п»ї

  Сырмаек

Амир Аскаров:
"Арного кызыгып кеттим,
өзү да сулуу кыз экен"

- Амир, алгач өзүң жөнүндө айта кетсең?
- Мен кичинемен эле музыка менен уктап, музыка менен ойгончумун. Биринчи класска киргенимде "Bakstreet boys" деген топтун ырлары хит болуп аткан. Алардын ырларын укканда, мен да ошол топтун балдарындай элге таанымал ырчы болом деп алдыма максат койгом. Ошол жерден өзүмдү таап кеткем. 1-2-класста Балыкчы шаарынын Макаренко атындагы №3 орто мектебинде музыка сабагында "Bakstreet boys" тобунун ырларын ырдачумун. Классташтарым мени шылдыңдай бергенинен алардан абдан уялчумун. 2-класста атам: "Ушунчалык эле музыкага кызыгып атсаң, кыргыздын комузун үйрөн", - деп комуз ийримине киргизип койгон. Чындыгын айтканда, комузду беш жыл эптеп эле окудум, негизи, мени комуз кызыктырчу эмес. Ырчы же пианист болгум келчү. 5-класска жеткенде, атам музыканы токтот деген. Анткени, ырчылык кесиптин түбөлүгү жок деп эсептечү. Ырчылар нан таба албай, же өзүн бага албай жүрүшөт деп мени уруша берчү. Мектепте жалаң бешке окучумун.
- Амир, сени Балыкчынын рэпери деп кулагым чалып калды эле?
- Ооба, 8-класста ырдабасам да рэпер болоюнчу деп рэп окуп баштадым. Ал учурда Балыкчыда рэперлер деле жок эле. Ошондуктан, атаандаштарым жок болчу. Көбүнчө орусча окучумун. Менин рэп окуп жүргөнүмдү апам билчү. Конкурстарга барып, концерттерде рэп окуп калганда, апам экөөбүз акырын сүйлөшүп алчубуз. Атамдын кесиби инженер-радиотехник болгондуктан, бир ай тоодо телевышкада, 2 ай үйдө отурчу. Атам тоого кеткенде, мен да ар жактарга кетип калчумун. А атам келгенде үйдө отуруп, сабак окуп калчумун. Биринчи курска чейин атамдын айтканына көнүп иш кылдым. Атам өзүнүн жолун жолдоп, радиотехник болушумду каалаган. Биринчи курста КМАКУга (КГУСТА) инженерликке тапшыргам. Бир жыл эптеп окугандан кийин, апама барып окубайм деп айттым.
- Бишкектин сахнасында качан көрүнө баштадың?
- Бишкекке келгенде эки досум бар болчу, алар менен бул жактан таанышкам. Чогуу жашап, мени көчөдө калып калбасын деп өздөрү барган жерге алып барып жүрүштү. Кийинчерээк, ишим жүрүшө баштады. Акырындан майда сахналарга чыга баштадым. Досторум көбөйө баштады. 2009-жылы байкемдин баласынын жентек тоюн өткөрүп калдык. Тойдо ырдасам, таежем, атам- апамды, мени эшикке алып чыгып, "Балаңар жакшы ырдайт турбайбы, Консерваторияга тапшырып, музыкалык билим алып ырдасын, баланын шагын сындырган болбойт, бут тоспогула", - дегенинен, атам менен апам муюп калган.
- Анда ырчы болушуңа таежең салым кошкон турбайбы?
- Ооба, таежем жылдызымды жандырды десем болот. Туугандарың тоскоол болбой, кош колдоп турса жан дүйнөң күчтүү болуп калат. Канчалык кыйын болсоң да, ата-энеңдин сөзү көп нерсени чечип коёт экен.
- Ырдаганыңа ата-энең азыр каршы болбой калдыбы?
- Жок, азыр, кудайга шүгүр, каршы болбой калышты. Өзүлөрүнүн чүрпөсү өз күчү менен, эч кимдин жардамысыз кичинеден көтөрүлүп баратканын көрүп, кубанышат болуш керек. Кандай гана чоку болбосун, баарына өзүм жеткенге аракет кылып атам.
- Репертуарыңдагы эң биринчи ырың кайсы?
- "I love you" деген ыр болду. Кайырмасы англисче, куплеттери орусча. Жаңы чыгып келатканда, үнүмдү ар кимдин үнүнө окшоштура башташты. Акча каражатынын аздыгынан биринчи ырыма клип тарткан эмесмин. Ал убакта клип тарттыруу боюнча тажрыйбам да жок эле. Азыр болсо, кудайга шүгүр, клип тартуунун жол-жобосун мыкты билип калдым.
- Атыңды кайсы ырың чыгарды деп ойлойсуң?
- Башында "I love you" деген ырым менен атым чыга баштады. Кийин жарым жыл өткөндөн кийин, ал ырым өчүп калды. "Өкүнүч" деген ырды жаздыргандан кийин, элге жакшыраак тааныла баштадым окшойт.
- "Сени эстеп" деген ырыңдагы сени менен дуэт ырдаган Арно менен кантип чогуу иштешип калдың эле?
- Сени эстеп" деген ырымды 3 ай бышырдым. Обону өзүмдүкү, сөзүн Дархан жазып берген. Арнонун "Жалгыз каламын" деген ырынын клибин көргөндө эле, ал кыз мага абдан жагып калган. Жылдыздуу, креативдүү, тырышчаак кыз болуп көрүнгөн. Арного кызыгып кеттим, өзү да сулуу кыз экен. Интернеттен таанышып калдык. Мен сени менен ыр жаздыргым келип атат десем, макул болду. Эртеси күнү эле жолугуп, ырды талкууладык. Анан эле жаздырып калдык. 3 күндүн ичинде ырды бүтүрүп, дуэтибиз радиолордон кете баштады.
- Анда обон жазган жагынан мыкты турбайсыңбы?
- Ооба, обон жазам, ырлардын аранжировкасын өзүм жасайм. Орусча ырларымдын тексттерин да өзүм жазам.
- Дархан менен жакын дос деп уктум эле?
- Дархан экөөбүздү чыгармачылык табыштырды десем болот. Ал жигит да таланттуу, бирок абдан жөнөкөй. Жөнөкөйлүгү менен жагып, жөнөкөйлүгү менен мени тарткан. Сөз жактан бир маселе болуп калса, мен Дарханга кайрылам, обон жактан ал мага кайрылып турат.
- Чыгармачылыкта дагы кимдер менен мамилең жакшы?
- Омар менен жакшымын. Менин ырдап кетүүмө да ишенген адам Омар болгон. Омар Юрмалага кете электе эле таанышып калганбыз. Жолдо кетип баратып эле бир нерсени ырдап ийдим окшойт. Ошондо, сен жакшы ырдайт экенсиң, үнүң, слухуң бар экен, ырдабайсыңбы деген. "Өкүнүчтүн" обонун Омар жазып берген. Аранжировка жактан Азамат Такырбашев болгон.
- Продюсери жок иштөө кыйын, сен ал жактан кыйналган жоксуңбу?
- Чындыгын айтканда, ал жактан кичине кыйналыш болот. Бирок, эркек деген намыстуу болуш керек. Кыйынчылыксыз жашоо кызык эмес болуш керек. Кыйынчылыктарга чыдап койсоң, кийин кылган ишиңдин үзүрүн көрөсүң деп ойлойм. Бардык нерсеге, өзүмдүн күчүм менен жетип көргүм келип атат.
- Добр менен рэп дуэтин окуйт белең?
- Чындыгын айтканда, рэпти поп ырдаган бирөө менен гана окумакмын. Рэп менен рэпти кошкондо мээ чакма болуп калат. Бирөөсү дүүлдөп, экинчиси чыйылдап калат. Ыр сонун кетип атып, белгилүү бир көпүрө болот. Ошол көпүрөдө гана кичине рэп окуп койсо, угарманга жагымдуу болот.
- Атаандаштарыңдын арасында көрүнбөй калам деп ойлобойсуңбу?
- Жок, ушунчадан бери тырышып эмгектенгенимдин үзүрүн көрөм деп ойлойм. Нукура кыргызча стиль бизге жетишет болуш керек деп. Ошондуктан, мен көбүнчө Европанын стилине басым жасайм.
- Кыргыздын Гу Чин Пёлорун көчөдөн көп көрүп калдык. Сен да алардын стилине өтүүнү ойлонгон жоксуңбу?
- Жок, мага алардын стили жакпайт. Гу Чин Пё чыгары менен эле кыргыздын жигиттери корейдин балдарын туурап, чачтарын өстүрүп, чыга келишти. Эркек деген эркектей эле болсо. Эгер чын-чынына келгенде, ал кинодогу балдар өздөрү кыздарга окшоштой сезилет. Бизде өзүбүздүн Манас атабыз бар. А эмнеге биздин жигиттер Манас атанын образын туурашпайт?! Кореянын кыздарына караганда, биздин кыздар жүз эсе сулуу. А эмнеге балдар Кореянын балдарынан төмөн болот?!
- Ак калпак майрамында калпак кийдиңби?
- Албетте, кийип чыктым. Досторумду да калпак кийгенге үндөдүм.


"Кошуналардын
тоокторун эзип…"
Мен төрөлгөндө катуу шамал болуп аткан экен. Ошол учурда ыраматылык чоң апам: "Бир да балаңан күтпөгөн нерсени ушул балаңдан күт", - дептир. Үйдүн эң кичүүсүмүн, апам мени 40 жашында төрөптүр. Ал кезде атам 46да экен. Кичинекей кезден бери эле китепке жакын болуп чоңойдум. Ошол эле убакта тентектик да жайым бар болчу. Кошуналар тоокторун биздин үй жакка айдачу эмес. Анткени, биздин үй жакка келип калган тоокту кармап алып, эзгилеп салчумун. Кошуналар үйүндө үй иштери менен алек болуп жүргөндө камалып турган коёндорун бошотуп салып, алар атама келип даттанышып, атам көп урушчу. Кичинекей кезимен эле музыкага жакын болчу экенмин . Эжем, байкемдер кичине кезинде мультфильмдерге кызыгышса, мен аэробиканы кызыгуу менен көрүп, концерт болгондо телевизордон көзүмдү алчу эмес экенмин.
Төлөбүбү Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??