Атактуулар ааламы

Легендарлуу актриса
Людмила Гурченко
76 жашында дүйнө салды
Театр жана кино актрисасы, эстрада ырчысы СССРдин эл артисти, көптөгөн сыйлыктын ээси Людмила Гурченко 30-мартта жүрөк оорусунан улам, 76 жашында каза тапты. Легендарлуу актрисанын көзү өтсө дагы, аркасында жасаган иштери, жараткан образдары, бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон тасмалары жана кызыктуу инсан катары элдин эсинде калмакчы.


Бала чагы
Белгилүү советтик актриса Людмила Марковна Гурченко 12-ноябрда 1935-жылы Харьков шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси күндүзү мектептердеги ар кандай салтанаттарды, кечкисин завод, фабрикалардагы кечелерди уюштуруп иштешчү. Согуш башталгандан кийин атасы фронто кеткен. 23-августта 1943-жылы Людмила биринчи класска барган. 1944 -жылы Бетховен атындагы музыкалык мектепке тапшырат. Он жылдык мектепти аяктаган соң Москвага келип, Сергей Герасимов жана Тамара Макарованын адистик мектебине тапшырып, дипломдук ишинде Теодор Драйзердин "Кето и Котэ" композициясы тууралуу ишин жазып, аткарып берген.


Студенттик кез жана чыгармачылык кадам
1956-жылы Людмила Гурченко студент кезинде Эльдар Рязановдун "Карнавалдык түн" деген музыкалык комедиясында Леночка Крылованын ролун жараткан. Актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Кино абдан чоң ийгиликке жетишип, актриса көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Ошол убакта актриса акча каражаты жагынан кыйналып жаткан учуру болгондуктан, күйөрмандары чакырган ар бир кечеге баш тартуусуз бара берчү. Эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Актрисанын мындай иштери үчүн басылмаларда ар түрдүү ушактар жана негативдүү макалалар жарык көрө баштаган. Мындай көрүнүштөн кийин актрисаны тогуз жыл режиссёрлор киного тартылууга чакырышкан эмес. Актриса өзүнүн жанын багыш үчүн заводдордо, ар кайсы айылдарда жана башка жерлерди кыдырып, жатаканаларда жашап, концерт берип акча тапчу. Ал биринчи үйүн 30 жаштан өткөндө гана алган.


Алгачкы тасма
Убагында жаштардын кумири болгонго жетишкен. Гурченко музыкалык мектептен билим алгандыктан, ырды өзүнүн кереметине жеткирип ырдаган. 60-жылдары актриса ар кандай кинолорго тартыла баштаган. "Карнавалдык түн" тасмасынан кийин эле "Гитарачан кыз" тасмасына тартылган.1960 -жылдын башында жана 1970-жылдын аягында Людмила Гурченко эл ичинде кеңири таанылган актриса катары эсептелинип, Россиянын эң алдыңкы актрисаларынын бири болгон. Ошону менен токтоп калбастан, дагы башка тасмаларга тартылуусун уланта берген. Актрисага комедиялык мелодрамаларга тартылууга сунуштар жаай баштаган. Комедиялардан тышкары, актриса, телевизиондук бенефисттерге жана атайын музыкалык программаларга дайыма катышып турган. Гурченко башкалардан ачык мүнөзү, ички дүйнөсүнүн өзгөчө кенендиги менен айырмаланып турган. Актрисанын эң жакшы аткарган иштери деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" ж.б. тасмаларындагы образдар эсептелинет.


Коштошуу кечеси
2011-жылы Гурченко үйүнүн жанынан жыгылып кетип, жамбашын сындырып алган. Кийинки күнү ооруканага жеткирилип, операция жасалган. 30-мартта актрисанын абалы оорлоп, операцияны көтөрө албай жүрөк оорусу күч алгандыгын доктурлар айтышкан. Тез жардам келип, актрисаны реанимацияга жеткирүүгө үлгүрбөй калышкан. 30-мартта 19:28де актриса 76 жашында каза тапкан. Бул тууралуу жолдошу Сергей Сенин билдирген. Россиянын Президенти Дмитрий Медведев, премьер-министр Владимир Путин жана башка инсандар актрисанын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтышты. Актриса менен коштошуу кечеси 2-апрелде Москвадагы борбордук чыгармачыл адамдардын үйүндө болду. Актриса Татьяна Шмыгая, Олег Янковский, Вячеслов Тихонов ж.б. белгилүү инсандардын жанына коюлду.


Кызыктуу фактылар
- Людмила Гурченко - бүткүл дүйнөдөгү кинематографтардын жана актрисалардын арасынан пластикалык операция жасагандыгы боюнча рекорд койгон. Кээ бирөөлөрдүн айтуусу боюнча, хирургдар актрисага операция жасатууга тыюу салышкан. Бирок Гурченко макул болгон эмес. Пластикалык операция актрисанын тышкы келбетине сулуулук бергени менен, ден соолугуна таасирин тийгизгенин доктурлар айтып келишкен.
- Популярдуу актриса сүйүүсү үчүн бардык иштерге даяр болчу. Биринчи сүйүүсү 20 жаштагы Игорь Шагин эле, ал жаңыдан армиядан келгенде поездден колуна гүл кармап алып, күтүп алчу. Бирок сезимин билгизе алчу эмес. Ал келген сайын аккордеондо жаңы ырларды аткарып берчү. "Күлүп турган көздөрүн мен дароо эле сүйүп калгам",- деп эскерет 87 жаштагы Игорь Шагин. "Экөөбүздү ошондо жаратылыштан берилген уялчаак мүнөзүбүз бир кылган жок. Бирок бири-бирибизди жакшы көрөрүбүздү жүрөгүбүз менен гана сезчүбүз",- деп эскерет Игорь Шагин.


Сүйүү жана үй-бүлө
Актрисанын жеке жашоосу да көңүл ооруткан драмаларга бай. Людмила Гурченко беш жолу күйөөгө чыккан. Биринчи жолдошу Борис Андроникашвили жазуучу болгон. Экөө студенттик убакта баш кошуп,1959-жылы Мария аттуу кыздуу болушат. Бирок үч жылдан кийин ажырашып кетишкен. Ал кызынан Елена жана Марк аттуу неберелүү болот. Тилекке каршы, Марк 16 жашында наркотик сайынып каза тапкан. Учурда Мариянын өзүнүн үй-бүлөсү бар. Ал апасын тартып, актриса болууну самачу эмес, киного эч кандай тиешеси жок. Ооруканада мээрман эне болуп иштейт. Экинчи жолдошу Александр Фадеев -белгилүү жазуучунун бакма баласы. Үчүнчү күйөөсү -Иосиф Кобзон. Гурченко жолдоштору жөнүндө эскерүүнү жактырчу эмес. Болгону, алар мага жакшы сезимдерди калтырды деп айтып келген. Төртүнчү жолдошу Константин Купервейс музыкант болгон. Эң акыркы күйөөсү продюсер Сергей Сенин менен "Секс-жомок" фильминде таанышкан. Андан кийин "Сүйүү" тасмасына тартылууда кайрадан жолугушкан. Киного тартылып бүткөндөн кийин да, жашоону бирге улантып кетүүнү чечишкен. Сергей Сенин менен өмүрүнүн акырына чейин жашаган.




  Дүйнө жаңылыктары

Барак Обама Жеки Чандын жакындарына көңүл айтты
Американын массалык-маалымат каражаттары белгилүү актёр Жеки Чандын каза болгондугу туурасында маалымат жазышкан. Бул жаңылык дароо интернет булактарынан орун алган. Журналисттердин айтымында, актёр "Кунг-фу Панда-2"" мультфильмин тартуу кыйынчылыктарына чыдабай, жүрөгү ооруп каза тапты деп билдиришкен. Мындай маалыматты бардык адамдар өздөрүнүн блокторуна жазышкан. АКШнын Президенти Барак Обама актёрдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтканы дагы белгилүү болгон. Бирок бул маалымат фактысы жок айтылгандыгы билинди. Мындай айтылган сөздүн жалган экенин тастыкташты.

Женифер Лопес япон айымдарынын стилинде
Белгилүү актриса катышкан бардык жарнамалар ийгиликтерге жетишип келет. Бул жолу актрисаны Tous компаниясы чоң суммадагы акчаны сунуштап, компаниянын үлгүсү болуп берүүнү сунуштаган. Эми Женифер япон айымдарынын стилинде ачык макияж, саркеч образдуу кийинип, белгилүү Tous компаниясынын үлгүсү болот. Компаниянын жарнамалык сьемкалары Барселонада Эллен фон Унверттин жетекчилигинде өткөрүлүп, бардыгы чыгыш стилинде тартылмакчы.

Алла Пугачева чөбөрөлүү болот
Примадоннанын үй-бүлөсү эми дагы эки адам менен толукталат. Алла Пугачеванын улуу небереси Никита Пресняков үйлөнгөнү жатат. Никитанын жубайынын боюнда бар экендиги маалым болгон. Бул туурасында Никита Примадоннага чөбөрөлүү боло тургандыгын сүйүнчүлөп айткан. Ал эми Максим Галкин, эгерде Никитанын аялы төрөсө, мен дүйнө жүзүндөгү эң жаш чоң ата болом деп кубанууда. Примадонна болсо, кыз чөбөрөлүү болсом экен деген каалоосун айтууда, анткени, эркек неберелер тажатты деп тамашалаган, берген интервьюсунда.

Валерий Меладзе Альбина Жанабаеванын колун сурады
Меладзе расмий түрдө аялы менен ажырашып, эми ВИА Гранын солисткасы Альбина Жанабаеванын колун сурады. Алардын ортосунда Константин аттуу улуу бар экендигин эскерте кетсек.

Диана Гурцкая "Жылдыздар менен бий" конкурсунан баш тартты
"Жылдыздар менен бий" телеконкурсунун эң активдүү катышуучусу Диана Гурцкая кийинки оюндарына катышуудан баш тартты. "Мен ушул убакытты көптөн бери күтүп жүргөм. Эми мен бул конкурстан баш тартуу убактысы келди деп ойлойм",-деп белгилейт Диана. Анткени, чогуу катышкан өнөктөшү менен бардык бийлерди калган катышуучуларга караганда жакшы аткарып, алдына ат салдырбай келишкен. Эми финалга аз калганда, Диана ден соолугуна байланыштуу бул конкурстан баш тартты.

Нургүл Ибраева