Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да, улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.

Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)

(Башы өткөн санда)
Ошондо Давлет эже: "Ооба, Болдукан сага тием деди, мен аны сага таап берем",- дептир да. Анан жанагинтип маңдайына бадырайтып жазып алганын көрүп: "Болдуканды жакшы көрөт экенсиң, мен аны сага алып берем",- дептир. Антип ооз учунан айтканы менен, Давлет эже бирок кеңдик кылбай койду да. "Эркек балам жок" деп көз жашын көл кылып ыйлап жүргөндө сүйгөндүгү анык болсо, Рыспай агайдын эртеңин ойлоп, башка аял алып берип, башын бошотуп койсо болмок. Анткенде, балким ,мынчалык трагедия болбос беле (бир аз бышактап алды). ... "Мен сага Болдуканды алып берем деди. Буга чейин деле далай кыздар болгон, алардын баарына бут тосуп, ушу сага келгенде багынып берди", - деди Рыспай агай. "Ырас, жаман кыз эмес, мен Болдуканды сага алып берем", - дептир да. Ошо жерден Рыспай агай: "Жетишпей калабыз го, ушуну эртелетсек кандай болор эле?" - деди да...
- Ушу моменттер аябай көп экен: "Жетишпей калабыз го" дегеничи. Анын сөзүндө өмүр-өлүм дареги аябай көп экен. Кандай дейсиң: ал ушундай трагедия болорун алдын-ала сезген го дейм?
- Мен ойлойм да: ал ошондо эле билсе керек. Анткени, өлгөндөр жөнүндө көп айтып ыйлай берчү да. Жолон Мамытов жөнүндө айтып ыйлады, Чубактын өлүп калгандыгын айтып ыйлады. Өтүп кеткен Касымаалы Жантөшевди да.. Улуу адамдар менен көп болгон экен да... "Чубак эмне үчүн өлүп калды, жапжаш туруп эле?" Анан эле айта берчү: "Мен сага жетпей калам го", - деп эле. Мен айттым: "Сиз жайында келесиз да", - депчи. "Жок, - дейт. - Мен жетишпей калам го. Ушу мен сага бир белек таштап кетсем жакшы болот беле - сен мени унутуп каласың го. Эгер мен өлсөм, сен аябай катуу күйгүн", - деди да. Ошентип отуруп ал жерден уктап калды Рыспай агайчы. Мен анан Үриниса эжеге звонит эттим: "Эже, келиңиз, мен ушунчалык кыйналып кеттим", - дедим да. Анан эле көп өтпөй келип калды эжечи. Анан айтты: "Нестан эже звонит этти - үйүңдөгүлөр издешип жатат дейт". Анткени, мен каякка кеткенимди айтпай кеткем да. Эки күндөн бери жоголуп жатпайымбы...
- Сени кайдан табыштын номурун кайдан билишет?
- Мен айткам да ал эжелерге, Рыспай агай менен алгач жолугушкандан баштап эле. Алар бүт баарын билишет. Менин эң жакын... Үриниса эже келерден мурун мен кетейин десем, Рыспай агай мени кучактап алып ыйлап.. мен да кошулуп.. экөөбүз ошентип буркурап жатсак, Асылбек келип урушуп жатпайбы: "Ким өлдү?!" - деп. Көрсө, ошол акыркы кучакташканыбыз экен...
- Ошо бойдон жолугушпай калдыңарбы?
- Телефондон сүйлөшүп турдук бирок. Кийин жыйырманчы сентябрда келмек - экөөбүз үйлөнмөкпүз. Жетпей калбадыбы... Анан, ошентип, Үриниса эже келип жанагинтип айткан соң мен үйгө кеттим. Рыспай агай ошо менен түн ортосуна чейин уктаптыр...
- Ушу жерден улам эле сурасам качасың да: жанагинтип ыйлактай берүүнүн жана андан соң уктап калуунун бир себеби ичкилик эмеспи?
- Анысын биерде айтпай эле коёлучу. Ал киши ичпей да ыйлай берчү... Анан эртеси таңкы тогуздан түшкү үчкө чейин Ак үйдөгү телефондон улам Үриниса эженики менен Асылбек байкеникине чалам - ала албайм десең. Же санаам тынбайт: учуп кеткенин, же кетпегенин биле албай турсам Сагынбек Момбеков келип калды. Мени көрүп чочуп кетти: "Ой, сен биердеги чоңдор менен да жүрөсүңбү?" - дейт. Мени баягы үч күндүк концертте да көргөн а киши. Кийин шеринеде да мени моминтип, эси ооп тиктеп отурбадыбы Сагынбек байкечи! Анан жанагинтип айтканы мага ушунчалык чоң удар болду да. Мен а кишини сырттан күтүп турдум.. Анан бир кезде чыкты эле: "Байке, сиз менен сүйлөшкөнгө мүмкүнбү?" - десем: "Ии, сүйлөш, сүйлөш", - деп калды. Кыйшаңдаган кыз экен деп ичинен кымыңдап жатат да. "Ишенсеңиз ишениңиз - мен бир гана Рыспай агай үчүн сиз ойлогондоймун, ошону билип коюңуз", - деп кетип калдым...
Саат үчтөн кийин Үриниса эжеге телефон чалсам, Рыспай агай Ошко учуп кетиптир...
Ошондон ушул күнгө издеп келем Рыспай агайды, издей берем кыялымда, ырларында, ыйларында... "Издейм сени!" деп ырдаганда, Рыспай агайым кандай сыздап, өксүп ыйлаган болсо, Рыспай агай жөнүндө айтканда, агай менен жолугушкан минуталарды эскергенде, "Рыспай" деген атын укканда, мен дагы дал ошондой сыздап, өксүп ыйлайм. Рыспай агай менин бүтпөс арманым дагы, кайгым дагы! Рыспай агай - менин бакытым, кубанычым, жашоом дагы... Агай экөөбүздүн атыбыз Раймаалы-Бегимай мисал ылайым эл оозунда эгиз жүрсө, ошол мага каниет!...
Ошентип, урматтуу окурман, аңгемебиз соңуна чыкты..
Бирок турмуш улана берет кайталанып: залкар Чыңгыздын Раймаалы-Бегимай мисал каармандарынан айтсын Теңирим!...

(Уландысы кийинки санда)




Сен жана мен
Ошол мүнөттө кол телефону чырылдап калды. Тумарды карап "азыр"дегендей ишарат жасап, телефону менен сүйлөшүп калды.
- Жарым саат? Макул, макул, күтөм. Шашпай эле чык,-деген сөзүн шашып айтканга үлгүрдү. Анан Тумарга күлө бага карап алып:
- Жок, корккудай эмне? Кандай, кайдан? Да-аа, Тумар, Тумар, үнүң, көздөрүң баягы эле бойдон, эч өзгөрбөптүр, бирок…-Адыл чындап, качанкы бир жакшы элести көз алдына тарткысы келгендей көздөрүн ачып-жумуп, кыялдангандай сүйлөдү. Кучактап, өпкүсү келип, алдыга жүткүнүп барып, бирок өзүн карманып токтоп калды. Көздөрү ойноктоп, сугалактык менен баштан аяк сыдыра тиктей карап, "ишенбейм сени улгайды десе мага…"деп кыңылдай обон созуп, баш чайкап алды.
Мисирейген абалынан жазбаган Тумар, аны жактырбагандай көз караш менен карап алып:
- Чачыңды ак араласа деле баягы кылтыңдаганыңдан жазбапсың,-деди эле, Адыл каткырып күлүп жиберди. Ыкшып, көзүнөн жаш чыккыча күлдү. Жанараакта эле ыкшоолонуп, уйкусу келип, "жумуштан ала кет, машинам эртең менен бузулуп калды"деп чалган аялына "аный"дей албай, ичинен сөгүнүп алып, айласы жок эле келген. Эми болсо көңүлү көтөрүлүп, өзүнүн шайдоот тарта түшкөнүн сезди. "Эмне кылсам? Машинага олтургузсамбы? Кайда алып барсам, макул болобу?"деген ойлор менен алпуруша туруп калды. Эмнегедир Тумардан ажырагысы келбей, сүйлөшүп олтургусу, жаш кезин эстегиси келип турду. Дээлигип алды. Аялына кандай шылтоо айтарын билбей, оорукана тарапты карап койду.
Тумар болсо, тескерисинче, Адыл күлгөн сайын итатайы тутулуп, түнөрүп турду. Зыңкыйып кийинип, кымбат машинага жөлөнүп, дүйнөсү түгөлдөй жадырап турган эркек өзүн басынтып, качанкы бир карттанып бүткөн жаратын тырмап, шылдыңдап аткандай сезди. Анын үстүнө акыркы күндөрү күйөөсүнүн операциясы деп жүрүп, өзүн баштагыдай карап, боёнуп, жасанганга да чолоосу тие элек болчу. Өзүн карыган, жүдөгөн сезип, ого бетер куйкасы курушуп, кайдан жолуга калдым дегендей ойго жетелене түштү.
- Эмне, бул жакка бирөө жарым жатты беле, же? Шашылбасаң, жүрү, бир жерге барып сүйлөшүп олтурбайлыбы?-деген Адылдын сөзүн угуп, анан кайра чыйрала түштү. Машинанын эшигин ачып күтүп калган Адылды бир карап алып, унчукпай орундукка олтурду.
Адыл кыялдангандай болбой, экөөнүн сөзү кафеде деле уланган жок. Болгону Тумар кепти кабыргасынан коюп, кыздын дарек-дайнын таап бер деди. Булкулдап ыйлап да алды. "Сен кишидей болсоң, мындай болмок эмес… Сен, баарына сен күнөөлүүсүң!" деген сыяктуу сөздөрдү угуп, акырында чыдабай кеттиби, Адыл чарт жарылды.
- Мен го мен, киши эмес, ит экемин! А сен өзүң анда ким болосуң?! Эне деп сени ким айтат?! Кара башыңды ойлоп, сен деле таштап кеткен турбайсыңбы! Анан түштөн кийин калп ыйлап, таап бер деп догурунуп калганын кантейин! Мен билбейм. Керекпи, өзүң издеп таап ал!-ачууланган Адыл калчылдап чыкты. Көзү чанагынан чыкчудай чакчая карап, муштумун бекем түйө, туттугуп олтурду. Ансыз деле өзүнүн абийири аз жерден ачылып кала жаздап, Жеңиштин жардамы менен жөнгө салган күндөрүн эстеди. -Сени эле күтүп олтурат деп ойлоп атасыңбы? Айтчы, ачыгын, эмнеге ушунча жыл кереги жок болуп, эми издеп калдың, ыя?-деди ыйлап олтурган Тумарга үңүлө карап.
Тумар үн дебеди. Көптө барып Адылдын ачуусу тарады. Башын жерге салып, стол үстүндөгү тасмалдын чачысын кармалап ыйлап олтурган аялга боору ооруду. Катуу айтып алганы үчүн өкүнүп калды.
- Мени кечирип койчу? Сен өзүң… Жүрөктү оорутпай, ыйлабачы эми. Жаштык кез-мастык кез деп бекер айтышпайт тура. Кел, тамакка карачы? Сүйлөшөлү…-деп Тумардын колдорунан кармалап койду.
Оорукчан күйөөсүнүн убайымын жеп, жаны бирге болуп өскөн уулун сагынып, тымызын таарынып, бирок ачык айта албай ичинен өзүн курттай жеп, кызын ойлоп, тоодой күнөөсү жүрөгүнө жүк болуп, буулугуп араң жүргөндө, жылуу мамиле, жумшак сөзгө жибий түшкөн Тумар ошондо гана агынан жарылды. Бир учурда "Адылды желкемдин чуңкуру көрсүн!"деп наалат айтып жүргөнү менен, ушул жолугушууну көңүлүндө көксөп жашап келгенин эми мойнуна алгансыды. Экөө кафеде түн бир оокумга чейин олтурушту. Бири бирине кечирим беришкендери үчүн өздөрүн жеңил сезишип, ыйлап-күлүп, көп сөздөр ортого төгүлдү. Кабактары ачылып, Тумардын көздөрүнөн шоола төгүлгөнсүп жалжылдап калды.
Адыл Тумарды Кантка чейин өзү жеткирип келди. Сүйгөнгө барганга күн болжошуп кош айтышты. Бир кезде, "менин ким экенимди билбесин"деп кайра-кайра Жеңишке какшап, үй-бүлөсүнөн коркуп, Сүйгөндөн качып калган Адыл, бүгүн баарына кайыл болуп, маңдайга жазганын көтөргөнгө макул болуп турду.
"Үйгө кир"дээр бекен деп ою бузулган Адыл оолугуп барып токтолду. "Шашылыш жумушум чыгып калды"деп аялына жок шылтоону айтып кеткенин эстеп, машинасына ыргылжың тартып араң олтурду. Анысы да ишеңкиребегендей үн менен "мейлиң"деп калган. Жөн жерден араздашкысы келген жок. Негизи, бүгүн жакшы күн болду деген ой менен, "…жапжаш кыз эмес белең кечээ гана"деп айтылуу ырды ичинен кайрып кыңылдап баратты.