Пайдалуу кеңештер

Косметологдун кеңеши
Адистердин кеңешине муктаж болгондор биздин редакцияга суроолору менен кайрылышууда. Бул жолу косметологго суроолор көп келгендиктен, адистен жооп алып берүүгө аракет кылдык.

Айнура, 23 жашта:
- Менин бетимде калдар бар, мезотерапия менен кетирсе болобу? Кал чоңоюп кетпейби?
- Калдарды мезотерапия менен эмес, лазер аркылуу кетирет. Мындай процедура күз айына ылайыктуу, анткени, жазында же башка айда жасаганда, кал чоңоюп кетиши мүмкүн. Жаз айында күндүн нуру катуу тийгендиктен, терини сактоо гана керек. Биздин салондо лазер менен кетире турган аппарат жок, эгер калдарды кетирем десеңиз, анда Карпинка -Москва көчөсүндө жайгашкан сулуулук салонуна барып, ал жерде иштеген тажырыйбалуу хирургдарга кайрылыңыз.

Назира:
- Мен 23 жаштамын, бетимдеги безеткилерди ийне менен сыгып салгам, андан кийин бетиме жаралар чыга баштады, үй шартында кантип кетирсем болот?
- Безеткилер майлуу беттерге чыгат, кремдерди дагы туура тандоо абзел. Косметологдор алгач бетти тазалап, безеткини жумшартып, анан дарылашат. Ал эми үй шартында безеткини ийне менен сайып, сыгып салуу туура эмес, анткени, ал көбөйүп кетет. Инфекция жуккандыктан, жаралар чыгып кетет. Ал эми үй шартында ромашканын кайнатмасы менен эртең менен, кечинде жууп туруу керек. Андан тышкары,кечкисин салицил кислотасы менен сүртүү зарыл.

Азиза:
- Мурундун үстүндөгү жана чекемдеги бырыштардан кантип арылсам болот, кандай крем колдонуу керек?
- Бырыштар бетке эч кандай кам көрбөгөндөн түшөт. Эгерде жаш болсо нымдандыруучу кремдерди колдонуу керек. Өзгөчө кремдин курамында гиалур кислотасы бар болсо бырыштарга пайдалуу. Ар кандай мимикалардан, жаңсоолордон улам бырыштар пайда болушу да мүмкүн.

Мээри, 24 жашта:
- Төрөттөн кийин беттеги тактардан кантип арылса болот?
- Төрөттөн кийин күнгө чыкпаш керек. Өзүнүн сүтүн бетке бир маал сүйкөп турса, кара тактарды жок кылууга жардам берет. Анткени, эненин сүтү витаминдерге бай болуп эсептелинет. Кара тактардан арылам десеңиз, агартуучу кремдерди колдонуңуз, ал эми пилинг кылууга азыркы убак туура келбейт.

Элмира, 25 жашта:
- Буттагы целлюлитти кантип жоготсо болот?
- Целлюлитке каршы кремдер бар. Кээ бири сүйкөп коюп, эч кандай жыйынтык болгон жок деп айтышат. Толмоч кыздар целлюлитке каршы кремди сүйкөгөндөн кийин сыртынан салафан менен ороп, машыктыруучу залдарга барып, ар кандай көнүгүүлөрдү аткаруу керек. Мүмкүнчүлүк жок болсо, эшикке чыгып жүгүрүү керек. Тамактанууну дагы көзөмөлдөө шарт. Туздалган жана таттуу тамактардан баш тартып, газы жок сууну көп ичүү абзел.

Жибек, 22 жашта:
- Кыска чачты узартып, өстүрүп берүү кызматы барбы силерде, менин чачым абдан жай өсөт?
- Эгер чачтар жай өссө, анда кальций ичсе пайдалуу, айранды да көп колдонуу керек. Биздин салондо мындай кызматтар бар, келип жасатса болот. Бирок чач улангандан кийин, адамдын чачы кайра кыска болуп калышы мүмкүн. Анткени, узартылган чачты кайра алып салууда, өзүңдүн дагы табигый чачыңды кыркууга туура келет. Атайын мастерлерге кайрыл.

Рахат, 26 жашта:
- Боюмда бар, пилинг кылдырууга болобу, балага таасирин тийгизбейби?
- Боюнда барда пилинг кылдыруу болбойт, беттин терисин жаңыртып коюш үчүн, болгону үстүнкү катмарга пилингди бир гана жолу кылдырса болот. Боюнда бар кезде агартуучу кремдерди пайдаланса жакшы болот.

Асыл:
- Мен 42 жаштамын, бетимде капиллярлар пайда болуп атат, үч айдан бери аскорутин ичип жатам, жыйынтык коро алган жокмун, кандай кеңеш берет элеңиз?
- Аскорутин капилярды убактылуу чыгарбай турганга жардам берет. Анти капиллярдык дарылар бар, алардан ичүү керек. Капилляр кургак беттерде көп пайда болот. Дайыма нымдандыруучу кремдерди колдонуп, бетке туура кам көрүү керек.

Чынара, 24 жашта:
- Демадекоз болгондо кантип дарылоо керек?
- Демадекоз болгондо "метроденидозол" дарысын ичүү керек. Өткөөл мезгилде 16 жаштан тартып 22 жашка чейин демадекоз болуусу мүмкүн. Тери абдан майлуу болгондо да, бетке ар кандай жаралар чыгып кетет. Андыктан, эртең менен кечинде ромашка жана гель менен жууп, салицил кислотасы менен кечкисин сүртүү керек.