыздын бетинен өөп, чачтарынан уйпалай эркелетип алды да, өзүнөн көзүн албай тиктеп, маңдайында тынчсызданып турган Жеңишке карап:
- Туулган күнүңүз кут болсун!-деди, жалтактай карап.
- Рахмат, рахмат, Сүйгөн, бирге болсун! Даярдык көрүп бүткөнчө, силерди алып келебизби деп Гүлү жүз эле жолу сурады. Кечээ сурангандай, үйгө барып, эки-үч саат олтуруп келгиле, э? Кайра жеткирип коёбуз?-деди, түндөгүсүн эстеп кеткендей, артка кетенчиктей берип.
- Жо-ок, Жеңиш байке,-атайын басым жасап айтты,-таарынбаңыз, бирок, биз бара албайбыз. Жакшылыкты түшүнбөйт деп ойлобоңуз, билем, түшүнөм. Өмүр бою ыраазымын, сиздерге. Айылдагы апамдарга айтып, тамдын акчасын колумдан келишинче төлөп бергенге деле макулмун. Бирок күздө. Баягыда деле ошентип айтсам, берки байке урушуп койгон.
- Мен деле урушам, экинчи бул тууралуу сөз болбосун. Сен мага эч кандай карыздар эмессиң деп далай жолу айттым го!
Ушул маалда үйдөн Таня кыйкырып калды:
- Балакай ойгонуп алып ыйлап жатат, басылчудай түрү жок. Үйгө кирип сүйлөшсөңөрчү?
- Чын, таарынбаңыз, бирок бара албайм. Экинчи келбей эле койгонуңуз оң,-деп шашыла айтып, машинанын күзгүсүнө каранып аткан Гүлзардын жанына барып бетинен өөп алып кирип кетти.
- Ата, эже Аманчикти алып келгени кирдиби?-деп сурап калганын укту Сүйгөн. Жеңиш жете келип кармап калчудай тез-тез кадам шилтеп, каалганы жапкыча шашты.
Ал күнү көңүлү чөгүп, шагы сынып кеткен Жеңиш кийин да көп жолу келди. Сүйгөн такыр жанына жуутпай койду. Жеңиш жакшы эле далалат кылды, бирок майнап чыккан жок. Көп иччү болду. Бир жолу кышында кызуу келип, машинанын ичине уктап калып, үшүп, түн ортосунда ойгонгон да учуру болгон. Бирок, жакшы жери баштагыдай батынып үйгө кирип барбайт. Акыры айласы куруганда машинасын алыска токтотуп, эшик-эликке кирип чыккан караанын көргөнүнөн каниет алып, үйүнө шылкыйып кайра кайтат. "Эх,-деди бир күнү стол муштап,- өлүү эмес тирүү жигит болсо, Сүйгөндүн сүйүүсү үчүн күрөшмөкмүн! Күйгөнүм: жок туруп бар болгон адам менен аял талашканымда болуп атпайбы! Кырктын кырына чыкканымда мага ушул сүйүү керек беле?! Жок, жообу жок сүйүүнүн бир тыйын кереги жок болчу!"деп жеңилгенин түшүнүп, экинчи кууш көчөгө каттаганын койду. Бир жылдан кийин Чолпон-Атага эс алуучу жай куруп, көчүп кетти.

(Уландысы кийинки санда)