Кыз кылыгы менен

"Кыз - Бурак" :
Аида Макамбаева
1991-жылы 21-февралда Жалал-Абад областынын Ноокен районунда туулган. Адабий чыгармаларды окуганды жакшы көрөт. 2008-жылы 2-ноябрда "Кыз-Буракка" келген.

Сайкал Садыбакасова
1992-жылы 10-декабрда Ош шаарында туулган. Бош убактысында обон чыгарат. Кичинесинен бери "Кыз-Буракта" ырдайт.

Гузель Амирбекова
1988-жылы 17-январда Баткен областындагы Кызыл-Кыя шаарчасында туулган. Бош убактысында комуз черткенди жактырат. 2011-жылдын январь айынан баштап "Кыз-Буракта" ырдайт.

Айзирек Ташматова
1993-жылы 14-ноябрда Ош шаарында туулган. Хоббиси- бийлөө. 2009-жылдын октябрь айынан тартып "Кыз-Бурактын" солисткасы.

Азалия Дүйшөналиева
1989-жылдын 18-майында Бишкек шаарында туулган. Бош убактысында музыка укканды жактырат. 2010-жылдын 25-декабрынан баштап бул топтун мүчөсү.

"Жаңы мыйзам кабыл алдык"
Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун кымча бел кыздары менен болушунча сырдашып, алардын жан дүйнөсүн ачып бергенге аракет кылдык.


- Гузель, Азалия, "Кыз-Буракка" кантип келип калдыңар?
Гузель: - Мурда "Кыз-Буракта" иштеп кеткем. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, бул топто ырдабай калгам. Буйрук экен, кайра келдим, кадимкидей кастинг аркылуу өттүм.
Азалия: - Мен буга чейин өзүм ырдачумун. Ырдаганымды угуп, Сайкал мени өзүнүн тобуна кошуп алды. Мен үчүн "Кыз-Буракта" ырдоо-чоң сыймык. Кичинемден бери ушул топто ырдаганды максат кылчумун. Жаштын тилегин берет деген чын экен, минтип кыялым орундалып отурат.
- "Кыз-Бурактын" бир күнү кандай өтөт?
Сайкал: - Абдан кызыктуу өтөт. Эртең менен жетиде туруп, тамактангандан кийин, ошол күндүн планын чогуу түзөбүз. Ар бир кызга жумуш бөлүштүрөбүз. Мисалы, бирөө студияга барса, экинчиси костюмдардын артынан чуркайт. Андан кийин, эки саат ырдап даярданабыз. Ал эми үйдү кезектешип жыйнайбыз. Күндө кезеги келген кыз ошол күнкү үй жумуштарынын баарын өзү жасайт. Биз тизмени жазып илип коёбуз. Концерттер болбогон күнү кечки ондо сөзсүз уктайбыз.
- Кыздар ата-энелерине канча айда бир барып турушат?
Аида: - Ар кандай болуп калат. Жумушубуз аябай көп болгондо, беш-алты айга чейин көрбөй калабыз. Бошураак болуп калсак, сагынсак, Гүлшайыр эжеден суранып, бир жума ата-энебиздин кашында жүрүп келебиз.
- Урушуп кеткенде, кантип жарашасыңар?
Айзирек: - Урушабыз, кайра жазылабыз. Эми биздин катуу уруша тургандай талашкан эч нерсебиз жок. Болгону анча-мынча таарынышып кетебиз. Бирок бири-бирибизге кек сактабайбыз. Анткени, биз бир үй-бүлө болуп калганбыз. Бир туугандар деле урушуп кетип, кайра табышып алышат го, биз да дал ошондойбуз десем жаңылышпайм.
- Кыздардын эл билбеген кличкалары кандай?
Сайкал: - (Баары каткырышып) Биздин бири-бирибизге койгон кличкаларыбыз өзүбүздүн ичибизде эле калсын. Ал эми мени Сашка, Аиданы Аи, Айзиректи Зиречка, Гузелди Гузи, Азалияны Азю деп эркелетип коюшат.
- "Кыз-Бурактын" кыздары өтө эле ачык кийине башташты",- деп жатышат...
Аида: - Мурда деле ачык костюмдарыбыз көп эле болчу. Ошол эле учурда улуттук кийимдерге да басым жасачубуз. Негизи эле, үч муунга жага тургандай кийингенге аракет кылабыз. Ачык кийине башташты дегенге кошулбайбыз. Себеби, азыр баары заманбапташып кетпедиби, бул нерсеге таң калуунун деле кереги жок деп эсептейбиз.
- Силер ырдаган ар бир ыр хит болот. Сырыңар менен бөлүшүп кетпейсиңерби?
Айзирек: - Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет эмеспи. Ырды жаттатып жатканда, анын хит болуп кетерин билбейсиң да, бирок ошол нерсеге ишенип, ыр мыкты болушу үчүн болгон дараметибизди жумшайбыз. Сыры-образга берилип аткарабыз, чыгарманы өтө кылдаттык менен тандайбыз. Биздин ар бир ырыбыз Гүлшайыр Садыбакасованын элегинен өтөт.
- "Косяк" кетирсеңер, Гүлшайыр эже кантип жазалайт?
Сайкал: -Бурчка тизип алып, баарыбызды чыбык менен сабайт.Албетте, тамаша. Апам урбайт. Баарын сөз менен түшүндүргөнгө аракет кылат.
Айзирек: - Гүлшайыр эже өтө боорукер. Көбү: "Аябай катуу кармайт, укмуш урушат",- деп ойлойт экен. Гүлшайыр эже биз билбеген нерселерди үйрөтүп, тартипти катуу коюп, жакшы тарбия берип, бизге мээримин төгүп турат. Мен өзгөчө анын кыраакылыгын баалайм. Биз "косяк" кетирбегенге аракет кылабыз, а эгер кетирген болсок, урушпай, баарын жай түшүндүрөт.
- Кайсы нерселер кемчилик деп эсептелет?
Баары: - Эң жаман көргөнү жалган сүйлөгөн. Ачуу болсо дагы чындыкты айтып жүргүлө деп көп айтат. Жалган сүйлөсөк, үйрөткөн нерсесин так аткарбасак, 23 жашка чейин жигиттер менен сүйлөшсөк, кемчилик кетирген болобуз.
- Мурда, "турмушка чыккандан кийин "Кыз-Буракта" ырдаса болбойт",- деген закон бар эле. Азыр кандай болуп жатат?
Сайкал: - Азыр биз жаңы мыйзам кабыл алганбыз. "Кыз-Буракта" закон алмашты. Конституциябыз деле алмашып жатпайбы. (Күлүштү) Эгер жолдошу уруксат берип, чыгармачылыгын колдоп турса, биздин топто ырдай берсе болот. Апам бул законду ушул жылдан баштап кабыл алды.
- 23 жашка чейин кимдир бирөөнү сүйүп калсаңар, үй-бүлө куруш керек болуп калса, топтон кеткенге даярсыңарбы?
Аида: - Жашоодо ар нерсе болушу мүмкүн. Кээде биз ойлогондой болбой калышы ыктымал. Болушунча сүйбөгөнгө далалат жасайбыз. Болбой эле сүйүп кала турган болсок, күтүп тур, 23кө чыгалы деп айтмакпыз. "Кыз-Буракка" келгенде Гүлшайыр эженин шартына көнүп, келишимге кол койгондон кийин, ошол нерсени аткарып, устаттан бата алып, турмуш жолуна аттангыбыз келет.
- Балапан сүйүүңөрдү эстеп кетсеңер?
Сайкал: - Балалык сүйүү кантип эсиңден чыгып кетсин? Мен 3-класс кезимде Алманбет деген өзүмдүн классташымды сүйгөм. Класста биринчи атаман болчу. Балким, ошондон улам жактырып калсам керек. 14-февралда сүйүүмдү билдирген кат жазып, атымды жазбай кутучага салып койчумун. Ал, мен аны жактырарымды билбей калган. Ошентип жүрүп ал башка мектепке которулуп кеткен. Мен да ал окуган мектепке которулуп алгам. Эмнегедир ал убакта ага болгон сүйүүм тарап кеткен. Бирок, мен аны сүйүп жүргөнүмдү "Обон" гезитин окуп калса, билип алат да.
Гузель: - Бала бакчада жүргөндө аябай "лапочка" болгон бир баланы сүйчүмүн. Бирок тамак жегенин көрүп алып, жактырбай калгам. Бир жолу баарыбыз тамактанып жатканбыз, мен бир жакка жылып кеткем. Келсем, тамагым жок. "Менин тамагымды ким жеди?"- десем, мен жакшы көргөн баланы көрсөтүштү. Ошондон кийин аны жаман көрүп калгам.
- Кандай жигит силердин жүрөгүңөрдү ээлей алмак?
Сайкал: - Өзүн тыкан алып жүргөн, түшүнүктүү, бою узун, кашы, көзү капкара, шайыр анан спортсмен жигиттер жагат.
Аида: - Менин жүрөгүмдү ээлегиси келген мырза, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, оор басырыктуу, эр жүрөк болушу керек.
Айзирек: - Ата-энесин сыйлаган, жоопкерчиликтүү, акылдуу, өзүнүн жашоосун өз алдынча кура алгандарды баалайм.
Гузель: - Сезимтал, туруктуу, аялзатын сыйлаган жигиттерди жактырам.
Азалия: - Билимдүү, жигитке тиешелүү бардык сапаттарга ээ болгон мырза, менин көңүлүмдү бурдура алат.
- Күйөрмандардын силерди таң калтырган жоруктарын айтып берсеңер?
Сайкал: - "Эстей жүрдү" жаңы ырдап чыккан кезимде болгон окуя эсиме түшүп кетти. Спорт Ордосунда өткөн бир концертте ырдап бүтүп, сахнанын артына өтсөм, бир күйөрман жигит чоң букет гүл алып келип, толтура ырчылардын көзүнчө:"Мага турмушка чыкчы?"-деп колумду кармап коё бербей, тизелеп отуруп алган. Ошондо эмне дээримди билбей, кызыктай болгом.
- Тобуңарда ким кандай сапатка ээ?
Айзирек: - Сайкал шайыр, Аида акылдуу, Гузель сабырдуу, Азалия мээримдүү.
Баары: - Айзирек өтө жоопкерчиликтүү кыз.
- "Кыз-Бурак" силер үчүн...
Сайкал: - Менин жашоом.
Аида: - Жан дүйнөм.
Азалия: - Менин мектебим.
Айзирек: - Суу ичкен булагым.
Гузель: - Эң жакын курбум.
- Концертиңерге качан күбө боло алабыз?
Аида: - Кудай буюрса, күзүндө, ноябрь айларында "Кыз-Бурактын" 35 жылдык чыгармачылык кечеси болот. Ага биз азыртан катуу даярданып баштадык. "Кыз-Буракта" ырдап кеткен эжелерибиздин баары бул концертте обон созушат. Өзгөчө өткөргөндү максат кылып, буту-бутубузга тийбей чуркап жүрөбүз.
- Кандай аспаптарда ойной аласыңар?
Сайкал: - Комуз, ооз комуз, чопо чоор, гитара, фортопианодо ойной алам.
- Кайсы жериңер өзүңөргө жагат жана жакпайт?
Сайкал: - Уячам жагат, толуктугум жакпайт.
Аида: - Буттарым жагат, чачымдын суюктугу жакпайт.
Айзирек: - Боюм жагат, сурмамдын жоктугу жакпайт.
Гузель: - Колдорум жагат, арыктыгым жакпайт.
Азалия: - Көздөрүм жагат, эринимдин жукалыгы жакпайт.

Айзирек Келдибаева