п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кычык суроолор

"Кычык суроолор" менен кыргыздын белдүү мырзаларын кылтакка илип, алардын "нервин" текшерип келебиз. Бул жолкусунда "Дордой" ассоциациясынын генералдык директору, экс-депутат Аскар Салымбеков суроолорго жооп берди.

Аскар Салымбеков:
"Кримдүйнөнүн өкүлдөрү биздин бизнеске кирип алган жок"
- Кимди тумшукка соккуңуз келет?
- Тумшукка соккум келип жүргөн адамдар бар. Бирок мен сабырдуу болгондугума байланыштуу андайларга көп жинденип, өзүмдүн нервимди корото бербейм. Кезеги келгенде, кудай өзү тумшукка согот.
- Кандай адамдардан "аллергияңыз" бар?
- Зөөкүр адамдардан, тарбия көрбөгөн, ички көрөңгөсү көр, уят-сыйытты билбегендерден "аллергиям" бар.
- Эмнеден жолдуусуз?
- Жакшы адамдардан жолдуумун. Анткени, дайыма жакшы адамдар менен жанаша жүрүп, чогуу иштешип, алардан билбеген нерселерди үйрөнүп, ошолордун жолу менен басып, туура жолго түшүп келем.
- Учурунда кимди сызга отургуздуңуз эле?
- Кудай сактасын, эч кимди сызга отургузуп көрө элекмин. Тескерисинче, жылуу жумшак жерге отургузуп келем. Мени менен иштешкендер, байгер турмушка кетип жатышат.
- А ким сизди сызга отургузуп кеткен?
- Мени сызга отургузуп кеткен эч ким болгон жок. Бирок учурунда таарынткандар көп эле болгон.
- Таарынткан адамга канча убакыт сүйлөбөйсүз?
- Пенде болгондон кийин кечиргенге аракет кылам. Таарынгандын да өзүнүн мөөнөтү болот. Жакын кишилерге таарынсам, бат жазылып кеткенге аракет кылам.
- Сиздин жиниңизди жаман деп жүрүшөт. Жиниңизди эмнеден же кимден чыгарасыз?
- Аны жубайым Гүлмира Сулаймановадан сурагыла (күлүп).
- Ашкана согушунда кайсы идишти тандамак элеңиз?
- Ашканада идиш сындырып көрө элекмин. Тамак ичип отурганда, чарылдаган уюлдук телефондор кыжырымды кайнатат. Ашкана согушунда ошондой чарылдак телефонду тандамак болушум керек. Чынын айтканда, уюлдук телефондордун пайдасынан да зыяны көп.
- Көп телефон талкалаган окшойсуз, анда?
- Жок, азырынча талкалай элекмин. Бирок келечекте андай иштер да болуп кетиши мүмкүн.
- Эгерде сиз буюм болсоңуз кайсы буюм болмок элеңиз?
- Мен буюм болсом майдаланып "диван, мискей же телевизор" деп отурбай эле, реактивдүү самолёт болмокмун.
- Саясатта достук жок дешет, сиз саясаттан кетсеңиз дагы, саясатта катышкан досторуңуз барбы?
- Саясаттагылардын бардыгы менен эле катышам. Басымдуу көпчүлүгү менен жакшы мамиледемин. Мен аларга адамгерчиликтүү мамиле кылам. Саясатка келгенде, мамилелер бузула баштайт. Анткени, алар саясатка кирип кетип, адамгерчиликти экинчи планга коюп атышпайбы. А мен үчүн адамдык сапат эң биринчи орунда.
- Атыңызды өзгөртүш керек болуп калса, кандай ат тандамаксыз?
- Мага "Аскар" деген атты бергени үчүн ата-энеме миң мертебе ыраазымын. Мага жаккан аттар көп эле. Жаккан аттардын арасынан тандап Муса, Иса, Улукбек деп балдарыма ат койдум. Дагы жаккан аттарды неберелериме берип атам.
- Ким менен чогуу мончого, же саунага барасыз?
- 30 жылдан бери эле эки-үч киши менен мончолорго барып жүрөм. Алмаштыра элекмин. Ар бир дем алыш сайын, эртең менен саат сегизде туруп алып, мончого кетебиз.
- Биттеп көрдүңүз беле?
- Ооба, сакмалга, кыркын туутка барып, бир жыл иштегенимде катуу биттегем. Ал жерден койдун жүнүн ташыйсың, козуларды энелерине эмиздиресиң. Чабандын боз үйүндө жуунуп-тазаланбай бир ай жашаганды элестетип көр. Анда көк, ак өңдөгү "турсий" жок болчу, болгону кара түстөгүсүн кийчүбүз. Кара "турсийдин" кырларына сиркелер апаппак болуп тизилип туруп калчу. Аны көргөн апам, "Иий, биттеген турбайсыңбы!" - деп, баягы ич кийимдерибизди жууп, үтүктөп берчү.
- Уулуңуз негр кызга үйлөнөм десе эмне кылмаксыз?
- Кыргызда нике кайып деп коёт. Канчалык тоскоол болбо, баары бир никеси кимге буюрган болсо, ошол адам менен баш кошот. Ошондуктан, мен эч нерсе кыла албайм. Мүмкүн, нике кайып, чын эле негр кызды сүйүп калат.
- Көрө албастыктын арты адам өлтүрүүгө чейин алып барганын көрүп, билип жүрөбүз. Сиздин андай сапатыңыз жокпу?
- Жок, мен көралбастыктан алысмын. Башка бирөөлөр өркүндөп- өсүп жатса, мен да алардын кубанычын тең бөлүшүп, алар менен кошо жыргаймын. Адамдардагы көрө албастык, ичи тардыкты эң жаман көрөм. Андай адамдар өспөйт жана өнүкпөйт.
- Сиз жөнүндө таркатылган эң көп ушак?
- Аны силер билесиңер да (күлүп). Белгилүү адамдардын аркасында кандай ушактар жабышып, ээрчип жүргөн болсо, менин артыман да ошондой эле сөздөр ээрчип жүрөт.
- Кыргыз эли сизге эмне үчүн ыраазычылык билдириши керек деп ойлойсуз?
- Эгемендүү өлкө болгондон бери миңдеген адамдарды жумуш орду менен камсыз кылдым. Үй-бүлөлөрүн бакканга акча таап, бардар жашоодо жашап жатышат. Бутуна туруп, баштаган бизнесин өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп бердим десем болот. Кыргызстан гана эмес, Казакстан, Россиядагы бизнесмендер-"Дордойдон" көтөрүлүп кеткендер. Материалдык жактан муктаж болгон адамдарды да жөн калтырбай, колуман келишинче жардам берип келем. Дагы бир нерсеге, Англияда туулган футболду - Кыргызстанда өлтүрүп албаганыбызга кыргыз эли ыраазы болот деп ойлойм (күлүп).
- Салмагыңыз канча?
- Салмагым 84 килограмм.
- Арыктайын деп тамакты көп жеп, же болбосо семирейин деп жаткан жоксузбу?
- Беш килограммга арыктайын деп, кыймыл-аракетти көбөйтүп жатам. Кечинде калориялуу тамактарды азайтып калдым.
- Саясаттагы сойку менен көчөдөгү сойкунун айырмасы эмнеде деп ойлойсуз?
- Саясат сойкусу менен көчөдөгү сойкунун эч кандай айырмасы жок, экөө бирдей эле.
- Эгер кыргыздын атактуу жигиттеринин арасында "Эрежесиз эр күрөш" (панкратион) боюнча мелдеш өтүп калса, күрөшкө ким менен чыкмак элеңиз?
- Алмаз Акун менен, анткени, ал менин иним да (күлүп).
- Аялзатын канча жолу шатырата сөккөнсүз?
- Мен аялзатын шатырата сөкмөк турсун, жаман сөз айтууга тилим барбайт. Себеби, менин да энем, эже-карындаштарым бар. Мен бирөөнүн кызын сөксөм, менин карындашымды да эртең бирөө сөгүшү мүмкүн. Ошондуктан, бардык аялзатка жумшак мамиле кылганга аракет кылып келем.
- Мынакей, Гүлмира эже экөөңүздөр отурасыздар, Гүлмира эженин көзүнчө эле сурай берейин. Казан-аяк кагышып калган учурларда, Гүлмира эжеге колуңуз жок дегенде бир жолу тийди беле?
- Гүлмира экөөбүз андайга жетпейбиз. Кебез менен кескендей эле акырын сүйлөп коём. Ачуум келгенде жүзүмөн билинип калат, ошол учурда Гүлмира менден сестенип калат болуш керек деп ойлойм. Анткени, унчукпай калат.
- Байлар дагы ыйлашат. Сиз кандай учурларда жашып аласыз?
- Ал туура. Байлар деле адам да. Бул дүйнөдө телегейи тегиз эч ким жок. Байлар эмес, бир элди бириктирип кармап турган президенттер деле ыйлайт. Айрыкча, Кыргызстандын Президенттери деп ойлойм. Бизнесте бир жагынан ийгилик коштосо, экинчи жагынан тоскоолдуктар толтура болот. Өнөктөштөрдүн арасынан да сасыткылар чыгат. Мына ошолор ыйлатат.
- "Дордой" базары толук өзүңүзгө карайбы?
- Менин агаларым, балдарымдын да ал бизнеске катышы бар.
- "Дордойду" кримдүйнөнүн өкүлдөрү башкарып турат, - деген имиштин канчалыгы чын?
- Акча бар жерлерди кримдүйнөнүн балдары тегеректеп жүргөндөрү бар. Бирок, биздин бизнеске кирип алгандары жок. Туристтер менен иштешип, келген жүктөрдүн тегерегинде жүргөндөр бар.
- Эмне үчүн башка базарлардан эмес, "Дордой" базарынан атышуулар көп болот?
- Эл жана акча көп жерде көп нерселер болот. Москвада деле өлтүрүүлөр, өрттөр болуп атпайбы. Анан миңдеген адамдар жүргөн жерде ар кандай окуялар боло берет. Базар болгондон кийин, ар кандай адамдар жүрүшөт да.
- Жылына мамлекетке канча салык төлөйсүз?
- Кыргызстандын эң көп салык төлөөчү уюмдардын биринчи жыйырмасына киребиз.
- Киндик каныңыз тамган жер Ат-Башыга канча убакытта бир барып турасыз?
- Ат-Башыда 90 жашка чыккан апам бар. Апама бат-бат барып, ал-абалын сурап, учурашып турам.
- "Үзөңгү-Куушту Кытайларга сатууга кол койгон, ошон үчүн Нарын эли Аскар Салымбековду жаман көрөт", - деген кептерге кандай жооп берет элеңиз?
- Үзөңгү-Куушту губернатор сата албайт. Мен ал кезде Нарын облусунун губернатору болчумун. Чогулушта парламент талкуулап, эгер кабыл алынса, Президент кол коёт. Үзөңгү-Куушка менин эч кандай тиешем жок.
- Трайбализм, же болбосо жердешчиликке кандай карайсыз?
- "Бөлүнгөндү бөрү жейт" деген жакшы макал бар эмеспи. Анын сыңарындай, кыргыздын жердешчилик, уруучулук дегенине терс көз караштамын. Бир ууч кыргыз элибизди бириктире албай жатып, кайра бөлүнгөнүбүз XIV-XVI кылымды эске салат. Биз артка эмес, алдыга оозунушубуз керек.
- Сиздин кол алдыңызда иштеген жумушчулардын 100 пайызы Нарындыктар деп жүрүшөт. Башка облустун өкүлдөрү Нарындыктардай иштей албайбы?
- Жок, бизде Нарындыктар эле иштебейт. Башка өлкөнүн өкүлдөрү, ошондой эле, Кыргызстандын ар кайсы дубандарынан адамдар келип иштешет. Алып көрсөңөр, "Дордойдо" уйгуру, тажиги, өзбеги, кытайы, дунганы соода кылып жан багып жатышат. Ал эми үй-бүлөлүк бизнеске келе турган болсок, бул жерде өзүң ишенген гана адамдарды коюшуң керек.


Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??