п»ї

обон
пресс
Японияда 150 кыргызстандык жаран жүрөт
Япониянын "Kyodo" маалымат агенттигинин берген маалыматы боюнча, акыркы күндөрү болуп жаткан цунамиден 14-мартта Мияги дарыясынын жээгинде 2000 адамдын сөөгү табылган. Бир миң адам жакын жайгашкан жарым аралда табылса, калганы Маниминсарику дарыясынын жээгинде табылган. Акыркы маалыматтарга таянып, Япониянын полиция кызматкерлери өлүмдөрдүн 1597 себебин аныктап чыгышкан. Андан тышкары, 1481 адам дайыны жок жоголгондугу туурасында маалымат беришкен. ООНдун берген маалыматы боюнча, Япониянын жабыр тарткан райондорунан 600 миң адам көчүрүлүп, 380 миң адамга убактылуу жашоочу жерлер берилди. Андан тышкары, 210 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. JIСА программасы боюнча Японияда жүргөн 35 кыргыз жараны тууралуу азырынча маалымат жок. Бул жөнүндө "JICA" программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. 11-мартта Японияда күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын кесепетинен бийиктиги 10 метрге жеткен цунами толкуну пайда болгон. Азырынча жабыркагандардын, дайынсыз жоголгондордун жана набыт кеткендердин так саны белгисиз. Кыргызстандын жарандары Токио жана Осака шаарларында турат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Японияда 150 Кыргызстандык жаран жүрөт.

Депутат У.Чолпонбаев "ата журтчуларды" К.Көлбаев менен коркуттубу?
"Баракелде- Аламан" сайтынын атайын булактарынын маалыматына таянсак, криминалдык чөйрөдө "Хоп" деген каймана аты бар Улан Чолпонбаевдин кыңыр иштери чыгууда ("Ата Журт" партиясынын депутаты). "Өткөндө "Хоп" мырза "УЧУР" басылмасына "Камчы Көлбаев менен учурашам!" деп балп эттирсе, а жакында Азамат Арапбаев, Жаныш Кудайбергенов сыяктуу "Ата Журтчу" депутаттарды бурчка такап, Дубайдагы Камчы Көлбаев менен телефон аркылуу сүйлөштүргөнү кабарланды. Ушундай көрүнүштөн соң, "Ата Журттун" көпчүлүк депутаттары дирилдешип, коалициядан чыгууга жан далбасташып калышыптыр. Натыйжада, Атамбаев башында турган өкмөттү оодарууга да салым кошо тургандары байкалууда", - деп сайтта кабарланган.

Караколдо Ысык-Көл университетинин мугалимдери жана студенттери митингге чыгышты
Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун окутуучулар жамааты жана студенттери 14-мартта митингге чыгышты. Маалыматка ылайык, митинг институттун жарым жыл мурда дайындалган директору Саламат Жолдошевге каршы болду жана ага 1,5 миңге жакын адам катышты. Нааразылык акциясында чыгып сүйлөгөндөр, илимий кеңеш чогулуп, көпчүлүгү директорго каршы болгондорун жана ал өз ишин туура эмес жүргүзүп жатканын, окутуучуларды куугунтуктаганын жана коркутканын, "КСДП партиясы жана Президент мени колдойт, эч кимден коркпойм",-деп айтканын жана ошондой эле экономист эмес, тарыхчы болгондуктан, бул ишке ылайыктуу эместигин айтып чыгышты. Окутуучулар бул маселе 5 күндүн ичинде чечилбесе, иш таштоо жарыялай тургандыктарын билдиришти жана обл.администрацияга кат жолдошту.

Мекенди коргоочулардын өзүн ким коргойт?
Лейлек районунун "Катыраң" чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн 19 жаштагы Абдразак уулу Назирбекти 3-март күнү аны менен кызмат өтөгөн 5 чек арачы токмоктоп салышкан. Жабыркаган Назирбек Ош шаарына дарылоого жиберилип, бирок 13-март күнү көз жумган. Жоокердин сөөгү ошол эле күнү Лейлек районунун Маргун айылындагы туугандарына жеткирилди. Каза тапкан баланын туугандары, Назарбекти 3-мартта чогуу кызмат өтөгөн улуу балдардын сабак койгондугун айтышкан. Аны алгач Катыраң ооруканасына жеткиришкен, бирок бир күндөн кийин жабыр тарткан баланы Лейлек райондук ооруканага жеткиришкен. 6-мартта Оштун ооруканасына алып келишкен. Абдыразак уулу Назарбек Магут айылынын жашоочусу, ошол эле райондон, 4 ай мурун кызмат өтөп баштаган.

"Владимир Путин атындагы чоку"
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Кыргыз тоо кыркасындагы аты жок чокуга "Владимир Путин атындагы чоку" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө КР мыйзамына кол койду.Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Владимир Путин атындагы чоку" деген географиялык аталыш ыйгарылат.

Мушташты А.Жапаров Ө.Бабановду папка менен чаап ийип, биринчи баштаган
1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен "Ар-намыс" партиясынын депутаты Акылбек Жапаровдун мушташканы боюнча ММКлар жазып чыгышкан. А мушташтын көрүнүшү кандай өңүттө болгону толук кандуу кабарланбаган. "Аламан" аттуу сайттын атайын булагынын маалыматына таянсак, Бабанов менен Жапаров премьер-министр Атамбаевдин кабинетинен айтыша кетишип, жаңжал чыкканы кызык. Сөзгө чычалаган Акылбек биринчи атаканы баштап, Өмүрбекти папке менен чаап ийет. Мунун жообуна чекесине муш жептир, албетте, Бабановдун муштумун! Ошентип, экөөнүн кызыл-чеке мушташын Атамбаев зорго арачалап, кабинетинен чыгарганча шашканынан кабарыбыз бар. Натыйжада, Акылбек Жапаровдун чекеси томуюп, эки жума парламентке келбей калганы, мээси эңги-деңги болуп жүргөнү белгилүү,- деп жазылган аталган сайтта.

Ф.Кулов "Ата Журтту" алсыратууга, ал тургай жок кылууга жан үрөйт деп айтылууда
"Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов Премьер-министр Алмаз Атамбаев менен биргеликте саясий күч түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу "Аламан" сайтында 14-мартта жарыяланды. Бирок, эң башкы шарты бул: Кулов жаңы коалициялык өкмөттүн башына келип, анан Атамбаевди Президенттик шайлоого даярдоо жана аны тактыга отургузуу камылгасын көрүү. Эгерде Атамбаев мындай "соодалашууга" көнсө, анда Кулов "Ата Журтту" алсыратууга, ал тургай ал партияны жок кылууга да жан үрөйт, сыягы. "Негизгисин алганда, Атамбаев жүрөгү менен Куловго ишенбейт ("сатып кетет" деген кооптонуусу бар), экөөнүн саясий бир нукта кетиши миф! Андыктан, "Ар-намыс" менен КСДПнын ортосунда тиреш, ит жыгылыш, көчүккө суу куймай улана бермекчи", - деп жазылган маалыматта.

13-мартта Перс булуңундагы Бахрейн падышалыгында демократиялык реформаларды талап кылган демонстранттар менен полиция кагылышты
Жекшембиде Бахрейндин борбору Манама шаарынын Бермет аянтына нааразылык жыйынга чогулган шийи араптарынын өкүлдөрү бийликтеги сунний азчылыгынын сулалесинин өкмөтүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылышты.
Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды жаш агызчу газ менен аткылап таркатууга аракет кылышты.Өлкө борборунда дээрлик күн сайын ар кыл нааразылык жыйындары өтүүдө. Демонстранттар Тунис менен Мысырдагы (Египеттеги) ыңкылаптын жеңишине шыктанып, азчылыктагы сунний араптар бийлеген падышалыктан улам жаңы саясий жеңилдиктерди талап кылышууда.

Бишкекте инфаркт кылчу кофе табылды
Кыргызстандын транспорт прокуратурасы курамында адамдын ден соолугуна күчтүү таасир бере турган сибутрамин заты кошулган, арыктата турган кытай кофеси боюнча кылмыш ишин козгоду.Эксперттер мындай кофени пайдаланган адамдын кан басымы жогорулап, конвульсия (титирөө), инфаркт, инсульт ооруларын күчөтөрүн аныктап чыгышкан. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бишкектин Ош базарында сатылып жаткан "Чудо 26. Худое кофенин" курамында ден соолукка зыяндуу сибутрамин заты бар экени ашкереленген. Бул тийиштүү органдар аркылуу аныкталган маалыматта аталган кофени ташып келип базарга тараткандардын аты-жөнү толук көрсөтүлгөн эмес. Баш прокуратура тараткан маалыматка ылайык, кичине баштыкчада 10 граммдан салынган кофенин курамында казеин жана кофеин бир аз болсо, теңинен көбү ден соолукка зыяндуу делген сибутрамин заты болгон. Эң башкысы кофенин идишинде товардын курамында катуу таасир этүүчү заттар бар деп көрсөтүлгөн эмес. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кофени саткан жеке адамдар сурак беришүүдө. Мындан тышкары, өлкөгө кандай жолдор аркылуу алып келингендиги, башка кайсы соода түйүн, же базарларда сатылып жаткандыгы аныкталууда.




"Мегакомдо" - кезектеги жаңжал
"Мегаком" жетекчилиги 7-апрелде "Акыйкат" партиясынын жетекчиси А. Жекшенкуловго жакын адамдар ири өлчөмдөгү акча алып чыгып кетишкен деп билдиришти. Бирок Аликбек Жекшенкулов муну жалган жалаа катары баалап, билдирүү ээлерин сотко бере тургандыгын жарыялады.
"Мегакомдун" коопсуздук департаментинин башчысы Тилен-Аалы Кызалаков 7-апрелден кийинки аралыкта алгач мекемени басып алган белгисиз адамдардын тобуна 180 миң сом таратылып берилгендигинен баштады. Андан кийинкисинде, Т. Кызалаковдун сөзү боюнча, чогулган адамдарды жайгарууга саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы көмөк көрсөткөн:
- Ал жерде Рашид аттуу жигит чогулгандарды эпке келтирүү үчүн өзүнүн ортомчулугун сунуштап, бул үчүн эки жүз миң сом керек экендигин айтты. Мен жетекчилик менен байланыштым. Ал жактан мага уруксат бергенден кийин акчаны Рашидге алып келип бердим. Анан эртеси мага жетекчиликтен "жүз миң доллар топтоп, Рашид кайсы жакка алып бар десе ошол жакка алып бар" деген буйрук болду. Мен Шопоков көчөсүндөгү "Фонекс" компаниясынын жанындагы үйгө акчаны алып келдим. Короодон Рашид мени тосуп алып, ичкеридеги А. Жекшенкуловдун иш бөлмөсүнө киргизди. Анан акчаны ага берип, чыгып кеттим. Бир нече күндөн кийин мага "дагы жүз миң долларды "Вассаби" деген кафеге алып бар" дешти. Ал жакта баягы Рашид жана Баха деген жигиттер күтүп турган экен.

Жалган жалаабы, же аргасыз чарабы?
"Акыйкат" партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов "Мегакомдун" коопсуздук кызматынын жетекчисинин айткандарын жалган жалаа катары баалады.
А. Жекшенкулов мунун артында өкмөт башчысынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабанов тургандыгын айтып, ага карата айтып чыккан сын пикири ушундай каралоого негиз болгондугун кошумчалады:
- 9-мартта Ө. Бабановдун иши боюнча ачык сын пикир менен чыккам. Бул ошого карата, мага карата "кара пиар" болуп жатат. Ө. Бабанов сынга туура реакция бергендин ордуна мурдагы Максимдин иштерин жасап жатат. Биз бул маселе боюнча "Мегакомдун" кызматкерлерин сотко беребиз. "Мегакомду" ким басып алганын билесиңер. Бул - Бабановдун кишилери, ошонун буйрутмасын аткарып жатышат.
Ошол эле учурда саясатчы 7-апрелде шаарда талап-тонооочулук орун алганда "Мегакомду" "Акыйкат" партиясынын адамдары кайтаргандыгын белгиледи. Аликбек Жекшенкулов "Мегакомду" Москвадагы таасирдүү саясатчылардын өтүнүчү менен коргошкондугуна токтолду:
- Мародерлер "Мегакомду" талап кетпесин, коргоп бергиле деген суранычтар болгон. Анан бул боюнча Москвадан да адамдар мага чалышкан. 7-апрелде биздин партиянын миңден ашуун жигиттери аянтка чыккан болчу. Ошолордун ичиндеги балдарга кайрылгандыктан алар барып, сактап калышкан. Мына ошол Кремлдеги күчтүү саясий күчтөр тургандыгын биз мурда эле билет элек. Ошону билип туруп алардан бир нерсе алып биз эмне жинди болуптурбузбу?

Жоголгон акчанын жогун издеп...
Тилен - Аалы Кызалаков болсо аталган маалыматты учурунда жарыялоо коркунучтуу болгондугун айтып, арыздануу аягына чейин жетпегендигин кошумчалады.
"Мегаком" компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев эми бул боюнча тартип коргоо органдарына арыз менен кайрылыша тургандыктарын билдирди:
- 100 миң доллар, анан эки жүз миң доллар, буга кошумча төрт миллион сом. Бул каражаттар Кыргызстан үчүн өтө чоң акча. Ошол каражат кимге кетти? Эмне үчүн кетти? Кандай максаттарга колдонулду? Азыр мына ошол жагдайлар аныкталып жатат. Акчаны зордук менен талап кылган факты боюнча кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен тартип коргоо органдарына кайрылганы турабыз.
Мындан сырткары Азамат Мурзалиев 7-апрелден кийин бир катар банктар аркылуу 28 миллион (жыйырма сегиз миллион) доллар сыртка чыгарылып кеткендиги аныкталгандыгын айтты. Ал учурда аталган каражаттын кайсы багыттар боюнча жөнөтүлгөндүгү жана ага кимдердин катышы бар экендиги такталып жаткандыгын кошумчалады.

"Азаттыктан" алынды






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??