п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шоу жаңылыктары

Айпери Сыдыковадан
"Баркы жок сүйүү"
""Апакай ак куу", "Эркем менин" аттуу хит ырлардын аткаруучусу Айпери Сыдыкова жакында дагы бир болочок хитти жаздырайын деп жатканын бизге билдирди. Сөзү өзүнө таандык болгон ыр "Баркы жок сүйүү" деп аталат. Чыгармачылык менен бирге үй-бүлөлүк жашоону бирге алып кеткенге аракет жасаган Айпери 16-мартта 25 жашка чыгат. "Түтүн булаткандан кийин биринчи жолу туулган күнүмдү тосом, Кудай буюрса, өзгөчө белгилесемби деген оюм бар, ошондуктан, эртерээк келишин күтүп жатам"- дейт, ырчы кыз. Кош бойлуу экенине карабай, бат-баттан ыр жаздырып, чыгармачылыктын үстүндө тынымсыз эмгектенген Айпериге ийгилик каалап, келе жаткан өздүк майрамы менен куттуктайбыз.


Дайыр кумурскадай
эмгектенип жүрөт
Борборго өзүнүн жеке концертин бере элек Дайыр Исмадияров, 13-17-март аралыгында Россиянын чоң-чоң шаарларында өзүнүн жеке концертин берип жүрөт. Эл абдан жакшы кабыл алып, концерти аншлаг менен өтүп жатканын баса белгилей кетели. Ал жактагы кыргыздардын көп добушун алып, уюштуруучулар тарабынан чакыруу алган Дайыр, Москвадан келери менен борборго койчу жеке концертине катуу даярданарын билдирди. Жетишип калса жазында, жетишпей калса күзүндө болот экен. Дайырдын күйөрмандары, кулагыңыздарга алтын сырга, апрель айынан баштап Кыргызстанды кыдырып, концерт берет. Андыктан, чыдамсыздык менен күтүңүздөр.


Акындардын ашары
Популярдуу ырлардын авторлору Кудрет Тайчабаров менен Кундуз Качкынбаева ыр-дүйнөсүнө жаңы ачылыш киргизип жатышат. Адатта, ырдын сөзүн бир эле адам жазчу эле, булар атайын эки адам жазса кандай болот экен деп, эксперимент кылып көрүүнү чечишиптир. Ырдын темасы азырынча тактала элек, аткаруучу тандала элек. "Бир баш жакшы, эки баш андан дагы жакшы" дегендей, ырдын сапаты кандай болорун күтө туралы.




  Наам кут болсун!

Жанетта Бобкова:
"Чуркаган эмес,
буюрган алат"
- Жанетта айым, "КРнын Эмгек сиңирген артисти" наамыңыз кут болсун! Эң алгач бул наамды алганыңызды укканда кандай сезимдер болду?
- Куттуктооңузга чоң рахмат! Эң алгач 4-март күнү КТРКдагы "Ала-Тоо" маалымат программасынан: "Президент Роза Отунбаеванын указы менен эстрада ырчылары Дилшат Кангелдиева жана Жанетта Бобкова "КРнын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болушту",- деп айтышты. Биринчи жолу укканда ушунчалык сүйүнүп, кубанганымдан көзүмө жаш тегеренип, бир ишенип, бир ишенбей, айтор, бир башкача сезимде болдум. Менин талантымды сыйлап, эмгегимди баалап, бул наамды ыйгарышканы үчүн Президент Роза Исаковнага, Маданият жана маалымат министри Нурланбек Тургунбековичке жана комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем.
- Айрымдар: "Жанетта Бобкова бул наамды аябай эрте алды",- деп айтып жатышат. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Сөздөр ар кандай айтылып жатат. Бизде көп учурда наамдар кеч берилип келген. Чуркаган эмес, буюрган алат экен. Бешенеме жазылыптыр, мына минтип наам алып отурам. "Досум Үсөн" тобунун 40 жылдыгына жана 8-мартка карата мага абдан чоң белек болду. Дилшат Кангелдиева экөөбүз документ тапшырганбыз, анын ичинде иш китепчебиз, жетишкен ийгиликтерибиз бар. Анан комиссия мүчөлөрү биздин документтерди карашып, бул наамды бергенге макулдуктарын беришиптир. Негизи, бул наам бир эле адамдын чечими менен берилбейт. Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова деген ырчы эжекелерибиз мендей курагында "КРнын Эмгек сиңирген артистин" алышкан. Мен эрте да, кеч да эмес, убагында алдым. Себеби, 10 жашымдан бери ырдап келем.
- Өзүңүздү бул наамга татыктуумун деп ойлойсузбу?
- Мен 21 жыл жакшы эле эмгектендим. Эл аралык конкурстарда кыргыздын желегин желбиретип, алдыңкы орундарды алып келдим. Эгер комиссия мүчөлөрү татыктуу деп ушул наамды ыйгарышса, анда татыктуу болушум керек.
- Наамды го алдыңыз, мындан кийинки пландарыңыз кандай?
- Бул наамдын жоопкерчилигин сезе билиш керек. Бул мага чоң стимул болду. Жетишкендигимди утурлай, буюрса, жакын арада жандуу үн менен жеке концертимди берейин деп жатам. Учурдан пайдаланып, мени ар дайым колдоп келген күйөрмандарыма, кыргыз элиме башымды ийип таазим кылам. Себеби, алар бар менин эмгегим бааланып, алар бар мен Жанетта Бобкова болуп келем.
Айзирек
Келдибаева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??