п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жаргылчак

"Эр жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн!"
- Мирбектин чыгармачылыгына жана адамдык сапаттарына кандай баа бересиз?
24-март бейшемби күнү саат 14төн 16га чейин "Түз байланышка" ырчы жигит Мирбек Иманбеков келип, өзүнүн чыгармачылыгын сыйлап, кумир туткан күйөрмандарынын суроолоруна телефон аркылуу жооп бермек эле. Белгиленген убакытка жарым саат калганда биздин кабарчыбызга чалып:"Келбейм, себебин түшүндүрбөйм",-деп оройлонду. Анын үнүнө куштар болгондор телефондун жаагын тындырбай суроолорун берип, кээ бирлери редакциябызга чейин чуркап келишиптир. Берген суроолоруна жооп ала албай калган күйөрмандары Мирбектин адамгерчилигине "түкүрүп", ырчынын дарегине сөккөн билдирүүлөрдү да жиберишти. Ошондон улам, "Өзүн сыйлабаган адам, өзгөнү кантип урматтайт?!" - дегиң келет экен. Биз муну менен, Мирбектин бизге эмес, өзүнүн күйөрмандарына болгон көңүл коштук мамилесин көрө алдык. Окурмандардын суроолорунан улам, "Жаргылчак" рубрикабыз аркылуу, өзүнүн эле чыгармачыл чөйрөсүндөгү жакшы билген адамдарына Мирбек жөнүндө суроо салдык.

Бакыт Букаев,
шоумен: "Жасалма "жылдыз" болуп жүргөн жаны
"жылдыздыктан" жыдып түшүп…"
- 2005-жылдын декабрь айында Динара Акулованын концертинде мен алып баруучу болгон элем. Сахнанын артында бир ырчы жигит:"Мени ырдатып койгулачы?"- деп көпкө туруп калганынан мен кийлигишип, администраторго айтып, "Бул жигитти ырдатып койгулачы?"-деп атып, бир жерден сахнага чыгарып жибергем. Андан кийин жолу ачылып, Асыл айымдын колуна түшүп, бардык жактан жашыл жарык жандап, жакшы эле жаркылдады. Азыр кээде көп артисттер катышып калган концерттерде артисттер бири эрте келет, бири кеч келет дегендей. Анан мени коё берип койгулачы, тоюм бар эле, концертим бар эле деп суранып калышат. Ошондой учурда Мирбек салам айткандан да эринип, жасалма "жылдыз" болуп жүрүп, "жылдыздыктан" жыдып түшүп калган жаны ээрчитип келген балдарын "Мирбекти качан чыгарасыңар?"- деп чабарман кылып жиберип ийет. Ини катары өзү деле келип менден сураса болот, бирок куру намысчыл жагын байкап жүрөм. Учурунда Асыл эжесинин аркасы менен концерттерден элчилеп кезек күтпөй, шыр келип, шыр кетип, керек болсо улуу адамдарды күттүрүп коюп, телевидениенин балдарына тарттыртып кетип, жакшы эле тайраңдады. Мунун баары күнүмдүк нерсе, жылдыздар жанат, кайра өчөт. Кандай күн болсо да, адамгерчилик калыш керек. Баарына мезгил, убакыт өзү тараза болуп, кимдин ким экенин көргөзүп атпайбы. Акыл-эси толук жетиле элек "мололетка" кыздар автограф сурап, артынан чуркап койсо эйфорияга берилип, эсинен танып калган десем болот. Асыл эжесинин эмгегин билбей, эдиреңдегени ушу да.


Назгүл Насиева, продюсер:
"Эмгекти баалабаган бала"
- Мирбек Иманбеков кичипейил бала. Бирок таптакыр эле жоопкерчилиги жок. Кээде отуруп, жакшылыкты деле билбейт деп ойлоп кетем. Аты чыкпаган кезде, Асыл анын атын дүңгүрөтүп чыгарган. Аны эч ким тана албайт. Кыргызда, "Бир даам сызган үйүңө, миң жолу салам айт"-деген жакшы сөз бар. А Мирбек Асылдын ага кылган мээнетин барктабай, керек болсо өзүнүн үйлөнүү тоюна да чакырган жок. Мына, үйлөнгөнү кийин билинип калып жатса да, бардык шылтоону Асылдын мойнуна жүктөп койду, аягында Асыл жашырып жүргөн болуп калды. Бул кылган иши туура эмес деп ойлойм. Ушундан улам, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу" - деген сөзү оюма келди. Чындыгында эле, биз, пенделер, капчыгыбызга акча түшүп калса дердеңдеп кеткен жагыбыз бар эмеспи. Бирок ал сапаттарды жөнөкөйлүк менен жоюшубуз керек деп ойлойм. Мирбектин дагы бир адамгерчиликсиз сапаты-Асыл төрөгөндө абалын сурап келип койбогону. Кандай болгон күндө да Мирбектин атын чыгарууда Асылдын эмгеги зор.


Баян Акматов, ырчы, төкмө акын:
"Ырдаган жагынан эмес, Мирбек ыр тандоо жагынан жакшы"
- Мирбектин жакшы бала экенин билем. Адамдын жаманы жок, адамды жаман кылган шайтан жаман болсо керек. Өзүмдү толуктап билбеген соң, Мирбектин айыбын айткым келбейт. Бирөөнүн айыбын көпчүлүктүн арасында айтуу-мусулман үчүн жат көрүнүш. Искусство институнда менден бир курс мурда окуган. Ырдаган жагынан эмес, Мирбек ыр тандоо жагынан жакшы. Ар кимдин ар кандай таланты болот экен. Мирбек кыяк менен ырдоону да өздөштүрсө сонун болмок. Жандуу үн менен ыр өчпөйт эле. Ал эми эстрада "бүгүн бар, эртең жок" деген принципке такап коёт.


Асыл Апасова, продюсер:
"Мирбекте жоопкерчилик "нөл"
- Мирбектин адамгерчилиги жакшы болгону менен, жоопкерчилигине "нөл" деген баа берем. Жоопкерчилик деген жок ал балада. Жүрөгү бар, сени менен кошо кайгырып, кошо ыйлаган жагынан ага эч ким жетпейт. Мен өзүм так адаммын, кимдир бирөө мени жолугушууга чакырса, болжогон мөөнөтүнөн бир секунд да кечигип көргөн эмесмин. Мирбек экөөбүз иштешип жүргөндө бирөөлөр менен жолугушуу белгилеп коюп, дайыма кечигип келчү. Акырында саат он бирде баштала турган сьемканы ондо башталат деп калдым. Бир жолу концерттин алдындагы боло турган эфирге келбей койгондо, Канат экөөбүз эптеп жолун тапканбыз. Жоопкерчилиги жоктугунун айынан ортобузда келишпестиктер көп болчу.


Элмара Турсуналиева, алып баруучу:
"Кыз-Бурактын" экс-солисткасы Касиет
Артыкова эжени түртүп жиберген"
- Мирбек менен бир да жолу маңдай-тескей отуруп сүйлөшүп, тыгыз байланышта болгон эмесмин. Бирок мен анын өзүнүн эле кесиптештерине, өзгөчө улууларга жасаган орой мамилесин байкагам. "XXI кылымдын жылдыздары" деген чоң концертте "Кыз-Бурак" тобунун экс-солисткасы Касиет Артыкова (Мирбектин апасы менен тең аял) эже экөө сахнанын артында туруп калышты. Мирбек өзүнүн кезегин күтпөй, "кезеги жок эле чыгам" деп туруп алды. "Ай, Мирбек, коё тур, бул жакта сенден улуулар турат, алар сенден эрте келген", -деп калдым. Ары жакта турган Касиет эже да:"Ай, Мирбек, коё тур", -деп колунан кармаса эле, "Туруңузчу нары!" - деп апасындай болгон эжени түртүп жиберген. Анда Асыл менен иштешип жүргөн убагы болчу. Асылды чакырып:"Мирбегиңди ал дагы, бул жактан чыгып кеткиле", - дегем. Бул тартипсиз, сый-урматты билбеген, этика боюнча түшүнүгү жок жигит деп ойлойм.


Назира Кадыева, ди-джей:
"Вокалдык өзгөчөлүктөрү
деле өтө шумдук эмес"
- Мен ал бала менен өтө жакшы деле тааныш эмесмин. Бирок биздин радиого келген ырлары аркылуу тааныйм десем болот. Эл оозунда элек жок дегендей, ар ким өз оюн айтат. Мирбектин ырдаганы бирөөгө жакса, экинчисине жакпайт дегендей. Ар кимдин ою баалуу эмеспи. Мирбек Иманбековдун чыгармачылыгына карата менин да жеке оюм бар. Бул жигиттин элдикинен башкача вокалдык өзгөчөлүктөрү деле өтө шумдук эмес. Жакшы деп да айта албайм. Учурунда продюсери Асыл Апасованын жардамы менен ушундай ийгиликтерге жетишип келсе, азыр жалгыз калганда өзүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн канчалык деңгээлде алып кете ала тургандыгы боюнча, элдин сынында турган кези. Чынын айтсам, чыгармачылыгын жеке өзү алып кете албаганы көрүнүп эле турат. Бизге деле жаңы ырларын алып келбей калды.


Өктөм Сапарбек уулу, аранжировкалоочу:
"Карызга катуу, жоопкерчилиги жок"
- Мирбек өзү жакшы эле бала. Бирок, жоопкерчилиги жок десем болот. Бир жолу аронжировка жасатып кетип, акчасын (200 доллар) аркасынан ээрчип жүрүп, бир жылдан кийин араң алгам. Карызга катуу бала. Мурун жакшы иштечү эле, азыр көп келбей калды.


Талант Анарбаев, куудул: "Чынын эле айтыш керек, Мирбектин үнү жок"
- Мирбек чыгармачылык менен иштебей койду окшойт, ырлары мурункудай чыкпай калды. Ырдоо жагын ала турган болсом, чынын эле айтыш керек, Мирбектин үнү жок. Бирок азыркы ырчыларды "үнү жок" десең таарынып калмай адаты бар экен. Анан эле дароо душман болуп калышат. Мындан ары эч кимдин кемчилигин айтпай эле коёюн деген болчумун. Ошондуктан, мактап коёюнчу. Мирбек өзү жакшы бала, көзү бакырайган, фигурасы 40-80-80, үнү укмуш, ал ырдаганда элдер туруп алып 45 мүнөт алакандары кызарып, кычышканча кол чабат. Азыркы жаш ырчылар биринчи орунга чыгармачылыгын коюп, экинчи орунга акчаны коюп атышат. Бардыгы -азаматтар!


P.S. Мына окурман, Мирбек Иманбеков жөнүндө жогорудагыдай ойлорду уктук. "Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт" - дегендей, "эркекче" сөз берип, барам дегенден кийин келбей койгонун кандайча түшүндүрөрүбүздү да билбей калдык. "Эрди намыс өлтүрөт" деген макалда айтылгандай, мурун намыстанып калган кыргыз жигити намысына чыдабай өлүп алчу экен. Мирбек Иманбеков намыска кандай болду экен, көрө жатарбыз… Сөздүн кыскасы, "Эр жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн" деген макалды гана айткың келет.

Сайра Сопушева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??