п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шыр маек

Мелис Абдырашимов
"Жубайымды
жооштугу үчүн сүйөм"
Кара тору кыздарга ашык болуп жүрүп, сары келинчекке туш болгон, Нарындын намыстуу жигити Мелис Абдрашитов менен болгон кызыктуу маек назарыңыздарда.

- Үй-бүлөңүздө ырга шыктуулар болсо керек? Ата-энеңиз тууралуу айтсаңыз…
- Менин тай тарабым бүт эле ырга шыктуу адамдар. Апам абдан жакшы ырдайт. Ырчы, обончу Бакыт Мамаев менин бир тууган тайкем болот. Апамдын кесиби врач, атам болсо убактылуу бош. Бирок атам экөөбүздүн чогуу, чакан бизнесибиз бар.
- Бойдокчулук менен эмнеге эрте коштошконсуз?
- Башкаларга салыштырмалуу эрте үйлөндүм. Анда мен 20 жашта болчумун. Эрте үй-бүлө кургандын жакшы жагы көп. Күнөөлөрүң азыраак болот (күлдү). Биз үйдө эки эркекпиз. Мен, анан иним бар. Апам эртеден-кечке жумушта болуп, кечинде чарчап келип, үйдөгү оокаттын баарын жасайт. Биринчи себеби ушул болду. Апам жумуштан келгенде эс алсын, келининин ысык чайын ичсин дедим. Экинчиден, келинчегим талашка түшүп калган. Башкалар ала качып кетмей болушканда, жубайымды тарттырып жибергим келген эмес. Үчүнчүдөн, мен Мээримди өтө сүйөм, ошондуктан, менин жанымда көбүрөөк болушун кааладым.
- Эрте үйлөнүп, күйөрмандарымды жоготуп алам деп корккон жоксузбу?
- Алгач, мен бул жагын да ойлогом. Бирок күйөрман сенин чыгармачылыгыңды бааласа, үй-бүлө күткөнүңө карабай, сага күйөрман боло берет. Мисалы, Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиевдердин азыркыга чейин күйөрмандары бар. Ар бир адам үй-бүлөсүн биринчи орунга коюшу керек. Мен андан корккон жокмун. Баары бир акыры барып түтүн булатасың да.
- Келинчегиңиз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
- Биз кичинекей кезибизден бери чогуу чоңойгонбуз. Экөөбүз тең Ат-Башыдан болобуз, бирок айылдарыбыз эки башка. Ата-энелерибиз жакшы санаалаштардан болчу. Дайым бирге ойночубуз. Башында дос элек, анан ал чоң сүйүүгө айланып кетти.
- "Казан-аяк кагышат, эси кеткен болушат" дейт, бул жашоо философиясы эмеспи…
- Болбойт деп айта албайм. Үй-бүлө кургандан кийин өйдө-ылдый болот. Мен аябай катуу жинденип, урушуп жаткан болсом, келинчегим унчукпай кутулат. Эгер, менден кетип, жубайым катуу кыйкырып жаткан болсо, мен унчукпайм. Баш кошконубузга төрт жыл болуп калды. Төрт жылдын ичинде көп деле урушкан жокпуз. Андайдан Кудай сактасын. Бири-бирибизди түшүнгөнгө аракет кылабыз.
- Кайсы сапаты сизге өтө жагат?
- Өтө оор басырыктуу болгону үчүн мага аябай жагат. Аялзаты болгондон кийин тили уу болот эмеспи. Анын бетин ары кылсын, бул андай эмес. Кабагы түйүлүп турса дагы, менин ата-энемди сыйлап, эч нерсени билгизбей, ар дайым апакелеп, атакелеп турат. Кыскасы, жоош, ошондуктан сүйөм.
- Сырттан караган адамга шайыр көрүнөсүз, чыныгы жүзүңүз кандай?
- Чыныгы жүзүм деле ушундай. Кудай сактасын, капаланып-кайгыруу деген менде жок. Кайсы жерде жүрбөйүн, дайым жылмайып жүрөм. Өтө тамашакөймүн. Эки сүйлөөктү бириктирип койсо, жашоо болбой калбайбы, мен шайырмын, келинчегим жоош.
- Иштеп тапкан алгачкы акчаңызды эмнеге жумшагансыз?
- Кичинекейимде чүкө жакшы ойнойт элем. Баарынын чүкөсүн утуп алчумун. Анан менин жанымдагылар утулуп калып, кайра менден сатып алышчу. 3-4-класс кезимде ар бир чүкөнү бир сомдон сатып, күнүнө 20-30 сом таап келип, апама берчүмүн. Биздин үй-бүлөлүк кассирибиз апам. Иштеп тапкан акчабызды ага беребиз, кайра акча керек болсо андан алабыз.
- Бешик бооңуз бек болсун! Атын ким койдуңуздар? Улуу кызыңыз канчага чыгып калды? Кимге окшош? Сизге жакынбы, же апасынабы?
- 24-февралда кыздуу болдум. Таята, таенеси кызыма Айназик деген ысым ыйгарышты. Менин эле көчүрмөм. Тун кызымдын аты-Медина. Хамелион, баарыбызга окшош (күлүп). Чоң атасына аябай окшош. Биринчи бала сага таандык эмес болуп калат экен. Ал -чоң атасы менен чоң апасынын кызы.
- Акылбек Жапаров сиздин демөөрчүңүзбү? Үйлөнүү тоюңузда эки машина ойнотулуптур, ошону ал көтөргөнү чынбы?
- Акылбек Жапаров менин өкүл атам. Эки авто унаа ойнотулганы чын. Менин демөөрчүлөрүм- ата-энем. Алар менин үйлөнүү тоюмду өзгөчө өткөрүүнү максат кылышкан. Ошондуктан, акчаны аяшкан эмес. Оюндардын жеңүүчүлөрүнө жакшы белектерди ыйгарышкан. Мага өкүл атам дайым колдоо көрсөтөт, бирок мен материалдык жактан колдоо сурабайм. Анткени, Кудайга шүгүр, тапкан акчам өзүмө кенен жетет. Эч убакта бирөөдөн жардам күтпөй, өзүм эмгектенип, өзүмдүн нанымды өзүм тапкым келет. Өкүл атам менен сый мамиледемин, ар дайым жакшылык-жамандыкта катташып турабыз, ошол эле мага сыймык, чоң колдоо деп эсептейм.
- Ырчылык менен үй-бүлөнү бага аласызбы?
- Бакса болот, бирок өтө кыйын. Ырчылар той менен гана акча табышат. Январь, февраль айында тойлор жокко эсе. Анын үстүнө өлкөбүздө ар кандай болуп кеткен окуялар бизге таасирин тийгизбей койгон жок. Үй-бүлөнү эмес, өзүңдүн коколой башыңды тойгузуш оңой эмес. Жалкоолонбой, тынымсыз иштесең, балким, бакса болот, бирок ырчылар канча көп акча тапса, ошончо көп акча коротот.
- Жалкоолук деп калдыңыз, жалкоолугуңуз кармап, чыгармачылыктан алыстап кеттиңизби?
- Туура айтасыз, мен жалкоолонуп кеттим. Экинчиден, жумуштар көп болуп, чыгармачылыкка убакыт болбой жатты. Себеби, чакан бизнесибизди чоңойтуп алууга аракет жумшап жүрдүм.
- "Мелис абдан бай, акчасынын артынан "Мистер-шоу-бизнесте" он финалисттин катарына илинди" деп айтып жүрүшөт…
- Бул тууралуу абдан көп сөздөрдү угуп жатам. Азыркы жашоодо өзүңдү-өзүң колдобосоң, эч ким сени колдобойт. Ачыгын айтыш керек, өзүмө-өзүм добуш бергенимди мойнума алам. Бирок көп жиберген жокмун. Бир мисал, көчөдө кетип баратып жыгылып кетсең, сени эч ким тургузбайт, өзүң турасың. Ушундан эле көп нерсени түшүнсө болот. Көбүнчө туугандарым, ата-энем, анын ичинде биздин элибиз да колдоду. Учурдан пайдаланып, алардын баарына ыраазычылык билдирем. Өзүмдү баймын деп эсептебейм. Элден артта эмесмин, элден алдыда эмесмин, элдин ортосундамын. Ооздоруна май, балким, байып кететтирмин.
- Бий конкурсунда лезгин бийин абдан сонун, жогорку деңгээлде бийледиңиз. Дагы ачылбаган кандай таланттарыңыз бар?
- Мен бийлегенди такыр билчү эмесмин. Досторумдай болуп, дискотекага, түнкү клубдарга барган да эмесмин. Түнкү жашоону жакшы көргөндөргө кирбейм. Чүчүкулак боюнча мага эң татаал бий туш болуп калды. Жумуштан кол бошобой, болгону беш эле күн даярдандым. Өтө жакшы бийледим деп айта албайм, бирок болушунча аракет кылдым. Күйөрмандарымдын кол чапканы, колдоп-сүрөөсү мага дем берди десем жаңылышпайм. Бир көргөн нерсени өзүндөй кылып туураганга жөндөмдүүмүн. Кайсы бир жылдары куудул Жакут Сыдыковдун "Күйдүргү" тобунда иштегем. Интермедия, сатираларды ойночумун.
- 20-30 жылдан кийин деле чыгармачылык менен алектенесизби?
- 20-30 жыл эмес, азыртадан эле чыгармачылыктан алыстап кетишим мүмкүн. Таптакыр таштап салам дегенден, албетте, алысмын. Себеби, ырчылык кесибим эмес, жөн гана хоббим.
- Күзүндө Президенттик шайлоо болот. Кимди татыктуу деп ойлойсуз?
- Ишенесиздерби, саясатка таптакыр кызыкпайм. Ошондуктан, бул татыктуу, же татыксыз деп айта албайм. Кимиси болсо, ошонусу болсун, эң негизгиси, элдин жашоосун ойлогон, сөзү менен эмес, иши менен мамлекетти өнүктүрө алган адам болсо жакшы болмок. Шайлоодо баарыбыз акчага сатылбай, татыктуусун шайласак. Куудулдар айтмакчы: "Өздөрү шайлаган, өздөрү айдаган",- болбосок. Мындан кийин Кыргызстанды эч убакта кара булут каптабасын. Элибиз дайым тынчтыкта өмүр сүрсүн.
Айзирек Келдибаева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??