Үй тиричилигине пайдалуу кеңештер Үй оокаттарын таза кармоо үчүн аны алгач туура пайдалануу кажет. Ал эми булганып, ар кандай кир нерселерден так калып калган учурларда үй шартында кантип тазалоо керек? Ушул сыяктуу суроолор ар бир кожойкени тынчсыздандырбай койбойт. Анда үй тиричилигине эң керектүү кеңештер төмөндө. Килемдерди үй шартында кантип тазалоо керек? Килемдерди жакшы пайдаланбаса, алар тез эле өзүлөрүнүн алгачкы түсүн жоготуп, оңуп кетет. Килемди көп убакытка чейин өңүн өчүрбөй жакшы сакташ үчүн, аларды төмөндөгүдөй тазалоо керек. Үй шартында килемди жуубайт, көбүнчө тез-тез тазалап турат. Килемди тазалаганга чейин чаңдарды кагып алыш керек, кышында болсо килемдердин чаңын кургак карды сээп алып, катуу шыпыргы же щётка менен шыпырып кетирсе болот. Килемди тамакка татытуучу майда кургак туз менен тазалайт. Ал үчүн килемди жерге жайып алып, үстүнө тузду себелейт да, нымдуу шыпыргы же щётка менен шыпырат. Шыпыруунун алдында шыпыргыны же щётканы самын эзилген ысык сууга малып, суусун силкип, анан шыпыруу ыңгайлуу. Шыпыргы кирдеген сайын самындуу сууга малып, тузду да алмаштырып турат. Тазаланып бүткөндөн кийин, килемдин бетине жабышып же ичине кирип калган тузду чаң каккыч менен кагып таштайт. Мебелдердин чаңын тазалоонун жолдору Сырты бир нерсе менен капталган мебелдердин чаңын щётка менен эшикке чыгарып алып тазалайт. Ал эми үйдүн ичинде болсо, мебелдерди төмөндөгүчө тазаласа болот. Мебелди нымдуу шейшеп же чүпөрөк менен жаап туруп, чаң чыгаргыч менен чаап чыгат. Чаң нымдуу чүпөрөккө жугат да үй чаңдабайт. Чаң жугуп, чүпөрөк кирдеген сайын аны чайкап, сыгып, кайра жаап тазалайт. Ошентип бул бир нече жолу кайталанат. Андан кийин чаңдан таптакыр арылуу үчүн чүпөрөк менен сүртөт. Ал эми жыгач мебелдерге күрөң түстөгү "полироль" суюктугунун даяр составы колдонулат. Ага фланель чүпөрөгүн малып алып мебелди сүртөт. 20-30 минутадан кийин мебель жылтырап калат. Жалтырактыгын калыбына келтирүү үчүн политураны же жалтыратуучу пастаны колдонууга болот. Мындай учурларда мебелди жумшак жүн чүпөрөк же чүпөрөккө оролгон кебез менен сүртөт да, бир аз убакыттан кийин таза чүпөрөк менен кургатып аарчыйт. Булгаары менен капталган мебелдерди жумуртканын агына малынган жүндөн токулган кездеменин өөнү менен тазалайт. Мындан булгаары адегенде өңүнө келет. Жумшак мебелдеги кара тактарды кантип кетирүү керек? Жумшак мебелдеги майдын тактарын кетирүү үчүн жыгачтын бир кесиндисин бензинге нымдап сүртөт. Андан кийин лимондун ширеси же лимон кислотасы менен кетирет. Кебез менен ширеге малып туруп, такка жаап коёт. Тазаланган жерди самын эзилген суу менен жууйт да, чүпөрөк менен кургата сүртөт. Кийимдеги тактарды өз алдынча кетирем десеңиз… Тактарды кетирүү үчүн алгачкы эң жөнөкөй жол - самындын эритиндисин колдонуу. Тактын чаңын кетирип, бул эритиндиге тиш жуугуч щётканы же чүпөрөктү малып алып такты сүртөт, андан кийин таза суу менен жууйт да кургатып туруп ысык үтүк менен басат. Эгерде так кетпей калса, ага көбүрөөк таасир берүүчү чараларды колдонуу керек. Майдын тагын кетирүү үчүн - ар түрдүү эритүүчүлөрдөн жасалган суюктуктар бензин, ацетон ж.б менен кетирет. Бул эритүүчүлөрдү этияттык менен колдонбосо, алар тез эле учуп жана бат от алып кетет. Тазалап жатканда ширеңке чагууга болбойт. Сырдын тагын кетирүү Эгер сыр жаңы эле тамган болсо, скипидар, ацетон же керосин менен оңой эле кетирүүгө болот. Ал үчүн пахтаны кетирүүчү суюктукка малып, анан такты кетирет. Эскирип калган сырдын тагын скипидар сүйкөп, жибигенден кийин иче турган сооданын коюу эритиндиси менен тазалайт, андан кийин жылуу суу менен аябай жууйт. Чай жана жумуртканын тагын кетирүү Жумуртканын тагын тазалап кетиргенден кийин, калган калдыктарын самындын жылуу эритмеси менен жууйт. Эскирип калган чайдын тагын лимондун ширеси менен кетирүүгө болот. Андан кийин жылуу суу менен жууйт. Мөмөлөрдүн тактарын спирт менен кетирүүгө болот. Балыктын, консервалардын, соустардын тагын кетирүү Балык, консервалардын жана соустардын тагын кетирүү үчүн алгач кийимдин оңор-оңбосун текшерип алуу керек. Мындай учурда тактарды кетирүү үчүн жарым литр сууга апир жана глицеринди бирдей өлчөмдө тамчылатуу керек. Ошол бирдей аралашма менен так болгон жерди сүртүү керек. Тагы кетирилген жерди сода кошулган суу менен чайкайт, кургатып туруп үтүк менен басуу керек. Даттын тагын кетирүү Эскирип калган даттын тагын лимон кислотасы менен кетирүүгө болот. Анын 1 чай кашыгын 1 стакан сууга кошот. Кислотанын ысытылган аралашмасына бир нече минутага чейин кийимдин булганган жерин малып коёт, андан кийин суу менен жакшылап чайкайт. Майда жана пайдалуу кеңештер: - Кыска, үзүк-үзүк кесилген пияз муздаткычтын ичиндеги жаман жыттарды жоготот. - Эгерде сиз сасык тумоо болуп калсаңыз, пиязды майдалагычтан өткөрүп, ширесин алып, кичинекей ватага тамчылатып, мурундун тешиктерине 2 мүнөт салып коюу керек. Мындай процедураны бир күндө эки-үч жолу жасаш керек. - Эгерде жаңы сатып алган шыпыргыңыз көпкө чыдасын десеңиз, колдонор алдында кайнак сууга туз кошуп, 2 саат коюп коюңуз. - Күндө колдонулуучу идиш-аяктарды туз менен сүртүп, анан таза суу менен чайкап койсо, агарып калат. - Казан көмөчкө куймак жасаар алдында алгач отко коюп, анан ичине туз себелеп, анан майлык менен сүртүп салгандан кийин куймакты куюу керек. - Туздун жардамы менен казандын түбүндөгү кырмычыкты оңой кетирүүгө болот. Ал үчүн алгач 5-6 мүнөт мурун туз себелеп коюу керек. Көк жылгаяк "Муз жылдыз" долбоорунун катышучулары "Муз канал" уюштурган "Муз жылдыз" аттуу долбоор январь айынан тартып ишке киришүүдө. Алгач проектиге кастинг аркылуу таланттуу 10 улан-кызды үнүнө жана актёрлук чеберчилигине карап тандап алышкан. 20-январда биринчи тур өткөрүлүп, 10 катышуучунун ичинен үчөө четтетилген. Эми калган жети катышуучу финалда ат салышат. Алардын ичинен бирөө гана тандалып чыгып, "Муз каналдын" белектерине ээ болот. Айдай Дүйшенбек кызы - 1994-жылы 15-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. - Учурда мектепте 11-класста окуйт. - Бийге абдан кызыгат. - Конкурс тууралуу жарнамадан окуп, өзүнүн күчүн сынап көрүүнү чечкен. - Мүнөзү токтоо. Идирисова Кыял - 1988-жылы, 15-мартта Бишкекте төрөлгөн. - Бою 170 см, салмагы 57 кг. - Мүнөзү токтоо. - Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуйт, - Учурда үнүн тарбиялаш учун кечкисин кафелерде ырдайт. - Ар дайым ырдагандан рахат алат. Бакирова Жанна - 1992-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. - Бою 165, салмагы 50 - Учурда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинде окуйт. - Вокалдан сабак алып турат. - Хоббиси бийлөө. - Мүнөзү шайыр. Абдаалы уулу Ильгиз - 1989-жылы 22- ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн - Бою 175, салмагы 68. - Мүнөзү токтоо жана ишенчээк. - Учурда Улуттук консерваторияда окуйт. - Хоббиси жүрөктөн чыккан ырларды жаратуу. Кудайбергенов Эрлан - 1992-жылы 14- сентябрда Талас шаарында төрөлгөн - Бою 1.77, салмагы 62. - Мүнөзү кичи пейил, жана уялчаак. - Жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. - Кастингге катышып, финалга өтүп кеткен. - Хоббиси спорт менен машыгуу. Зарина Темирбекова - 1986-жылы 26-мартта Чүй областынын Байтик айылында төрөлгөн. - Кесиби менеджер, бирок мектепте мугалим болуп иштейт, кечкисин кафелердин биринде ырдайт. - Кастинг тууралуу жарнамадан окуп, "Өнөрүң болсо өргө чап" дегендей, өзүнүн жеке күчүн сынап көрүүнү чечкен. - Көбүнчө поп музыкага басым кылат. - Мүнөзү: тамашакөй, ачык, шайыр-шатман - Бош убактысында Индия кинолорун көрөт. Диана Чотиева - 1987 -жылы 12-декабрда төрөлгөн. - Мүнөзү токтоо, бирок айтканынан кайтпайт. - Саксафондо ойногонго кызыгат. - Жигиттердин жөнөкөйлүүлүк сапаттарын баалайт. - Кыздардын ортосунда достук жок дегенге ишенбейт. Анткени, жакын курбу кыздарынын биринен да жаман мамиле күткөн эмес. - Кыздар менен баскетбол ойногонду жактырат. - Буга чейин "Поющий город" телеконкурсуна катышкан. |