Окумал

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да, улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.

Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку периштеси менен сукбат)
(Башы өткөн санда)

ТИРКЕМЕЛЕР:
1. Болдукандын каты
5. XII. 93 1-катым
Эмнегедир жашоо кызык болсо да, көңүлдү эзген ойлор, тагдырдын татаал жолдору... бара жаткан түз жолума караңгы түн пардасын тартып, эч бир акылым жетпейт, өзүмдү таппай сокурмун. Бүтүндөй жан дүйнөм бөксөргөнсүйт. Баары мага түшүнүксүз. Буулугуп, тумчугуп кеттим, ыйлагым келет, жашагым келет, бирок түшүнүксүз нерсе - өзүмдөн тажадым. Бул саптарды жазбайм десем да, калемим баш ийбейт, жазып жатам, ашыкча көрбөңүз.
Сизге кетерде жолугуп коштошо албадым. Жолугушка да шарт жок эле. Бүтүндөй көздөрдүн баары мени жек көргөнсүп, айлана канчалык кенен болгон менен мага тар эле. Жада калса мени өзүмдүн денем да, ойлорум да жектеп, өгөйсүнүп жаткан. Абийиримди ыйманым менен соттоп, жазамды тартууга моюн сунуп, ак көңүлдүктүн адашкан жолдорунан кайтууга бел байлагам. Адам адамга жакшылык кылсам деп ойлогон менен оңой менен ал бийиктиктин чокусуна жете албайт экен. Ага жакшылык кылгандан да, өз кызыкчылыгы оп тартып, эч ким жакшылык кылуунун курмандыгы болгусу да келбейт экен. Менин да эрким, акылым жетпейт. Пенде! Пенделер, баары өз кызыкчылыгын ойлошот. Мен да жакшылык кыла албайм, ошон үчүн өзүмдөн тажадым.
Кечир мени агатайым, тынч жашап, жай өтүп жаткан өмүрүңүзгө "АЗАП" салсам. Сарсанаага салып, убайым тарттырып, кат күттүрүп, зарыктырсам. Көңүлүңүз өтө назик, адамдан башкача, оорутуудан корком, табият сизге кандай тагдыр тартуу кылган билбеймин.
Бир гана амандыгыңызды, ден-соолугуңузду, өмүрүңүздүн узак болушун тилейм агатай, көңүлүңө көп нерсени жакын алып, анын курмандыгы болушуңузду каалабайм. Адамдык жан дүйнөңүздү терең билгим келет, адам катары да артыкчылыктарыңызды көргүм келет. Мүмкүн болсо өзүңүздүн тагдырыңыз, өмүр жолуңуз жөнүндө мага толук жазып жибериңиз. Кандай койкоңдогон саптар дебеңиз, жүрөгүм эмнени сүйлөсө ошону жаздым, айып көрбөңүз. Тагдыр буйруп жолуктурса, жолугарбыз. Рыспай ага, бая сиз айткан күнү "Ала-Тоонун" алдына, 12. 00дө неге келген жоксуз? Мен сизди абдан күттүм, бирок сиз келбедиңиз? Же шартыңыз, же иштериңиз болгондур? Же унуткандырсыз? Катымды маанисиз жазсам, кечириңиз. Эмнегедир эч нерсеге акылым жетпейт... Көрүшкөнчө саламатта болуңуз. Катыңызды чыдамсыздык менен күтөм.

Бетиңизден өөп, саамай чачтарыңыздан сылап
Болдукан.
2. Рыспай акенин каты:
Болдукан, саламатсыңбы?
Кандай ден соолуктар? Турмуш жагдайлары ж.б. Бүгүн катыңды алганыма төрт күн болду. Какаганга муштагандай болуп, жооп жазганга убакыт болгону менен да шарт болгон жок. Анткени, мен өзүмчө жалгыз болуп, ээн-эркин ойлонуп, сени көз алдыма кайрадан элестетип, андан кийин жооп жазайын деген элем…
Өзүм деле азыркы кезде өмүр бою эң укмуштуудай жакшы көргөн жан бирге адамымдан алыс жүргөнсүп, жанымды кай жерге коёрумду билбей жалгызсырап жүрөм. Көөдөнүм толо муң, зар, көкүрөк дартым чексиз күчөп, ааламга сыйбай толуп-ташып бараткандай сезем өзүмдү. Ушундай жыргалдуу азаптын башыма түшөрүн,оо, мен канча жылдан бери эле күткөн элем. Сезген элем, билген да элем. Ошондуктан мен сүйүүнү оюнчук катары көрбөдүм. Сүйүү менен убактылуу көңүл ачууну оюма да келтирбедим. Жакшы көрүү, ыйык сезимимди эртеби-кечпи мага жолуга турган бир адамга чейин мокотуп-түгөтүп албайын деп ойлогон элем да. Бул убакка чейин тек гана пешенеме салынган турмуштук олуттуу ойку-кайкылары менен алпурушуп тажагансып келген турбайымбы.
Бирок ошондой болгондо да адамдын жүрөгү, интуициясы кеч болсо да алдыда боло турган бир чоң жакшылыкты сезет окшойт, туят окшойт. Ошондуктан,биз, пенделер, көз жашыбызды көл кылып зарлап жүрүп далай жылдарды артка калтырсак да, жакшылыктын жышаанынан үмүтүбүздү үзбөй келет экенбиз го. Жакшы нерседен үмүт этпегендер жашоо менен кош айтышып койсо деле боло берет экен эмесе.
Катыңда жазгандарыңа караганда, сен менин өткөн турмушум жөнүндө бир топ маалыматтарды билгиң келет окшойт. Бул сен үчүн да, башка мен жөнүндө прогрессивдүү көз караштагы адамдар үчүн да адилеттүү өтүнүч. Бир гана жери, адам өзү жөнүндө жазса же сүйлөгөндө жалган сөздөр менен өзүн мактай берип, сүттөй аппак, суудай таза болуп алса, ден соолукка зыяны сөзсүз тиерин унутпаса дурус болор эле.
Айтайын дегеним, жалган сөз менен бирөөлөрдү ишендиргени менен, өз ичинен калп айтып жатканын билип, борборго умтулуучу нерв системасы бошоңдоп чочулап турат эмеспи.
Тескерисинче, чындыкты айтып бир далай мактанып алса, ал ден соолукка чоң эле пайдасы тийет го дейт элим.
Дегинкиси, ар бир адаммын дегендер өз кемчилигин же өзүнүн барктуу баасын адилеттүү таразага салып, адилеттүү жыйынтык чыгарганда, Маркс, Лениндер ойлошкон "Комунизм" деген утопия эчак эле орнолуп бүтүп, ал эмес ажайып кооз жерлер да кээ бир жери дөңсөө, кээ бир жери чуңкур болбостон тептегиз бойдон кулпуруп турат болчу.
Ошол кооз кулпурган ушул галактиканы,биз, адамдар, айбандардан айырмаланып, четинен бузуп, кажып, кийинки урпактарга сөңгөгүн да калтыргыбыз келбей жатпайбызбы.
Кыязы, мен сага айта турган ойлорумдан бир топ эле четтеп кеттим көрүнөт.
Өзүм жөнүндө жазайын десем өз башымдан өткөн турмушумдагы урунттуу учурларым кат жазып жаткан бул кагаздарга деги эле батчудай эмес. Ошондуктан өзүңө гана жолуксам, бир баштан саймедиреп айтып берсем, ичимди бошотсом жеңилденип, оор жүктөн кутулгандай сезет элем өзүмдү…
Сага жазган бул катымда сага айта турган ойлорумдун чети дагы оюлбады. Чачыранды уйгу-туйгу стихиялуу тумандаган ойлорумду бир системага сала албадым.
Раймалы "Р" тамгадан башталса, Рыспай да "Р" тамгадан башталып, Бегимай да "Б" тамгадан башталса, Болдукан да "Б" тамгадан башталыптыр. Тамгалар окшош болсо болсун, тагдырлар окшош болбосун деп тилейм кудайдан. Азырынча убактылуу гана катты токтотуп, бул жагын сага жөнөтөм.
1994-ж. Жаңы жылыңы ак дилимден куттуктаймын. Сени кучактап, эркелетип, бетиңден, кара көздөрүңдөн өөп,
Рысбай дервиш, 25.ХII.93.




  Сен жана мен

Сезимай Алиева
(Башы өткөн санда)
Иштин чоо-жайын уккан Сүйгөн кубарып-татарып, калчылдап:
- Кантип, кандайча?! Анан ушунча жыл кайда жүрдүңөр?! Атам да, энем да тирүү болсо, анда эмнеге мен жетимдер үйүндө өстүм?! Кайрымдуулук кылып эле каяктан чыга калды деп жүрсө, демек…Демек, бул үйгө Дуулаттын эч тиешеси жок турбайбы?! Жолдоштору болобуз деп… Мени сыртымдан аңдып, артисттенбей эле, ачыгын айтпайт белеңер! Жок, эми мага керегиңер жок! -деп бакырып ыйлап, кеп-сөзгө келбей, калчылдап жаман болду. Төшөк тартып жатып калган Таня да ызы-чууну угуп сүйрөлө туруп келип, соорото албай убараланды. Кошуна короодо топ кууп ойноп жүргөн Аманат да жүгүрүп келип:
- Апа, эмне болду, ким тийди?!-деп кичинекей муштумун түйө, тургандарды айланта карап, ыйламсырай туруп калды.
- Сүйгөн, баланын жүрөгүн түшүрөсүң.-Адыл акырын унчукту.-Кандай баатыр, чоң жигит болгон турбайсыңбы. Качан мектепке барасың?-тизелей олтура калып, чачтарынан уйпалай эркелете, чекесинен өптү.
Аманат болсо "менин апамды ыйлатып атасыңарбы"дегендей, жактырбаган көз караш менен карап, сүйлөбөй, тултуюп туруп алды.
- И-ий, күчүгүм десе! Келчи мага?-деп Тумар ичи эзиле колун созду эле, бала "аный"дегендей ойт берип:-Мен күчүк эмесмин, мен Аманатмын,-деп, мостоюшуп тургандарды аргасыз жылмайтты.
Ал күнү Тумар канча жалынып-жалбарбасын, Сүйгөндү жибите албай койду.
- Бир эсептен сеники туура, жок дебейм. Бирок, такыялуу башка нечен иш дейт кызым, мен ал кезде жаш болгом, чолок акыл менен ушул ишке баргам. Эми түшүнүп, эми өкүнүп, алдыңа келип олтурам, кечире алсаң кечир мени? -деп дарбазадан чыгып баратып кайра айтты эле, Сүйгөн мисирейген калыбынан жазбай, каалганы жаап алды.
Кийин деле Тумар Адылдын жетегинде эки жолу ыйлап келди. Сүйгөн такыр кабыл алган жок.
"Койчу, атайын келип атса кечирип эле койбойсуңбу? Кантсе да апаң эмеспи"-деп курбулары жакшы эле айтышты, бирок Сүйгөн ого бетер карарып, "менин ордумда болбогон соң айтып, акыл үйрөтө бериш оңой. Кичине кезимде, балдар үйүнүн боз көйнөгүн кийип бозоруп, мен аны кантип күткөнүмдү эч кимиңер элестете албайсыңар!"деп койду.
Ал ортодо операциядан кийин Тумардын күйөөсүнүн абалы оорлоп, жанынан чыкпай карап калды. Сүйгөн болсо аны туура эмес жоромолдоп, "эки-үч келип, ошо менен жоголду. Керегим деле жок да. Болбосо…"деп ызаланып жүрдү. Эмнеге кайра күтүп, жоктоп атканына түшүнө албай, айтор, жан дүйнөсүнө будуң-чаң түшүп, бир топко чейин тынч ала албай жүрдү.
Адыл болсо бир жолу кызуу келип:"Каяктан жүрүп мынча көксүң?! Эмне болгон күндө да энең экени ырас, кечирип койбойсуңбу! Макул мени ата кылбай эле кой, апа керек эмеспи? Тим койсо, асман айдан кетесиң да!"-дей коём деп, кайра кеткиче шашкан.
- Эмне, үйдү мен алып бердим, кечирбегенде кайда барасың деп какмалап жатасызбы? Азыр бошотуп берем!-дегенин уккан Адылдын үрөйү учуп, шашкалактап:
- Жинди болбо! Үй сеники эмес, Аманатка алып бергем. Болду, кечирсең койсоң өзүң бил, экинчи кийлигишпейм,-деп эшикке чыга качкан. Ал да ошол боюнча каттаганын койду.
ХХХ
Жок санап жүргөн эне-атасынын издеп келишкенин кайын-журтунан жашырып айткан эмес. Бирок, аларга бул кабар кайдан-жайдан жетип калыптыр. Улуу абысыны Кымбаттын кызы окуп, жатаканада жашаганы менен, көп убактысын эле Сүйгөндүкүндө болчу. Ошол кыз угуп, билип эле жүргөн, бирок айылга айтып коёт деп ойлогон эмес эле. Аманат мектепке кирген жылы күзгү каникулда Сүйгөн атайын айылга барган. Анткени кайненеси ар барган сайын эле "жөжүрөгүм мектепке барып калганын көрөр күнүм бар болду бекен? А-ай, ага жетпейм го, болбосо балама тойчук өткөрөт элем",-деп айта берчү. "Мына, уулуңуз биринчи чейректи жакшы аяктады. Баягы айткан убадаңызды аткарасызбы?"-деп Сүйгөн тамашалап күлүп калды. Жыл өткөн сайын ментинен тайып, жөлөк-таяк менен басып калган кайненеси небересинин келгенине жетине албай, айланып-кагылып, өзү айткандай айылдагы алты кемпирди чакырып чай бердирди. "Санап ал, эки музоолуу уюң, эки тайың, он чакты кой-козуң бар" деп Аманатты алдына алып, манжаларын ачып-жумуп калды эле Сүйгөн тамашалай күлүп:"Эне, өткөндө келгенде мындан көп эмес беле. Кандай эле биздики көбөйбөй азая берет?"деп койсо, катуу чочуп кетти. "Жок, ботом, мен кантип кемитип коёюн?! Кубаттын кулак-мээсин жеп, күндө сурайм",-деп баарын күлдүрдү.
Эртең кетебиз деген күнү ээндетип келинди жанына кол жаңсай олтургузуп, сөз баштады.
- Ай, уккан кулакта жазык жок дейт, бир кеп угуп, чын-төгүнүнө ишене албай жүргөм. Ырас, өзүң келип калбадыңбы. Эки жыл илгери сени аял-эркек издеп келип, сен үйүңө киргизбей койгон имишсиң. Муну кечээ жакында Кымбаттан уктум. Бул кандай? Кемпир көзүн ачып-жуумп келинди тиктеп калды. Сүйгөн эмне дээрин билбей эле мелтейип олтуруп берди.
-Демек, чын экен да…Жаштык, кызуу кандуулук кылып койгон болсоң, оңдоп алганга эми деле кеч эмес. Кандай болгон күндө деле, ал сени жарык дүйнөгө алып келген апаң. Кечирип, катышып ал. Ал бечара эмне ой менен сенден баш тартканын биз кайдан билмек элек? Жагдайы ошого түрткөн чыгар.

(Уландысы кийинки санда)