п»ї

Депутаттардын телефонун тыңшаган кримөкүлдөрү
Кыргызстандагы "Мен кыйынмын" деген атка минерлердин, депутаттардын телефондору тыңшалып жаткандыгынан баарыбыз эле кабардар болсок керек. Бирок анын башында ким турары белгисиз. Кээ бири, мындай "иштин" башында криминалдар турганын айтып жатышат. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев депутаттардын астында өзүнүн телефону тыңшалып жаткандыгы тууралуу айтты. Ушундан улам, кримөкүлдөрү министрдин телефонун кантип тыңшап атты болду экен деген суроо туулбай койбойт. ИИМдин басма сөз кызматы: "Кримөкүлдөрү акыркы заманбап технологиялар менен камсыз болуп, телефондогу сүйлөшүүлөрдү канча чакырым болсо да жаздырып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ," - деп билдиришти. Андан сырткары, криминалдык топтордо дайыма жаңы жабдуулар пайда болуп, спутниктик байланыштарды жана жаңылануу системасын пайдаланып, авто унаанын ар кандай антенналарынан бери колдонушары да белгилүү болду. Белгилей кетчү нерсе, аталган техникалык жабдуулар дүкөндөрдө ачык эле сатылат. Ар бир атуул андай жабдууну колдоно алат деп белгилеп кетишти.


Премьер-министр Атамбаевге жана Президентке көлдүктөр нааразы
Ысык-Көлдүн Түп районунда жергиликтүү активисттердин жыйыны болуп, өзгөчө Президент менен Премьер-министрге нааразычылык пикирлер айтылды. Жыйындагылар 2009-жылдагы Президенттик шайлоо астындагы күндөрдү эстешип, андагы хантактыга талапкер Алмазбек Атамбаевдин: "Мен бийликке келсем, Каркыра маселесин карайм. Мындай керемет жерди казактардан кайра кайтарам! Нуракеге чөгөлөсөм да, Каркыраны өзүбүзгө алабыз. Мен бул сөзүмө турам!" -деп көлдүктөргө катуу убадасын берген болчу. Эми Түптүн активдери чогулуп, дал ушул маселени талкуулап, бүтүндөй аткаруу кызматынын башында турган Алмаз Атамбаевге капа болушуп, "мына бийликке келди, Каркыра боюнча берген убадасын аткармак тургай, унутуп койду, элди алдап кетиптир да!" дегендер сандарын чаап атышыптыр. Кызык, Алмаз мырза быйыл күздө да Президенттик шайлоого катышары, анан Ысык-Көлгө барарын унутканбы? Унутпаса, жок дегенде Каркыра көйгөйү боюнча ооз ачып койбойбу, ыя? -деп нааразы болуп жатышат.


Ө. Абдрахманов: "Максимге чалгыла, 25 млн сомду которсун"
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов "Кыргызтелекомдун" кызматкерлеринен "5-каналдын" 26 млн сом карызы үчүн качан жыштыгын өчүрүшө тургандыгы тууралуу сурады. 28-мартта парламенттик угууда Ө.Абдрахманов өлкөдөгү телерадиокомпаниялардын маселелери жана аларды өнүктүрүүдө көрүлүүчү чаралар, ошондой эле, уктуруунун форматын санариптик этапка өткөрүү боюнча сүйлөп жатып, "Максим, 5-каналды дагы деле башкарып келе жатабы?" - деп сурады. Ал эми Мамлекеттик байланыш агенттиги "5-каналдын дебитордук карызы бар жана соттук териштирүү жүрүүдө. Башка каналдардын деле жарым жылга, же бир жылга болгон карыздары болот", - деп кошумчалады. "Эмнеге телеканал өчүрүлбөйт? Максимге чалгыла, 26 млн сомду которсун", - деп кошумчалады Ө.Абдрахманов.


Жаныш Бакиевдин "Ата Журтчуларга" кекенип турган кези
28-мартта чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Жаныш Бакиев парламенттеги "Бригада" тобунун депутаттарына кыжыры келип атыптыр, -деп жазат "Alaman.kg" сайты. Анын себеби, "Ата Журтчулар" Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Садыр Жапаровдор кечээ эле Жаныштын жанынан кетпей жүрүшүп, 7-апрелдеги окуядан кийин, ага чалып ал-жайын сурап койбой, артын салганын байкап калган Жаныш Бакиев, "Ата-Журтчуларга" кекенип, "бөлтүрүктөр бөрүлөргө айланган го, таамай аткан мергенчинин аңчылыгын унутушуптур, эми өздөрүнөн көрсүн!" дегени сайтта жазылган.


Абактардагы ачкачылык Камчы Көлбаевдин көрсөтмөсү менен жүргүзүлүп жатабы?
Азыр ар жерде өзүнүн саясатын жүргүзүп, баш-аламан болуп турган кез. Баары бүтүп, абактагылар эле калган болчу. Эми алар да өз максаттарын ишке ашыруу маанисинде, 25-марттан бери ачкачылык жарыялашууда. Мамлекеттик жаза өтөө мекемесинин жетекчиси Калыбек Качкыналиевдин билдирүүсүнө караганда, абакта отургандарды көрүүгө келгендерди тинтүүнү токтотуу, тамак-ашты нормага ылайык берүү жана абактагы бир кишинин өлүмүн иликтөөгө алуу деген үч талап коюшкан. Бирок бийликтегилер,абактагылар Камчы Көлбаевдин көрсөтмөсү менен ушундай акцияга барды деген ишенимде. Өкмөттүк эмес уюмдар абактарда тамак-аш, жумуш менен камсыздоо начар абалда экенин белгилешүүдө. Акыйкатчы Турсунбек Акун абактагыларды азык-түлүк, жумуш менен камсыздоо начар экенин айтып, бирок алардын саясий талап көтөрүп жатканы мыйзамсыз экенин билдирди.




  Спорт

Кикбоксчулар күмүш медалга ээ болушту
25-27-мартта Москвадагы Кикбоксинг боюнча Дүйнөлүк кубокто "Маралбек" спорт клубунун эки спортчусу күмүш медалга ээ болушту. Бул боюнча, аталган клубдун машыктыруучусу Маралбек Давлеткулов айтып кетти. Анын айтымында, 51 кг салмактагы Нурсултан Токтосунов жана 54 кг салмактагы Шамиль Тагиров күмүш медалга ээ болушту. Андан сырткары, КРнын чемпиону 60 кг салмактагы Рустам Ибрагимов коло медалга ээ болду.

Дүйнө
Япониядагы курман болгондордун саны күн сайын көбөйүүдө
Япониянын улуттук полиция агенттиги Японияда болгон зилзала жана цунамиден 11 миңдей адам курман болгондугун билдирүүдө. Официалдуу билдирүүлөр боюнча, Япониянын убактысы боюнча 15:00дө болгон жер титирөөдөн улам 10 миң 901 киши курман болгондугун айтышууда. Ал эми дайыны жок жоголгондордун саны 17 миң 649 адам болсо, жаракат алгандардын саны 2776га жетти. "Фкусима-1" атомдук станциясында жана ага жакын аймактардагы радиациянын деңгээли 100 эсеге жогорулады деп билдиришүүдө.




"Кыргыз уз кыздары- 2011" сынагын эркек жеңип алды
Кыргыз эли үчүн күйүп-бышып жанын берген патриот мырзаларыбызды бул жашоодо аз кездештирип калгандайбыз. Бирок бар экенин дагы эске салып кетпесек болбос. Ошондой мырзаларыбыздын бири - тигүүчү цехтеги эмгектенгендердин тагдырын ойлоп кам көргөн, жыл сайын 4-5 жолудан "Кыргыз уз кыздары " деген долбоор ачып, анча-мынча тигүүчү кыздардын жашырылган талантын сыртка чыгарган Кайрат Дархан уулу.
- Өзүңүз жөнүндө кененирээк маалымат берип кетсеңиз?
- Менин аты-жөнүм Кайрат Дархан уулу. Талас областына караштуу Кара-Буура районунун Молдо-Асан деген айылынан болом. Үйдө алты бир туугандын эң улуусумун. Айылда чоңоюп, окууну бүтүп, бир жыл айылда мектептин мүдүрү жана мугалимдердин сунушу менен мугалим болуп иштеп калдым. Андан кийин Кара-Бууранын маданият үйүндө бир жылдай иштедим. Бишкекке келгениме быйыл төрт жыл болду. Бул жакка жаңы келгенде ЭлТРде иштеп жүрдүм. Негизи, мен бала кезден эле кыргыз жериме, элиме кайрымдуулук иш жасап, жакшы бир жаңылануу жаратсам деп көп кыялданчумун жана идеяларды жаратчу элем. Анан ойлогонум, тилегеним оңунан чыгып, ар кандай долбоорлорду иштеп чыга баштадым. Долбоорлорду иштеп чыгуу, негизи, өтө кыйын. Адамдан бир нерсе чыгыш, издениш өтө татаал жана көп түйшүктү талап кылат. Мен үчүн ушул "Кыргыз уз кыздары" долбоору кыйынчылыкка турду. Биринчи, 2010-жылы атайын тигүүчүлөр арасында түзгөм. Бул долбоордун башкы максаты-тигүүчү кыздарыбыздын эмгегин даңазалап, кадыр-баркын билбей, келечегине кайдыгер карап жаткан бийликтеги адамдарыбыздын сезимин ойготоюн деп ушул долбоорду алып чыктым. 2010-жылы 5 жолу концерт бердим. Негизи, тигүүчү кыздардын жумушу татаал жана кыйын экенин билем, көргөм жана ал тармакта мен дагы иштегем. Бирок ага карабай, байкуштар үй-бүлөсүн багайын деп иштеп жатышат. Көптөгөн ишканаларга кирдим, шарты жок, муздагы бар, ысыгы бар дегендей. Кийин балалуу болобу, же болбой калабы? Келечеги кандай болот? Пенсия ала алабы, же ала албайбы? -деген суроолор пайда болот. Мисалы, алар келечекте жөлөк пул алыш керек да, же ошол күнүмдүк тамак менен эле жашап жүрө беришеби? Ошолордун бардыгы жогорку жактагы бийликтегилерге жетиш үчүн долбоорумду ишке ашырыш үчүн бир жылда бир жолу эмес, 3 айда бир жолу өтө турган кылгам. Анткени, ар бир майрам сайын чарчаттырбай жаңылануу менен көңүлдөрүн ачып өткөрүп турсак деп ойлойм. Мен бул долбоор менен байып кетейин деген оюм жок. Өзүм кембагал эле үй-бүлөдө өскөм, байлыкка умтулбайм. Элге кызмат кылган адам болчу деп элдин оозунда, туугандар арасында сөз калсын деп бир жакшы нерсе жараткым келет.
Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
Жакында, кудай буйруса, Ошко кетип жатабыз. Ошто дагы биздин уз, чебер кыздарыбыз бар да. Ошолордун эмгегин даңазалоо максатында, ал жакка дагы уюштурабыз. Андан тышкары, айыл жергесинде мугалимдердин, фермерлердин врачтардын жана ошондой эле жакшы окуган окуучуларыбызды ушундай эле деңгээлде даңазалап, бул долбоорду улантайын деп жатам. Аларга өзүбүздүн атыбыздан белектерди даярдап, улуттук спорт оюндарын, улуттук кийимдерибизди даңазалап, маданиятыбызды эң биринчи орунга коюп жатабыз. Мындан тышкары, "Талант сыры" деген долбоорум бар. Аны айылдан чыккан таланттуулардын жолун ачуу максатында ачкам.




21-мартта болуп өткөн "Кыргыз уз кыздары- 2011" сынагында 11 конкурсанттын ичинен суурулуп чыккан жеңүүчү Сатыбалды Молдобаев
- Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз.
- Мен Нарын областына караштуу Ак-Талаа районунда 1982-жылы жарык дүйнөгө келгем. Учурда Жибек Жолунда цехте иштейм. Мен, негизи, 6-7 жашымдан баштап эле ырдап жүрөм. Эс тартып калгандан баштап эле десем болот. Үй-бүлөдө бардыгыбыз ырга шыктуубуз.
- Мүмкүн, келечекте ырчы болуп чыгайын деген оюңуз бардыр?
- Албетте, мындан ары ырчы болуп чыгайын деген оюм бар. Бул менин кичинемден бери кыялданып жүргөн тилегим. Бирок финансы жагынан кичине аксап жүрөм. Эгерде продюсер жана демөөрчү тапсам иштешмекмин. Ошол сынакта "Нарындык кыз" деген ырды аткарып жеңүүчү болбодумбу. Ал ырдын сөзү,обону өзүмө таандык. Менин, негизи, багы ачыла элек, көмүскөдө сакталып жүргөн 10го жакын ырларым бар. Мисалы: "Досторго", "Мугалим кыз", "Замана" ж.б.





Калыстар тобунун мүчөсү, ырчы Райхан Абдувалиева:
Мен бүгүн аябай сүйүнүп, кубанып жатам. Ушундай долбоорлордун көп болушун каалайт элем. Менин негизи, өзүмдүн дагы тигүү цехим бар да. Анан ал жакта эмгектенген кыздарымдын канчалык жумуштары оор.экенин, деги эле тигүүчү кыздардын жумушу оор экенин жакшы билем. Ошого карабай иштеп, талыкпай эмгектенип жатышат. Дайыма эле иштеп, бир имараттын ичинен чыкпай отура бербестен көңүлдөрүн ачып, кичине болсо дагы эс алышып кеткенге мүмкүнчүлүк берген бул долбоорго ийгиликтерди каалайм. Менин оюмча, ушундай долбоорлордун көп болгону жакшы. Эртеден кечке иштешет жана чарчашат деп мен тигүүчү кыздарыма аябай жакшы көңүл бурам. Кышында күнүгө эртең менен сүт менен чай берип турам . Андан тышкары, майрамдарда жакшы, кызыктуу кечелерди уюштуруп, бири-бирибизге аябай жакынбыз.


Келсин Мурадил кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??