Таап сүйлөгөн таттуу сүйлөйт "Көңүлүмө жагат деп, көрүнгөн менен дос болбо" Сыр каткан сыйкыр авазы менен жумурай-журттун жүрөгүнөн түнөк тапкан, куудулдук өнөрү менен да элдин сүймөнчүгүнө айланган ырчы Кубик Калыков: - Досуң баягыдай эмес, баягыдай болсо аягыдай эмес. - Эгерде көптөн бери көрүшпөй калган досуң бир жерде мүдүр болуп иштеп калып өзгөрүп кетсе, анан сени жакшы кабыл албай койгондо ушул макал айтылат. Жакын досуң менен таарынышып кеткенде, кайра элдешкен учурда деле мурункудай болбой калат. Ошондуктан, көңүлүмө жагат деп, көрүнгөн менен дос болбо. - Нысапсызга кашык сунсаң, беш ууртайт. - Аты эле айтып тургандай, алдым-жуттумдарга чыгарылгандай. Мындай сөз ооз учуңдан чай ичкиле деп койсоң, келип конокторундан мурда аттап-буттап төргө чыгып кеткендерге тиешелүү. Кудай берген ырыскыга шүгүр кылбай, тойдум дебегендер да. Мисалы, бир нерсе жагып калып сураса, ал деп койсоң, жарымын албай, баарын жүктөп кетип калгандар. - Күйөөгө жетпей кыз тынбайт. "Кыздын барар жери -күйөө" деп коёт го. Кайсы күнү ачылат, кары кыздын капасы дегендей, байкуш андайлардын эңсени эр болуп калат да. - Көңүлдөгү сырды көз билдирет. - Биздин Асел: "Көздөрүң айтып коёт сүйөрүңдү" -деп ырдагандай, ошол көңүлдөгүсүн көзүнөн окуп койгондор бар. Мейли, канчалык купуя сырын катпасын, ашыктыгын көз айтып койгон учурлар көп кездешет. - Коңуз ата албагандын баласы доңуз атат. - Илгертеден кыргыздар сөз кадырлаган калк болушкан. Атадан кем бала, атадан артык бала деп коюшкан. Атадан артык болгону - атасы коңуз ата албай жүрсө, баласы доңуз атып, жумурай-журттун оозун ачырганы. - Өлүп тапкан баламды, өрдөк чокуп өлтүрдү. - Мен көптөн бери көздөп жүргөн нерсеге араң жетсем, ошону жоготуп алсам, ушул макалды аргасыздан айтууга туура келет. - Кымызды ким ичпейин дебесин, кызды ким кучактайын дебесин. - Бул заманбап макал го жакшы экен, мага жакты. Кыз кучактагысы келбеген эркек бул дүйнөдө төрөлө элек болсо керек. - Албарстыны мойнуңда ойнотсоң, ал төшүңө чыгат - Буга бир гана сөз айта алам. Күчүгүм, күчүгүм десең…көрсөтөт. Чынжырча Тамашага-тамаша, каяшага-каяша Бүгүнкү чынжырча оюнубузга туш болгондор жалаң куудулдар. Өмүрбек Осмонов: "Кичине дебеңиз мени, көтөрүп чабамын сизди" - Мен боюм кичинекей болгонуна эч качан өкүнбөйм, кудай ушундай кылып жаратып койгондон кийин акарат кылгым келбейт. Рысбек байкеге жооп иретинде айтар элем: "Кичине дебеңиз мени, көтөрүп чабамын сизди". Кудай бойдон кур койсо да, таланттан кур койбоптур. Элдин астына чыгып, талантымды тартуулап жүргөнүмө сыймыктанам. Эргежээлдерди көргөндө, алардын жанында кудайга шүгүр деп калам. Кыргызда сөз бар го, кыска бойлуу жигитке узун бойлуу кыз артык деген. Сокурдун эңсегени-көз дегенчелик эле, менде да узун бойлуу кызга туш болсом экен деген кыял бар. - Кубан байке, эмне үчүн бою кичинекейлерди көрө албайсыздар? Рысбек Жантөрөев: "Баарыбыз кыз жандуубуз" Кыргызда жакшы макал бар: "Эркек жети кадам аттагандан кийин бойдок болот",-деген. Бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөрү бышык. Эгер кумар көз сулууларыбыз бизди азгырбаса, биз, мырзалар деле көңүл бурбасак керек деп ойлойм. Бир эле мен эмес, баарыбыз кыз жандуубуз, жашырганда эмне, болгонун болгондой эле айткан дурус го. Бири-бирибизди ушинтип тамашалашып турбасак башыбыз ооруйт. - Мен биздин көкүрөк күчүгүбүз Өмүрбекке тийишким келип турат. Өмүрбек боюңдун ушунчалык кыскалыгына өкүнбөйсүңбү? Борончу Кудайбергенов: ""Сексуалдык обьект катары карабайм" - Ажыга барганга чейин келинчегимден бөлөгүн эже-карындаш катары кандай көрсөм, ажыга барып келгенден кийин деле ошондой көрөм. Шарият жолунда жүргөнүмө беш жылдын жүзү болду. Тынардын суроосуна түшүндүм, аялзатын кандайдыр бир "сексуалдык обьект" катары карабайм. Боз улан кезде кыздарга көз-карашым элдердикиндей эле болчу. Сулуу кыздарды көргөндө үйрүлүп түшөт элем. Адам бара-бара тарбияланат экен да, азыр жахиль замандан өтүп, момун мусулман болуп калгам. Эми ай чырайлуу асылзатын эже-карындаш катары карап калдым. - Мен айтар элем, Рысбек, эмнеге жаркылдаган жарың турса, алмончоктой балдарың болсо, бойдокмун дегениңди качан коёсуң? Же катыным сокур, жаным тынч деп жүрө бересиңби? Кубан Алимов: "Бою пас болгону менен, ою укмуш" Эми Өмүрбектин бою кичине болсо, боюна асылабыз да. Биз деле убагында куудул Дөөлөт Мадымаевдин боюна, Жамбыл акенин башына асылып жүрдүк да. Бою пас болгону менен, ою укмуш Өмүрбектин. Биз кээде ушудан көрөбүз го көргүлүктү деп да ойлоп кетебиз. - Адилет, эмнеге сен дайыма мончого барганда мончого түшчү каражаттарды алып келбей, менин буюмумду колдоносуң? Адилет Кожобергенов: "Келинчегим унутуп калат" - Мен өзүм Кочкордон ыраак Оттук айылдан болом. Дайыма келинчегим унутуп калат, мончого керектелчү буюмдарды, ошондуктан, Кубан байкенин самыны менен жуунушка туура келет. Эми унутпай жүрөйүнчү, бүгүндөн баштап. - Жамбыл байке, көп аял алышты кимден үйрөндүңүз? Тынар Курбаналиев: "Бычактын мизинен кыя өтпөй.." - Муну кунаажын көзүн сүзгөнү-бука жибин үзгөнү деп түшүнөм. Бул да илгертен ата-бабалардан бери айтып келген макал да. Кыргыздардын таамай сөз тапкычтыгын ушундан билсең болот, ар бир макал жөн жерден айтылган эместей. Экинчи жагынан карасак, мисалы, бычактын мизинен кыя өтпөй түз жүргөн аруузатыбыз да жок эмес, андай ажарлуу айымдар ошол сырдуулугу менен бизди арбап алышат, андайда азгырылбашка айла барбы. - Мен Борончу байкенин жахиль заманга чейинки (дин жолунда эмес) кыздарга болгон сезими жана ажыга барып келгенден кийинки кыздарга болгон сезими кандай болуп калды экен? Жамбыл Камчиев: "Дагы экөө вакансияда турат" Ой, менин аялым көп эмес, экөө эле да. Шарият боюнча 4 аял алыш керек экен, дагы экөөнө вакансия бар. Көп аял алыш өзү сүннөт болот. Баарына бирдей мамиле кылышы зарыл. Мисалы, бирөөсүнө жоолук алсаң, үчөөнө тең жоолук алыш керек. Баарына тегиз караш керек. Динара Асылбекова |