п»ї

Коомдук ишмер,
Анаш Кадырова
"Элим наамымды эмес, эмгегимди сыйлайт"

80-90-жылдары телеге чыгары менен жылдыз аталган диктор, өз кесибинин устаты Анаш Кадырова менен маектештик.

- Cиз телеге чыкканда, дароо эле теле жылдыз болуп кеттиңиз. Анын сыры эмнеде?
- Комплиментиңизге рахмат, бирок мен ал кезде өзүмдү эч качан теле жылдызмын деп деле ойлобоптурмун. Таң супа салганда жумушка жөнөп, үйгө түн бир оокумда келип, өз кесибиме чын дилимден берилип иштедим десем болот. Ал кезде иштөө шартыбыз да өтө оор эле. Азыркыдай шарт кайда, кондиционер деген жок, студиябыз эски болгондуктан жайкысын демиктирип, кышкысын аябай суук болуп, ден соолукка тескери таасир тийгизчү. Теле суфлёр деген жок эле. Андыктан, биз чубалжыган тексттерди жаттап, түз эфирге чоң жоопкерчилик менен чыгып жүргөнбүз. Цензура биздин текст окуганыбыздан баштап кийген кийимибизге чейин көзөмөлдөп, теле көрүүчүлөрдүн алдында өзүбүздү бир формада сактоо үчүн дайыма спорттук көнүгүүлөрдү жасоо кадимки милдетибиз болуп турган. Ал кезде биз жалаң түз эфирде чыкчубуз. Запись деген, кийин Фрунзеден эски ПТВС берилгенден кийин анча-мынча боло баштады. Бизде ал кезде жылдыз болгонго эмес, өз ишибизди эл алдында абийир менен аткарганга жан-дилибизди арнап аракет кылчубуз. Мындан сырткары, теледе иштеген айымдын экранда элдин кызматын кылуу менен бирге үй-бүлөлүк түйшүктөрү да болору түшүнүктүү. Негизги эле сыры-талбаган эмгек.
- Диктор болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек?
- Темирдей эрк, талант, жогорку интеллект, ыңгайсыздыктан чыгып кетүү үчүн капилеттен сөз тапкан чечендик, анан, албетте, теле көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулаган жылдызың, коңур үнүң болушу керек. Чыгармачылыкта, негизинен, бир пайыз талант, токсон тогуз пайыз эмгек болсо, көксөгөн максатыңа жетесиң деген сөз туура. Учурдагы жаштар заманбап технология менен камсыз болушкан. Ар кандай курстардан билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Мыкты деп эсептелген ата мекендик жана чет элдик жогорку окуу жайларынан билим алышууда. Алган билимдерин жана өнүккөн технологияны пайдаланып, азыркы жаштар жеке эле дикторлук эмес, көптөгөн башка кесиптердин өтөөсүнө чыкса болот.
- Сиздер иштеп жүргөндөгү жана азыркы дикторлордун айырмачылыгы кандай?
- Мурун республиканын борбору болгон Фрунзеде бир гана телеканал бар эле. "Ош көрсөтөт" да ошол аркылуу элге таркатылчу. Учурда ар кандай максаттагы көптөгөн телеканалдар бар. Ага ылайык диктор менен теле журналисттерге талап күчтүү. Ар бир телеканалда өзүнүн дараметине жараша жаңы долбоорлор ачылууда. Анткени, коом өзгөрүп, элдин суроо талабы да өстү. Союз учурунда телеге болгон талаптар таптакыр башкача болгону айтпаса да түшүнүктүү. Биз бир гана татаал идеологиянын линиясында иштегенбиз. Базар экономикасынын шарданында көптөгөн баалуулуктар өзгөрдү. Анын жакшы да, жаман да жактары бар. Жаман жагы учурда теледе тексти кубулжутуп окуганды мындай кой, сүйлөмдөргө механикалык түрдө мамиле кылгандар көбөйдү. Тыбыш менен сүйлөбөй, тамга менен сүйлөшөт. Жада калса суфлёр менен окуп жатып да жаңылышат. Үн, өң таңдоо деген да жокко эсе болуп калды. Биздин учурда тексти өзүң жазган чыгармадай кабыл алып, угармандардын жан дүйнөсүнө жеткире окуганга аракет кылып, кала берсе ошончо бетти жаттап да алчубуз. Үн , текст менен да тарбиялык милдет аткарса болот.
- Кыргыз айымдарынын үйдөгү жана коомдогу ролу учурдун талабына жооп береби?
- Чындыгында, кыргыз эли эзелтеден эле аялзатына тең мамиле кылган. Эгер антпесе Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан Датка сыяктуу улут сыймыгы болгон айымдар тууралуу айтылмак эмес. Бирок биздин заманда өз үй-бүлөсүндө кээ бир аялдар зомбулукка дуушар болуп жатат. Бул өзгөчө биздин эл үчүн эң кейиштүү окуя. Себеби, нукура кыргыздын тарбиясы менен чоңойгон жигит "Кыздын кырк чачы улуу", "Бейиш эненин таманы астында" деп эч качан өз жубайына кол көтөрбөйт. Ошол эле учурда эгемендик алгандан бери кыргыз аялдары үй-бүлөдө да, коомдо да биринчи орунга чыгып, чаар сумкаларын көтөрүп алып чет өлкөлөргө каттап, базарда соода кылып, элди оор мезгилден сактап калганын, азыр да сактап жатканын танууга болбойт. Анткен менен бул мезгилде кыргыз аялдарынын потенциалы коомдук-саясий иштерде толук реализация боло элек. Менин түшүнүгүмдө заманбап аялзаты үй-бүлөнүн куту болуу менен бирге эле ишкерликтин жана саясаттын мыкты менеджери боло алат.
- Сиздин сулуулугуңузга суктангандар четтен чыгат, негизи эле сулуулук деп эмнени түшүнөсүз?
- Сырткы сулуулук менен эле иш бүтпөйт. Гүл да өз мезгилинде ажарына чыгып, өз мезгилинде бүрүн төгөт. Адамдын баалуулугу анын жан дүйнөсүнүн, акылынын, адамдарга болгон мамилесинин, абийиринин, жүрөгүнүн сулуулугунда.
- Сиз Бакиевдин убагында УТРКнын директорунун орун басары болдуңуз эле. Сизди Бакиев жарлыгы менен өзү алып келип, жарлыгы менен эмнеге бошотту?
- Мени ал кездеги Президент, 17 коомдук жана саясий уюмдардын сунушу менен бекитип, кийин өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жумуштан алган. Аны ошол кездеги УТРКнын жамааты жакшы белет.
- УТРКнын коомдук болушуна оюңуз?
- УТРКнын коомдук болушу, ал эки революцияда тең элди кыжырданткандан улам болду да. Албетте, бул канал коомдук болуш керек эле, бирок анын өзөгүн улуттук кызыкчылык түзүүгө тийиш. Мен вице болуп турганда жеке демилге көтөрүп, радионун тарыхында биринчи болуп угармандар менен жакындан байланышуу максатында интерактивдүү уктурууларды уюштургам. Ар кандай саясий, экономикалык, социалдык проблемалар боюнча угармандар түз эфирде өтүүчү ток-шоуларыбызга катышкан адистер менен байланышып, өз жоопторун алып турган. Эми ал идеялар мыйзамдашып, Байкоочу кеңеш шайланып, УТРК коомдук болуп түзүлдү. Логотип менен атын алмаштырып койгондон кийин эле КТР коомдук болуп калбайт. Кеп анын затынын өзгөрүшүндө. Учурда Байкоочу кеңеш чоң жоопкерчиликти жана милдетти алды. Эми аны аткарсын.
- Сиз КРнын маданиятына эмгек сиңирген наамын кеч алдыңыз. Наам сиз үчүн мааниге ээби?
- Эң башкысы эмгегимди эл билет. Эл мени ал наамым үчүн эмес, буга чейин кылып келген эмгегим үчүн эле тааныган. Ал эми наамдын берилишин ошол элдин сый-урматынын мамлекет жагынан легалдашы деп түшүнсөк болот. Ошентсе да жакшы санаалаштарым: "Наамды сага 80-90-жылдары эле элдин эрке кызы болуп турганыңда берип коюшса болмок",-деп айтып калышат. Кеп наамда деле эмес, наамды кыргыз элим мага эчак эле берип койгон.
- Жакшы адамга сөз, жаман адамга чөп жабышат. Сиз тууралуу ар кандай ушактар айтылат. Ага кандай көз караштасыз?
- Бул жашоодо ушак, анан интрига жүргүзгөнгө атайын адистешкен адамдар болот экен. Жөн жүргөндөргө деле бут тоскондор боло берет турбайбы. Алар бул адат менен ооруп калат окшойт. Атайын ушактарды чыгарышып, анын жайылышына аракет кылышат экен. Мен кээ бир ушактарга "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп мамиле кылам, кээ бирине жооп берип да коём. Жашоо кымбат, майда-чүйдө нерселерге баш оорутуп убактымды кетиргим келбейт. Америкалыктар: "Жамандыктан арылам десең, тез-тез күлүп тур",- дешет экен. Андыктан, баарыңыздарга күлкү каалайм.
- Көпчүлүк жаз мезгилин жактырат. Анын сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- Жаз-жашоонун башталышы. Жазда жер айрылып чөп чыгат, желин айрылып сүт чыгат. Мусулмандардын 21-март күнүн күн менен түндүн теңелиши деп, таарынышкандар кечиришип, жазды жаңы жылдын башталышы катары карап Кудайдан, жер энеден жакшылык тилегени бекеринен эмес. Бул күндө сырткы дүйнө да, ички дүйнө да жаңырат. Ушундан улам жаз көпчүлүккө жагат деп ойлойм. Мен да жазды жактырам.
- Маегиңиз үчүн рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм!
Айзирек Келдибаева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??