Ильяз Андаш Нью-Йоркко концерт берди
Чикаго, Нью-Йорк, Лос Анжелес жана Вашингтондо жашаган кыргыздар өз ара көптөгөн салтанаттарды уюштуруп келишет. Жакында эле Нооруз майрамын өткөрүшкөн. Мындай майрамды эл аралык "Кыргыз Клаб" уюму уюштуруп, майрамдын урматына Кыргызстандан таланттуу ырчы жигиттердин бири Ильяз Андашты чакырышкан. Эскерте кетчү нерсе, буга чейин "Кыргыз Клаб" уюму кыргыз эстрадасынан Каныкей, Бактыгүл, Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова ж.б ырчыларды чакырып келишкен. Ильяз Андаш Американын Нью-Йорк шаарына барып, 19-мартта жергиликтүү кыргыздарга жеке концертин берди. "Концерт өзгөчө, жогорку деңгээлде өттү, Америкалык кыргыздар мени абдан жакшы, жылуу кабыл алышты",- дейт ырчы. Калып калайын деп ойлодум, бирок мүмкүнчүлүк болбой калды",- билдирген ырчы, бир ай бою Нью-Йоркто болуп, шаарды толугу менен кыдырып, башка улуттагы адамдардын маданияты менен таанышып, эли-жерин көрүп, саякаттап келди. Нью-Йорк шаарынан клип тарттырганга да жетишти. Буюрса, Ильяз Андаштын клибин жергиликтүү телеканалдардан көрө аласыздар.


Эллада туулган күнүн белгиледи
Эстрада жаатында гана эмес, комуздун коштоосунда да жандуу үнү менен обон созгон ырчы кызыбыз Эллада Асылбекова 28-мартта туулган күнүн белгиледи. Чыгармачыл достору куттукташып, ага жагымдуу маанай тартуулашты.Жолдошу Замир
жубайына атайын заказ менен зергер буюмдарын белек кылды .


Аалы Филармониядан эмнеге кетти?
Эсиңиздерде болсо керек, январдын аягында "Эл ырчысы Эстебес" тобу жоюлат экен" деген имиштер тараган эле. Бул тууралуу Замирбек Үсөнбаев: "Топ тарады деген сөздөр туура эмес, биз бул тууралуу бир жыйынтыкка келе элекпиз", -деген оюн билдирген экен. Эми Замирбек Үсөнбаев бир жыйынтыкка келгенби, же аталган топту биротоло таркатайын дегенби, айтор, кечээ жакында эле "Эл ырчысы Эстебес" тобунун көркөм жетекчиси, төкмө акын Аалы Туткучев Улуттук филармониядан чыгып кетиптир" деген кабар уктук. Намыстуу, таланттуу, тилинен чаң чыкканча ырдаган төкмө акын Аалынын жумуштан кеткенине эмне себеп болду? Бул тууралуу төкмө акынга байланышка чыкканыбызда, уюлдук телефону өчүк болуп чыкты. Аалы мырза жетекчисине таарынып, телефонун өчүрүп койгонбу, же намыскөй акын заңгыраган филармониянын ичиндеги "интригадан" тажаганбы?..


Жамила Муратова чыгармачылык кече уюштурууда
Таланттуу композитор Жамила Муратова 28-март күнү, кечки саат 20-00до "Гудзон" түнкү клубунда, өзүнүн чыгармачылык кечесин өткөрөт. Кече 150-170 кишиге арналган, Ага эстраданын белгилүү ырчылары, жакын достору, туугандары, теңтуштары, окуучулары келип катышышат. Кече "Жалгыз сага жакын келди" деп аталат да, шоу-программа, ар кандай конкурстар менен коштолуп, 80-90-жылдардагы дискотека менен уланат. Чыгармачылык кечеден Жамила Муратова жалаң жаңы ырларын сунуштайт. Орус жана кыргыз тилинде жазылган ыр жыйнактарынын жана жаңы клипинин бет ачары болот. Кечеге сахналаш достору Гүлнара Тойгонбаева, Гүлнур Сатылганова ж.б көптөгөн ырчылар келишет.


Асема концерт тартуулайт
Актриса жана ырчы Асема 22-23-апрелде жеке концертин тартуулайт. Көптөн бери даярданып жүргөн ырчы:"Концерт өзгөчө болот",-деп белгилөөдө. "Концертке келген ар бир адам жан дүйнөсүн сергитип, көңүлү тоюп, эс алып кетет" деген ишеничте. Концерт көптөгөн өзгөчөлүктөр менен коштолуп, жаңы ырлардын бет ачары дагы болмокчу.


Айгерим Иранга сапар алды
Айгерим Расул кызы атасы менен биргеликте 28-мартта боло турган мусулман өлкөлөрүнүн Нооруз майрамына карата концертке катышуу үчүн Иран мамлекетине учуп кетишти. Ирандын элчилиги атайын чакыруу баракчасын жибергендиктен, Маданият министрлиги менен биргеликте ырчы кызды атасы жана улуттук аспапта ойногон бир нече инсандар коштоп кетишти. Жалаң мусулман өлкөлөрүнөн чогулган таланттуу инсандар өз жеринин атынан куттуктоолорун айтып, бир нече чыгарма аткарып беришмекчи. Айгерим кыргыз тилинде "Нооруз" майрамына арналган ырды тартуулап бермекчи.


Автандан жаңы ыр
Жаш ырчы Автандил жаңыдан чыгармачылыкка аралашканына байланыштуу, биринин аркасынан бир ыр чыгарып, жаны тынбай аракеттенип жаткан убагы. Жакында эле сөзү Нууман Сайдуллаевге, обону Болот Токтобаевге таандык "Каркырам" аттуу ыр жаздырды. Андан тышкары, чыгармачылыкта "Адамга күн сайын адам болуу кыйын дегендей, күн сайын жакшы бир иш жасаганга аракет кылуудамын, дайыма алдыга гана умтулуу керек", -дейт жаш ырчы. Буюрса, жаңы жаздырган ырларыма клип тарттырам деп чуркап жүрөт.


Лутфилла режиссёрлукту колго алды
Жаш ырчы Лутфилла режиссёрлук кесипти аркалап жаткандыгына байланыштуу учурда сабактары башталып, сессия берип жаткан чагы. Үч мүнөттүн ичинде клип тартып, режиссёрлук билимиңди көргөзүү талап кылынат. Ырчы Анапия Райымбекованын "Ак шоокум" деген ырына клип тарттырып, режиссёрлук талантын көргөзмөкчү. Эгер клип ийгилктүү болсо, мугалимдин койгон талаптарын тең бирдей аткара алса, ырчы "5" деген баа алам деген ишенич менен жүрөт.


Нүргүл Ибраева