Атактуунун арзуусу

"Ромеодон сүйүүм күчтүү жүз эсе"
"Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт" деген Гейненин накыл сөзү таамай айтылгандай. Себеби, акындардын сезими ушунчалык назик келет. Бу жолку коногубуз арзуусун ачык айткан КРнын Жогорку Кеңешинин аппаратынын редакция басма бөлүмүнүн улук консультанты, акын, обончу Атантай Акбаров:

Сиз жактырган асыл таш?
- Деңиз түбүндөгү асыл таш-маржан. Мени кирсиз тазалыгы менен тартып турат.
- Жан дүйнөнүн эркиндиги сиз үчүн?
- Мен үчүн жан дүйнөмдүн эркиндиги-сейил. Учу-кыйырсыз күнүмдүк турмушту унуткарып сейилдегенди жактырам.
- Канаттуулардан барктаганыңыз?
- Кайкып учкан карлыгач өзгөчө жүрөгүмө жакын. Аттиң! Көңүлдөгү куштун тилин билсең кана?
- Кызганыч оорубу?
Кызганыч бул оору. Мени өмүрлүк жарым кызганбайт, себеби, мен үчүн теңдешсиз экенин билет да.


Сүйүүнүн бир сааты-бүтүндөй турмуш
Сүйүү - адамдын жашоосун аруулоочу ыйык башат. Бензини жок машина жүрбөгөндөй эле, адамдын асыл сезимдерин толкунданткан ушул сүйүү сезими деп ойлойм. Ал-чексиздикке жол алуучу Кудайга сыйынуучу жай. Бул жөн гана төшөк мамилеси эмес, татынакай адамдын өмүрүн көрктөгөн сүйүү, ыйык сүйүү.

Балалык баёо сезим
Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылындагы мектепте окугам. Ал убакта азыркыдай уюлдук телефон жок болчу. Биздин балдар сүйгөн кыздарына мага атайын "заказ" кылып кат жаздырышчу. Көрсө, ошол чыгармачылыгымдын жаңы башталышы турбайбы. Өзүмдүн каармандарым менен аралаш жашап калгам. Кыздарды чакырып берип, ортомчулук милдетти аткарчумун. Баарынан кызыгы өзүм ал сезимге кабылбаганыма азыр таң калам.

Шаардык кыз келип, көңүлдү бурат
Азыркы жаштарга окшоп "шак" этип сүйөм дебей, сезим сырларын ичибизде купуя кылып бекитип, айталбай кыйналып-кысталып жүргөнүбүзчү. Кыздар да бой жеткенде кериле басып, күзгүгө каранып, чачтарын тарап басып калышат го. Боз уландар да тезирээк чоңоюп, өздөрүн жигит сезгиси келип калат да. Мен Ташкенттен келген кызды 7-классымда бир көрүп жактырып калгам. Ак маралдай басыгы, кундуздай чачы, кара каш, кара көзү, төгүлгөн кирпиги, апакай жүзү менен мени арбап алган. Чаткалдын шамалы өзгөчө болгондуктан, биздин бетибиз кыпкызыл болчу. "Ашыктык жаш тандабайт" дегендей, менден үч жаш улуу болсо да, ашык болуп калгам. Көрсө, бул сезим балалык баёо сезим тура. Акындар кооздукту жакшы көрүшөт. Ал сүйүүгө айланбай калган, бирок кантсе да жактырып калган экем.

Түрк кызынын ашыклык отун жандырган ырлар
Ар бир кишиге ачык жазып айтып бере бергенге болбойт. Жакшы көрүү сезими адамдарда кийин деле болот экен. Жаны жок жаратылыш деле төрт мезгилди улам-улам бирине-бирин улап өзгөрүп тургандай, биз, адамдар да кээде жактырып калган учурлар кездешет. Түркиянын Конья шаарына барганда Элиф-Шейда Өзжан деген студент кыз келип жолукту. Көрсө, менин ырларымды жактырат экен. Бишкекке келгиси келип, "мени алып кетпейсизби",-деди. Акынга баары бир деле бир эмоцияны пайда кылат да. Өзүң кимдир бирөөнүн жүрөгүн козгой турган ырларды жазсаң, көөдөнүңдүн түпкүрүндө жанга жагым сезим ыроолоп өтөт. Ал жакта көп туруп калбайын деп кайра Кыргызстанга эртерээк кайткым келди. Мага ишенич жок деген сөз эмес, түрк кыздын жүрөгүн оорутуп албайын деп, жөн гана ал кыздын сезимин аёо болду.

Сулуулукка кимдер көзүн артпаган?
Чындыгында, ыр жазган кыздар болобу, же кино аткарган актрисалар болобу, ошолордун ичинен да жактырып калам. Өзүмдүн сезимдеримди ачык билдирбесем да, бирок жүрөгүмдө жашай берет. Чогуу чай ичишип калганда деле башкача бир сезим берет. Кимдир бирөөлөр менен жакшы мамиледе болуп, чай ичишип калганымды келинчегим өзү көрсө деле түшүнүү менен кабыл алат. Ошол учурда ушундай асыл сапаттары менен мени колдогон түгөйүмө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип өзүмдү бактылуу сезем. Индия актрисасы Айшвария Райдын сулуулугун өзгөчө баалайм. Анын карегиндей жашыл түстүү көздөрдүн эгедерин жерде, ааламда жок сулуулук деп коёт го. Эң башкысы, биздин кымча бел сулуу кыздарыбыз көп. "Сулуулук дүйнөнү сактайт" дегендей, ошол сулуу кыздарыбыз бар болсун дейбиз. Акындарга ыр жаздырып жаткан ошолордун сезимдерин уктатып калбай делөөрүтүп, сезим ышкысын ойготкон кыргызымдын чырайлуу кыздары бар болсун деймин.

Эки жакшы баш кошсо тунук суудай
Биз бири-бирибизди толуктап турган сыяктуубуз. Өктөм тез-тез кыймылдайт, бир чечимди бат кабыл алат. Мен сабырдуу болгондуктан, бир маселени жайма-жай кабылдайм. Мен союз маалында Ленин атам чийип берген жол менен басчумун, ал эми союз кыйрагандан бери келинчегим Өктөм чийип берген жол менен басып келем. Бир жолу Чыңгыз Айтматовдон "Жамила" жөнүндө жазбайсызбы?"-деп сурашса, ал: "Бир жакшы чыгарма жаралса, ошол бойдон элдин эсинде калыш керек, ага кайра кайрылуунун кажети жок, кантсе да Жамила азыр кемпир болуп калбадыбы",-деп азил-чыны аралаш жооп берген экен. Анын сыңарындай, биздин сүйүүбүз Ромео менен Жульеттанын махабатына окшошсо да, биз үй-бүлөнү куруп, ынтымакта өмүр сүрүп калдык.

Эки аял алгандын үйү-ойрон
Илгери кыргыздарда биринчи аялын байбиче десе, калгандарын "токол" дешчү экен. Эми ошол доор үчүн ал туура эле маселе. Убагында көп аял алуу боюнча мен да каршылыгымды билдирип минтип айткам: "Бир аял деле мээни чакканы жетет",-деп. Ал сөз кайненеме жетип, анан ал Өктөмгө: "Атантайдын мээсин чакпай эле койчу",- дептир да. "Туура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы" дегендей, бир адамдын кадырына жетиш деле кыйын да. Экинчи жагы бай адамдар болсо, кара далы кыздарды алып жатышпайбы. Эгер аларга атайын мыйзам чыгарса, биринчи аялдарынын укугун тебелегендей болуп калат да. Мындай нерсе болуп келген, аны болтурбайбыз десе деле боло берет. Союз учурунда эки аял алмак турсун, бирөөгө катуу сөз айтсаң, моралдык жактан кордоду деп иштен чыгарып жиберчү.

КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын адиси, обончу, Жазуучулар союзунун мүчөсү, жубайы Өктөм Калыева:

Жүрөк сырын көз билдирет
Пахтадагы күндөр жашоонун жыргалы болду
Мектепти бүткөн соң, 1979-жылы Ош пединститутуна келип тапшырдым. Ошондо Атантай экөөбүз бир курста, бир группада окуп калдык. Ал убакта окуу баштала электе пахтага жөнөтчү. Негизи, филология факультетине салтка айланып калган ыр жазган, жок дегенде аңгеме жазган улан-кыздар тапшырчу. Пахтада жүргөндө кечкисин ыр жазгандар ыр окушуп, үнү барлар ырдап берип, куудулдар интермедия аткарып, күндү өзгөчө шаңдуу кылып өткөрөр элек. Социал, Өмүрбектер ырдашса, Бекмырза Рахман уулу деген балабыз аккордеонду катыра ойночу. Элге "Министрдин кызынын махабаты" деген китеби менен таанылган. Атайын ак бийге чакырчу ырларды ырдашар эле. "Электроника" магнитофонун коюп, дискотека уюштурчубуз. Ош шаарынын кыздары бийдин майын чыгарчу, биз айылдан келсек да алардан кем калышчу эмеспиз. Ал кезде пахтанын планын толтурушубуз керек эле. Мен Өзгөндүк болгондуктанбы, пахтаны бат-бат терип нормасына жеткирчүмүн. Атантай пахтаны өмүрү көргөн эмес экен да, чөбүн тазалап жай кыймылдап, аябай убараланчу. Студенттерден калып калбасын деген ойдо кыздар чогулуп алып ага жардам берчүбүз. Анан кечинде ортого от жагып алып албарсты, жез тумшук, азыткылар тууралуу окуяларды бир-бирибизге айтып берер элек.

Жаш жүрөк теңди сүйөт
Биринчи курста окуп жүргөнүбүздө, бир кыз сахнага чыккандан уялып, жазган ырын мага көркөм окутуп калды. Анан Атантай жаныма келип: "Ырды абдан жакшы жазыпсың"-десе, мен: "Бир кыздын ыры, өзү окуй албагандыктан мен окудум",-деп ачык айтканымды жактырыптыр. Мен чыгармачылыктын туу чокусуна жеткени менен өз бактысынан аксаган тагдыры татаал алп акыныбыз Алыкул Осмоновдун жашоосуна зээним кейий берчү. Атантай да начар аялга туш болуп калса, чыгармачылыгы түп-тамыры менен жок болот го деп ойлой берчүмүн. Анткени, чыгармачыл адамдардын көңүлү үлбүрөгөн көпөлөктүкүндөй назик болот. Кыйынчылыкка моюн сунуп, тагдырдын оор сыноосуна жеңилип беришет. Мен да Атантайды ичимден жактырып жүрдүм. Ошентип экөөбүздү чыгармачылык табыштырды десем да болчудай. Экөөбүз кол кармашып жетелешип жүрсөк, силердин махабатыңар кудум Ромео менен Жульеттанын сүйүүсүндөй деп калышчу. "Ромеодон сүйүүм күчтүү жүз эсе" деген ыры ошондон улам чыккан.
Тил боюнча көп талашчубуз, мен сын атооч десем, ал тактооч дейт. Мен китептен изденип талашсам, ал логикалык жактан күчтүү болчу, ошентип талашып калчу. Бир жолу Алмаз деген группалашабыз: "Болду талашпагыла, калганын үйүңөргө барганда талашасыңар",-деп тамашалаган.

Алгачкы белек
Биз китепканага көп барчубуз, бир күнү китеп окуп отургам. Атантай отурган столдо "Жашыл аралдар" деген китеп, кызыл-жашыл түстөгү шуру, алтын жалатылган шакек бир жалтыраган баштыкка оролуп, лента менен байланып коюлуптур. 8-мартым менен куттуктап мага берет го деп ичимден сүйүнүп жатам. Бирок кубанычым көпкө узабады, кайра көтөрүп алып чыгып кетти. Мен башка кызга берет го сыягы деп таарынганымды айтпа. Орустардын "Кызматтагы махабат" тасмасындагы директоруна белегин бере албай убараланган каарман Новосельцевге окшоштуруп кеттим. Эртеси күнү баягы белекти дагы алып келсе, мен дароо: "Атантай, бул белек магабы?"-десем, ал сүйүнүп кетип: "Ооба, Өктөм, майрамың менен",-деди. Көрсө, белекти албай койсо уят болом го деп жүрүптүр. Ошентип, алгачкы белегин өзүм сурап алганым эсимде.

Куудулдук өнөр өзгөчө
Мен өзүмдү токтоо алып жүрсөм, сүрдүү экен деп жүрүптүр да. Кийин баш кошкон соң, тамашалап айтып жатпайбы: "Өктөм, сени бир көргөн адам адашат , анткени, кой оозунан чөп албаган жоош деп ойлоп алат". А мен болсо өмүр бою адашканмын деп жатпайбы. Көрсө, мени жоош деп ойлоптур да, турмушту мен алып кеттим. Менин да куудулдук жагым бар. Жаңы үйлөнгөндө шкаф жок кийимдерди түйүнчөккө түйүп коёр элек. Атантайды тамашалай мен: "Бүттү, жетишет, баарына тойдум, мен апамдын үйүнө кеттим"-деп, баламды чыркыратып ыйлатып алып, түйүнчөгүмдү көтөрүп алып сыртка чыгып кетсем, артыман чыгып жолумдан торободу. Анан кайра кирсем, башын мыкчып ойлонуп отуруптур, көрүп алып боорум ооруп кетти. Атантай башын чайкап: "Мен сени чындап кетип калды депмин, актриса болсоң болчудай экен, мен сага тан бердим",-деди. Атантай сөздү чукугандай табат, көбүнчө биз юмор менен жашадык. Албетте, жашообуз тегиз болбой, ортодо өйдө-ылдый болгон учурда да кыйынчылыктарды ынтымакта жеңе билдик.

Сыныктан башкасынын баары жугат
Атантайдын 50 жылдык юбилейинде мен: "Ырыс оошот, бак жугушат" дегендей, жолдошумдун таланты мага да жукса керек",-дегем. Мен мектепте драма жазып, өзүм да роль аткарчумун. "Жаңы жыл", "Тоок өлөт" деген интермедияларым мектеп сахнасына коюлган. 9-класста окуп жүргөндө Октябрь революциясына карата бир драма жазгам. Асан аттуу классташым байдын ролун аткарып, биринчи аялын Чынара, токолун Гүлмира деген кыздарыбыз аткарган. Ошентип Асан менен Чынара баш кошуп калышат. Кийин үй-бүлөсүнүн очогу урап, кыздуу болгондо ажырашып кетишет. Кайра башка айылдан Гүлмира аттуу кызга үйлөнөт. Өзгөндө тамекиге аябай иштечүбүз. Мен: "Ала-була жоолук салынып, тамекинин сабагына чалынып",-деп ыр чыгаргам. Ал убакта пахта жоолук деп койчу, апалар ошондой жоолук салынар эле. Ошол ырды азыркыга чейин классташтарымдын унутпай ырдап жүрүшкөнү мени таң калтырды. Атантайга турмушка чыккандан кийин үй-бүлөлүк абалга байланыштуу чыгармачылыгым бир азга токтоп калды. Чыгармачылык канткенде да көөдөнүңдү жара тээп чыкчудай болот экен да. Кийинки кездерде Атантайдын ырларына обон жаратып, проза жазып жүрөм.

Динара Асылбекова