Кыз адеби кымбат

Кыз адеби жөнүндө
Кызык сөз
Бабаларыбыз кызга өзгөчө маани берип, "Кыргыз кызын сыйлайт" деген улуу салт бар тура, көрсө. Ошондо да Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза өңдөнгөн баатыр кыздар, ошондой эле Каныкей, Айчүрөк, Зулайка, Айганыш сыяктуу аруулуктун, асылзаадалыктын үлгүлөрү жомокко айланган чыгар. Ошого жараша кыздарга да өзгөчө талап коюлуп, "Жакшы кыз - жакадагы кундуз", "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп, алардын аялуу асылдуулугун аздектешкен. Кыздар да адебин сактап, өз баасын бийик кармашкан эле деп, тамшанып калат улуулар...

Актриса Жамал Сейдакматова: Табиятынан кыз бала назик жан
Биздин убакта кыздар табиятынан назик болушуп, ороңдогонду билишпейт болчу. Азыркы заманда кыздардын кылыгы да башкача болуп кетпедиби. Кыздарыбыздын көпчүлүгүнүн жүрүш-турушу эркекке окшоп калды. Табиятынан кыз бала назик жан болуп, мырзаларга жасаган мамилеси жылуу-жумшак болушу шарт. Бекеринен аялзатын үйдүн куту дешпейт да. Жолдошунун сөзүн эки кылбай, балдарына таалим-тарбия берип, ысык чайын, даамдуу тамагын дарсторконго жая коюп, жолдошун тосуп алса, мына ошондо аялдын мээрмандыгы билинет. Илгери кыздарды аябай катуу кармашчу да, тамак ичкенде акырын, үнүбүздү чыгарбастан иччүбүз. Ошол убакта табигый косметикаларды колдонор элек. Ал убакта азыркыдай көчөдө туруп өбүшмөй жок эле. Биздин замандагы мырзаларыбыз кызга ашык болуп калса, тердеп-кургап кат жазышчу, атайын өзүнүн почточусу болор эле. Кудум "Эрте келген турналар" тасмасындагыдай, Султанмурат менен Мырзагүлдүн сүйүүсүндөй болчу. Жүзаарчыга сүйүктүүсүнүн атын жазып, ортомчу жеңелер аркылуу берип жиберишчү. Анан бир-бирине жылдызы келишсе, жолугушуп сүйлөшүп, үйлөнүшөр эле. Мындай сүйүү эми азыркыларга жомок болуп калды да.

Ырчы Саламат Садыкова: Батыштын жапайы адаты тумоодой каптап кетти
Азыркы кыргыздын кыздары... Албетте, ыймандуу, адептүү кыздарыбыз да толтура. Бирок ошентсе да, маданиятты таратуу милдети башында турган айрым алып баруучу жаштарыбыз жөнүндө азыноолак айтып кетким келет. Атайын жаштарга арналган каналдар ачылбадыбы. Ошондогу жаш алып баруучу кыздарды көрүп алып ушунчалык иренжийм. Обу жоктонуп, себепсиз жалжактап күлө берет, мына ошондон азыркы кыздарда нарк кетип жатпайбы. Анткени, көкүрөгүндө руханий байлыгы жок.
Илгертен айтылган "Кызга кырк үйдөн тыюу" деген бар болчу. Мектептен баштап ийменүү деген болор эле. Мейли улуу киши болсун, мейли кичүү киши болсун, алардан кымырынып-кымтынып турчубуз. Дасторкон четинде отурганда улууларга жол бошотуп, ыйбаа кылып турар элек. Эне сүтү оозунан кете элек жапжаш кыздарыбыз, сакалы өрттөнгүр картаң кишилер менен мейманканага кирип-чыкканын көрсөң, аргасыздан жакаңды карманасың. Азыркы жолугушуулар интернеттен тааныша коюшат, СМС деген балакет чыкты, ошо менен байланыша коюп: "Ош базарына барып келбейлиби"-деген жөнөкөй сүйлөшүү болуп калбадыбы.
Ал убакта көчөдөн сөз айткысы келген жигиттерден биз оолактап каччубуз да. Азыркы жаштарыбыз мындайды жапайычылык деп түшүнөрү бышык. Сөз айтуу кыйындап, эки-үч айлап артыбыздан чуркап даярданышар эле, кээ бири айтпай калып арманда кала беришкен. Менин эсимде бар, мен Таласка турмушка чыгып кетсем, кийин балалуу болгондо бир классташым: "Сага сөз айта албай жүрсөк, Таластык жигит илип кетти"-деп, аттиң кылып жүрөт. Кыз-жигиттин ортосунда керемет, ыйык, бир таза дүйнө бар эле. Азыркыларга бул жомок болуп кала берди. Батыштын жапайы адаты тумоодой каптап кетти. Түнкү клубдар, казино, кийген кийими, ашата сөгүнүп сүйлөгөнү, деги койчу, кайсы бирин айтпасам да жалпыбызга маалым да. Өзүбүзгө кайрылып келиш үчүн, коом өзгөрүлүшү шарт. Экранда жалаң кыргыздын өзүнүн касиетине ылайыктуу, элдин наркына, сөөлөтүнө ылайык көрсөтүүлөрдү жандандырса.

Ырчы Анапия Райымбекова: Кынабын тапкан кылыктуулар
Кыздардын өз орду бар болчу. Азыр кыз баланын наркы кеткени-эркек балага караганда кыз бала көп болгону. Заманга жараша кыздар батыштын тасмаларын, сериалдарын көрүп, ошолорду туурап өзгөрүштү. Үйдөгү тарбиядан ата-эненин сөзүн укпай, жеңил ойлуулукка тез азгырылып жатышат. Беш кол тең эмес дегендей, ата-эненин тарбиясын алып, созулган кыздар да бар. Тилекке каршы, ошол акылдуу кыздар бактысын таппай калып, же тапса да, ашкере кылыгынын жоктугунан ажырашып кеткендери да бар. Жаштайынан "кыз кылыгын" ашыгы менен өздөштүрүп алгандар, ал тургай, өзгөнүн көз жашынын эсебинен өз бактысын таап, максатына жеткендер жок эмес. Көрсө, азыркы эркек таналарга да адептүү, ыймандуу, уялчаактан көрө "кынабын тапкан кылыктуулар" жагат өңдөнөт. Азыр сүйүү күнү деп атайын белгилеп жүргөн 14-февралды майрам катары көрбөйм. Ошол күнү өзүмөн-өзүм уяла берем. Биздин убакта кыздарга сөз айтыш өтө кыйын болчу. Азыр,тескерисинче, кыздар балдарга сөз айтып калган учур болуп калды. Азыркы кыздар заманга шылтоолойбу, айтор, түшүнбөйм...

Ырчы Салима Балтаева: Азыркылардын жүрүш-турушу- мезгилдин талабы
Менин мүнөзүм оор басырыктуу, кылыктанганды деле билбептирмин. Үмүт Тилегенова менин курбум болот, консерваторияда чогуу окуп калдык. Негизи, мен мырзалар менен жакшы тил табышып, достошуп кетмей жайым бар эле. Үмүт: "Мүмкүн, сага болгон башкача көңүлү бардыр, сен байкуш анын ой-боюна койбой айттырбай уялтып коюп жататтырсың",-деп айтчу. Мени жолдошум ырым аркылуу жактырып калыптыр. "Жоогазын" деген ырды ким аткарат болду экен деп сураштырып таап, анан таанышкан. "Хрусталь сыяктуу үнүңө арбалдым да калдым",- деп тамашалап айтып калат. Азыркы жаштардын жүрүш-турушу бул мезгилдин талабы болсо керек деп ойлойм.

Динара Аcылбекова




  Кылыгың менен кызыктыр

Мейли жаңы эле тааныштыңызбы, же көп жылдардан бери түтүн булатып келесизби, сүйүктүүңүз сизди жаңы таанышкандай сүйүп, карегиңиз менен тең айланып туруусун каалайсыз. Ааламда түгөйүңүз үчүн жаралган жалгыз жан болгуңуз келет. Бул -айымдардын кадимки эле каалоосу. Каалооңузду чындыкка айландыруу үчүн, аялзатынын жашоосунда канчалаган мезгилдерден бери сезимдер дүйнөсүнө башкарып келе жаткан, айрым эрежелерди билип алышыңыз шарт.


Анда анын айрым купуя сырларын сизге ачалы...
Жашоо мыйзамы менен мырзалардын көңүл борборун ээлеген аялзаты адатта ай чырайлуу, же назданган назик мүнөздүн ээси деле болушпайт. Андай асылзат болгону өзүн баалай жана барктай билет. Келишкен келбет, же мүнөзүнүн кандай тарабы гана болбосун өзүнүн артыкчылыгы, жетишкендиги катары көрсөтөт. Ал эми, артыкчылыкпы, кемчиликпи ал такыр эле башка кеп. Ажарлуу жүз, суктандырган бой-мүчөсү жана кулк-мүнөзү өздөрүн канааттандыргандыктан, өзгөрүүнү көп деле эңсей беришпейт. Мындай айымдардын ийгилигинин сыры-дал ушул сапатында.
Мен эң сулуумун…
Кыялыңыздагы мырзаны багындырууда, эгер сиз өзүңүздүн сулуулугуңузга ишенимдүү болсоңуз, анда эч кандай ыкма жардам бербейт. Балким, сиз өзүңүздүн келбетиңизди гана эмес мүнөзүңүздү да жактырбайт чыгарсыз? Тартынчаактыгыңыздан көп нерседен кур каласыз, же өзүңүздүн шайыр мүнөзүңүздүн айынан дайыма жаңылышасыз. Канткенде да, сиз өзүңүздүн оңдолууга муктаж делген сапаттарыңыздын тизмесин оңой эле 5 баракка толтурасыз. Дал ушул сапаттардан тез арада арылышыңыз керек!
Сырткы келбетиңизден баштайлы. Негизи, жагымдуу көрүнүш үчүн сөзcүз эле узун жана түптүз буттардын ээcи болушуңуз шарт эмес. Ишенип коюңуз, ал сизди кандай болсоңуз, ошол бойдон жактырат. Ал эмес өтө "шайырлыгыңыз",же тескерисинче өтө "тартынчаактыгыңыз" үчүн жакшы көрөт.
Демек, ушуга ишенгенден кийин, кааласаңыз кемчиликтериңизди оңдоого акырындап кирише берсеңиз болот. Болгону сыймыктана турган сапаттарыңыз жетишерлик экенин унутпаңыз. Сизге кемчилик катары сезилген денеңиздин кээ бир бөлүгү, сүйүктүүңүзгө сексуалдуу көрүнүшү толук мүмкүн. Өзүңүздү өзүңүз гана келишимдүү кыла аласыз. Өз күчүнө, сулуулугуна ишенген айым болуп көрбөгөндөй аурага ээ болот. Мындай айымдар жагымдуу жана сексуалдуу көрүнүшөт. Көздөрүңүздөн чачырап турган, жалжылдаган позитивдүү энергия мырзалардын сезимдерин кытыгылап, сизге болгон кызыгусун арттырат.
Анын сезимдерин ойготуңуз...
Жалпыга маалым болгондой, мырзалар визуалдар(көздөрү менен сүйүшөт), экинчиден кытыгылап ойногонду жактырышат. Муну өз пайдабызга колдонсок болот. Күн сайын ал сизди көрүп, үнүңүздү угуп, жытыңызды жыттап, колуңузду кармап, сизди өпкөн сайын даамдап көрөт. Муну да колдонуп калыңыз! Кантип? Түгөйүңүздүн көрүүсүнө, угуусуна, даам сезүүсүнө таасир этиңиз.
Сизди угуп жатканда…
Мырзалар акырын, назик ыргак менен сүйлөгөн айымды угуп эле олтургусу келет. Кайрылган сайын жылмайып турсаңыз, үнүңүз дагы башкача угулат. Мурда минтип сүйлөбөгөн болбосоңуз таң калышы да мүмкүн. Элестетип көрсөңүз, үйдө жүргөндө эле сүйлөгөн сайын жылмайып турасыз. Эгер окшошпой жатса күн сайын күзгүнүн алдында сезимдериңизди кайталап айтып, машыксаңыз болот. Мындай көнүгүүлөр мырзалар менен сүйлөшүүдө гана эмес, жашоодо ар кандай кырдаалдарды чечүүгө жардам берет.
Экөөңөрдүн маегиңер кандай жүрөт? Сиз сүйлөй бересиз, ал угуп отурабы? Көпчүлүк эркектер узун монологдорду уккандан тажап кетишет. Сиздин сөзүңүздү угуп, эсине сактасын десеңиз кыска, так, түшүнүктүү, жагымдуу сүйлөңүз.
Мырзаңыз сизге сүйлөп жатканда, дайыма жүзүнө карап туруп угуңуз. Башыңызды ийкеп, түшүнүп жатканыңызды билдирсеңиз, "мен сени кызыгуу менен угуп жатам" деген сөздөрдү көздөрүңүздөн окуса, кубанычка бөлөнөт. Ал эми сиздин күлкүңүздү, анын жанында рахаттанып турганыңыздын белгиси катары түшүнөт.
Бирок өтө катуу күлүү да жарабайт, өзгөчө элдин арасында бул сырттан караганда жагымсыз көрүнөт. Эгер ресторанда, кафеде тамактанып жатканда болсо кулагына "жаным, жанымда турсаң да сагынып жатам, сага эркелегим келип жатат" деген жанга жагым сөздөрдөн шыбырап, назик күлүп койсоңуз бул башка иш. Ишенбесеңиз текшерип көрүңүз.
Сизди карап турганда…
Сиз кийген кийимдин да таасири чоң. Бирок, кийимдин түрү эмес, сизден чыккан энергия чоң роль ойнойт.
Сиздин мимика, жесттериңиз да мыкты белги болуп берет. Эң сезимтал кыймыл-аракеттер болуп, колуңуздун эриндериңизге тийгени, эриндерди кичине тиштеп туруу, чачыңызды cылоо, моюнуңузду ушалоо сыяктуулар эсептелет.
Билесизби, сиздин сырткы көрүнүшүңүз жана жүрүш-турушуңуз да ага болгон мамилеңизди айтып турат. Өз келбетиңизге кам көрүп, жарашыктуу кийинип, сүйүктүүңүз белек кылган шуру-шакектерди тагынуу менен канчалык деңгээлде жакшы көрөрүңүздү, сүйөрүңүздү, сиз үчүн анын белектери кандай мааниге ээ экендигин көрсөтөсүз. Ал сөзcүз сиздин аракетиңизди баалайт!
Ал сизге жакындаганда…
Анын колу сиздин денеңизге тийген сайын жакындыгыңар ого бетер артат. Себеби, жөпжөнөкөй. Силер бир-бириңерге жакындап, денеңер тийишкен сайын, анын каалоосун бат эле сезип койсоңуз болот. Эгер ал дайыма сизге жакындап, денеңизди кармалай берсе, демек, сиз менен болгондон рахат алат. Мындай учурда ага эркелеп, мойнуна колуңузду ороп, каалаганча рахаттансаңыз болот.
Мырзалар айымдардын денесинин пропорцияларын колу менен сезгенден рахат алат. Сиздин кымча белиңизди өлчөөнү эмес, назик териңизди сыйпалаганды, жумшак, жыпар жыттуу чачтарыңызды жыттаганды жактырат.
Экөөңөр гана болгон жерде, анын колдорун эриндериңизге тийгизсеңиз болот. Бул абдан таасирлүү келет. Андан сырткары, башынан сылап кучактаңыз, себеби, бардык мырзалардай эле сиздин түгөйүңүз да аялдын мээримине муктаж. Ал эле эмес эң бир сүрдүү, катаал деп эсептелген эркек мындай мамиледен качпайт.
Кээ бир мырзалар кайсыл бир ишке жардам берип, сизге керек экендигин тастыктагысы келет. Сизге болгон сезимдерин сөз менен эмес, иш үстүндө далилдөөдөн рахат алышат. Сүйүү жөнүндө сүйлөгөнгө караганда, сиз жактырган гүлдү тартуулоону алда канча бийик көрөт. Маанайыңыз чөгүп турганда, унчукпай кучактап турганды жактырышат.
Мындай колдонуу сизге, анын жүрөгүн багындыруу үчүн болгон иш-аракет катары көрүнөт. Бирок жогоруда айтылган жөнөкөй кадамдар ортодогу жылуулукту бекемдеп, мыйзам ченемдүү нерсе болгон жубай мамилесиндеги үй-бүлөлүк бакытты бекемдөөчү табигый көрүнүш.