п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Таппасаң, сыйпалап кал

"Ай-ий,башыма эч нерсе келбей жатат"
o Эгерде "русалканын" этин бышырсак, анда ал балыктын шорпосу болобу, же адамдын шорпосу болобу?
- Русалка өзү жок да. Менин оюмча, ассорти болот.
o Картошкадан кантип өч алса болот?
- Байкуштан өч албай эле койбойлубу. Кууруп жеп салса болот.
Туура жооп: (Сууга салбай койсо карайып кетет. Ошентип өч алса болот)
o Эгерде азыр менин суроолорума жооп берип отурбаганда, эмне кылмак элеңиз?
- Жумушка бармакмын.
o "Колобок" деген жомоктогу нандын жынысы кайсы?
- Экөөнө тең кирбейт. Ортодо.
Бир убакта көтөрүлөт, бир убакта ылдый түшөт, бир убакта ордунан жылбай калат. Ал эмне? (Температура)
- Ырчы, кан басым, температура.
o Кайсы кол менен чайды аралаштырган жакшы?
( Жооп: Кашык менен)
- Мен оң кол менен аралаштырмакмын. Анткени, менин сол колум эч иштебейт.
- "Төө куш" өзүн чымчыкмын деп айтса туура болобу?
- Ооба, болот. Анткени алар чымчыктарга кирет да. ( Жооп: Төө куш сүйлөй албайт.)
o Суунун ичинен ширеңке чакса күйөбү?
- Жок, күйбөйт да.Анын ичинен чагылбайт. ( Жооп: Күйөт.Анткени, бир идишке сууну куюп, идиштин астынан ширеңке чакса күйөт.)
o Бир киши машина айдап бара жатып токтогондо, бир аял жолдун аркы бетине өтөт. Ал аялды киши кантип көрдү? Анткени, машинанын жарыгы күйбөй калган жана асманда ай дагы жок болчу?
- Тигил аял сулуу болуп көзүнө көрүнүп кетти да. Жол чырак күйүп турган окшойт. ( Жооп: Эшикте ай жок болчу, бирок күн чыгып турган)
o Ит 10 метрлик жипке байланган. Бирок 300 метр жерге кантип чуркап жете алган?
- Тегеренип, айланып чуркап жүрө берет окшойт. Аа, жиптин бир жак учу эч нерсеге байланган эмес да.
o Кайсыл санды чоңойтсо болот?
- Бардыгын, 6ны да.
o Эмне үчүн Россиянын түштүгүндөгү эркектерди Россиянын түндүгүнө көмгөнгө болбойт?
- Түштүгүндө жашаса, анан түндүгүнө көмгөнгө болбойт да.( Жооп: Анткени, тирүү адамдарды көмгөнгө болбойт. Өлгөн адамдарды деп айткан жокпуз да. )
o Кытайдагы эркектер балдызынын күйөөсү өлгөн эжесине үйлөнгөнгө болобу?
-Болбойт, анткени, ал киши өзү өлгөн да. Ошондо өзү болуп калат экен.
o Сиз караңгы бөлмөгө кирдиңиз. Биринчи шамды жагасызбы, же шам чырактыбы?
- Бизде свет бар да. Биринчи шам чыракты жагам. Азыр дагы ойлоноюнчу. Жок биринчи ширеңкени жагам да. (Жооп туура)
Австралияда 29-ноябрь барбы?
- Бар. Бардыгыбыздын календарыбыз бир да.
(Жооп: Ооба, 28-ноябрдан кийин 29-ноябрь деп айтыш керек)
- Чыныгы бири-бирин сүйүшкөндөр, көбүнчө эмнени карап кыялданышат?
- Бири-биринин көздөрүн карап кыялданышат. Андан тышкары, жылдызды го дейм. (Жооп туура)
o Ат менен ийненин айырмасы эмне?
- Ат эки тамга. Айырмасы асман менен жердей.
Туура жооп: ( Ийнеге биринчи отуруп анан секиресиң, ал эми атка секирип анан отурасың.)
o 1-кабат менен 9-кабаттын айырмасы эмне?
- 1-кабаттан секирсең, эч нерсе болбойсуң. 9-кабаттан секирсең өлөсүң.
(Жооп: Биринчи кабаттан куласаң бах деп түшөсүң, дагы а-а дейсиң, ал эми 9-кабаттан биринчи а-а дейсиң дагы, бах деп түшөсүң)
o Эгерде сөздүктөгү (словарь) сөздөр туура эмес болсо, анда аны кантип билсе болот?
o Менин оюмча, туура эмес болушу мүмкүн эмес. Анткени, аны дагы текшеришип, анан жазышат да. (Жооп туура)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??