п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-160-01. Анарбек жана Мажит, биз силерди жакшы көрөбүз. Таныя жана Ангел
ОП-160-02. Мажит аке, сизди сүйөм. Жок болуп кетпей СМС жазып туруңуз. Таныя
ОП-160-03. Таш-Көмүр шаарында жашаган алтындай болгон апам Гүлзинага каалаарым: узун өмүр,чын ден соолук, атам менен бактылуу өмүр сүрүңүз. Кызыңыз Дамика
ОП-160-04. Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында жашаган Токтомушовдордун үй-бүлөсүнө салам. Ар дайым бар болгула! Жазгүл
ОП-160-05. 90-жылкы Камаз самосвал сатылат. 0557-77-55-60
ОП-160-06. Саламатсыздарбы, "Обон" газетасы, сиздерге албан-албан ийгилик. 0779568ххх
ОП-160-07. Жаңы -Күч айылында жашаган алтындай болгон атам Жумабекке жана алтындай болгон апам Сияшка салам. Мен сиздерди жакшы көрөм. Жазгүл
ОП-160-08. Эмне үчүн рекетчилик өнүгүүдө, кыздардын арасында? Кыздар - силер келечектеги энесиңер, уялсаңар боло! Балдардан бешбетер болуп кеткенсиңер! KG КУZ
ОП-160-09. Cайкал Садыбакасованы мен аябай кумир тутам. Бирок кийинки убакта аябай арыктап кетти. Анын сыры эмнеде? Камила
Сайкал: Мен диета кармайм. Кадимкидей эле, 6дан кийин тамак жебейм. Спорт менен машыгып турам. Тамакты тез-тезден, бирок аз- аздан жейм. Ошентип, өзүмдүн формамды кармап жатам. Азыркы убакта шоколаддарды аз жеп калдым. Көп жесем, албетте, семирем да, анан ченеми менен жеп жатам.
ОП-160-10. "Обон" гезитинин супер СМСчи кыздары, айткылачы: Сүйүүдө көбүнчө кимдер туруктуу? Кыздарбы, же жигиттерби? Ушул номерге жооп жазгыла. 0770166729, маякка жооп жок. Таныя
ОП-160-11. Кыргызым, ар дайым бар болгула. Бермет
ОП-160-12. Канаты жок кушка окшодум, таалайымды тагдыр тоспогун. Махабатым таптым деп жүрсөм, жаратканым неге кошподуң? Нуркызай
ОП-160-13. Кыргызстан - бейиштин төрү. Аны көзүбүздүн карегиндей сактайлы. Бермет 96
ОП-160-14. Жакында, 17-мартта жарык дүйнөгө келген сиңдим Айбийкеге өмүр, бакыт, чын ден соолук каалайбыз,- деп эжелери Тахмина, Айгерим
ОП-160-15. Булутсуз жамгыр төгүлбөйт, күн чыкса жылдыз көрүнбөйт. Түбөлүк бирөөнү сүйсөң, башкасы көзгө көрүнбөйт. 0771378ххх
ОП-160-16. Салам, "Обон", майрамыңар менен куттуктайм! 0773186ххх
ОП-160-17. Кенже Дүйшеева, устатыңды сыйлабаганың элди сыйлабастыкка жатат. Акылсыз болбо! 0552432ххх
ОП-160-18. Алыскы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жашап жаткан Мустапаев Кубан досума салам жолдойм,- деп досуң Мусалиев Жаңыбай. 0778319064 номерине чал
ОП-160-19. Ардактуу, түбү терең сүйүү үчүн, ыр жаздым мазмунуна терең түшүн. Бир-бирибизди көрбөй калган учурларда, унутпай мени эске ала жүргүн. Супер 94
ОП-160-20. Кенже Дүйшеева, суу ичкен кудугуңа түкүрбө. Садыбакасованын бир тал чачына тең келе албайсың. 0552432ххх
ОП-160-21. Түшүңө бүт эл кирбей, бирөө кирет, сүйүүнү бирөө билбей бирөө билет. Буту майрык, көзү сокур болсо дагы, сүйүүгө сынчы болот жалгыз жүрөк. 0771378ххх
ОП-160-22. Азамат, мен сени сүйөм. Сени күтөм,- деп Таш-Көмүрдөн жаның Айка.
ОП-160-23. Эмне үчүн мен ойлогон тилегиме жетпейм, ушул суроо эзди мени. Нарго
ОП-160-24. Мен сени сүйөм, агажан. Бирок сен билбедиң. Нарго
ОП-160-25. Жалпыңыздарды Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. 0779014ххх
ОП-160-26. Жакшы көргөн адамым жанымда жүрөт. Бирок ал эч нерсени билбейт. Билсе да, унчукпайт. Жаным, мени деле түшүнчү, сени чексиз сүйөм. Жанка
ОП-160-27. НБТ каналындагы "Музканал" телеберүүсүнүн алып баруучусу Зуля, жигитиңиз барбы?Ушул убакка чейин канча жигит менен сүйлөштүңүз эле жана кандай жигиттерди жактырасыз? Максат
Зуля: 1)-Менин азыркы учурда жигитим бар же жок деп айта албайм. Анткени, менин жеке жашоом өзүмө гана тиешелүү жана сыр бойдон калсын. 2) -Буга чейин бир гана жигит менен сүйлөшкөм. Анткени, мен туруктуумун. Бат-баттан жигиттерди кол жоолуктай алмаштырганды жактырбайм. 3) -Мага өтө шайыр эмес, токтоо, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, ар дайым сүйгөнүнө көңүл бөлгөн мырзалар жагат. Менин жүрөгүмдү багынткысы келген мырзалар билимдүү дагы болуш керек.
ОП-160-28. Салам, досум. Келе жаткан Нооруз мусулмандар үчүн ыйык күн, жаңы жыл болуп эсептелет. Андыктан, жаңы жыл кут болсун досум! Бейпил түн, жакшы эс ал. 0770186ххх
ОП-160-29. Күлгөнүң тартуулады таалай-бакты, күн дагы билбей калдым кандай батты? Сүйөм деп айткым келет кайра-кайра, өзүңдүн бар экениң кандай жакшы… 0778622ххх
ОП-160-30. Сүйүүнү сүйө билсең сыры терең, сүйүүдөн жаралыптыр адам деген. Адамдык касиетиң сактайм десең, эч качан ойнобогун сүйүү менен. 0778241ххх
ОП-160-31. Кел, жаным, сууну бойлой басалычы, бук болгон көңүлдөрдү жазалычы. Сүйүүбүз суудай тунук болуш үчүн, тез-тезден жолугушуп туралычы. 0778622ххх
ОП-160-32. Өзүңдү деп көп азапты чеккенмин, көксөгөнүм эми сага кез келдим. Айлап жылдап асман жерди издеттиң, айтчы неге зарыктырып кеч келдиң? 0778622ххх
ОП-160-33. Учканда эмне менен учат куштар? Каргада канча канат, канча бут бар? Коёнду кууса каздар жете алабы? Эчкилер суудан сүзүп өтө алабы? 0778622ххх
ОП-160-34. Дүйнө сулуу ислам менен, жүрөк жумшак ыйман менен, жагымдуу музыка азан менен, Аллах берген ыйык күндөр менен! 0778622ххх
ОП-160-35. Арзыкан апче, сизге чоң салам! 0778622ххх
ОП-160-36. Кыргыз элим, Нооруз майрамыңыздар менен! 0778622ххх
ОП-160-37. "Обонтай", алга. Раушан 88
ОП-160-38. Салам, замандаштар! Нооруз майрамыңар менен! Миргүл
ОП-160-39. Мен сизди абдан жакшы көрөм. Мирбек Иманбековго арналат. 0779864ххх
ОП-160-40. Бул дүйнөдө баары татаал, жада калса сүйүүдө. Мен ойлойм: таза, тунук, түбөлүктүү сүйүү чанда гана кездешет. Жанка
ОП-160-41. Кануль, жаным, сенин бактылуу болушуңду кудайдан тилейм. Жануляң
ОП-160-42 . Саламатсызбы, урматтуу Өмүрбек Текебаев! Мен билгенден, 2003 - жылдан бери Кыргызстандын келечегине күйөсүз. Эч ким түшүнбөйт. Бирок чындык кыйынчылык менен жеңет. Сиз жеңесиз. Буйруса, аз калды. Ийгилик каалап Айна. Москва
ОП-160-43. Кыз көп болсо да, өмүрүң сулуу, бирок бере албайм жүрөккө жылуу. Мендеги болгон бир гана тилек, асылым сени бактылуу кылуу, Азема. Усембаев Улан Мыктыбекович
ОП-160-44. Даник аке, 18-март туулган күнүңүз менен куттуктайм! Иштериңиз ийгиликтүү болуп, ойлогон ой - максатыңыз орундалсын. Алтынай
ОП-160-45. Өлүмдө жылкы, мал, жандыктарды союп, тойго окшотуп жатышат. Ошол нерсени жок кылышка мүмкүнбү? Силердин оюңар? Айжамал 94, Ош
ОП-160-46. Нурзаман, жаным, сени аябай сагындым, качан май айы келет? Айжамал 94, Ош
ОП-160-47. Ассалому алейкум! Кемин районунун Подхоз айылынын тургуну Белек уулу Ырыскелдиге салам жолдойм! Койлорду жакшы кара! 0779302ххх
ОП-160-48. Салам "Обонушка!" Б. Исакеевде жашаган ата-энемди Нооруз майрамы менен куттуктайм! Жайна, 11-а
ОП-160-49. Салам, менин "Обонушкам". Ишиңиздерге ийгилик каалайм! Бермет
ОП-160-50. Супер СМСчи Накуля, Самсунг 88, силерге салам. Мунара 93
ОП-160-51. Салам, Неля эже, Урмат байке -силерди абдан жакшы көрөм. Майлы- Суудан Катча
ОП-160-52. Урматтуу абонент, махабат компаниясы эскертет: сиздин балансыңызда сүйүү түгөнүп калды.
ОП-160-53. Ырчы Дайыр, сизди сүйбөйм, аябай жакшы көрөм. Сиздей агам болсо деп кыялданам. Сиз - супердин суперисиз. Алга, ишиңизге ийгилик. Фируза
ОП-160-54. Анекдот: Кечээ сулуу кызга тийиштим. Кантип каргады? Эмне деди? Сүйөм дедим. Ал эмне деп жооп берди? Эсим ооп эки саат жаттым. Приев Тариэл
ОП-160-55. Менин саламым БГУда 1-курс Казармандык Жеңишбекке жана "Манаста" окуган Жокиге! Мен экөөңдү тең жакшы көрөм. Нооруз майрамыңыздар менен, кыргыз элим. КГУИАдан Казармандык Белла.
ОП-160-56. "Обон" газетасынын сулууларын 21-март Нооруз майрамы менен куттуктайм. Ар дайым баскан кадамыңар ийгилик менен коштолсун. Жанушка
ОП-160-57. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ысык салам. Ар дайым нускаңыздар мындан дагы эки эсеге көбөйсүн. Мен силерди сүйөм. Супер СМСчи Жанушка
ОП-160-58. Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Сиздерден сураныч, "Кумир менен баарлашууга " Кубаныч Сатаевди чакыргылачы. Супер СМСчи Жануська
ОП-160-59. Табышмак: Өзү көгүш, кумдан майда, уютсаң таштан катуу. Бул эмне? Приев Тариэл Петяевич
ОП-160-60. Табышмак: Бир ат жүгүрөт чаң чыгарбай, бир карышкыр эки кой жейт кан чыгарбай. Приев Тариэл
ОП-160-61. Анекдот: Мергенчи ийин таап алат. Баш бакса мамалак отурат. Танэл, атаң үйдөбү? Жок. Апаңчы? Жок. Анда, бери кел! Мен сени азыр чоң апаңа алпарам! Приев Тариэл
ОП-160-62. Анекдот: Химия сабагы. Мугалим:Танэл, айтсаң кайсы зат сууда эрибейт?-Балыктар. Приев Тариэл
ОП-160-63. Накуля, Гуля, Раушан, Соолуган гүл -силер мага чалгылачы, сураныч. Приев Тариэл
ОП-160-64. Мен сени жакшы көрөм. Билип жүрчү, суранам. Раушан 88
ОП-160-65. Бере албасмын башкаларга мен сени, сен менин чыныгы досумсуң, Накуля, билесиңби? Раушан
ОП-160-66. Жакшыга жанаш, жамандан жолдон адаш. Эстеп ал Ырысбек 91, бил бул нерсени. Жалал-Абад
ОП-160-67. Ырысбек 91, өзүңдү, досторуңду ойлобосоң да, ата-энеңди ойло, жигит. Бобихан
ОП-160-68. Ырысбек 91, сен кудайга жакпаган иш кылдың, өзүң намаз окусаң кантип жаман ишти жасадың? Бобби
ОП-160-69. Кайдасың барбы кабарың, сагынып издеп барамын. 0779891458, СМС гана жаз
ОП-160-70. "Обондун" эмгек жамаатына салам жолдойм. Айтыңыздарчы, чыныгы сүйүү бул жашоодо барбы? Раушан
"Обондон" жооп: Урматтуу Раушан, ар бир адамдын жашоого жана сүйүүгө болгон көз карашы ар башкача, ар түрдүү. Ошондуктан, ар ким өз алдынча түшүнөт. Бирок биздин оюбуз -"Сүйүү дүйнөнү сактап турат".
ОП-160-71. Жүрөктү жүрөк тандасын, көңүлдөр эч калбасын. Сүйүшкөндөр аман болсун. Раушан 88
ОП-160-72. Күндөр өтөт кусалыктын кучагында, сырдашуучу күн келер бекен бир мага. 0779891ххх
ОП-160-73. Табышмак мага тагдырым, тандалат жүрөк сырларым. Раушан 88
ОП-160-74. Нооруз майрамыңыздар менен, туугандар. Раушан 88
ОП-160-75. Кел, келе гой кыргызым, сүмөлөктөн ооз тийип кете гой, кыргызым. Раушан 88
ОП-160-76. Сени сүйөм, сенсиз жашай албаймын. Бир сен үчүн жашап келемин. Мен баарына даярмын, ишен ардагым, керек болсо айды алып беремин. Таир
ОП-160-77. "Обондогу" СМСчи Накуля досума ысык салам. Сени тапканыма кубанычтамын… 0779891ххх
ОП-160-78. Көктөм келсе күндү карап гүл күлөт, бугуп жаткан булбулга дагы тил кирет. Бардык жерде махабаттын сезону, магдыратып башталганын билдирет. 0778659ххх
ОП-160-79. Сен менин жымыңдаган жылдызымсың, сен менин жүрөгүмдүн жалгызысың. Сен менин түбөлүктүү арманымсың, сен менин жашоомдогу ардагымсың. Назико
ОП-160-80. Сүйүү -жүрөктөгү азаптар, сүйүү- көңүлдөгү кайгылар. Сүйүү - жашоодогу сыноолор. Сүйүү - өлүм менен барабар. Назико
ОП-160-81. Сен дегенде даяр элем бардыгына, сен дегенде өлөр элем көз алдыңда. Сен дегенде жумушумду таштап коюп, уруш угуп чыгар элем жолукканга. Назико
ОП-160-82. Түн жамынып сырдашам сөзүм калбай, адаштырып калбасынчы сүйүү жанбай. Үнүңдү сагынганда ошол кечте, уйкусуз таңым атат. Таир
ОП-160-83. Өмүр шамын өйдөлөтүп кармагын, ар күнүңдү эл журтуңа арнагын. Текке кетпес эмгек жасасаң, ошол болот өлбөс болуп калганың. 0552199691
ОП-160-84. Анекдот: Үч жинди самолёт айдап качышат. Бир жинди терезесинен башын чыгарса, башын жулуп кетет,экинчиси колун жулдуруп бакырып жатса, үчүнчүсү: Тигил деле башын жулдуруп, бакырбай эле олтурбайбы, сен колуңду жулдуруп кыйкырбачы,-дептир. Дастан
ОП-160-85. Толкундуу деңиздеги кемесиңби, а мен сени жээкте күтсөм келесиңби? Арзууга, сүйүүгө макул болуп, өзүңдү белек кылып бересиңби? Таир
ОП-160-86. Ырчы Даниелге: Сүйүү эмне экенин билбейт элем, назарым да салбас элем. Сүйүү эмне экенин билип алдым, капысынан бир өзүңдү сүйүп калдым. Дамика
ОП-160-87. Нурлан Насип, мен сизди чексиз сүйөм! Айчолпон
ОП-160-88. Сагынганда элесиңди самаймын, көрүнсө деп ар тарапты караймын. Жүрөктү эзген кусалыкка чыдабай, бассам турсам кыялданып жашаймын. Таир
ОП-160-89. Асылым жаным,алтыным жаным, айланган казыгым, кылмышкер жандай…
ОП-160-90. Аракты абдан барктайбыз, рекламалап да жактайбыз. Аракты ичип алган соң, карышкырдай улуп жатпайбыз. Арак ичпей баарыбыз, расмий түрдө ата-энени сыйлайлы, карыларды барктайлы. Ар намыстуу элимдин, руху болуп жалпыга, арак ичпей баарыбыз, көчсөк кантет кымызга? Кеминдик Алмаз
ОП-160-91. Окуучулук эч нерсеге тең эмес, мунун баары шаң-күлкүлөр бир элес. Окуучулук болду бизге кайрылбайт, ошону үчүн баркын билгин кайтып келбес. Кара-Кулжа районунундагы Эшмамбетов мектебинин 95тери, алга! Назико
ОП-160-92. Эмнеге мен сени сүйүп калдым? Аны билбей өзүмчө күйүп калдым. Айтчы деги бул суроонун жообу барбы? Жообу болсо айтып берчи, күтүп калдым. 0779014ххх
ОП-160-93. Бул жашоодо эмне гана болбойт экен, жүрөгүң көз жаштарга толот экен.Канча жолу унутам деп айткан сайын, ошончо азаптарда болот экен. Назико
ОП-160-94. Салам, "Обон". Мен жалпы кыргыз элимдин Нооруз майрамы менен куттуктап кетмекчимин. Бул майрам жалпы элдерге молчулукту, токчулукту алып келсин. Мыскал
ОП-160-95. Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жашап жаткан атам Темиш, апам Нурайымды Нооруз майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сиздерге каалообуз: чын ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана ошондой эле үйүбүздүн куту, төрүбүздүн көркү болуп, ар дайым аман болуп, көп жашап жүрө бериңиз,- деп кыздарыңыз Асел,Сезим,балдарыңыз.
ОП-160-96. Жаңы-Күчтөгү апабыз Таипова Гүлзаттын 3-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз. Бар болуңуз, эч оорубаңыз,- деп балдарыңыз Нурлан,Темирлан, Женка.
ОП-160-97. Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылына салам! Женка
ОП-160-98. Табышмак: Тунгуч кичирайонундагы Горький жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Ал эмне? Женка
ОП-160-99. Салам, "Обонтай!" Сүйүүнүн аягы эмне менен бүтөт? Достор, жообун тапкыла. Женка
ОП-160-100. Салам! Негизи, Жанетта эжекебизге эч ким жетпейт,алган сыйлыгыңыз кут болсун. Кыргыз эли үчүн бул чоң белек. Азаматсыз, талантыңызга таазим,чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак, ыйман каалайм. Жаратканым колдосун. "Досум -Үсөн", сиздерге эч ким жетпейт. Алина
ОП-160-111. Салам, "Обонушка". Кундуз жеңе, Акбар байкеге менден чоң салам. Лола
ОП-160-102. Кандайсыңар, эски достор. "Өйдөдө - өбөк, ылдыйда- жөлөк болгон" досторум: Аида, Амангүл, Бакай, Канжар,Кеминдик Наргиз, Аська, Кербен-Куба, Мисс Саит Ангел, Э.Дима. Билал козу, Гуля 88, Ырысбек 91, Алина Аси, Макуся, Гузель, Фея, Мухит ж.б. достор, кайда кеттиңер, дайыныңарды билгизгиле, мен силерди сагындым. Эми "Обон" аркылуу сүйлөшүп турабыз деген ойдомун. Силерди сагынган досуңар Жанусь Роза
ОП-160-103. Менин үч карындашым бар, алар: Жаза, Алтынай, Жаркынай. Эч качан оорубагыла, бактылуу болгула. Мен силер менен сыймыктанам,- деп байкеңер Дастан.
ОП-160-104. 75 баш боз үй сатам, бүт жасалгасы менен. Боз үйлөргө заказ алам. 0777405683, 0778918336 Дастан
ОП-160-105. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ысык салам. Ар дайым нускаңыздар мындан да эки эсеге көбөйсүн. Мен силерди сүйөм. Супер СМСчи Жануска
ОП-160-106. Биз Балыкчыдагы салык кызматында иштеген Ниязбекова Анара апабызга салам айтабыз. Аймерек, Дастан
ОП-160-107. Биздин апабыз Роза, биздин чайды ичип, аман-эсен кашыбызда жүрө бериңиз. Дастан, Аймерек, Нуртилек, Нурали
ОП-160-108. Кыйын экен башына сүйүү келсе, мен деле сүйбөйт элем колдон келсе. А бирок багынып алган эле, берилип жаш жүрөгүм бул сүйүүгө. Кубалашкан күндөр өттү куюндай, алданыпсың кур үмүткө арбалып. Күтпөйм эми азаптарга малынбай, тагдырыма таарынсам да, болду сени сагынбайм. Берилип жүрөктөн сүйгөм сени,башкаларын сүйө албадым сендей деги. Сездирбей найза сайып жүрөгүмө, сен элең жүрөгүмдү жаралаган. Баатыр байке, бактылуу болуңуз, унутпай мени эстеп жүрүңүз. Айсулуу
ОП-160-109. Куба, 76-жылкы, Балыкчыдан болот. Гоинде иштегенде таанышкам. Сени издейм. Салый 72, чал 0559556506
ОП-160-110. Салам, "Обон"! СМСчилер айткылачы, эмне үчүн Бакыт деген балдар сулуу болот? Менин биринчи сүйгөнүм Бакыт деген бала болчу. Азыр да Бакыт деген баланы сүйөм. Биназир
ОП-160-111. Боз үйлөр сатылат, заказ алам. Көлдө 0777-40-56-83
ОП-160-112. Алдандым сенин сөзүңө, арбалдым кара көзүңө. Берилип сени сүйгөмүн, бактылуу болгун сүйгөнүм. Нуркызай
ОП-160-113. Жүрөгүң таш беле жибибеген, көз жаш менен эритсем да эрибеген. Ак сүйүүңдү аядың неге менден, неге болбойт кыздарда мерез деген. Нуркызай
ОП-160-114 . Менин саламым "Обондун" жалпы жамаатына жана супер СМСчилерге. Нуркызай
ОП-160-115. Салам, "Обонушка", мен бир баланы жакшы көрөм. Аны кантип каратып алсам болот? Достор, айткылачы?... Тамара
ОП-160-116. Салам, "Обон" гезити. Аваз Акимов жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы.? 1) Эмне менен алек болуп жүрөт.2) Сүйгөнү бар бекен жана качан үйлөнөт? Күйөрманы -Айпери
Аваз: 1) Мен Ош областынын Өзгөн районунун Кызыл-Туу деген айылында 1990-жылы, 1-мартта төрөлгөм. 2) Азыр жазга карата майрамдар көбөйүп кетти. Чакыруулар көп болуп барып жатам. Андан сырткары, бир жумушка кирейин деп жаткам, ошого документтерди ырастап жүрөм. Буйруса, жакында "Апама" деген ыр жаздырам. Анан кичине жаратылыш жашыл болуп калгандан кийин клип тартайын деген оюм, планым бар.3) Учурда сүйгөнүм жок. Үйлөнүү тууралуу ойлоно элекмин. Убакыт келгенде, кудай буйруса, үйлөнөм.
ОП-160-117. "Обон" гезити. Эл FM радиосунун ди-джейлери жөнүндө жазгылачы. Ийгилик. Раушан 91
Жооп: Урматтуу Раушан 91, эмки саныбызда Эл FM радиосунун ди-джейлери жөнүндө жазганга аракет кылабыз.
ОП-160-118. Менин саламым Ж. Кайыпов мектебинде эмгектенип жаткан сүйүктүү мугалимим Карыпова Айнаш эжеге жолдонот. Аман жүрүңүз! Сизди урматтап окуучуңуз Жээнкүл.
ОП-160-119. СМСчилер, салам. Силерге табышмак: Эмнени алыска катуу ыргыта албайсың? Акылдуу СМСчилер бар бекен. Ким тапса, 0771526870ке чалгыла. Женка
ОП-160-120. Жаным, сени сагынып, мөлтүрөгөн көздөрүңдү көрүүгө зар болуп келем. Бирок сен аны сезбейсиң, сүйөрүмдү көзүңө тик карап айта албайм, себеби, намыс жол бербейт,- дептир уйгак розага. 0771378ххх
ОП-160-121. Салам, "Обонтай". Сүйүүнүн аягы эмне менен бүтөт? Достор, жообун 0771526870ке чалып айткыла. Женка
ОП-160-122. Сүйүү ачуу сүйгөнүңө жетпесең, сүйүү таттуу сүйүү азабын чекпесең. Анын дарысы түбөлүктүү ишенич, эң бир баалуу дарыларга жетпеген. Женка
ОП-160-123. Ашыктык сүйүү жагынан, ыр жазам жаным оюмдан. Атымды "Ж" деп эстей жүр, чыкпасын такыр оюңдан! Жигиттин жигиттик сыры терең, жигиттин ички сырын кантип билем? Жигиттин ички сырын билбей туруп, канткенде мен ооба деп жооп берем! 0779702ххх
ОП-160-124. Фирузага жана Ритага жалындуу ысык салам. Бар болгула,бай болгула, аман болгула. Силерди урматтап Женка.
ОП-160-125. Апам Таипова Гүлзаттын 3-апрель -туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым ден соолукта болуп, маңдайыбызда жадырап- жайнап жүрө бериңиз. Кызыңыз Женка
ОП-160-126. Ак сүйүүмө ишенбей кеттиң кайда? Жаныма келесиң качан кайра? Ишенчи алдаган жокмун сени, жалган сүйгөндөн мага эмне пайда? Женка
ОП-160-127. Бактылуумун сен бар үчүн дүйнөдө, жалгызымсың жан дүйнөмдүн азыгы. Эстен кетпес сенин сүйкүм элесиң, өчпөс болуп жүрөгүмдө жазылуу. Женка
ОП-160-128. Салам, "Обонтай"! Сүйүүнүн аягы эмне менен бүтөт? Достор, жообун тапкыла. Женка
ОП-160-129. Досум болчу жан дүйнөмдү мактаган, сырларымды эч бирөөгө айтпаган. Кокусунан жардам сурап калганда, жардамын жан досунан аябаган. Таир
ОП-160-130. Сүйдүм сенин карагаттай көзүңдү, арбалып кардай аппак жүзүңүзгө. Менден бөлөк канча кыздарды арбагансың, жылуу жумшак сөзүңүзгө. Таир
ОП-160-131. Ассалому алейкум, кыргыз элим. "Обон", Даниель менен кантип байланышсам болот? Сураныч, Даниелге менин номеримди берип коюңуздарчы, сураныч. Алланын ыраазычылыгы үчүн жардам берип коюңуздарчы. Дамира
ОП-160-132. Жүрөгүңөрдө айтылбаган сыр барбы, достор. Келгиле, ой бөлүшөбүз, СМС гана жазгыла. 0779891458
ОП-160-133. Экинчи күнү "Обон" алам, менин СМСтерим чыкпаса катуу таарынам. Раушан
ОП-160-134. Дил оорутуп бүт сезимди арбадың, кайда бассам көлөкөмдөй калбадың. Өзүң эмес элес жүрсө ээрчишип, жоголсо деп келип кетти каргагым. Элес эмес өзүң жүрчү жанашып. Эрке кыз
ОП-160-135. Урматтуу кыргыз элим, Нооруз майрамыңар менен! Өлкөбүздө биримдик, тынчтык болсун. Апиза
ОП-160-136. Жолдошум Улан жана балам Албанды Нооруз майрамы менен куттуктайм. Апиза
ОП-160-137. Нарын областына караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын кичинекей тургуну, инибиз Элмирбекти Нооруз майрамы жана 25-март-туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сага чын ден-соолук, узун өмүр, кең келечек,бактылуу балалык, ошондой эле кыргыздын атак-даңктуу чыгаан жигиттеринин бири болушуңа тилектешпиз! Ата-энең, бир туугандарың.
ОП-160-138 . Ат-Башы районунун Бирлик айылына салам жолдойм. 0778839ххх
ОП-160-139. Канаты жок кушка окшодум, таалайымды тагдыр тоспогун. Махабатым таптым деп жүрсөм, жаратканым неге кошподуң? Нуркызай
ОП-160-140. Аксы районунун Ак -Суу айылындагы 96-95-94төргө чоң салам. Клара 96
ОП-160-141. Не болот дүйнөнү аралаган? Не болот жаш жүрөктү жаралаган? Өлтүрүп терең ойлоп чечип алгын, дүйнөдө эмне жакшы, эмне жаман. Ой болот дүйнөнү аралаган, сүйүү болот жаш жүрөктү жаралаган. Олтуруп терең ойлоп чечип алдым, дүйнөдө өмүр жакшы, өлүм жаман. Мирка KG
ОП-160-142. Нурун чачкан жүзүңүз бар ак маңдай. Ак сүтүңүздү канткенде актайм ай, асылым энем. 0779811ххх
ОП-160-143. Сүйүү бир келет, эки келбейт. Эки жолу сүйүүнү эч ким бербейт. Эки жолу сүйүүнү берсе дагы, биринчи ак сүйүүгө эч ким жетпейт дегендей, баарыңарга тунук, ак сүйүү каалайм, достор! Мирка KG
ОП-160-144. Аруу сезим арнадым, табылгыс жансың, ардагым.Унута албайм өзүңдү, шайыр мүнөз, күлкүңдү. Алмаштырбайм эч кимге досум сенин өзүңдү. Досторум, аман болгула. Мирка KG
ОП-160-145. Кандайсыңар, кыргыз калкым? Обондун супер СМСчилерине саламдар болсун! Мира
ОП-160-146. Мен келечекте жазуучу болгум келет.Өзүмдүн жазган чыгармаларым бар. Көмүскөдө калышын каалабайм. Рысбек байкеге жолугуп, жазган эки чыгармамды берсем дейм.Кино тартса абдан сонун болмок. 0778714ххх
Рысбек Жабиров: -Негизи, мага ушундай сунуштар көп түшөт. Бирок баары эле окшош да. Өзгөчө болсо анда даярмын кино тартканга. Мен сиздерге электрондук дарегимди берип жиберейин. Ал СМС жазган адам менен издешпей эле, ошол дарекке чыгармаларын салып жиберсин. Мен алып окуп, жакса өзүм байланышам дагы, албетте, кино жаратам. Урматтуу окурман, "Обонго" чалып, дарегимди алып алыңыз.
ОП-160-147. Келе жаткан жаңы жылыңар менен! Ушул жыл бизге токчулуктун,тынчтыктын жылы болсун! Аман-эсен ,түгөл болуп эмки жылга жетели. А эмки жылы буюруганын көрөбүз да ээ, доскелер. Бар болгула! Аська
ОП-160-148. Жүрөк эңсеп көңүл сени сагынды, ак сүйүүм да бир өзүңө багынды. Өмүр чиркин өтө берет турбайбы, болбосо дейм бул дүйнөдө муң-кайгы. Раушан 88
ОП-160-149. "Обон" бар -жашоо керемет! Раушан 88
ОП-160-150. Жалындаган жаштыгым, сен кайда шашып барасың? Токтой турчу бир азга дагы, мен жашарып алайын. Раушан 88
ОП-160-151. Жашоодо боло берет, ойго келбеген нерселер. Раушан 88
ОП-160-152. Адамзаты өзү деги асылжан, жүрөгүндө нечен ойлор камтылган. Бирок билбейм, билбейм неге ушундай? Бизди сынайт турмуш, тагдыр тараза. Бизди сынайт, кээ бир адам, мерез жан. Не болсо да бакыт кушу ар адамдын жүрөгүндө орносун, бул ырга ой пикириңер кандай, достор. 0779891458 Элжир
ОП-160-153. Ачык болсун көңүлүңүз, узун болсун өмүрүңүз. Эч жамандык көрбөстөн, жамгыр болуп төгүлсүн, кудайым сага ырыс берсин, ырыс берсе дурус берсин, бак берсин, жердин бети гүлгө толсун, бүгүнкү майрамыңар кут болсун! Динара
ОП-160-154. Бактыгүл Бадыева -дүйнөнүн эң сулуу айымы. Неля Бактыгүлгө жетпейт, жада калса Урматты Бактыгүлдөн тартып алган. Дос деген мындайга барбаш керек. 0778540ххх
ОП-160-155. Татаал тагдыр кимге гана буйрубасын, маңдайына кандай тагдыр жазылбасын, аркасынан сөзсүз болот сыноо жолу. Ал мезгилде жаныңды коёрго жер таппайсың. Не кыласың жооп берүүдөн тартынасың, аргасыздан качасың. Рау….
ОП-160-156. Менин сүйүктүү Асел эжеме, Улан жездеме салам. Бактылуу болгула! Ороз
ОП-160-157. Жадабай атыңды атап улам-улам, жүрөктөн сага арнаган ырды сунам. Аман жүр арзыганым, бул жарыкта, өзүңсүң сени гана күтө турам! KG КУZ
ОП-160-158. 3431 номерлүү унааны айдаган мырза, жаным, күтөм. Нурсулуу
Урматтуу СМС жазган биздин активдүү окурмандар, сиздердин СМСиңиздер толугу менен келбей жатат. Мүмкүн, бирдигиңиздер аз калганда СМС кетиргенсиздер, ошондуктан, аягы жок келип жаткандыр. Эгерде аягы жок келсе, чыкпай калат."Меникин эмнеге чыгарбай койдуңар?" деген таарыныч СМСтериңиздерге жооп иретинде айттык.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??