п»ї

  Эл эмне дейт?

"Кул жеймин дейт куйрукту,
кудай билет буйрукту"
же адилетсиздиктин арааны ачылып, калыстык качкан заманбы?...
Өнөр ээлерин эзелтен элибиз кадырлап-барктап келген эмеспи. Ошол салттын учун улап, жакында өнөр ээлеринин айрымдарына наам-сыйлыктар ыйгарылды. Бирок бабаларыбыз заманында туура бийде тууган жок болуп, эл чыныгы таланттардын баасын өзү даңазалачу экен. А азырчы…

Үч собол:
1. Өнөр адамдарына ыйгарылып жаткан наамдардын кереги барбы? Эгер керек болсо, ыйгаруу тартиби кандай болушу зарыл?
2. Наам албай көзү өтүп кеткен кайсы залкар инсандарды билесиз?
3. Элде аңыз болуп айтылып калган бир кеп бар. 80-жылдарда Орозбек Кутманалиевге :"Сизди КРнын эл артисти" наамына көрсөтүп жатабыз" дешкенде, ал чок баскандай чочуп, "Мен ал наамды алып алып, Ашыкемдин (Ашыралы Айталиев) бетин кантип карайм да, кантип учурашам?"- деп баш тарткан экен. Ал эми жакында эле "КРнын эмгек сиңирген артисти" деген наамын алган жаш талант Жанетта Бобковага сиздин көз карашыңыз?

Учурунда "Тамаша айтсам күлөсүңбү" жана башка канаттуу ырлары, назик үнү менен эл арасында кадыр тапкан Шахерезада Аскарова:
"Бобкова таанышы, байлыгы болсо ала берсин"

1. Дүйнө жүзүндөгү өнөр адамдарына наамдын ордуна акча берет экен, сыйлык берилет экен, өмүр бою баккандай кылып. Ар ким өзүнүн тармагында көп жылдар бою эмгектенип берилсе жакшы да. Азыр чыгармачыл адамдар бизге окшоп элди деле кыдырбайт, бирин-экин компьютер менен кооздолгон ыры менен телеге тартылып, радиолорго берип, эстрада жылдызы болуп чыга келишет. Биздин замандын таанымал инсандары эл-жерди кыдырып, кычык көчөлөрүнө чейин барып концерт коёр элек. Ал эми азыр андай көрүнүштөр жок.

2. Азыркылар эстраданын түптөөчүсү Чоро Кожомжаров жөнүндө билбей калышты. Ошол көзү тирүүсүндө урмат-сыйга ээ болгонун көргөн жокмун. Ошол убакта Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Гүлсүн Мамашева, Айша Базарбаевалар кыргыз эстрадасынын алгачкы каймактары болушту. Андан соң биздин муундагы Батма Качкынова, Марат Алыбаев, Анарбек Сардарбеков, Роза Заитова, Нуркан Калназаровалар чыгышты. Эми алардын баары азыр унутта калды. Наам албай калган Роза Заитовага абдан өкүнөм. Кандай гана кооз, тембри ушунчалык бийик үнү бар болчу.

3. Менин чыгармачылык жолум 30 жылдан ашуун убакытты алат. Мен акыркы 5 жылы оорукчан кызым менен отуруп калдым. Уй, кой, тоок ферма, кызылча, тамеки, пахта талаасында, сакмал-баарына барып ырдап, концерт койчу элек. Азыркылар эмне, продюсер, демөөрчү дегендерди таап алып, оңой эле, үнү болсо да, болбосо да жылдыз болуп чыга келип жатпайбы. Ал эми сен сураган Бобковага келсек, алганга шарты болгондон кийин ала берсин. Шарты деген: таанышы, байлыгы ж.б. Анан жанагинтип керектүү мамлекеттик жерлерде көзгө көрүнүп, чиновниктерге ырдаш керек. Андай жерге ырдаш үчүн да жол табыш керек… Андайга мүмкүнчүлүгү болгондон кийин, ал кызга эч нерсе дей албайбыз да.


"Жарыгым, жарпым жазчы, жакшы сөз айтчы мага" деген сыйкыр авазы кимдин болбосун сезим ышкысын козгогон, кооз үндүн эгедери Сыймык Бейшекеев:
"Татыктууларды эске албай коюш уят"

1. Наам берилип жаткандар ошого татыктуу болуп жатса керек деп ойлойм. Наам берилиш, негизинен, министрлик тарабынан чечилет да.

2. Көзү өтүп кеткен инсандардан Токтогул Сатылганов, Атай Огонбаевдер наам тууралуу билген деле эмес. Кийинки муундардан Жолдошбек Мамажанов эч кандай наам албай өтүп кетти. Бул нерсеге пендечилик катары карап коюшту да. Менимче, наам алыштын кереги деле жокко деп ойлойм. Эл табитиндеги ырды таба билсе, элге кадыры сиңген инсан болсо, эл аны, албетте, барктап сыйлай алат. Ал эми наам алып, элге жугуму жок болсо, ошол алган наамынын баркы деле кетип калат. Мамлекеттен берилген наам эмес, элдин кадырына жетерлик жакшы иш кылып тарыхта из калтырса, ошол инсан үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм. Ал эми улуу инсандар көзү өтүп кеткенден кийин наам берип, атын булгабай койгонубуз оң. Сүйдүм Төлөкова апабызга былтыр Эмгек сиңирген артист наамын берди. Азыр ага бул наам эмес, башкача камкордук керек болчу. Министр берген наамдан көрө, башкача сый-урмат ойлоп табышса жакшы болмок.

3. Жанеттанын мүмкүн үнү бардыр, бул ала элек, тиги алып алды деш да болбойт. Бирок ошол учурда эле элге көптөн бери талыкпай кызмат кылып келе жаткан ырчылар да бар. Аларды эске албай коюш бул-уят нерсе. Гүлнара Кахарова, Гүлнара Тойгонбаева, Жамила Муратова-булардын наам албай калышына кайдыгер карагым келбейт. Мен өзүм жөнүндө айта кетсем, наам албай көзү өтүп кеткен Жолдошбек Мамажановго салыштырмалуу, мага али эрте деп ойлойм. 60-70ке чыкканда алсам болду. Кудайдын буйругу менен алды деп ойлойм. Ал эми улуу муундагылар албай жатканы өкүнүчтүү нерсе. Ар бир ырчы эмгегим акталса экен дейт да.


"Азуусун айга жанган ааламды өзүм билем дээр" дегендердин заманында элге ачуу чындыкты азил-чыны аралаштырып тайманбай айтып, эли үчүн чындап күйүп, талыкпай эмгектенип келген куудул Абдылда Иманкулов:
"Манас наамы жок көзү өтүп кетти"

1. Чын-чынына келгенде эл үчүн маңдай тери менен кызмат кылган чыгармачыл инсандарга наам ыйгарыш- ошол инсандын стимулун көтөрөт. Азыркы учурда наам берүү механизми туура эмес. Биринчиден, ага документ даярдаш керек экен. Экинчиден, бир топ жерлерден ошол наам ала турган инсанды мактаган баракча керек экен. Мен да ошондой документтерди чогултайын дедим, бирок мен кантип бир депутатка, же маданият министрлигинде иштеген кызматкерге мени мактап кой деп айтам. Андан көрө, эл өзү таразалап, ошол чыныгы элге эмгеги cиңген инсан элдин алаканына түшүп тургандай болушу керек деп ойлойм.

2. Эми алыс барбай эле, менин кесиптешим, кайталангыс талант Манас Бердибеков наам албай көзү өтүп кетти. Биздин эл башкарган үч ажобуздун доорунда аттарын айтпай элде коёюн, өңдүү-түстүү кыздарыбыз наам алышты. Бул нерсеге татыктуубу, же татыксызбы,айтор, ушундай суроолор мени тажатты. Экс-депутат Абдрейим Кулбаев: "Абдылда, ушинтип жүрө бересиңби, документтериңди чогултпайсыңбы наам алганга"-десе, мен: "Кантип эле элдердики "Манас" эпосунун көлөмүндөй том-том болуп, кылган мээнети чыга келет да, менин 30 жылдык мээнетим бир баракка араң батат?"

3. Залкар актёрубуз Орозбек Кутманалиев наамдан баш тартып туура кылган. Ал эми азыркыларда бир аз кемчиликтер кетип калып жатат. Аз убакытта эле сахнага "жарк" эте чыга калып, ушундай наам алган кыздарыбыз аз эмес. Ошол наам көп жылдар бою эмгектенип келген Каныкей Эралиевага жарашпайбы? Менин оюмча, кыргыз кыздарынын бирден-бир композитору десек да болчудай. Рыспай Абдыкадыров кайтыш болгондон кийин, ага наам өзүнүн окуучулары менен чогуу берилди . Бул таарыныч деле эмес, ушундай көрүнүштөргө жөн гана мыйыгыңдан күлүп коёсуң да. Эгер мен кайсы бийлик болбосун, ошол учурда аларга кошоматтанып жүрсөм, качан эле наам алып коймокмун. Бүгүнкү күндө ар кимди барып бир мактап, ары жок Арзыматтай заманбап ырчыларыбыз наамга татыктуу болуп жатышат. Кандай бийлик келген учурда да, алардын кемчиликтерин сынап, сатира катары түшүндүрүп келсек, бизди оппозиционер катары көргөндөр да жок эмес. Бүгүнбү, же эртеңби мага наам берилген күндө дагы, мен бийликти сынаганымды койбойм, дагы да реалдуу көрүнүштү элге чагылдырып бергеним берген болот.


Тээ бала кезимден бери "Көк моюн сулуу көгүчкөн" деген ырды жадыбалдай жаттап алганым эсимде. Көрсө, ушул ырдын автору куудулдук өнөрү да бар элдин сүймөнчүктүү обончусу Майрамбек Осмонов тура. Бул инсандын да оюн уктук:
"Кутманалиевдей болуп уялса, анда чыгармачылыгы өчпөйт"

1. Мисалы, бир чоң артист барып калды дейли айылга, анан карапайым калк сурайт экен да: Сен Эмгек сиңирген артистсиңби, айланайын?- десе,жок мен наам ала элекмин десе. Кечээ эле Эл артистин алган Нурак Абдыракманов деген залкар комузчубуз бар. Кандай гана философиялык күүлөрү бар. Адамдар да ошого жараша мамиле жасап калган учурлар болуп калды да. Ал эми колунан эч нерсе келбеген, орусча айтканда бир "чижикке" кимдир бирөөлөр ортого түшүп наам алып берип койгон. Ал кандай жолдо алды, аны бир гана Кудай билет. Ошол жагынан караганда наам керек. Кээ бир кишилер наам алгандан кийин, башкача басып калышат, андан ары чыгармачылыгын улантпай токтотуп коюшат Анан эсине келгенде ,"мен наам албадым беле" деп чочуп кетишкендер да жок эмес. Ал жагынан караганда наам эч кандай роль ойнобой калат да. Менин жеке оюм: ошол кичинекей кагаз экен да, ошого үйрүлүп бирөө жарым наам алып алса, капа болуп, мен эмне үчүн албайм деп өздөрүн өздөрү кыйнап төшөккө жатып калып, ооруга чалдыккандарына боорум ооруйт. Наам-жөн гана кагаз, ал ошол боюнча кала берет. Мен мусулман баласы катары айтар элем, наам алып алып, анан керсейип, текеберчилик кылып, 5 жыл наам күтүп жүргөндөн көрө, бир күндө 5 маал намаз окуп алганым жакшы.

2. Рыспай Абдыкадыров, Жолдошбек Мамажанов өтүп кетти наам албай. Ушул кишилердин обондору кандай сонун, ушундай инсандарыбыз бар деп жумурай журтубуз сыймыктанат. Азыркы "кемпайлар" алып жүрөт. Бирок наам алган менен, албай калган өнөр адамынын эмгегин эл таразалап баалай билет. Кыргыздар ылдый жакта жүргөндө аябай жакшы сөздөрдү сүйлөшөт да, анан бийликке келгенде эле жанындагы кошоматчылары тигиге бер, буга бер деп , француздар айткандай жетелеме акыл болуп, оозун ачып, шилекейи агып калат.

3. Мен шарият жолунда жүргөндөн кийин, бирөөнүн ийгилигине көз артып, бирөөгө карата жаман сөз айтыш да күнөө да. Ал кызга наам берилдиби, балким, кайсы бир деңгээлде татыктуудур. Муну мага окшогондор отуруп алып чечкен жок да. Илимге сугарылып алдын-ала көп нерсени билгендер чогулуп алып бул татыктуу деп чечишти да. Ошондуктан, мен куттуктагандан башка эч нерсе деп айта албайм. Эгерде Жанетта ошол Кутманалиевдей болуп уялган болсо, анда мен ойлойм анын чыгармачылыгы өчпөйт.


Коңгуроодой шыңгыр үнү менен кимди болбосун өзүнө тарткан, музыка дүйнөсүнө жаштайынан сүңгүп кирип, элине жакшы обондорду тартуулаган Жамила Муратова:
"Жанетта татыктуу эмес"

1. Маданий жааттагы чиновниктер тарабынан ушул адам көп жылдан бери иштеп жатты эле деп берилген бир белги катары билем. Наам деген атайын жогору жактан берилген белги да. Акыркы учурда ушул наамдын баркы жок болуп кетти. Аны алыш тааныш-билиш менен дейбизби, айтор, башка себептер менен алынып калып жатат. Чыныгы наамды эл берет, мен курактуу, же менден улууларга эл качан эле баалап наам берип койгон. Бирок официалдуу түрдө наам берилгенден кийин, бул наамдын да жоопкерчилигин сезип талыкпай эмгектениши шарт. Мен деле наам алыш үчүн документтеримди чогулткам. Кээ бири айтып жатат: "Сен наам албай үйдө олтуруп алдың",- деп. Мен айтар элем: "Мен эмнеге наамды кайсы бир чиновниктен сурап алышым керек экен. Ошол инсан өзү акыл-эcи жогору болсо, чыныгы маданияттын кулк-мүнөзүн түшүнө билген болсо эмнеге туура бөлүштүрбөйт? Менин жеке оюм: Эл артисти болобу, же Эмгек сиңирген артистпи, мунун баркы жок деп калдым.

2. Наам албай көзү өтүп кеткен инсандарыбыз көп, булардын атын атап отургандын кажети жок. Искуcство чөйрөсүндөгү адамдар анын баарын билет. Кайсы тармак болбосун, сүрөт болобу, музыка болобу, анын баары белгилүү. Өкмөт тарабынан мындай нерселер үстүртөн каралып жаткандыгы өкүнүчтүү. Чын ниети менен жоопкерчиликти сезип, каралбай жаткандыгы зээнди кейитет. Мени азыркылар тааныбай деле калышты. Азыркы министрликте иштегендер-жаш балдар.

3. Ал,чындыгында, татыктуу эмес, эртерээк берилип калды. Анын "Мен кичинекей кезимден бери ырдап жатам дегени"- ал өзүнүн өнөргө келген жолун да эсептеп алган го. Эсте каларлык деле ырын билбейт экенмин. Нукура музыкалык билим алып келе жаткан бир эле мен калсам керек. Эстрада жаатында профессионалдык чыныгы музыкалык сабатым бар, кудайга шүгүр. Мен наам албай калдым деп чыгармачылыгым токтолуп калбайт. Майда-чүйдө нерселерден өзүмдү бийик көрөм. Өкмөт адамдарына айтар сөзүм: элдин мүдөөсүн угуп, ким татыктуу ошого жараша наам ыйгарышса. Абдан туура эмес иштер болуп жатат. Аз жыл иштеп, элдин эсинде калган ыры деле жок инсандарыбыз ушундай наамга илинип жатышат.


Р.S. Биз наам-сыйлык ээлерине тийишели деген деле оюбуз болгон эмес. Бирок бул маселеге карата маектештерибиздин пикирин билгенден соң, "калк айтса, калп айтпайт" го деген ойго келип турабыз. Антсе да, Жанетта Бобкованын наамына куттук айтуу менен, сыйлык берүүчүлөргө эч качан калыстыгынан тайбай, чыныгы өнөр ээлерин унутта калтырбай, анан да эч нерсесине карабай эске ала жүрсө экен деген каалоону айтар элек.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??