п»ї
 Таанышуу жарыясы


Салима:
"Көзү көк, чачы сары Энисейлик кыргызмын"
- Силима деген ат өзгөчө угулат, эмнени түшүндүрөт?
- Көпчүлүгү эле "Сенин атың, Салимабы, же Селимабы" деп сурай беришет. Мен айтам Силима деп. Атымды ата-энем чоң апамдын атынан коюшкан экен. Чоң апамдын аты өчпөсүн, унутулбасын деген ой менен коюшуптур. Бирок Силима-мусулмандардын аты, улуу Пайгамбарыбыздын бир кызынын аты Силима болгон экен. Ошондон улам коюшса керек.
- Ичке үнүңүз менен башкалардан айырмаланып турасыз, жаратылыштан берилген үнүңүз ушундайбы, же бирөөнү туурап ырдайсызбы?
- Менин үнүн жасалма эмес, бирөөнү туурап ырдабайм. Болгону Кудай үнүмдү өзүмдүн көлөмүмө жараша кылып ушундай жаратыптыр.
- Абдан арык экенсиз, диета кармайсызбы?
- Биздин үй-бөлүбүздүн конституциясы ушундай экен. Апам, эжелеримдин бардыгы арык. Апам болсо күйөөгө тийип, эки-үч балалуу болгондон кийин толуп, өзүнүн көлөмүнө келди. Эжелерим дагы ошондой болушту. Мен деле ошондой болот болушум керек. Эч кандай диета кармабайм, жаккан тамактын баарын жейм.
- Бала чагыңыз кайсыл жерде өткөн?
- Мен Нарын шаарында, 1985- жылы 10-декабрда төрөлгөм, Чкалов атындагы мектепти аяктагам, ал-Нарындагы эң күчтүү мектептердин бири. 9- класстан кийин Бишкек шаарындагы Күреңкеев атындагы музыкалык училищанын эстрада вокалынын искусствосу факультетине тапшыргам, төрт жыл окудум. Учурда вокалдан училищада сабак берип иштейм.
- Ата-энеңиз эмне менен алектенет?
- Атам аскер адамы, апам доктур, эжем апамдын жолун жолдоп доктур болду, байкем атамдын жолун жолдоп, аскер кызматкери болду. Байкем, эжелерим дагы музыкалык метептерден билим алышкан, бирок, убакыттын өтүшү менен өздөрүнүн кесиптери менен алектенип кетишкен. Биздин үйдө чыгармачылыкка аралашкан киши деле жок, чыгармачылыкты улантып кеткен мен эле болдум.
- Сизди карап туруп, кыргыз кызына окшоштуруш кыйын, үйдө кимге окшошсуз?
- Үй-бүлөдө баары эле кара каштуу, кара чачтуу, кара көздүү адамдар, мен эле алардан айырмаланып оруска окшошуп турам. Бирок дайыма "силер монголдорго окшошсоңор, мен көзү көк, чачы сары чыныгы Енисейлик кыргызмын" деп айтып келем.
- Оруска окшош келбетиңиз менен кыргызча сүйлөсөңүз, таң калгандар болсо керек?
- Мен бул нерсеге көнүп деле калдым. Бир жолу таксиге олтурсам, байке орусча такыр билбейт экен. А мен саламатсызбы деп олтурганымды укпай калган окшойт, мага орусча кыйналып-кысталып бирдемелерди айтып берип атат, анан үй жакка келгенде:Байке, кыргызча эле сүйлөбөйсүзбү?- десем, ушундай чочуп, "Жанатан бери кыйнабай, айтпайт белең?"- деп жатпайбы. Кээде бир жерде кезек күтүп туруп калсам, мени түшүнбөйт деп, жанымда туруп алышып:"Көзү линза окшойт, өтүгү канча сом турат болду экен, сумкасы анча эмес экен, ээ?" - деп сүйлөшүп тура беришет. Анан мен кыргызча жооп берип койсом, алдымда турган адамдар жок болуп кетишет, эшикке чыгып эс алып келишет окшойт (күлүп).
- Мүнөзүңүз кандай?
- Өтө эле жоош, өтө эле шайыр эмесмин. Дайыма ортодо жүрөм. Өзүм жумшак эле адаммын. "Сенин адамгерчиликтүүлүгүңдү баалайбыз",- деп досторум айтып калышат. Адамдын көңүлүн калтырбаганга аракет кылам. Өзүмдүн оюмду бирөөгө таңуулап, меники чын деп талашып-тартышкандан алысмын.
- Чыгармачылык чөйрөгө кантип аралашып калдыңыз эле?
- Мага чыгармачыл чөйрөгө түрткү берген эң биринчи адам Асель Турдалиева болду десем болот. Анткени, Нарында Асель эже менен кошуна жашачу элек. Эженин бардык ырларын жакшы көрүп, келген сайын концерттерине калтырбай барчумун. Асель эжени кичинекейимен билем, чогуу чоңойгонбуз, ырдаганы аябай жакчу, өзүм туураганга да аракет кылчумун. Анан музыкалык окуу жайга тапшыргандан кийин, өзүмдүн ырдоо манераларым, өзүмдүн стилим чыга баштады. Асель эже аркылуу көп артисттер менен тааныштым. Ошентип аралашып кеттим.
- Чыгармачы-лыгыңызга ким колдоо көрсөтөт?
- Жамила Муратова мага абдан колдоо көрсөтөт, ырларды жазып берет. Экөөбүз сырдашпыз десем да болот. Ички дүйнөмдү да жакшы билет. Мага моралдык жактан, музыка жаатынан да жардам берип турган адам. Жамила эжени кичинекейимен жакшы билем, анткени, "Ак кайың" деген ыры мен мектепте окуп жүргөндө абдан популярдуу болгон эле, ошол убакта мектептер арасында фестиваль болуп, ошондо мен Нарындын драма театрында Жамила эженин ырын ырдап чыккам. Мага жакшы таасир калтырган. Эжени тажрыйбалуу, таланттуу композитор деп айтат элем.
- Канча тилде ырдай аласыз?
- Музыкада тил жок деп айтып коёт го, эң негизгиси музыканы сезүү жана жан дүйнөң менен ырдап жеткирүү деп ойлойм. Эгер мага француз ырын ырдаш керек болсо, албетте, ырдай алам. Эң негизгиси, ошол ырды жеткире билиш керек. Менин жакында чыгарган альбомумда кыргызча, орусча ырлар бар. Кээде англисче ырдайм. Эгер керек болсо, кытай, испан тилинде да ырдап койсо болот.
- Эмне үчүн клип тарттырбайсыз?
- Мен сегизинчи класста окуп жүргөндө, клип тарттыруу модага айланган эле. Бактын жанында, суунун жээгинде, тоонун чокусунда туруп алып эле ырдай беришчү. Ошондо эле такыр кызыкчу эмесмин. Азыркы күнгө чейин кызыкпай келгем. Бирок азыр убакыт башкача, менин ырымды эл радиолордон укса дагы, концерттерден көрүп калышса, "бул ырды сен ырдайт белең, радиодон угуп жүрөбүз, бирок сен ырдаарыңды билбептирбиз", -деп таң кала беришет. Бул да клиптин жогунун кесепети да. Ошондуктан эми буюрса эки клиптин сценарийин жазып жатабыз, тарттырам деген ойдомун.
- Учурда эмне менен алексиз?
- Жакын арада, тактап айтканда, май айында "Жылдыздар менен бий" деген жаңы проект болот экен. Ырчы айымдар чиновниктер менен бийлеп чыгышат экен. Мен Жыргал Калмуратович деген мырза менен бийлейм. Кечээ эле барып ал адам менен таанышып, конкурстун талаптары, тартиптери жөнүндө сүйлөштүк.
- Сиздин оюңузча, чыныгы мырза кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Эң негизгиси, мырза деген атка татыктуу болуш керек. Татыктуу болуш үчүн сөзгө туруп, айтканын кылып, аялзатынын кичүүсү, же улуусу болобу сыйлап туруш керек. Ички дүйнөсү таза, сулуу мырзаны баалайт элем. Аялзатын бактылуу кыла алса, ошол чыныгы мырза. Ар бир эле эркек аялды бактылуу кыла албайт да.
- Колуңузду сураган мырзалар көп болсо керек?
- Ооба, сурагандар көп. Аларды таарынтып албаганга аракет кылам. Аялзаты үчүн эң негизгиси бул үй бүлө, аял чындап бир гана үй-бүлөдө бактылуу боло алат. Өзүн аял, эне сезе алат. Эгер ошондой мүмкүнчүлүк болсо, үй-бүлө курганга даярмын. Бир күнү мага татыктуу адамга жолугам деген ишеничтемин.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Буюрса, экинчи альбомумду чыгарайын деп жатам. Клиптерди тарттырайын деп жүгүрүп жүрөм. Жогоруда айткан жаңы проектиге катышкан атам. Балким, андан кийин жеке концертиме даярдык көрөм. Концерт бериш үчүн абдан даярданыш керек, элге таанымал болуш керек да. Бир-эки ыры популярдуу болсо эле концерт берип, шаардагы 30 ырчыны чакырып, анан өзү бир-эки ырдап койгон концертти мен концерт деп эсептебейм. Бул жөн гана көңүл ачуу деп ойлойм. Чыгармачылык болгондон кийин элге өзүңдүн ырларыңды тартуулашың керек да. Буюрса ,ал күн да алдыда турат. Буюрса, эмки жылы жеке концертимди берип калам.
Нургүл Ибраева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??