Ободогу тааныш үн Аслан Адилбеков: "Радиодо иштебей калдым" Коңур үнү, жагымдуу күлкүсү менен угармандарды "магниттей" тарткан, "лапочка" жигит, "Тумар" радиосунун ди-джейи Аслан Адилбековду окурмандардын өтүнүчү менен мейманга чакырдык. - Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең? - Атам Адилбек, кесиби инженер, апам Бактыгүл-мугалим. Үч бир тууганмын, эки иним бар, Акылбек 9-класста, Кожобек 3-класста окуйт. Учурда алар Кадамжайдын тургундары. - Радиого кантип келип калдың? - Радио дүйнөсүнө "Ди-джейлер мектеби" акциясы аркылуу аралашып калдым. Мен кыргызча радиолорду эмес, "Европа+", "Хит фмдерди" көп угат элем. Бөлөм: "Тумар" радиосунда акция болуп жатыптыр, мени менен барып келчи?"-деп калды."Макул" деп барып, бөлөм өтпөй калып, ойдо жок жерден катышып, мен өтүп кеттим. Бир ай окуп, андан соң, кадимкидей экзамен тапшырдык. Сынактан Эльвира, Айпери үчөөбүз өттүк. Бирок мен эле иштеп калдым. - Эфирдеги кызыктуу окуялар менен бөлүшсөң? - Бир жолу микрофонду өчүрбөй калыптырмын, алдыда жарнаманы окумакмын. Өзүмчө эле аны окуп, даярдана бериптирмин. Аны болсо элдин баары угуптур. Эң жакшысы, "Тумардагылар" укпай калышыптыр. (Күлдү) Эч ким урушкан эмес. Агентте отургам, бирөөдөн: "Микрофонду өчүрбөйсүңбү, эфирден сүйлөп жатасың",- деген СМС келди. Карасам, микрофон жанып туруптур. Кийин жарнаманы эфирден окуп жатканда аябай күлгөм, себеби, аны угармандар угуп коюшкан болчу. - Сени теле жаатында да көрүп калдык... - Декабрда "Браво" телекөрсөтүүсүнүн алпаруучусу Шайырбек Арапов үйлөнгөн. "Анын ордуна Аслан алып барып турсунчу?"-деп Канат Култаев шефим Алексей Сидоровго телефон чалыптыр. Ал келгиче бир ай "Бравону" алпардым. "Ээси келсе, бээсин бер" демекчи, келгенде кайра өткөрүп бердим. Мага ви-джей болгон аябай жакты. - Сүйүүсүн арнаган күйөрмандарыңа кандай жооп бересиң? - Чындыгында, сүйүүсүн арнаган күйөрман кыздарым аз эмес. Андайда "Рахмат!" деп гана коём. Андан башка эмне демек элем? Бирок, мен аларга ишенбей деле калдым. Анткени, абдан эле көп болуп кетишти. Агенттен, же СМС порталга "Мен сени сүйүп калдым, сенсиз жашай албайм" деген билдирүүлөрдү жазышат. Жөн гана үнүн угуп, теледен же сүрөттөн көрүп, сүйүп калганга ишенбейм. Ал адам кандай экенин толук билмейинче сүйө да албайм. - Өзүңдүн дарегиңе эң көп кандай комплименттерди угасың? - "Үнүң сонун экен, сулуу экенсиң, эфирдеги "даси-даси" деген сөзүң жагат, күлгөнүң абдан жагымдуу, көздөрүң бакыракай экен" деген сөздөрдү көп угам. - Сүйгөн кызың барбы? - Жүрөгүм бош. Сүйгөнүм жок. Буга чейин бир кыз менен жүргөм. Бирок азыр сүйлөшпөй калдым. "Күйөрмандарымды жоготуп алам" деп, сүйлөшкөн кызым жок дегенден алысмын, чындап эле жок. - Селки кайсы сапатка ээ болсо, жүрөгүңдүн ачкычын ала алат? - Жөнөкөй, бой көтөрбөгөн, чачы узун, кашы, көзү кара кыздар жагат. - Кандай бийкечтер жакпайт? - Негизи, кыргызымдын кыздары сулуу. Бирин да таарынткым келбейт. Ошондуктан баары жагат. - Азамат Эркинбаевди туурап сүйлөгөндөй сезилесиң... - Менин устатым - Азамат Эркинбаев. Балким, ошол себептен үнүм, сүйлөгөнүм Азамат байкеге окшошуп кетсе керек. Бирок, атайын туурабайм деле. - Ди-джейлердин баары ырчы болуп кетишти. Сен да ал салтты улайын деп жатасыңбы? - Кичинекей кезимде актёр же ырчы болууну каалачумун. Экөө тең болбой, ди-джей болуп калдым. Бирок ырдап чыксамбы деген ой бар. Ал жакын арада ишке ашабы, жокпу, аны убакыт көрсөтөт. - Эмнеге аябай таң калгансың? - Мурда бир кызды сүйүп калып, артынан чуркасам, такыр мени карабай койгон. Ди-джей болгондон кийин, ал менин артымдан чуркап жүрөт. Бирок мен аны сүйбөй калгам. Гүл деле убагында гүлдөп, андан кийин соолуп калат, ошол сыяктуу ага болгон сүйүүм "өлүп" калган. Ди-джей, теле алпаруучу болгонум үчүн мени сүйүп жатабы деп ушул кызга аябай таң калгам. - Интервьюга кечээ күнү келем деп келбей койдуң, эмне үчүн? - Эртең менен туруп эле фотосессияга бармакмын. Ошондуктан, сулуулук салонуна барып, гримденип, чачымды жасаттым. Календарды карасам 1-апрель экен. Шефим Алексейди тамашалап коёюн деп, "Алексей, мен радиодо иштегим келбей калды",- деп СМС жиберип койдум. Мен андан "Майрамың менен, же бүгүн 1-апрель" деген жоопту күтүп отургам. Бирок мен ойлогондой болбой, башкача жооп келди. "Өзүң кеткениң жакшы болбодубу, мен макулмун, жакшы бар",- деп жазып жибериптир. Анан мен таң калып, дагы СМС жаздым: "Мен чындап эле айтып жатам, номеримди алмаштырам, жакшы калыңыз",- дедим. Кайра "Макул, ийгилик!"- деген кыска билдирүү келди. Сулуулук салонунан чыгып алып: "Болду, радиодо иштебей калдым, интервьюну эмнеге бермек элем?" -деген ой кетти. Көрсө, мен Алексейди тамашага салам деп, өзүм анын тамашасына ишенип алыптырмын. Салондон чыгып алып, өзүмө келе албай, ары-бери басып жүрө бердим. Телефонумду өчүрүп койгом. Үйгө келсем, Элиза Кененбаева: "Саат 17:30га кел, "Тумар чартты" алпарабыз" деген СМС жөнөтүптүр. "Эмнеге?" -деп жазсам, "Ой, жинди, программаны ким алпарат?"-деген жооп келди. Анан Азамат Эркинбаев чалып: "Алексей сени чалып койсун деди"-деп айтты. Алексейге чалсам: "Эфирге кел, Элиза экөөңөр "Тумар чартты" алпарасыңар",- деп калды. Ошондо тамаша экенин түшүнүп, бир аз өзүмө келгендей болдум. Ошол себептен кечээ келе албай калдым. Ал үчүн сизден кечирим сурайм. - Рахмат, Аслан, кубулжуган үнүң ар дайым жаңырып турсун! Айзирек Келдибаева Эскерүү Кыргыз эли Алымбектей уулу менен сыймыктанат Тарыхта 7-апрель кандуу күн болуп калары белгилүү, себеб, 2010-жыл 7-апрель күнү кыргыз жигиттеринин каны чачылып, кыргыз элинин эртеңин ойлогон баатырларыбыз жанын аябай көкүрөгүн канкорлорго тосуп беришти; Кыргыз эл арасынан, Чуу чыкты жүрөк сыккан. Тоо койну толуп ыйга, Топтолуп элдер ыкчам. Каза болду 21 адам, Кайгырсаң кайдан табам? Бей күнөө кеткендерге, Ыр арнап катты жазам. Бул ырлар жүрөгү ар дайым кыргыз деп соккон патриот жигит Аракеев Алымбектин ыйлап жазган ырлары эле. Бир канча жыл мурда Кара-Кулжа менен Алайкуу жолунда бир автобус адам жол кырсыгына кабылып,21 адам курман болгондо Алымбек ошол адамдарды жоктоп ыйлап жазган. Кайран жигит бардык жамандык-жакшылыкты жүрөгүнөн өткөргөн ак көңүл баатыр эле. Эр азамат жок болсо,элдин көркү келишпейт демекчи, Алымбек элибиздин, Кара-Кулжалыктардын кайраттуу, намыстуу жигиттеринен болгон. Аракеев Алымбек Токтобекович 1983 -жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл- Жар айыл өкмөтүнүн Коочаты айылында төрөлгөн. Атасы Токуш агай, апасы Бурма эжеке алдыңкы мугалимдерден, Сагындык орто мектебинде билим берүүнүн мыктылары. Алымбек кичинесинен дилгир, зирек, ар кандай нерсеге жөндөмдүү, ырга шыктуу бала болуп чоңойгон. Анан калса мугалим ата-энеси "кара курсак тойгузар- мал багар эмес, эл багар уул болсун" деп тилеп, патриоттуулукка тарбиялаган. Ал өзү жаш болсо да кичинесинен өзүнүн жүрөгүндөгү сезимдерин ырга айландырып жаза билгендиги да аны жаман адаттардан сырт, китеп менен дос кылып туура багыт берген үлгүлүү үй-бүлөдөгү традиция эле.. Төрөлүпмүн мен ноябрь айында, Жөргөлөпмүн мен саратан жайында. Балалыгым бай турмушта өткөрдүм, Алайкуумдун чычырканак сайында. Эчен эрен басып өткөн бул жерди, Багынта албай келген экен бул элди. Азыр мына Алайкуудай асыл жер, Жаратканын жазса кандай бул жерди. Алымбек көп кырдуу таланттын ээси эле. Анын бир китеп боло турган жакшы ырлары, чыгармачылыгы жана өзүнөн кийинки муундарга үлгү болгудай баатырдык эрдиги калды артында. 2010-жылы 7-апрель күнү Алымбек кыргыз элинин келечеги үчүн кайдыгер карабаган баатыр жигиттердин алдыңкы сабында туу көтөрүп жүргөнүн партиялаштары көп эскеришти. Балдарды ээрчите Ак үйдөгү ажыдаарларды көздөй жөнөгөн кыргыздын баатыр жигитин лидерлерди терип аткан канкордун огу токтоткон. Ошондо да көтөрүп жүргөн тууну таштабай кучактаган бойдон жыгылган. Аттиң дүйнө! Андан кийин Алымбектей 87 баатырды жоктогон "Жоктоо" ырлары муңканып жатты: Азаматтардан айрылып, Ала-Тоо батты санаага. Туйлап турат жан дүйнө, Туз куйгандай жарага. Мүдөөсүнө кыргызым, Жетсе деп өлүп кетишти. Түшүнүгү кыргыздын, Өссө деп өлүп кетишти. Акылына акмактар, Кирсе деп өлүп кетишти. Жакшы жашоо кыргызга, Башталса деп кетишти. Жаман бийлик адатын, Жаңы келчү бийлигин, Таштаса деп кетишти. Эл кайгырып турганда, Эки-экиден бөлүнүп, Сөгүшкөндү коёлу. Эмитен бийлик талашып, Бөлүшкөндү коёлу? "Жакынынан айрылып, Жан дүйнөлөр боздоду". Алымбек кетти шейитке, Арбагы болсун бейиште, Алайкуулуктар эле эмес, Кыргызды салды кейишке. Алымбек баатырларча кыргыз элинин келечеги үчүн жанын берди. Мына, билинбей бир жыл өтүп,жылдыгын белгилеп, Алымбектей 87 эл баатырын эскерип турабыз. Жаткан жериңер жайлуу болсун,топурагыңар торко болсун. Аракеев Алымбек Токтобекович-биздин сыймыктуу баатырыбыз. Анын аты өзү окуган Сагындык мектебинде,туулган жери Коо айылында эле эмес, бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сактала бермекчи. Алибеков Бектен Салибекович. Эл агартуунун отличниги Бишкек шаары 1-апрель, 2011-жыл |