п»ї

  Айымдарга кеңеш

Саркеч айым
болом десеңиз…
"Адамдын көркү-чүпөрөк" дегендей, айымдарга өзгөчө көрк берип турган кийим жана асем буюмдар болуп эсептелинет. Аларды туура тандап кийип, жарашыктуу тагынуу дагы бир билгичтикти талап кылат. Анда асем буюмдарды кантип тандоо боюнча айымдарга аз да болсо стилисттердин айткан сөздөрүнө таянып, кеңеш берүүнү туура көрдүк.


Пайдалуу кеңештер:
Кийимдин ар бир кичинекей деталына көңүл буруңуз. Көйнөктүн топчусу, тигилген жиби, анын өңү кичинекей нерсе болгону менен чоң маанини туюндурат.
Бут кийим менен сумка, ар түрдүү асем буюмдар, кол кап билинбегени менен айымдарга көрк берип турат.
Күмүш менен алтынды бирге тагынбаңыз. Анткени, алар карама-каршы турат. Алардын ар бирин өз алдынча тагынганыңыз эп.
Бул маалда асем буюмдарды кымбат баалуу металлдары менен биргеликте тагынса болот. Андан тышкары, ушул сезондо асем буюмдардын кесек жасалгалоолору модада.
Эгерде сиз абдан арык болсоңуз, бош жана ачык түстөгү кийимдерге басым кылыңыз, анткени, ал сиздин кемчилигиңизди жаап турат.
Айымдардын баскан-турганы, кийинген кийими, сүйлөгөн сөзү, ар бир манерасы абдан чоң роль ойнойт. Андыктан, өзүңүздү башкара билиңиз.
Сиз тандаган кийим, сиздин дене-түзүлүшүңүзгө дал келип, бой-мүчөңүздү жакшыртып туруусуна көңүл буруңуз.
Кийген кийимиңиздин түсү дагы, сиздин өң-келбетиңизди толуктап туруусу керек.

Классикалык кийимге басым кылсаңыз
Жаз айы келери менен айымдар өздөрүнө өзгөчө кам көрө баштайт эмеспи, анткени, күн жылып, үстүбүздөгү оор кийимдерди чечип, жеңил кийимдерге өтө баштайт эмеспизби. 2011-жылдын жаз жана күз айларында 90-жылдардагы кийимдер кайрадан модага айланышы толук мүмкүн деген ойлорун стилисттер айтышууда. Өзгөчө саргыч, кызыл өңдөр кайрадан кайтып келет көрүнөт. Эгерде сиз костюм жана жайык жака менен бермет шуруларын тагынсаңыз, ал сиздин ийгиликтүү айымдардан экениңизден кабар берет. Эгерде классикалык кийим кием десеңиз, кара көйнөк менен ак берметти тагынуу туура болот. Анткени, ал көйнөгүңүзгө көрк берип турат. Бирок алар канчалык кичине болсо, ошончо адамды каардуу көрсөтүшүн эске алыңыз. Бирок, көйнөккө көрк берип турарын унутпаңыз.


Сүйүктүүңүз жолугушууга чакырса:
Эгерде сиз жакын адамыңызга, же сүйүктүүңүзгө жакшы, жагымдуу көрүнгүңүз келсе, бир нече кеңешти эске түйүп алыңыз. Сиздин тыкан жана стилдүү көрүнгөнүңүз, сиз жөнүндө жакшы ойду калтырат. Эгерде сиз бош жана шалбырак кийимдерди кийип, алар менен биргеликте ар түрдүү асем буюмдарын тагынып алсаңыз, ал сиздин табитиңиздин начар экенин билдирет. Андыктан, сизге жарашкан кийимди гана кийиңиз.


Ар бир күнү элеганттуу көрүнөм десеңиз:
Узун бермет трикотаж кийимдери менен абдан жарашыктуу көрүнөт. Эгерде сиз кара юбка же кара шымды водолоска менен кийүүнү кааласаңыз, бермет, асем буюмдарын тагынып алсаңыз, элеганттуу көрүнүп калат. Анткени, кара түстөгү кийимге ак түстөгү бермет асемдери дал келет. Ал эми калың жана түрдүү түстөгү кийимдерге жана ар кандай чөнтөктөрү бар юбкалар менен асем буюмдарды тагынуу туура эмес.


Нургүл ИБРАЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??