Жаңылыктар Кардын кесепетинен кээ бир айылдар жарыгы жок калышты "Чыгыш электр" ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 3-4-апрель күндөрү жааган суу аралаш кардын кесепетинен Ысык-Көл областынын Чок-Тал, Кожояр, Өрнөк, Семеновка, Саруу, Жолголот, Корголду-Булак жана Балыкчы шаарынын батыш тарабы, ал эми Нарын областында Чолпон, Кызарт, Коммунизм, Төлөк айылдары электр жарыгысыз калышты. Маалыматка ылайык, учурда электр энергияны калыбына келтирүү иштери боюнча жер-жерлерде бригадалардын тобу уюшулду. Нурсултан Назарбаев атаандаштарын 95 пайыз добуш менен жеңди 3-апрелде биз менен чектеш өлкө Казакстанда мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоодо Нурсултан Назарбаев 95 пайыз добуш менен атаандаштарын саясат ат чабышынын чаңында эле калтырды. "Мен талапкер катары жеңишке жеттим. Менин жеңишим -бүткүл Казакстандын жеңиши. Сиздер мага экономикалык, саясий жана коомдук реформаларды жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк бердиңиздер. Мени колдогон бардык Казакстандын атуулдарына жана шайлоого катышкандарга чоң ыраазычылык билдиргим келет", - деди Казакстандын жаңы шайланган Президенти Нурсултан Назарбаев. Белгилей кетсек, Президенттик шайлоого бардыгы болуп 12 талапкер ат салышкан. Назарбаев:"15 жылдын ичинде Казакстан дүйнөнүн өнүккөн 50 өлкөсүнүн катарына кошулат, эгер жакшы иштей турган болсок, муну он беш жыл эмес, он жылдын аралыгында жеткирип коёбуз", - деп элдин көңүлүн алып кетти. Эмнеси болсо да, көрүнгөн тоонун ыраагы жок дегендей, Казакстандын Президенти айткан он жыл көз ачып жумганча эле келет. Келдибеков кан досуна кыянаттык кылып, Сулаймановду тукуруп... Alaman.kg сайтындагы саясий маалыматтарда: "Ата Мекенчи", вице-спикер Асия Сасыкбаеванын күбө болгондугу бар. Тыныгуу учурунда спикер Ахматбек Келдибеков "Республикачы" Алтынбек Сулаймановду чакырып, жанындагы вицелердин көзүнчө эле: "Алтыке, азыр чатак чыгарбасаң болбой калды, буларга уттуруп баратабыз",- дептир. Ахматбектин бул сөзүн ошол жердеги Сасыкбаева баш болгон адамдар угуп атпайбы, анан биз таңгалып атабыз. Келдибеков кан досу Ташиевге ачык эле Сулаймановду тукуруп, эл астында уят кылганын кандайча түшүнөбүз? Эми спикердин мындай тымызын ор казмайына Ташиев не дейт, ыя? Дагы бир эске салчу нерсе, буга чейин Ташиевди колдогон кримавторитеттер Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияев Дубайга убактылуу качууга мажбур болгон соң, Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов тарабынан колдоого алынган "Челюст" мырза Түштүк криминалдарын дилгирлентип, дем берип атканы байкалууда. Кыязы, бүгүнкү бийлик "Ата Журттун" лидерин биротоло алсыратып, саясий аренадан сүрөйүн деп калганбы?" - деп жазылган. Шаршемби күнү парламентте дагы бир "бомба" жарылганы турат, башкы "дирижёру" баягы эле Байболов! Alaman.kg сайтындагы дүйшөмбү күнкү жарыяланган кээ бир саясий маалыматтарга таянсак, "6-апрелде Жогорку Кеңеште дагы бир "бомбанын" жарылышы күтүлүүдө. Соңку маалыматтарга ылайык, келаткан шаршембиде парламенттеги "Ата Журт", "Ата Мекен", "Ар-намыс" фракциялары биригип, коррупция менен күрөшүү боюнча атайын комитет жыйынын өткөрүп, аерден экс-башпрокурор Кубатбек Байболовдун өткөндө айтылбай калган сенсациялуу маалыматтарын угушат экен. Эсиңерде болсо, жаңжал чыккан күнү убакыттын тардыгынан Байболовдун сөзү аягына чыкпай калбады беле? Эми ошол маңыздуу кепке кайрадан кайрылып, парламент трибунасынан көрсөткөн папкелердин сырын ачууга, чоң чатакты улантууга Кубатбек Калбекович катуу белсенген кербези экен", - деп жарыяланган. К.Асанов А.Атамбаевден ИИМ орун басары кызматын (Ош УВДсы менен бирге) сураптыр Өткөн жумада К. Асанов Атамбаевге кирип, Ички иштер министринин орун басарын (Ош УВДсы менен бирге) сураганда, Атамбаев шыр эле макул болуптур. Анткени, Оштун учурдагы губернатору С.Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовдун иштегендери Премьер-министрге жакпай атыптыр. Ташиев Сулеймановду мээси чайкалганча сабап... "Ата Журт" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов АКИпресс агенттигине берген интервьюсунда, өткөн жумада өзүнүн эле кесиптештери Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен болгон чырынын сырын айтып берди. Көрсө, 31-март күнү депутаттардын отурумунан кийин, спикердин кабинетинде болгон Ташиев менен Мамытов өздөрүнүн ички мамилесин тактап, Б.Сулеймановго кызматтан кетүүсү жөнүндөгү арызыңды жаз деген талапты коюшкан. Алардын талабын четке каккан Бахадыр Сулеймановду Мамытов кармап берип, Ташиев сабаптыр. Ошонун айынан депутат азыр Республикалык кардиология борборунда дарыланууда. Ташиевдин тепкилегенинен улам, Сулеймановдун баш мээси чайкалган. Бабановдун айыбын ачкан алты мүнөттүк сюжет Телесүйүүчүлөр күбө болсо керек, өткөн ишемби күнү түнкү саат 23:00дө Орусиянын РТР-24 каналы КРнын 1-вице-премьер-министри улуу урматтуу "Отунбаеванын эркетайы" Өмүрбек Бабановдун айыбын ачкан алты мүнөттүк сюжетин көрсөттү. Анда, өкмөт алдында актанган Бабановго байланышкан "Мегакомдун" чыры, экс-президент К.Бакиевдин эрке талтаңы Максим Бакиевге жолукканы ж.б. жоруктарынын этегин ачып, "мына көргүлө" деп бышкан "ашты" көрүүчүлөрдүн алдына ыпысык боюнча койду. Эми эркелеткен эжекеси Роза Отунбаева кандай жүрүш жасаар экен? P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды. Концертти утурлай Нурлан Намазбеков, "Asia-Nur" студиясынын жетекчиси: "Топтогу сулуу кыздарга тийишкендер көп" Эркек болсо дагы чыгыш бийин катыра бийлеген, 15 жыл мурда Алина Жетигенова менен чыгармачылык жолун баштаган, 10 жылдан бери өз алдынча бий студия ачып, окуучуларын тарбиялап келе жаткан бийчи Нурлан Намазбеков бизде конокто. - Топтун жетекчиси катары өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз. Бул бий тобу качан түзүлдү ? - Кесибим боюнча дизайнермин. Бийчилик болсо экинчи кесибим..Ысык-Көлдүн Караколунда 1976-жылы сентябрда төрөлгөм. Чыгармачылык жолумду 1996-жылы белгилүү ырчы Алина Жетигенова менен чогуу баштагам. Азыр деле чогуу иштешип жүрөбүз. Ал эми "Asia-Nur" бий студиясынын түзүлгөнүнө 10 жылдан ашты. 5 жыл мурун "Рахат" бий театрынын ичинде ачкам. 2 жыл алар менен чогуу иштешип, өзүнчө бөлүнгөнүбүзгө 3 жыл болду. №65 мектепте студиябыз бар. Андан тышкары, Сокулукта филиалыбыз бар. Ал жакка дагы барып турабыз. - Тойлорго бийлеген "ставкаңар" канча? Топто кыздар-балдар канча жаштан баштап бийлешет? - Топто 6 жаштан 27 жашка чейинки кыздар-балдар бийлешет. Бардыгы 250дөй окуучум бар. 6дан 10 жашка чейинкилерди 2 топко бөлүп койгом. Бардыгы биригип 8 топ бар. Негизи, чоң сахнага 12 жаштан жогору чыгышат. Көбүнчө концерттерге эң улуу составда 6 кыз, бир бала бар, ошолор бийлешет. - Кыздарыңызга жигит жандап жүргөнгө уруксат бересизби, же келишим боюнча андайга уруксат жокпу? - Топтогу жашы жетилип калган кыздардын жигиттерин жакшы тааныйм. Топко алганда дагы биринчи жигитиң барбы деп сурайм. Концерт учурунда алып келип, алып кетип турушат. Эгерде жигити жок болсо, концерттерден өзүм алып кетем. - Тойлорго барганда , сулуу бийчи кыздарыңызга көп эркектер тийишсе керек. Аларды карап жүргөн сакчылар барбы? - Тойлорго өзүм алып барам. Анткени, андай жерлерде мас кишилер көп болот. Сулуу кыздарга көп тийишет дегендей..Түнкү клубдарга көп алып барбайм. Анткени, ал жак 12ден кийин иштейт да. Кыздар балдар окуйт, укташ керек, сабак окуш керек, үй жумуштарын жасаш керек. - Башка бий топтор менен атаандашуу болобу? - Мен, мисалы, эч ким менен атаандашпайм. Кээ бир топтор бар. Атын айтпай эле коёюн. Концертке видео камера көтөрүп келип, костюмду же бийдин өзүн тартып алышат. Анан кийин концерттен көрсөң, сенин бийиңдин музыкасы же кыймылдары чыгып калат. Эгерде чыныгы ийгиликке жетем десең, уурдабай аракет кылыш керек. - Эгерде жүрүш-турушу начар кыз болсо, кантип жазалайсыз же топтон чыгарып жибересизби? Деги эле окуучуларыңызды кандай тартип менен кармайсыз? - Аябай жакшы бийлеген күндө дагы кетирип сала алам. Бир гана ал кызды карап отурбаймын. Топтун ичинде жүргөндөн кийин бир кыз үчүн бүт тобумду жамандаткым келбейт. Мисалы: "бул кызы мындай болсо, анда баары эле ушундай да", - деп айтышат. Андай учур болгон бизде. Апасын чакырып: "Ушундай болуп жатат. Эгер бийлесе менин эрежем менен бийлейт, ага баш ийбесе бийлебей эле койсун. Башка кыздарыма дагы сөз тийип жатат ",-десем ал кыз 2-3 ай жок болуп кайра келди.Көпкө бийлеп калган кыз кете албай калат. Андан тышкары, көп эле эрежелерим бар. Концерттерге барганда кабинага киребиз дагы, тигил жакка, бул жакка баспайбыз.Артисттер менен сүрөткө түшпөйбүз,эч ким менен сүйлөшпөйбүз жана концерт көрөм деп эч ким калбайт. Киребиз, кийинебиз, бийлейбиз, кетебиз. Бийлеп бүткөндөн кийин, баарын таксиге салып үйлөрүнө кетирип жиберем. Анан апаларына чалып, келдиби деп сурайм. Тойго барганда дагы үйүнө чейин жеткизип, апаларынын колуна тапшырып анан кетем. Ал эми жумасына бир жолу биринчи класстан тогузунчу класска чейин окуган балдардын күндөлүгүн текшерем. Окуусун карайм. Эгерде окуусу начарлап бара жаткан болсо, анда 1-2 жумага кетирип жиберем. Сабагын, бааларын оңдоп келмейинче, кайра кабыл албайм. Ошон үчүн баары окуу менен бийди бирге алып кетиш керек. - Жаңы бийлейм деп келген балдарды кантип тандап аласыздар, айына канча төлөшөт? - 6 жаштагы балдардан баштап ата-энеси менен келишим түзөм. Баланын шыгына карайбыз. Эгер жакшы болсо, анда группага киргизебиз дагы даярдай баштайбыз. Башында шыгы жок болсо 1-2 ай карап көрөбүз. Келе калып эле бийлеп кетишпейт. Бара-бара үйрөнө башташат. Бизде 5-6 багыт менен бийлешет. Эгерде биринен шыгы жок болсо, бирине бар болот дагы ошол жак менен кете башташат. Башында 1200 сом. алдын-ала алабыз. Анан айына 700-800 сом. - Апрель айынын ортосунда боло турган концертиңиз тууралуу айта кетсеңиз? - 17-апрелде филармонияда студиянын 5 жылдыгы болот. Алина эже менен чыгармачылыкка аралашканыма 15 жыл болот экен. Экөөнү кошуп бир концерт берем. Айчүрөк Иманалиева,Алина Жетигенова,Динара Акулова , Жамила Муратовалар конок болуп келип ырдап беришет. Жалаң улуу муундарды чакырдык. Өзгөчөлүгү-алып баруучусу жок болот. Концерт 4 бөлүктөн турат. Андан тышкары, өзүм ырдайм. Келсин Мурадил кызы |