Кино… турмуш… комедия…

Эркектер-2
Эркектин аты, аялдын заты улук дегендей, эркектер кайда болбосун аялдарга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, келген жоодон коруп келишет. Ошентсе да, турмуштун оош-кыйышынан улам, аял-эркек жашоосунда ар кандай окуялар болуп кетет. Бирде трагедия болуп, аягы аянычтуу бүтсө, бирде Рустам Аташовдун "Эркектер - 2" кинокомедиясындай болуп, турмуштан чыныгы комедия жаралат.

- Рустам байке, "Эркектердин" идеясы кимге таандык?
- Идеясы өзүмө таандык. Эркектер-1ди 2008-жылы тарткам. Ал кинону тартуу идеясы андан беш жыл мурун эле пайда болгон. Бирок беш жылдын ичинде, эл арасында болгон окуяларды чогултуп жүрдүм. Мындайча айтканда, элдин арасынан алынган, чыныгы турмуштук кинокомедия. Ошого кичине кошумчаладым. Андан сырткары, кинодо фантазия жагы да бар. Мисалы, баштан өткөн окуяны көрсөткөн аппаратты жана бир сыйра кийимди чечип көрсөткөн көз айнекти чагылдырууда. Мунун да артында чоң философия бар. Адамдар күнөө кылбасын деген максатта, ушуну коштум. Баары бир билинет. Кыргызда билинбей өтүп кетсе, оо дүйнөдө да сурагы болот деген мааниде чагылдыргам. Ыйман жолуна чакыруу. Мен чындыкты көрсөтүп жатам. Эч кимди каралаган жерим жок. Бул жерде айыл турмушу, биздин менталитетибиз, саясат дагы бар. Кино, негизи, элге таасир бериш керек. Мен кино тартсам, тарбиялык мааниси болуш керек. Экинчи максат, көрүүчү кинодон эстетикалык ырахат алып кетиши керек деген максатта тартам. Комедия аркылуу чагылдыргам. Арак маселеси да зээниңди кейите турган маселе болуп атат.
- Кээ бир жерлеринде дубляжда актёрлор жасалмараак сүйлөп коюшканы байкалды. Актёрлорду каяктан тандагансыз?
- Актёрлорду өзүм тандадым. Баягыдай эле эл арасынан тандалып атат. Бул жерде башкы ролдогу Гүлзат Мусакеева менен Абды Кадырматовдор эле искусствого аралашкан адамдар. Кемчиликсиз иш болбойт, аныңыз туура. Кемчиликтер көп эле кетет. Дубляжда болсо, көбүнчөсүн актёрлор сүйлөсө, азыраагын өздөрү сүйлөшкөн.
- Кинодо камтылган "Катыя" жана ооруканага чалам деп атып, унаа оңдоочу жайга чалып алган анекдоттор эскирип калбадыбы. Башкачараак жаңылык киргизүү тууралуу ойлонгон жок белеңиз?
- Бул жерде көп эле өзгөртүлгөн. Мурда болгон нерсенин киноварианты. Эркектердин көп идеялары элдин арасында айтылып жүргөн анекдоттор. Ошону экрандаштырыш керек болуп атат. Сахнадан туруп ойногон башкача, ал эми киного тартып, телевизордон көргөн эки башка нерсе деп ойлойм. Ошондуктан, Абды Кадырматовдун өзүнүн идеяларынын телевизиондук вариантын иштеп чыккам.
- Кинодо эркектердин бетин ачып салгандайсыз. Кинонун айынан урушуп, же ажырашып кеткен үй-бүлөлөр келип сизге кайрылыштыбы?
- Жок, тескерисинче, көп эркектер мойнуна алышты. Мисалы, жок жерден жаманатты кылып аткан жокмун. Мен алардын кемчилигин көрсөтүп атпаймынбы. Биз, пенделер,өзүбүздүн кемчилигибизди көрмөйүн оңолбойбуз да. Бетиңиздеги көөнү күзгүнү карамайынча көрбөй жүрө бересиз. Себеби, ал көрүнбөйт. Адамдын кемчилиги да ошол сыяктуу. Башында кинону көрүп атып, эркектерге нааразы болуп атканбыз. Кино бүткөндөн кийин, мени менен макул болду.
- Кинонун айынан жеңе экөөңүздөр урушкан жоксуздарбы?
- Келинчегим искусствону түшүнгөн киши. Мени түшүнгөн үчүн, ушундай ийгиликтерге жетишип келе жатам деп ойлойм. Мен монтаждап атканда келип калып, көрүп:"Ушундайың да бар беле? Мындай окуяңды билбейт экем",-деп тийишип калат. Ошондуктан, ыр жазып, кино тартканда деле өзүнүн тарыхы, өзүнүн башынан өткөн окуясы деген пикирлерге каршы турам. Себеби, чыгармачыл адам өзүн жазбайт. Ал жалпы эл үчүн ортодон чыгарат.
- Кинодогу кайсы сюжет өзүңүздүн башыңыздан өткөн?
- Кинодогу бир сюжет да башыман өткөн эмес. Бирок жакын досторумдун башынан өткөнү бар.
- Биз кичинекей кезде "Крокодил Данди" деген кино көрүп калдым эле, сюжети ошонукуна кичине окшошуп кеткендей сезилди?
- Мен ал кинону көргөм. Бирок, андай нерсе оюма да келген эмес. Бул жерде жөпжөнөкөй көрүнүш. Айылдык киши шаарга келип, шаар турмушуна көнбөй, жүдөгөнү. Чынында эле, айылдан келгендер шаарга келгенде алгач кыйналышат эмеспи.
- Диний жакка көбүрөөк көңүл бурганыңыз байкалып турат. Өзүңүз да кудай жолуна түшүп, намаз окуйсузбу?
- Беш жыл болуп калды. Беш убак намаз окуп келе жатам. Таза дин катары исламды кабыл алдым.
- Кээ бир сюжеттерди карап отуруп, эркектерди басынтып салгандай сезип кеттим. Касымдын аялынын тамеки чегип, күлүн Касымдын кулагына түшүрүп, эркектерди кинодо айтылгандай "лох" кылып салган жоксузбу?
- Жок, бул жерде комедия. Аны баарыбыз эле билебиз. Биздин кыргыздын менталитетинде эркек өзү аялдан эч качан пас болбойт. Аны баарыбыз эле билсек керек. Муну тескери кылып коюштун өзү комедия да. Аялзаты бизде, чыныгы турмушта, күйөөсүнөн кордук көргөндөр. 50 пайыз ичип алып, аялын сабайт, карабайт. Эркектерден тажаган аялдар көбүрөөк. Анан ошолорго, моралдык жактан да колдоо болду десем болот. Бирок чын чынына келгенде, эркек аялынан антип таяк жебейт.
- Кичинекей кызга кемпир сүйлөй турган сөздөрдү сүйлөтүп койгон экенсиз?
- Кемпирге деле компьютерди ойнотуп койсоң күлкүлүү болот. Кичинекей кыз болсо дагы, чоң адамдын акылы менен сүйлөп отурганы күлкүлүү да.
- Эми "Аялдарды" качан тартасыз?
- Андай сунуштар түштү. Аялдарды качан тартасың дегендер болуп атат. Аялзатын мен улуу көрөм. Аялзатын таза. Анткени, эне баарыбызда бар.





Абды Кадырматов, куудул:
"Аялым менден чоң, бирок
"не потолок идёт"
- "Эркектерге" кандайча тартылып калдыңыз?
- Рустам экөөбүздүн канча жыл мурун эле кино тартсакпы деген идеяларыбыз бар болчу. Айтсам:"Кино тартканда чакырам", - деп калган. Башкы ролго тартам деген, бирок менин кебетем окшошпой калган. Анан бандит болгом. Сага мындай роль болбойт экен, комедия тартам, ошондо чакырам деп калды. Комедиянын сценарийин жазып көрсөтүп, мен макул болуп тартылып калдым.
- Кинодогу ролуңузда "катынды башынан кармаш керек" дедиңиз. Өзүңүз аялыңызды каягынан кармайсыз?
- Баштан кармаш керек деген, ата-бабадан келаткан сөз. Бирок чындыгы бар. Турмушта мындай нерселер көп эле болот. Азыркы аялдарды кармаш керек деп аракет кылбай эле койгон жакшы. Кээ бир аялдар бар өздөрү кармалып калат. Мен, мисалы, аялымдын башынан кармайын деген аракетим деле болгон эмес.
- Кинодогу колуктуңуз кабелтеңирээк экен, чыныгы турмуштагы келинчегиңиз да өзүңүздөн чоңбу?
- Аялым деле менден чоң. Бирок, "длина, ширине не потолок идёт" (Күлдүрүп). Орто бойлуу, толук.
- Кинодон кийин, аялыңыз сизди көтөрүп чапкан жокпу?
- Жок, бирок мага: "Сени ушинтиш керек экен",- деди.





Гуэль Кадырбекова:
"Чыныгы жашоомдо да көңүлдөштүктү сунуштагандар болгон"
- "Эгиз тумарда" мыкты мушташкансың, кичинеңден бери эле спорт менен машыгасыңбы?
- Жок, киного тартылып жаткан учурда гана машыктым. Машыгып жатып белимди кокустатып алып, машыгууга 2-3 эле жолу баргам. Кинодо мушташып жаткан учурда да белим, буттарым ооруп жүрдү.
- Азыр сага тийишкендердин катыгын берет болушуң керек?
- Жок, эч качан эркек балдарга бут көтөргөн эмесмин. Айым болгондон кийин, мен да назикмин. Көп эле эркектер сүрүмөн коркушат.
- "Эгиз тумарда" көңүлдөштүн ролун катыра аткардың эле, "Эркектер - 2" тасмасында да экинчи аялдын ролун жаратыпсың. Терс роль аткарган жагабы?
- Башында терс роль аткарган мага анча жага берчү эмес. Кастингден өткөндөн кийин, кайсы ролго кайсы актёр төп келерин режиссёр өзү тандайт. Жакшы ролдордо адам жөн эле аткарып коё алат. А терс роль бир аз татаалыраак. Бардык нерсенин татаалын издеп жүрөм. Ошондуктан, ушундай ролдорду аткарам.
- Кесибиң эмне?
- Биринчи кесибим "жерге жайгаштыруу", экинчиси болсо, вокалда Күрөңкеев атындагы орто окуу жайда окуп жүрүп, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна которулгам. Ден соолугума байланыштуу ал жакты уланта албай калдым. Актёрлук биздин каныбызда бар десем болот. Атам ырдайт, эжем театрда иштейт.
- Вокалдык жактан билимиң бар болсо, эмнеге ырдабай жүрөсүң?
- Сынактарга катышып жатам, бирок көрө албагандар көп болот экен. Продюсер таба албай жүрдүм. Назгүл Насиева деген продюсер эже: "Келсең мен иштешем"-деген, кийинчерээк: "Азырынча мен сени менен иштеше албайм, жарым жылдан кийин иштешебиз", - деди. Азырынча бош элемин.
- Сулуу кыздарга көп жерден ар кандай сунуштар болот эмеспи, чыныгы жашоодо да көңүлдөштүктү сунуштагандар барбы?
- Албетте, андай учурлар болгон. Менин жаман көргөн нерсем, колунда бар улуу эле адамдар ошондойго барганы. Улуубу, кичүүбү мени сыйлабаган адамды мен сыйлай албайм.
- Кинодогу жолдошуң Касымдын алиги жерине тепкениң бар эмеспи. Эркектерди биринчи жолу ал жерге тебишиңби?
- Биринчи жолу эле. Албетте, анда тийген эмес, болгону монтаждалган. Кинону тааныштарым көп көрө элек. Тамеки чеккен да жерим бар. Чыныгы жашоодо тамекиден алысмын. Өзүн сыйлаган кыргыздын айымдарынын катарын толуктайм.


Төлөбүбү Касымалиева