п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Сырмаек

Нурайым Азыкбаева:
"Күзүндө турмушка чыгам…"
- Биринчи чыгармачылыгың тууралуу кепти баштасак, билишимче, кичинекей кезиңден тартып эле музыка чөйрөсүнө аралашып жүрөсүң?
- Ооба, мен 3 жашыман тартып эле музыка чөйрөсүнө жакын болдум. Кичинекей кезимде чачым такыр жок болгондуктан, башыма сүлгүнү байлап алып, өзүмдү сахнага чакырып, кайра өзүм чыгып, коңшу кыздарга ырдап берчүмүн. Анда биз Нарында жашачубуз. Бала кезимен тартып, сахнанын аркасында чоңойдум десем болот. Анткени, атамды ээрчип жүрүп, гастролдорго көп чыктым. Сахнадагы артисттерди карап суктанчумун, атам ойногон аспаптарды мен дагы кармап көрүп, ойногонго аракет кылчумун.
- Канча жашыңан тартып колуңа аспап кармадың?
- Мен алты жашымда борбордогу Мукаш Абдраев атындагы мектепке келип тапшырдым. Мугалимдер колумдун жөндөмүн карап көрүшүп, скрипка бөлүмүнө алышты. Анда мен айылдан жаңы келгем, скрипка эмне экенин деле билбейм. Буга улай эле №1 музыкалык мектепте комуздан сабак алдым. Ошол убакыттан тартып, скрипка, комуз ж.б аспаптарды үйрөнө баштадым. Менин кызыгуум абдан күчтүү болгондуктан баарын бирге алып кетүүгө үлгүрдүм.
- Азыр канча аспапта ойногонду билесиң? Ар бир аспапты эмнеге салыштырасың?
- Тогуз аспапта эркин ойной алат экенмин. Баардыгын бирдей алып кетүүгө аракет кылам. Бирок, ар бирине өзгөчө мамиле кылыш керек. Мисалы: скрипка дайыма кубулуп турат, оюң башка жерде болуп, бир нерсеге тынчсызданып жатсаң, скрипканы ойноо кыйын болот. Жан дүйнөң менен берилип, денеңди бош коюп, оюңду бир жерге топтоп, чын жүрөктөн ойногондо гана өз нугуна келет.
- Мырзалар сени саксофондо ойногондо аябай сексуалдуу көрүнөт деп айтышат, сен кандай ойлойсуң?
- Буга чейин такыр ойлоп көрбөптүрмүн. Бирок, саксофондо ойногондон уялчумун. Мага дал келбеген "грубый" аспап деп ойлоп жүргөм. Мен эстрада жаатындагы ырчы кыздардан биринчилерден болуп саксофондо ойноп чыктым. Чындыгында ,саксофон кыздардын аспабы болуп эсептелинет. Өзүнүн фигурасы, чыккан үнү боюнча да окшош. Ал романтикалык ырларга дал келет, дайыма бири-бири менен уйкашып турат. Балким, ошондон улам сексуалдуу көрүнсөм керек…
- "Эне-Сай" тобу барган сайын кеңейип баратат го, топ менен иштешүү сага кыйын эмеспи?
- "Эне-Сай" тобун атам мага өткөрүп бергенден кийин, менин мойнума чоң жоопкерчилик түштү. Жакын арада эле жалаң кыздардан турган жаңы топ түзүлдү. Кыздарды өзүм окуган музыкалык мектепке барып таланттууларга кастинг жарыялаганбыз. Өзүбүздүн үйгө чакырып, короодон эле уюштурдук. Эки тур өткөрдүк, үнүн текшерип, катышуучулардын талантына, жөндөмдүүлүгүнө карап тандадык. Кыздардын тарбиясына да көңүл бурдум, анткени, атамдын катуу экенин билесиңер да. Кыздардын ар бирине график түзүп, өз алдынча үйгө чакырып, чакан студиябызда кенен-кесири, тамакты да үйдөн жасап жеп, жылуу жумшак олтуруп, машыгабыз.
- "Эне-Сай" тобунун концерти кандай өзгөчөлүктөр менен өттү?
- Абдан жакшы болду. Биз 800 орунга ылайыктап жатсак, 2000 адам келди. Баягы көпчүлүгү жаңы агым менен кетип, эски ырлар унутулуп калды деген ойдо болгом, бирок, чыныгы музыканы баалаган адамдар көп экен. Эки сааттык концертибиз төрт саатка уланды. Дагы бир өзгөчөлүк концертке башка ырчылар катышкан жок. Өкүнүчтүүсү концертти КТР тарта албай калды. Биз 70 миң сом акча төлөсөк да келип тартышкан жок. Эки күн телефон чалдык, өчүрүп салып, такыр келбей коюшту. Дагы жакшы юридикалык келишим болгондуктан, акчабызды кайрып алдык. Бирок, сьемка болбой калды да. ЭЛтр менен Түрк каналы "концертиңерди тартып алалычы" -деп суранышып, акча албай эле тартып кетишти. Атам канча жылдан бери эмгектенип келе жатат, биринчи концертибиз болуп аткандан кийин тартып кетишсе ыраазычылык билдерет элек да.
- Сенин чет мамлекеттерге чыгып, сынактарга катышып, сыйлыктарды алып келгениңди угабыз? Ушундай учурда мамлекеттин жардамы тийдиби, жол чыгымдарын ким төлөп берди?
- Жардам берген жок деп айткандан алысмын. Кээ бир адамдар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн, кээ бири жумушунан ажырап калбашы үчүн, кээ бири пиар үчүн жардам берет экен. Ошондо да чуркап жүрүп, күнү -түнү эшигин каккылап атып, жардамга ээ болдум. Лос Анжелеске барганда көпчүлүгү өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн кетти. Бул менин талантым болгондуктан, өзүм тырышып катыштым. Башка өлкөдөн келгендерди карасаң, Маданият министринен тартып, журналистине чейин жүрөт. Чындыгында, алар искусство адамдарын абдан баалашат. Өзгөчө бөтөн жерге чыкканда,кыргыз жери, эли үчүн күйүп-бышып, абдан намыстанат экенсиң, элиңе жаман сөз тийгизгиң келбейт.
- Башка ырчылардыкына салыштырмалуу репертуарыңда ырларың жана клиптериң аз көрүнөт го?
- Мен, чындыгында, шоу-бизнес эмес чыныгы искусство тармагына бөлүнүп калганыма сүйүнөм. Азыр ырдай албаса деле баары бир, "ырдайм" деп эле чыгып жатышпайбы. Ошол такыр туура эмес. Ар бир ырга өзүнчө мамиле кылыш керек. Компьютер менен үн жасап чыккандар, эмне элди ушунча "тупой" көрүшөбү? Такыр түшүнбөйм, ал ырды ырдай албайсыңбы, өзүңдүн деңгээлиңе жараша ырда, ал дагы бирөөгө болбосо бирөөгө жагат. Ошондуктан, ыр жаздырып, клип тарттырганда да сапатына карайм. Клип тарттырыш үчүн тойлордон түшкөн каражаттардан беш сом болсо дагы үнөмдөп, чогултуп жаткан учурум. Сапаттуу клип болуш үчүн акчаң да, эмгек да көп болуш керек. Буюрса, кыздар менен ар кандай аспаптардын айкалышуусу менен өзгөчө клип тарттырабыз деген ойдомун.
- Анда сени профессионал ырчы деп айтсак болот экен да?
- Жок, мен дагы да болсо үйрөнүүдөмүн. Опера ырчыларына барып, Султан Каримов вокалист, андан кичине болсо да сабак алам, керектүү нерсе болсо сурайм. Айткан нерсени башыма түйүп алам, ошол жетиштүү болот. Мен кичинекей кезимде, кечкисин жатарда, Уитни Хьютон, Селин Дион, ж.б ырларын угуп жатчумун. Ошол мээме сиңип калганданбы, айтор, ырдаганда алардын нугуна түшүп алам.
- Жигитим колумду сурап жатат деп жүрдүң эле, ал жагы кандай болууда?
- Жигитим экөөбүз бир жылдан ашык сүйлөштүк, ортобузда өйдө-ылдыйлар болду, мен чет өлкөгө кеткенде күттү, иши кылып экөөбүз бири-бирибизди сынактан өткөрдүк. Эң негизгиси, менин чыгармачылыгыма тоскоол болгон жок, тескерисинче, колдоп турат. Өзү "О" байланыш компаниясында иштейт. Аты Мукай, 1985-жылкы. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй бала, мага окшош тырышчаак, өзүнүкүн бербейт, жаны тынбаган эмгекчил, жетем дегенине жетет. Эми офисте иштеген адам башкача болот го, ал үйгө бара калып, огороддо, же курулуш иштеринде жүрөт. Бир карасаң жумушунда, мени да бир жерден экинчи жерге алып барып, кеп-кеңешин айтканга да жетишет.
- Анан үйлөнүү тоюн качан өткөрөсүңөр?
- Кудай буюрса, июлда мага сөйкө салышкан жатат. Анан күзүндө турмушка чыгам. Тактап айтканда, сентябрдын жыйырмаларында официалдуу түрдө үйлөнүп, үлпөт тоюн өткөрөбүз. Ата-энеси дагы абдан интеллигент адамдар экен. Менин келечектеги улуу жеңем япон кызы, кайын сиңдим Кытайда окугандыктан, баарын июль айына пландаштырып жатабыз. А биз болсо сеп даярдап жаткан кезибиз.
- Дайыма атасынын тарбиясын алган кыз деп айтышат, бул жерде апаңдын да тарбиясы зор болсо керек, апаң тууралуу айта кетсең?
- Апам-менин бир туугандарымды жарык дүйнөгө алып келген адам. Атамдын болгон мүнөзүнө чыдаган адам. Апамдын үнү идеалдуу, басып бараткан кыздын такасынын үнүн угуп турат. "Эне-Сай" тобунун биринчи солисткасы болгон. Музыкалык билими бар, бирок аягына чейин бүтпөй калган. Турмушка чыкандан кийин атамдар менен жүрүп музыкант болуп бүттү. Учурда Политехте вокалдан, музыка тарыхы боюнча сабак берет. Апамдын биринчи кесиби ашпозчу болгондуктан , үйдө тамакты сонун жасайт.
- Үй-бүлөдө баарыңар таланттуу инсандарсыңар, бир туугандарың тууралуу айта кетсең?
- Улуу байкем үйлөнүп, эки балалуу болушкан. Үйдө атам ойногон аспаптардын баардыгында ойнойт. Чет мамлекеттерге чыкканда, бизге котормочу болуп берет. Иним Нурсултан Герман Гмайнер мектебинде 9-класста жана Шубинде флейта бөлүмүндө окуйт. Байкем үйлөнүп, өзүнчө болуп кеткенден кийин, экөөбүз жакын болуп калдык. Өзүнүн сүйлөшкөн кыздары жөнүндө көп айтып берет. Эң кичүүсү Бексултан алты жашта. Баарын бат кабыл алат. Аны "вундеркинд" десем да болот. Азыр пианинодо олтуруп өзү ырдаган ырдын ноталарын карап таап алат. Буюрса, үйдө дагы бир таланттуу Азыкбаев өсүп келе жатат.
- Алдыда кандай пландарың бар?
- Буюрса, сентябрь айында жеке концертимди берейин деп жатам, азыртадан эле даярданып жүрөм. Азырынча саксофон менен ойногон бир-эки гана чыгарма болуп жатат, аларды дагы көбөйткөнгө аракет кылуудамын. Бирок, мен ойногон аспаптардын арасынан дагы бирөө кошулат. Пианинодо ойноп чыгам. Атамдын чыгарып берген ыры менен биринчи жолу пианинодо өзүмдүн жеке концертимде ойноп жана ырдап чыгам. Кичинекей оркестр менен кыргызча ырларды ырдап, бардык аспаптарда ойноп чыгам деген жакшы пландарым бар.


Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??