Обон почта

ОП-161-01. "Обонушка", суроомо жооп бергениңиздер үчүн чоң рахмат. Аман болуңуздар, бактылуу болуңуздар. Сиздердин активдүү супер СМСчиңер Раушан 88
ОП-161-02. Жаз майрамыңыздар менен куттуктайм! М.
ОП-161-03. Ак кууну атпа, сүйүүдөн кайтпа. Улан, мен сени сүйөм, бирок эч кимге айтпа. Гүкүша
ОП-161-04. Сүйүүгө балкыгам, жолугуп жаңыдан. Жүрчү элем кете албай мен жаныңдан. Сирендин түбүнөн, сунчу элем гүлүнөн. Сирен да гүлдөдү, "Обондун" баарына салам! Мусабек 51
ОП-161-05. Чынара, кайдасың, Адилет чоңоюп жатабы? Силерге салам, бир кабарыңды билдирип койчу. Над
ОП-161-06. Махабаттын эки түрдүү жолу бар: биринчиси түбөлүккө сүйгөн жар, экинчиси бул эмне деп сурасаң, күнүмдүк деп коюп жүргөн бар. Гүкүша
ОП-161-07. Эңилчекке, кудай буйруса, барабыз Асылай экөөбүз. Аида, күтүп ал, биз сени сагындык. Гүкүша
ОП-161-08. Салам, Улан, сени аябай сагындым. Качан келесиң Караколго? Сөзүңүзгө туруңуз да. 0773175ххх
ОП-161-09. Салам, "Обон". Мен Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылындагы Айкөл иничегимдин 2-апрель- туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ага каалаарым: ден соолук, ата-энесин сыйлаган балдардан болсун. 0779188ххх
ОП-161-10. "Обондун" окурманы Приев Тариэл, биз сенин уюлдук байланыш номериңди билбесек, кантип байланышабыз? "Обонго" номериңди жаз. Анан биз байланышабыз. Накуля, Раушан 88
ОП-161-11. 160-59га, табышмактын жообу: цемент.
ОП-161-12. Алмаз Шаршенович, 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Ысык-Көл эли менен жолугушууда козголгон, казактарга Бакиев бийлиги маалында сатылып кеткен кереметтүү Каркыра жайлоосу тууралуу суралганда, "Эгер биз бийликке келип калсак, Назарбаевге барып чөгөлөсөк дагы,Каркыраны Кыргызстанга кайтарабыз. Бул маселе колубуздан келет ",- деп элге убада беришкен эле. Бул айткан сөздөрүн аткарабы, же шайлоонун алдындагы элди алдоосубу? Же берген убадасын унутуп, мурдагы бийликтегилердин ыкмасын колдонуп жатабы? Сары-Тологой
ОП-161-13. Урматтуу Kg кыз туура айтасың, чындыгында, рекетчилик күчөп баратат. Кыздарды эч түшүнбөйсүң. Келечекте жакшынакай жар, мээримдүү эне боло турган кыздар ушундай жолго барып жатышканы адамдын жүрөгүн оорутат. Кыздар, намаз окуп, ыйманга келгиле. Раушан 88
ОП-161-14. Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну Макенбаева Рыскүл апабызды 30-март -туулган күнү менен куттуктайбыз. Апабызга кааларыбыз: узун өмүр, чын ден соолук, чексиз бакыт жана атабыз менен чексиз өмүр сүрүп, бала-чака, неберелериңиздин сый-урматын көрүп жүрө беришиңиздерге тилектешпиз. Уулуңуз Манас, келиниңиз Шахерезада
ОП-161-15. Салам, "Обонка", мен силерди жана бүткүл Кыргызстандыктарды сүйөм. Бермет 96
ОП-161-16. Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында жашап жаткан ата-энем Кулмамбетов Нурболот, Жолдошева Майрамга чоң салам жолдойм. Ар дайым биздин сыйыбызды көрүп, оорубай, аман-эсен жүрүшүңүздөргө тилектешмин. Кызыңар Акылжан
ОП-161-17. "Обончик", менден сага ысык салам. Сары-Тологой KG
ОП-161-18. Назгүл эжеме, Аидага, Берметке салам. Ишиңиздерге ийгилик. Акылжан
ОП-161-19. Менин жаным Бакытка салам. Мен сени сүйөм. Акылжан
ОП-161-20. Нарын педагогикалык колледжинин 3-курсунун Н-31- группасына менден чоң салам. Акылжан
ОП-161-21. Байказактык Улан, сени унута албайм. Мени кечир, кайрылып келишиңди күтөм. Айжан
ОП-161-22. Урматтуу , "Обонтай". "Алча" деп суктандырган, "Карындаш" деп кыйкырган, добулбасты четке кагып, ал дайыма маскачан.Тата Улан жөнүндө билгим келет. Шоколад
"Обондон" жооп: Тата Улан азыркы убакта дабат кылып жүргөндүгүнө байланыштуу, эмки саныбызда сиздин сурооңузга жооп алып беребиз.
ОП-161-23. Даниель, салам. Мен, карындашың. "Кыз сүйсө калат,бала сүйсө алат" дегенге ой -пикириңди ушул номерге жаз. 0779294ххх
ОП-161-24. Сүйүүнү кандай адам ойлоп тапкан? Бул сүйүү баарына тең бирдей жаккан. Сүйүшүп сүйгөнүнө жете албастан, сүйүүдөн нечен адам каза тапкан? 0773232ххх
ОП-161-25. Айзада, келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Группалашың Марат
ОП-161-26. Жалпы Чаткалдыктарга, эжем Гүлзина, Назира жана БМПК МБ-11 группасына чоң салам. Нургазы
ОП-161-27. Нураида, мени сүйөсүңбү? Эгерде сүйсөң мага бир кичине белги менен билдирип кой. Нургазы
ОП-161-28. Менин сүйүктүү сүйгөнүм Нураида. Сени түбөлүк сүйүп өтүүгө, сени менен ар кандай кыйынчылыктарды бирге жеңүүгө ант берем. Нургазы
ОП-161-29. Акбар, Кундуз, бактылуу болгула! Аселя
ОП-161-30. Кундуз менен Акбар, силер-"таттуу түгөйсүңөр". Көз тийбесин! Баха
ОП-161-31. "Обондун" жалпы жамаатына жаш болсом да батамды берип, ыр сунам. Алтын башың аман болсун, ден соолугуң чын болсун, теңирим бакыт берсин, көп жаша, айтарым Ак Мөөрдөй сулуу, Курманжан даткадай акылдуу бол. Жашооңор керемет болсун, суранайын, ак батамды кабыл ал, оомийин. Раушан 88
ОП-161-32. Айлам кетти, жалгыздыктан тажадым, дос күтсөм дейм кыялдана. Бул жалганда сырдашууга,баарлашууга эмне жетсин. Кел, замандаш, сырдашалы бул ааламда. Кыздар 0771400591номерине чалгыла, ачылалы. Маякка жооп күтпөгүлө.
ОП-161-33. Салам, "Обон". Силерге ак жол, ишиңерге ийгилик. Билемин жылдар жылга уланарын,өмүрдү токтото албай убарамын. Алсыраган жүрөгүмө кубат берип, кез- кезде эстеп турчу суранарым. Гүлзинат
ОП-161-34. Акбар байке, сиздин талантыңызга таазим этем. Нарындыктар, ар дайым сиздерди колдойбуз! Чыгармачылык бийиктик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Бири-бириңиздерге кайсы сапатыңыздар жагат жана жакпайт? Нарындан Айчүрөк
ОП-161-35. Jenka, жигиттиңиз барбы? Өзүңүздөн сурагандан тартынып жатам. Н
ОП-161-36. Арзуулар арманды кечиргин. Мени кечир сүйгөнүм, сүйүүдөн мен күйгөнмүн. Мусабек
ОП-161-37. Сүйүктүү апам Маманова Тилла Абдыкалыковнаны 7-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Кызыңыз Бактыгүл
ОП-161-38. "Обонушка", менин сиздерге ыр аркылуу арнап жазган ак батамды кабыл алдыңыздарбы? Жооп күтөм. Активдүү СМСчи Раушан 88
ОП-161-39. Саламатсыздарбы, "Обондун" жалпы жамааты, сиздерге ийгилик. Менин саламым булбул үндүү супер ди-джей Кундуз Казыбек кызына жолдонот. Бактылуу болуңуз! Сизди жакшы көргөн Айкөкүл.
ОП-161-40. Акбар байке, Кундуз эже, баш кошконго чейин силердин канча сүйгөнүңөр болгон? Жашырбай ачык айтып бериңиздерчи? Алина
ОП-161-41. Салам. Эңилчекке баргым келип жатат. Улан байкеге чоң салам, сагындым. Гүкүш
ОП-161-42. Жанка, сиз менен таанышканыма кубанычтамын. Жакшы дос бололу. 0771140ххх
ОП-161-43. Сүйүү бул тунук дайра, алыстап бийиктикке учат кайра. Сен азыр үчүнчү этажда болсоң дагы, сүйүүмдү айта албай жүрөм сага. Саламат
ОП-161-44. Салам, Накуля. Кайсыл жерден болосуң? Канчанчы жылкысың? Акуля
ОП-161-45. Кутман таңыңар менен! Үйдөгүлөргө салам жолдойм. Атамдын аты Амантур, апамдыкы Зуура, иним Нурбек уктап жатат,тур. Ден соолук баарыңарга. Алардын урматына Алтынай Нарбаеванын "Сенденби" деген ырын берип коёсуздарбы? Асель
ОП-161-46. Омар, качан жеке концерт бересиз? 0778хххх
Омар: Буйруса, 7 - 8 -октябрда жеке концертимди берем. Шоу- программа даярдап жатабыз. Ага чейин 10 күн алкагында гастролдоп жүрөбүз. Ал эми билеттин баасы азырынча белгисиз. Жакын калганда чечилет. Бардык күйөрмандарымды чакырам.
ОП-161-47. Кожоахмед Исмаиловго чоң салам. Дайыма бар болсун, иштерине чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ноокаттан Динара
ОП-161-48. Жададым жанга баткан жалгыздыктан, жүдөдүм жүрөктөгү кусалыктан. Жан дүйнөмө шооладай жарык чачкан, качан келет мен күткөн ошол адам. Sirenashirin
ОП-161-49. Cалам, Кыргызстан, Баткен! "Обон", "Обон", "Обон", өмүр сүргүн толгон. Окурманың көбөйсүн, ийгилик сага "Обон". KG Канышай
ОП-161-50. Издеп жүрүп таптым жакын адамымды. Кандай кубаныч жүрөккө тартуулады. Ишене албай жүргөн мен кезде, кайрылып келдиң досум. Таптым чын эле, жүрөктө бар го дейм достук сезими. Ошол достугубуз өчпөсө деймин. Ыр жаздым мен Накуля досума. Досуң Раушан 88
ОП-161-51. Жаз майрамыңыздар менен!
ОП-161-52. Салам, "Обон!" Акбар менен Кундузга чоң салам айтам! Силерге абдан суктанам! Таттуу түгөйлөрдөнсүңөр! Кармашкан колуңар эч убакта ажырабасын! Көп наристелүү болушуңарга чын жүрөктөн тилектешмин! Нестан
ОП-161-53. Сүйүктүү кумирлерим, кош жылдыз Акбар байке менен Кундуз эжеге бактылуу жашоо каалайм! Ар дайым бакыт багын бирге аралап, бири-бириңиздердин бактыңыздарга бар болуп, көп жашаңыздар! Кантип таанышып калдыңыздар эле, ошол тууралуу айтып коёсуздарбы? Меридиана
ОП-161-54. Сүйүктүү ди-джейим Кундуз Казыбек кызына арналат: Жагымдуу үнүңүз өчпөсүн, жүзүңүздөн күлкү кетпесин, сонун бир сүйлөп коёсуз, талантыңыз ташып көктөсүн! Мен сизди сүйөм! Нурмухаммед
ОП-161-55. Ойлорум сен тарапта агып жатты, түндөсү сени ойлоп уйкум качты. Садагам, жүрөктү кубандырып, суранам "сүйөм"деп СМС жазчы? 0778627ххх
О П-161-56. Бактымды таптым деп алдадың сен мени, максатың билбедим. Бактылуу бол эми. Sirenashirin
ОП-161-57. Дүйнөнүн кызыгы -ата-эне. Жашоонун керемети -ата-эне. Баланын бактысы -ата-эне. Атасыз жашоо болчу беле демекчи, атам Арзиев Алтымыштын өмүрү узун, ден соолугу чың болушун каалайбыз. Ата, сиз биздин жашообузсуз, адамга аба канча керек болсо, сиз бизге ошондой керексиз. Сизди аябай жакшы көрөбүз. Бактыбызга бар болуңуз, сизди жакшы көрөбүз. Роза,Зари
ОП-161-58. Менин чоктой ысык саламым татына кыз Кундуз Казыбек кызына арналат. Кундуз, сиздин үнүңүздү угуу үчүн таттуу уйкудан баш тартып, жасап жаткан жумушумду таштап, сиздин эфир болчу убакты чыдамсыздык менен күтүп калам. Сиздей жанга туш болгон жолдошуңузга суктана берем. Акбар, Кундуз ак кууну таарынтпай бапестеп бак! Нуртилек
ОП-161-59. Жеңем Олжобаева Салкынайдын туулган күнү менен куттуктайбыз. Өмүрү узун жана ар дайым ден соолукта болсун,- деп Арзиевдердин үй-бүлөсү.
ОП-161-60. Менин сүйүктүү ырчым Жанель жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? Канчанчы жылкы болот? Учурда жигити барбы? Бар болсо анын кандай сапаттарын баалайт? Эгерде жок болсо, анда кандай мырзаларды жактырат? Алмаз
Жанель: Мен 1984-жылы 16-октябрда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында туулгам. Тилекке каршы, жигитим жок. Мага бул турмушта алдыга кадам таштаган аракетчил, туруктуу болгон мырзалар жагат. Өзү мактанып алып, сөзүн аткара албай калган адамдар жакпайт. Алы келген ишти так аткарып, үй-бүлөсүнө жан тарткан, алар үчүн баарына даяр болгондорду баалайм.
ОП-161-61. Салам, "Обон". Саламым силердин жалпы жамаатыңарга. Ишиңерге ийгилик каалайм. Адинай,Тося жана көзү бакырайган сулуу эжелерге чоң салам. Нуркызай
ОП-161-62. Тагдырдын талканы кыйнап жанымды, сүйгөн жүрөк сагынды, сени сагынды. Өмүрдөн сураймын сенин багыңды. Нуркызай
ОП-161-63. Жашоо кыйын сенсиз мага, жүрөк согот сен деп гана. Нураида, чексиз сүйөм. БМПКМБ-11
ОП-161-64. Чаткал районунун Чакмак-Суу айылындагы атам Рысалы, апам Шаршенкүл жана байкелерим, эжелериме чоң салам. Биздин бактыбызга бар болгула. Нургазы
ОП-161-65. "Обон" -жакшылыктын жарчысы. Раушан 88
ОП-161-66. Жашоо керемет- тынбай кылсаң аракет. Раушан 88
ОП-161-67. Жалган жашоодо ойноп -күлгүн, ырдагын, билим алгын. Раушан 88
ОП-161-68. Жашоо оюнчук эмес, оор, татыктуу жаша, замандаш. Раушан 88
ОП-161-69. Таштай албайм сени, менин алгачкы тунук махабатым сен, сен гана. Раушан 88
ОП-161-70. Саламатсызбы, Акбар байке. Сиз Омар менен кандай мамиледесиз. Эмне үчүн сахнадан көрүнбөй калдыңыз? Элиза
ОП-161-71. Кумир менен баарлашууга Бактыгүл Бадыеваны чакырыңыздарчы. Раушан
"Обондон" жооп: Урматтуу Раушан. Биздин "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабызга Бактыгүл келген. Келбеген ырчыларды сурансаңыздар, албетте, чакырабыз.
ОП-161-72. Сүйөм сени, баарынан кызганам. Таштап кетчи деп, айтпачы мага, жан. Раушан 88
ОП-161-73. Казарманда 8-б класста окуган Айзат айым, окууңарга ийгилик. 0778905ххх
О П-161-74. Сураныч, СМС, ММС гана жибергиле. 0779-89-14-58, чыныгы достор. Раушан
ОП-161-75. Акбар байке, бул жашоодо жубайыңды, анан кесибиңди туура тандасаң, ар дайым бактылуу болосуң деген сөз бар эмеспи. Мен сизди өтө бактылуу адам деп эсептейм. Анткени, Кундуз эже сулуу десең сулуу, акылдуу десең акылдуу. Султан менен Мирбектин жубайларынан бийик турат жана сулуу десем жаңылышпайм! Бактылуу болуңуздар! Канча балалуу болгуңуздар келет? Аймээрим
ОП-161-76. Аксы районунун Ак-Суу айылында жашаган апам Маалимкандын 5-апрель туулган күнү менен куттуктайм! Апа,өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың болсун. Атам экөөңүздөр биздин төрүбүдө ар дайым бар болуңуздар. Кызыңыз Каухар, небереңиз Ариет
ОП-161-77. Салам, "Обон". "Кумир менен баарлашууга" Дайыр Исмадияровду чакыргылачы, сураныч? Бакуля 96
"Обондон" жооп: Эмки саныбызга чакырабыз. Келип кумириңиз менен баарлашып кетиңиз.
ОП-161-78. "Юристтер", ишиңиздерге чоң-чоң ийгилик каалайм! Бакуля 96
ОП-161-79. Ар бир саныбызда окурмандарга таанымал ырчы, куудулдарыбыз табышмак катып келишүүдө. Өткөн саныбызда ырчы Азат Болотбек каткан табышмактын жообун 28 жаштагы жеке ишкер Жазгүл деген айымыбыз "кирпик" деп туура тапты. Анда эмесе, Жазгүл айымга Азат кандай күтүлбөгөн белек берди болду экен?- деп кызыгып жатсаңыз, сүрөткө көңүл буруңуз.
ОП-161-80. Сүйүү,сүйүү дейт экен.Сүйүү жүрөктү жейт экен.Сүйгөнүнө жете албай, "следующий" дейт экен. Айбек 95
ОП-161-81. "Обон" газетасынын жалпы жааматы, сиздердин ишиңиздерге ийгилик, ден соолукта болгула. Самара
ОП-161-82. Супер СМСчи кыз-жигиттер, достошобузбу? 0779-47-35-46 Таныя
ОП-161-83. Жанымдын жарымы Эхо 91, качан жолугабыз?- деп сенин жөжөң.
ОП-161-84. Эркем менин, эркелечи, эрип кетем эркелесең. Качан жолугабыз, Эхо 91? 0779891ххх
ОП-161-85. Акбар Сүйүнбаев деген ат менин жүрөгүмдө түбөлүк жашай бермекчи. Сиз менин армандуу махабатым болдуңуз. Кыз болгон соң, намысты ойлоп, сизге сүйөм деп айта албасымды билем. Ошентсе дагы "Обон" гезитинин жардамы менен сизге тунук сүйүүмдү билдиргим келет. Жеткен сүйүүгө караганда, жетпей калган сүйүү жүрөктө түбөлүк ыйык бойдон сакталат деп өзүмдү-өзүм сооротуп келем. Сизди өмүр бою сүйүп өтүүгө даярмын. Алган жарыңыз менен бактылуу болуңуз! Сиздин бактылуу болгонуңуз-менин бактылуу болгонум! Камила
ОП-161-86. "Обондун" СМСчилерине кажыбас кайрат жана ак жол каалайбыз. Раушан 88, Накуля
ОП-161-87. Сагынуу жүрөктөргө толуп турат. Сүйүүлөр жүрөктөрдү эзип турат. Ушул ырым сага гана арналат. Ардагым, келчи кайра кайрылып. Айбек 95
ОП-161-88. СМСчи Аська, бой көтөрбөй жүрчү, келечегиңе зыяны тийет. Талас KG
ОП-161-89. Турмуш -тутанган куурай, кыял -кармалбаган куш, айтылган сөз -атылган ок. 0779891ххх
ОП-161-90. Мен өзүндү сүйчү элем, мен өзүңдү күтчү элем. Сен болдуң го жалгыз арман, жүрөктү жаралап таштап кеттиң, неге мени? 0779525ххх
ОП-161-91. "Кумир менен баарлашууга" Айгерим Расул кызын чакырыңыздарчы? Раушан 88
"Обондон" жооп: Раушан, бул рубрикабызга Айгерим келген. Сиз окубай калдыңыз окшойт.
ОП-161-92. Балалыгым, сен неге алыс калдың. Жүрөгүмдү сыздатып мени ойго салдың. Рау
ОП-161-93. Бир отуруп эстейсиң мектептеги күндөрдү, андагы алтын мүнөттү. Рау
ОП-161-94. Кара-Кулжалык 87 Эрлан, Султан 89 аттуу жигиттерге кайнак салам. 077991ххх
ОП-161-95. "Обонтай", силерден суранабыз? Анжелика кайда, чыгармачылыгы токтоп калды? Бизге ал тууралуу маалымат берип койгулачы? Күйөрмандары
"Обондон" жооп: Азыркы убакта Анжеликанын тыныгууда жүргөндүгүнө байланыштуу, эмки сандарыбызда маалымат бергенге аракет кылабыз.
ОП-161-96. Түн бир оокум, көзүмдөн жаш мөлт-мөлт тамат, сени катуу сүйүп калганыма кубанам. Бирок, жаным, сен аны сезбейсиң, жүрөгүмдүн ыйлаганын сезбейсиң, сени өмүр бою күтөм жана сүйөм! Айжамал 94, 0779991704
ОП-161-97. Зуля 93, сени тапканыма кубанычтамын. Мага сен да, Айчүрөк 93 да жакынсыңар. Алтындарым, аман болгула! Раушан
ОП-161-98. Менин эң жакшы көргөн сиңдим Айчүрөк 93, таарынба, жануся. Бош болгондо чалам. Эжең Раушан 88
ОП-161-99. Менин эң жакшы көргөн сиңдилерим, "Обондун" экс-супер СМСчилери Айчүрөк 93 жана Зуля 93кө ысык салам. Эжеңер Раушан
ОП-161-100. Эки эрдин достугу-бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат. Раушан, Накуля
ОП-161-101. Жабыр тарткан элинен мал аяган жигитпи, жакшы көргөн досунан жан аяган жигитпи? Раушан 88
ОП-161-102. Жакшы менен дос болсоң насиби жугат, жаман менен дос болсоң кесири жугат. Раушан 88
ОП-161-103. Салам, "Обон!" 0779804ххх
ОП-161-104. Мындайлардын кереги жок, эгер алар эл-журт үчүн күйбөгөн адамдардын тобу болсо. 0779891ххх
ОП-161-105. Мен ырчы болгум келет. Менин ырларым бар, бирок музыкасы жок. 0773170ххх
ОП-161-106. Каныкей, сен супер ырчысың. Сенин стилиң жагат. 0773170ххх
ОП-161-107. Майлы-Суу шаарына, №5 мектепке ысык салам. 0773170ххх
ОП-161-108. Мен сени сүйөрүмдү эч ким билбейт, жаным.Жада калса сен дагы билбейсиң.Бирок сезесиң. Ошону үчүн мен бактылуумун. Кандай болгон күндө дагы, экөөбүз бир боло албайбыз. Самира
ОП-161-109. Эки адам урушса, жеңилгени акылдуу. Раушан 88
ОП-161-110. Билимдүү болуш оңой, адам болуш кыйын, замандаш. Раушан 88
ОП-161-111. Менин саламым болочоктогу жаным Элмирага. Алтыным, сени түбөлүк сүйөм. Каныбек
ОП-161-112. Асмандагы жетиген, ал эмне үчүн жетиден? Азыр ушул заманда, жүрбөсө болбойт экиден. 0773826ххх
ОП-161-113. Маданият айылымды сагындым. Силер дагы менчелик сагынасыңарбы? Айжамал 94
ОП-161-114. Күн артынан түн келип, өтө берет турбайбы. Досторумду эстесем, күчөй берет кусалык. Айжамал 94
ОП-161-115. Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылында жашаган ата-энеме жана инилериме сагынычтуу салам. Атабек иним, 4-апрель туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм. Дайым аман бол, бактылуу бол, көп жаша,- деп эжең Айжамал 94.
ОП-161-116. Жапалактык 87-жылкы Нурзаман, кандайсың? Мен сени сагындым! Жараткандан жалынып суранам, сени мага жолуктурса деп. Али сонун күндөр алдыда. Айжамал 94
ОП-161-117. Караева Зарифа дос, ден соолукта бол! Бактылуу кыздардан бол! Нуржан
ОП-161-118. Бегимай Карабаеванын кабарын билип бергилечи. Биз аны аябай сагындык. 0557197ххх
ОП-161-119. Ариет аттуу жигитке салам жолдойм. Дайым бар бол, аман бол. Айжамал 94
ОП-161-120. Мен сени жакшы көрөм, Майлы-Сайлык Үметалы уулу Болот. Сен менин түбөлүк бактымсың,- деп сүйгөнүң Кош-Дөбөдөн 0773983ххх.
ОП-161-121. Анекдот: - Эмнеге артымдан ушак айтып жүрөсүң. Оозуңду жаап жүр, сага баары бир эмеспи, менин кандай кыз экеним. Ойлобоптурмун сенин мындай экениңди, оңбогон саткын, уяты жок ,-дептир коён карышкырга. Жылмайып коюңуздар, Кош-Дөбөнүн сулуулары. Э.Зуура
ОП-161-122. Казармандыктарга чоң салам. Макмалда, 5 "д" класста окуган Күмүшай, мен сени жакшы көрөм. Бактыяр
ОП-161-123. Кош-Дөбөнүн авторитети болгон № 11 Темиркул Мавлянов мектебине салам. Өзгөчө 94-жылкы классташтарыма,10-"б" классына салам. Силер -дайым суперсиңер. Ар дайым супер болуп жүрө бергиле. Күлкүңөр шаң болсун, бар болгула. Классташыңар жана досуңар Эргешбаева Зуку, 94-жыл. 0773983ххх
ОП-161-124. Азема, алыстык арабызда болуп турат. Жүрөгүм сен деп согуп турат. Кечинде айды карайм, жылдыз санайм, себеби, алар сени көрүп турат. Усембаев Улан Мыктыбекович
ОП-161-125. Ак жоолуктун ортосу, кызыл гүлгө толсочу. Бардык жагынан келишкен сендей кыздар көп болсочу. Досум Гүлзатка салам. Алиса
ОП-161-126. Досторум Жыпара, Айжан, Асель, Накуга салам. Ар дайым бар болгула. Мунара 93
ОП-161-127. Урматтуу окурмандар! Сиздерди уулубуз Megakom менен келинибиз Beelineдын үйлөнүү тоюна чакырабыз. Той Nokia шаарында, Samsung көчөсүндө, Fonex тойканасында 18 единицадан 30 бонус кеткенде болот. Той ээлери О жана Nexi. Баарына чакыруу билетин таратыңыздар. Аксы, Эргешбаева Зуура, 94-жыл
ОП-161-128. Мен жакында турмушка чыгайын деп жатам. Анан келечектеги күйөөм экөөбүз үйлөнүү тоюбузга торт заказ берели десек, аябай кымбат экен. Негизи эле дүйнө жүзүндө эң кымбат торт канча турат? Альбина
"Обондон" жооп: Эң кымбат үйлөнүү тойго арналган торт 2006 -жылы Беверли Хиллзде " Nahid La Patisserie Artistique Mimi" деген кондитердик фабрикада Так деген ювелир адамдын жардамы менен жасалган. Бул торт эң кымбат баалуу таштар менен кооздолгондуктан, тортту жегенге болгон эмес. Болгону көргөзмөгө коюшуп, көргөзмө учурунда сакчылар менен курчалып турган. Баасы 20.000.000$
ОП-161-129. Нурлан Насипке: Эске алам сени көргүм келгенде, сырдуу кыял сени издеп кезгенде. Күтүп,күтүп чарчап артка кайтамын, сени көргөн филармония залынан. Айнура, Ош
ОП-161-130. Акын Алимбек, сага чоң рахмат айтам, ырларың үчүн. Айжамал 94
ОП-161-131. Казарманда окуп жаткан Айым, мен сени сүйөм. Сенсиз мага жашоо жок, мени менен бирге болчу. Шок жигит
ОП-161-132. Абдраимов орто мектебинде окуп жаткан Гүлчоро кызы Алтынай, мен сени сүйөм. 0778905ххх
ОП-161-133. А. Абдраимов орто мектебинде окуп жаткан Эсенбек кызы Кундуз, мен сени сүйөм. Сенсиз жашоо жок. 0778905ххх
ОП-161-134. Казарманда жашап жаткан атам Талант, апам Акбары, байкем Алмаз, Манас, иним Тарас, Ратмир, аяш апам Назира, аяш атам Эсенбек, эжем Кундузга, Айназикке, Азаматка чоң салам. Мен силерди жакшы көрөм. 0778905ххх
ОП-161-135. Кусалыктан тажадым, жалгыздыктан чарчадым. Жан дүйнөмө өтө жакын махабат кайрыктары. Раушан 88
ОП-161-136. Улан байкени аябай сүйүп калдым. Бирок эки аялы бар экен. Эмне кылам? Кеңеш бергилечи? 0779782971 номерине СМС жазгыла.
ОП-161-137. Досторум Арсен, Бакыт, Улан, Адилет, Эркин, Жолдош байкелерге салам. Иштериңерге ийгилик, мен майда барам, тосуп алгыла. Гүкүша
ОП-161-138. Багыт бере аласыздарбы, бул СМСтер гезитке чыгабы, же мен туура эмес түшүнүп алдымбы? 0779523ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу 523 менен башталган абонент, сиздин жиберген бардык СМСтериңиз чыгат. Эгерде толугу менен келсе.
ОП-161-139. Апамдын бүгүнкү туулган күнү менен куттуктайм. Апа, биздин маңдайыбызга бар эле болуңуз. Атам экөөңүздөр бактылуу өмүр сүрүп, уул -кыздарыңыздын сый -урматын көрүңүздөр. Кызыңыз Адаш
ОП-161-140. Эх, адамзат, жалгыздык башыңарга келбесин. Жалгыздык жаратканга гана таандык. Азем
ОП-161-141. Мен Ош областына караштуу Кара -Кулжа районунун Коочаты айылында жашаган Афтандил аттуу жигитимди издеп жүрөм. Афтанчик, эгер СМСти окусаң байланыш, жаным. Мен сени чексиз сүйөм. Азем
ОП-161-142. Өзүңсүз жашоом муздаган аба, азаптын тагын жүрөккө салба. Ансыз да өмүр аз экен арман, өмүрдүн шамын өчүрүп ала. Элиза 92
ОП-161-143. Боз чымчык көзгө деле толуму жок. Булбулуң -канаттуунун ырчы кушу. Ал эми Жанетта эжекебиз Ала -Тоонун булбулундай ырчы кыз. Талпынып жаш чагынан талант кушу, Жалал-Абад - таланттар уюткусу. Туптунук үнү менен ырдай берсин, Шамалды -Сайдын татынакай ушул кызы. Эми КР Эл артисти болуңуз. Бул күн деле алыс эместир.Кыргызстандын атын сиздер, "Досум-Үсөн" алыска таанытып келе жатасыздар, талантыңыздарга таазим. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Казармандан Алина
ОП-161-144. "Обон" гезити, сиздерден сураныч, "Досум -Үсөн"тобу жана "Кыргыз радиосунун" ди-джейлери жөнүндө көбүрөөк жазыңыздарчы. Казармандан Алина
ОП-161-145. Талды-Суу айылындагы апакем Сүйөркул, атакем Жолдошалы, эжем,байкеме ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, тилеген ой максатыңарга жеткиле. Нази
ОП-161-146. Темирбек+Бактыгүл,Таалайбек+Медина=бакыт кушу үйүңөрдө жашасын.Кармашкан колуңар үзүлбөй, бар болгула,бай болгула. Биздин арабызда күлүп, жадырап-жайнап, ден соолукта жүрө бергиле, көп жашагыла. Нази
ОП-161-147. Роза гүлү ачылбасын, ачылса кайра жабылбасын. Бул жашоодо эч бир адам сүйгөнүнөн айрылбасын. 0779733ххх
ОП-161-148. Аман болгун кыргыз элим дайыма. Салам айтам кыргыз болгон калкыма. Эх, кыргызым, кыргыз бойдон жүрөлүк. Кыргыз тилин эч унутпай сүйөлүк. Ырысбек 91
ОП-161-149. Сүйүү ар бир адамга табылат. Бирок байкоосуздан жаңылат. 0779733313
ОП-161-150. Кел кыргызым, Ислам менен бололук. Ыйман жоктон жаман жолдо жоголдук. Баарыбыз Ислам менен болсок дейм, Ислам менен бейишке чогуу кирсек дейм. Ырысбек 91
ОП-161-151. "Музканалдын" алып баруучуларынан "аллергиямын". Араповдой дагы эки жигит болсо, "Таңкы тамаша" менен "Музканалга", же Араповдон үлгү алышса, клоундордой болушпай. Бактыгүл эже
ОП-161-152. Менин өз досум сүйгөнүмдү алып койду. Мага кеңеш бергилечи? 0773170ххх
ОП-161-153. Ысык-Көлдүн жээгинен шашылыш түрдө жер сатылат. 0777030831
ОП-161-154. "Биз" тобу, Кызыл-Кыя, Көк-Жар, Ноокат тараптарга качан концерт коюп келесиздер? 0778737ххх
Бактияр: Эмки жылы "Биз" тобунун биринчи ырлар жыйнагы чыкканына 20 жыл болот. Ошол 20 жылдыкка даярданып жатабыз. Андан тышкары, борборго концерт берсекпи деп жатабыз. Бирок азырынча кайсыл күнү экени белгисиз. Жаңы ырларды жаздырып жатам.