п»ї

  Күүгүм кечте сыр маек

Көзгө атар мергенчинин кийими куп жарашкан, узун бойлуу, кең далылуу, чымыр дене, келишимдүү, олуттуу көз карашты элестеткен каарман-Кожожашты кимдер тааныбайт? Албетте, чыныгы кыргыз мырзасынын жүзү болгон актёр, сүрөтчү Догдурбек Кыдыралиев эмеспи. Догдурбек мырзаны сураштырып жатып, "Сүрөтчүлөр үйү" имаратынан анын курсташы жана досу Ороз Абсатаров аркылуу таптык. Тогуз кабат үйдүн чатырында жайгашкан, сүрөтчүлөр үчүн өнөрканага берилген бир бөлмөдө сүйүктүү актёрубуз Догдурбек Кыдыралиев үй-бүлөсү менен жашайт экен.

КРнын Эмгек сиңирген артисти Догдурбек Кыдыралиев:
"Кожожашты" аткарсам,
учкан кыргыз деп коюшту"

Кудум Кожожаштын баласындай
Кыдыралиев Исхак айылда атагы чыккан мергенчи болгон. Бир түндө үч карышкыр атып, атагы аябай чыгып кеткен. Жылкыларды баккан жылкычы болчу. Кыштоого чыгып, чоң атам экөө түнкүсүн уктап жатышса эки дөбөтү калып, кыңкылдаган күчүгү үрүп жатат. Осмон чоң атам: "Исхак, сыртка чыксаң, күчүгүң эмнеге кыңкылдап жатат?"-десе, атам: "Эки дөбөтүм бар, карышкыр кире албайт короого",-дептир. Атам керегедеги мылтыкты алып сыртка чыкса, үч карышкыр койлорду кырып жатыптыр, мылтыгы менен үчөөнү тең мээлеген бойдон тырайта атып өлтүрүптүр. Ишенген дөбөттөрү коркконунан чоң дөбөнүн астына кирип кетишиптир. Кичинекейимден атам мергенчиликке үйрөткөн. Чоң мылтыкты ийниме асып алып, атка мингизип, кудум Кожожаштын баласындай кылып мергенчиликке үйрөткөн болчу. Ошон үчүн Кожожаштын ролун жаратканымда кыйынчылык туудурган жок.

Сүрөтчүлүк түшүнүк жок болчу
Чоң атам, чоң энемдин колунда өстүм. Алгач 4 жашымда кум менен сүрөт тартып баштаганмын, анан мектепке барганда сүрөтчүлүккө биротоло кызыгып алдым. Менин сүрөттөрүмдү көргөндөр таң кала, чоң атама: "Бул небереңиз сүрөтчү болот экен",-дешчү. Ал убакта сүрөтчүлүк түшүнүк деле жок болчу. Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылына, 20 чакырым жерге жөө барып келип окучумун. Союз убагында 12 түстүү калем сапаттуу болчу. Балалык баё сезимимди карабайсыңбы, асмандан издегеним жерден табылып, секирип сүйүнгөнүмдү айтпа. Бүркүт, теке, коёндорду көп тартчумун. Мектеп босогосун аттаганда эле биринчи сабагыбыз сүрөт сабагы болду. Менин тарткан сүрөтүмө тигиле караган Белек агайыбыз: "Мына, Догдурбек келечекте таанымал сүрөтчү болот, "5" алды",-деди. Мектепте мен тарткан орустун белгилүү жазуучуларынын сүрөттөрү катар илинип турат.

Аскердеги милдет
Аскерге мени деңиз флотуна чакырышты. Жер ортолук деңизден баштап, Атлантика океанына чейин кемеде сүзүп баргам. Ал жакта 3 жыл аскердик кызмат өтөдүм. Аскерден жаңы келерим менен, атам сүрөтчүлүккө тапшыр деп мени Чуйковго окутту. 4 жыл окуган соң, андан ары Москвадагы чоң сүрөтчүлүк окуу жайга тапшырдым.

Сүрөтчүлүктөн актёрлукка карай жол
Биздин кыраан режиссёрубуз Төлөмүш Океев Кожожаш мергенчи жөнүндө тасма тартууну көздөп, ага ылайыктуу актёр издеп жүрүптүр. Актёрлордун баарына бир сыйра сынак жүргүзүп, эми Якутиядан издейли, якут эли мергенчиликке кыйын келет деп калышыптыр. "Ак илбирстин тукуму" тасмасында катышкандардын көпчүлүгү-Баталовдун шакирттери. Ал тасмада бир эпизодду аткарган Азамат деген бала бар. Ошол аркылуу Төлөмүш Океев мени издептир да.

Күтүүсүздөн жолугушуу
Сүрөт сабагында фартук тагынып алгам, бети-колумдун баары боёк болуп турса сырттан бирөө: "Доха, сени Төлөмүш Океев чакырып жатат"-десе, мен тамашалап жатышат деп ишенбей койдум. Дагы бир студент келип: "Бол тезирээк, сени Океев күтүп турат"-десе, баягы кебетем менен чыга калып, маңдайымдагы Төлөмүш Океевди көргөн көзүмө ишенбей деңдароо болуп туруп калдым. Фрунзеде (Бишкек) жүргөндө тасмаларын калтырбай көрчүмүн, анан көчөдө басып баратса да жанына барып учурашкандан апкаарып карап калчумун. Аябай сыймыктанчумун, улуу залкарды көргөндө. Ошол маалда мени издеп келгени, уктасам түшүмө кирбечүдөй сезим ыроолоду да. Боёк тамган колдорумду ыңгайсыздана аарчымыш болуп колумду сунуп учураштым:
- Ассалому алейкум.
- Алейкум ассалом, Догдурбек Кыдыралиев сенсиңби?
- Ооба, мен,-дедим.
- Биз сага келдик-десе, мен Японияга учуп баратышат го, чемодандарды көтөрүшкөнгө жардамчы керек болуп калып, мени издеп жүрөт го деп ойлодум да. Сергей Михайлович Каманин профессорго айт: Океев мага келди де, сага уруксат берсин,-деди. Анан мен агайыбызга айтсам, ал да таң кала: "Бар, бара кой", -деп сабактан бошото койду. "Күрүчтүн артынан күрмөк суу ичет" дегендей, жаныма бөлмөлөш Галил деген казак жигитти ээрчитип алдым.

"Кожожаштын" каарманынан баш тартып...
Жакын жерде ресторан бар десем, "Ал жакта музыка болуп турат. Биз сени менен сүйлөшкөнү келдик, тынч жер керек. Жатаканада турасыңбы, ошол жакка барабыз",-деди. Студенттик жашоо белгилүү го, Галил досум Төкөмдөрдү алаксытып тургучакты, мен дароо бөлмөнү иретке келтире койдум. Төргө отуруңуз десем, босогодо турган отургучка отуруп, эки жакты көз кыры менен бир сыйра карап алды. Кыраакылыгын карабайсыңбы, көрсө, мени табити кандай деп сынаптыр да. Студенттердин курсагын тойгузарлык тамак-аштарды алып келишиптир, дасторкон жайнай түштү. Мен картошка куурудум, анан чай сунсам Төкөм мени кайра-кайра тигиле карай берди. Мен уялып сыртка чыгып кетсем, жанымдагы досума: "Эмне бир жерде отурбай, жаңы келген келинге окшоп улам-улам сыртка чыгат, чакырчы бери", -дептир. Кайра кирип отусам:Биз, сени киного тарталы деп келдик-десе, мен: "Жок, тартылбайм, мен актёр эмесмин, сүрөтчүмүн",-дедим. Сен дароо тартылбайсың, киносынактан өтсөң, анан тартыласың-десе, кайра унчукпай отуруп калдым.

Сүрөттөн тандалган образ
Студенттик альбомдогу чачтарым ийниме жеткен, кайыш куртка, шарф оронуп алган, кудум сүрөтчүнүн стилинде түшкөн сүрөтүмдү тандады. Бул индеецтерге окшогон сүрөтүң жакты, ушуну алайын, -деди. Сен Фрунзеге барганда айылыңа кетип калбай, дароо мага жолуккун,-деп эскертти. Казак досум: "Доха, атайын сени таанымал режиссёр издеп келсе, киного тартыла бер, мени казак издеп келсе кана, мен тартылат болчумун,-деди. Мен абдан ойлонуп алгам, бир чети сүйүндүм, бир чети жаман болдум.

Сынактан мурун сыркоолоп
Анан каникулда барсам Төкөмдүн ассистенти Темир агай айтты: "Океев Москвага учуп кетти, кинонун иштери боюнча". Үч күнгө чейин келем деп сүйүнгөн боюнча айылыма кетип калдым. 15 күн каникул берилген, үйдөгүлөр менен учурашып, атам экөөбүз тоого чыктык мергенчиликке, сыркоолоп ооруп калдым. Апам үндүгүн союп, казы-карта, чучукту баштыкка толтуруп шаарга келдим. Окуу башталарына үч күн калганда, Киностудиядан кабар алганы бардым. Көрсө, Төкөм Чуйковдун агайларынан баштап, студенттерине чейин мен жөнүндө сураштырыптыр да.

"Кожожаш" каарманына алты атаандаш
Костюм боюнча сүрөтчү Муса агай ак жана кара костюм даярдап коюптур, сен кара тору экенсиң, сага ак костюм жарашат экен деп, "Кожожашта" ак костюм кийип аткарып калгам. Кожожаштын ролуна Касен-Ашыр Чокубаев, Мундузбайды-Досхан Жолжаксынов, каскадёр Эдил Чокубаев, Токон Дайырбеков, кулчулуктан бошонгон каарманды аткарган актёр Сакы, анан мен сынакка катыштык. Аскадан секирген жеринде мен шамдагайлык кылып биринчилерден болуп чыгып кеттим. Атка мингизгенде да, Эдил экөөбүз жакшы миндик. Досхан актёрдук чеберчилиги бийик болгону менен, атка мине албай "кап" болуп калат тура деп сынашты. Менин бир кемчилигим актёр эмесмин да, ошол байкалып калды. Сакы менен Ашыр дагы бардык сынактан өттү, бирок Сакы аялы сактап калган кулду, Ашыр Касендин ролун аткарып калды.

Камеранын сүрү
"Чыккынчыга өлүм!"- деген сөздү баарыбызга бирден айттырды. Менден башкасы профессионал актёрлор да. Алар жогорку деңгээлде аткарышты. Мага кезек келгенде, камераны карап сүрдөп аткара албай жаттым. Баары мени карап турушат, мен алар караган сайын уялып сүйлөй албайм. Ошентип, түштөнүү убактысы да болуп калды. Менин тамакка табитим тартпай, бир стакан сок, бир котлет араң жедим. Төкөм жаныма келип: "Сен камерадан сүрдөп жатасың, сен камераны жок деп элестет. Ошондо гана каарманды аткара аласың",-деди. Бир чети аткара албай жатканыма менин атаандаштарымдын чырагына май тамып туруптур, арданып кетип, берилип алып, ачуулана: "Чыккынчыга өлүм!"-деп келиштире сүйлөп салдым. Ошентип, Кожожашты аткарып калдым.

Талгаттын таң калганы
Ошондо "Бөрү зындан" дагы тартылып жаткан. Талгат Нигматуллинди мен "ХХ кылымдын деңиз каракчылары" тасмасынан гана көргөм да, грим бөлмөсүндө жанымда отурат. Узун бойлуу, спорттук дене түзүлүштөгү чыкыйган жигит экен. Мени кайсы актёр дегенсип карап коёт. Ошол убакта зынданга сайылып өлүп калган жерин тартып атышыптыр.

Эл аралык сыйлыктардан Гран-прини багынтып...
"Ак илбирстин тукуму" тасмасынын директору Валерий Михаилович Скрыльников менен Төлөмүш Океев Союз Инфодон 1 миллион рублды тасмага жумшаган. 1984-жылы Германиянын Берлин шаарынан "Ак илбирстин тукуму" тасмасы "Күмүш аюу" наамына татыктуу болду. Ошол фестивалга Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев үчөөбүз катыштык. Голландиялыктардын калкы "Учкан голландиялыктар" деген лакап атка илгери кемелери учуп сүзгөндүктөн калып калыптыр. Анын сыңарындай, немецтер Кожожашты аткарсам, мени "учкан кыргыз" деп атап коюшту. Ушул каарман үчүн 1996-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алгам.

Казак эли барктаган актёр
Мен Кожожашты аткарган соң, Казакстанда 15 чакты тасмага түштүм. "Казакфильм" киностудиясында тартылган "Отрардын кыйрашында"-Онжу, "Аңчы", "Кош бол, Гүлсарыда" -Танабай жана башка ондон ашуун тасмада образдарды жаратып, казак элине таанымал болуп калдым. Мен түшкөн казак кинолору эл аралык кинофестивалдарда бир катар жогорку сыйлыктарга татыктуу болду. Жакында казактардын жаңы тартыла турган "Миң бала" тасмасына чакыруу алдым, жакынкы арада тартыла баштаса барам. Казак боордоштор мени Казак Эл артисттигине көрсөткөнү жатышат.

Мээнеттен ийгилик жаралып
Жакында эле Чолпон-Атада өткөн эл аралык 2-Ысык-Көл кинофестивалында казак режиссёру Ардак Амиркуловдун "Жаныбарым, Гүлсары" тасмасындагы башкы каарман Танабайдын ролу үчүн "эң мыкты эркектин ролу" сыйлыгын алдым. Андан соң режиссёр Замир Эралиев тарткан "Курманжан датка" даректүү фильминде Карабектин образын жараттым. Бүгүн Алай эли сыйлап, калпак менен чепкенди тартуу кылды.

Келинчеги, Нуржамал Орокбаева:
- Эже, сиздей суйкайган сулуу аялзатынын жүрөгүн Догдурбек агай кантип багындырып алды экен?
- 1995-жылы Догдурбек экөөбүздү Болот деген досу тааныштырган. Жылдызыбыз келишип, бир жылдан соң бирге түтүн булатып калдык. 1997-жылы кыздуу болуп, казактардын "Козу Көрпөш менен Баян сулуу" чыгармасындагы Баян сулуудай болсун деген ниетте Баяна деп койдук. Шубин атындагы музыкалык мектепте комуз ийримине катышат. 2002-жылы Догдурбек Казакстанда бир тасмада терс каарманды аткарып атканда уулдуу болуп, менин тандоом боюнча Сардар деген ат коюлду. Атасынын жолун жолдоп, сүрөтчү болгусу келет, учурда шаарыбыздагы №24 мектепте билим алууда.
- Агайдан кандай эсте каларлык белек алдыңыз?
- Өз колу менен тарткан жаратылыштын сүрөтүн, анан "Үй-бүлө" деген аталыштагы сүрөттө өзүн, мени, кызымды жана уулун тартып коюптур, ошону белек кылган. Анда кызым үчөөбүз гана болчубуз, көрсө,балам төрөлө электе, уулдуу болсом деп тарткан экен.
- Ушул жерде канча жыл болду, жашап жатканыңыздарга?
- Негизи, Догдурбек атасынын үйүн өзү курган экен. Устачылык жайы да бар. "Өтүкчүнүн өтүгү жок" дегендей, убагында акча болсо, убакыт болгон жок. Үч айлап, төрт айлап, кээде жарым жыл сьемкаларда жүрөт. Кийинчерээк акча болгондо, жашоодон артпай калды. Анын үстүнө киного тартылганың үчүн, бизде казак, орустун актёрлоруна төлөгөндөй гонорар төлөбөйт. Балдар чоңойгон сайын акча кандай сарпталарын өзүң деле жакшы билесиң да. Көптөн бери мамлекет үй берет деп үмүт кылып жүрөбүз.
P.S. Мына окурман, башкаларчылап үйгө кезекке туруп чуркабаган актёрдун ушунчалык жөнөкөйлүгүнө тан бердик. Үй салып, дүйнө-байлык чогултайын, атак-даңктуу болоюн дегенден алыстыгы дараметин чыгармачылыкка жумшаган эл адамы экендигин тастыктап турат. Бирок мамлекет башчылары, маданият жетекчилери ойлонушу керек. Элдин уулу аталып, эл үчүн кызмат кылган таланттуу инсандын чатырда жашап келиши кыргыз үчүн уят! Өнөр адамынын мындай жашоо-шарты келечек урпактар астындагы бүгүнкү күндөгү катачылыгыбыз эмеспи.
Динара Асылбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??